-Бакыт мырза, сиз Конституцияны өзгөртүүнү колдоп, аны элге жеткирүү маселеси менен аймактарды кыдырып чыктыңыз.  Жакшы жагы абдан көп айтылды. Эми саясат талдоочу катары жаңы Баш мыйзамдагы өзгөртүлгөн беренелердин кемчиликтерин ачык айтып бере аласызбы? Идеалдуу болду деп айткандан сиз деле алыс болсоңуз керек…

-Албетте, идеалдуу деп айтуудан алыспыз. Кемчилик маселеси мындай. 2010-жылы Конституциялык кеңешмеге баары эле кирип алган. Текебаев мени да чакырган, бирок алардын иштөө ыкмасы, көз караштары жакпагандыктан мен кошулган эмесмин. Биз 20 жылдай элди, мамлекетти каалагандай калчашкан эки президенттен кутулуп, эми гана парламенттик кутулууга умтулуп жатсак, 2010-жылы Башы мыйзамды кайра эле атын парламенттик деп, ичин Президенттик кылып жазып коюшту го. Бул туура эмес, жарабайт деп ошондо эле айткам. Ошол себептен мен көп айтып, көп сындап жүрүп, азыркы Баш мыйзамга өз салымымды аз да болсо коштум. Бир нерсе болсо сын айтышат. Баш мыйзам бизде мындай, Америкада мындай дешип. АКШда деле Баш мыйзам көп ирет алмашты. Эми кемчилигин айтайын. Бул Башы мыйзамда президентти дагы эле эл шайлайт. Мен буга каршымын. Президентти эл эмес, парламент шайлашы зарыл. Ал эми парламент эки палатадан турушу керек.

Мурункудай дейсизби?

-Ооба. Бирөө мыйзам чыгаруу палатасы. Экинчиси эл өкүлдөрү. Азыр партиялык система болуп калды. Бирок депутаттар округдар менен анчалык тыгыз байланышта эмес. Кээ бир чоң эле райондордон бир да депутат жок, кээ бир кичирээк райондон 5-6, керек болсо 10дон ашуун депутат бар дегендей. Кыскасы, тегиз болбой жатат. Президентти депутаттар шайлашы керек. Биздин каныбызда, ДНКбызда “курултай” деп жазылып турат. Курултай менен чоң маселелерди  өзгөртүп келишкен. Падышага, ханга баш ийбеген элбиз да. Мунун философиясы чоң. Азыр биз юристтер менен бирге  Башы мыйзамга дагы ушул сындуу өзгөртүүлөрдү жазып жатабыз. Бир, эки жылдан кийин  жаңы Президентке ал жазгандарыбызды сунуштайбыз.

Эмне үчүн бул ирет сунуштаган жоксуз?

-Бул сапар сунуш кылдым. Президенттин өзүнө айттым. Кандай да болсо Президентте маалымат көбүрөөк. Ал киши айтты. “Бул сунушка мен макулмун, бирок ал системага дароо секирбей, акырындык менен өтөлү. Элди ары-бери сапырбай, байкайлы” –деди. Бул да туура. Негизи Президентибиз элдин аксакалы катары гана болушу керек. Акыйкатчы сыяктуу болуп, баарына акыйкат карашы зарыл. Символикалык түрдө. Көп ишти, маселени, көйгөйдүн баарын өкмөт чечсин. Ушул багытты терең ойлонуп, акырындык менен ушул жолго барабыз деп ойлойм. Негизи, бул багытка 2010-жылы революциядан кийин даро өтүп кетсе, эл каршы деле болмок. Андан бери көз караштар, багыттар башка болуп, эми дагы бир топ убакытты талап кылмай болуп калды. Мейли, аны деле күтөлү.

Демек, сиз жаңы Президент шайланса,  ал тез эле Баш мыйзамды өзгөртөт деп ойлойсуз?

— Дүйнөдө баары өзгөрүп турат. Табият ошондой. Убакыт, жылдыздар да өзгөрүп турат. “Кыргызстанда 25 жылда Башы мыйзам 9жолу өзгөрсө, АКШда 200 жылда -45 эле жолу өзгөрдү” – деп салыштырып айтып жатышканы — калп сөз. Балээсинеби, окушпайбы. Мисалы, Томас Джеферссон башында: “Кошмо штаттарынын жарандарынын  укутары баары бирдей, бирок негрлердикинен башкасы”- деп жазса, кийин аны Аврам Линкольн “бирок, негрлерден башкасы” деген сөздү алып таштады. Мына Баш мыйзам ушинтип өзгөрөт. Биз да бир орунга турбашыбыз керек. Мезгилге, заманга жараша өзгөртүп трушубуз керек, бирок элдин талаптарын эске алуу менен гана. Баш мыйзам мромардан эстеликтей кылып жасоо максат эмес. Баш мыйзам – бул тирүү организм. Ал биз менен кошо картайып, кайра жашарып, өзгөрүп турбаса, анда мамлекет токтоп калат.

Азыр бийликтин, же КСДПнын мураскерин эске албаганда да азыр талапкер катары аттары аталып жаткан Сариев, Келдибеков, Төрөбаев, Бабановдун кимиси мамлекетке көбүрөөк пайда алып келет деп ойлойсуз?

-О, бул суроого пайгамбар да жооп  бере албайт го.  Мен мындай айтат элем. Президентке талапкер болуп чыгыш үчүн биринчи кезекте жакшы курал керек. Биринчиден партия керек. Экинчиден, ошол партиясы парламентте болуусу шарт. Жергиликтүү кеңештерде да өз депутаттары болсо жакшы.  Үчүнчүдөн өзүнүн Массалык маалымат каражаты болушу зарыл. Албетте, коомчулукта аты, эмгеги, анан байлык акчасы болбосо болбойт. Бул курал маселесинен алып караганда биринчи кезекте Бабанов турат. Премьер болду. Эки жолу партиясын парламентке алып келди. Экинчи орунда Төрөбаев келатат. Бул эки жигит тең саясый жактан даяр болуп калды.

Бийликтин мураскерин кеп кылалы. Каалайбызбы, каалабайбызбы, жашырабы, жашырбайбы айтор акыры сөзсүз бир талапкерди алып чыгат да. Ким болуп калышы мүмкүн? Сиз

Эми Президентке жакын саясат талдоочусуз да, бул жагынан аздыр-көптүр маалыматыңыз болсо керек…

-Президент мураскер калтырбайм, таптабайм деп жатат. Бул эми өзүнүн каалоосу деңизчи. Бирок Президентке мен: “Алты жыл иштедиңиз, анан мөөнөтүңүз бүткөндө эмен болсоңор ошол болгула, мен өз салымымды коштум деп кол шилтеп кетип калбаңыз. Сиз өз мураскериңизди дайындаңыз. Болбосо, эл баарыбир бирөөнү Атамбаевдин мураскери деп айтып чыгышат”- деп айткам.  Кыскасы, ал бир талапкерди алып чыгып, элдин элегине салып бериши керек да, өзүнүнүн мүнөзүнө жараша: “ Жактырсаңыр, колдосоңор шайлап алгыла, каалабасаңар өткөрбөй койгула” — деп ачык айтышы керек. Бул жагын эл өзү чечип алышы шарт. Мына эң демократиялуу делген АКШда Обама, өз партиялашы Клинтонду мураскер кылып, ачык сүрөп. Ачык алып чыкты. Жыйынтыгын көрдүк. Бизде да ушундай болсо жакшы эле болмок. Менин пикирим ушундай.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here