Кудайга шүгүр, кыргыз хоккейи акырындык менен өнүгүп жатат. Учурда Кыргызстандын курама командасы Японияда өтүп жаткан Азия оюндарына катышып жатат. Биздин хоккейчилер чу дегенде эле Кувейт өлкөсүнүн командасы менен беттешип, 5:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Кыргызстан командасы менен Кувейт командасы

Бүгүн болсо Филипин командасы менен бетешмекчи. Эмесе, курама командабызга үлкөн ийгиликтерди каалап, төмөндө окурмандын көңүлүн жакында Жумгал районунда ачык асман алдында өткөн Республикалык бешинчи ачык кубоктун жыйынтыктарына жана кыргыз хокейинин башталыш тарыхы тууралуу азыноолок кеп кылмакчыбыз.

Кыргызстан тоолуу өлкө болсо да, кышкы оюндар анча өнүкпөй калганы жалпыга белгилүү.  Лыжа жарыш, коньки жарыш, муз үстүндө көркөм бийлөө ж.б. оюндарды көпчүлүк учурда сыналгыдан гана көрүп келебиз.  Бул оюндарда күч сынашып, эл аралык деңгээлге чыккан өзүбүздүн чемпиондорубуз жок. Албетте, бул өкүнүчтүү.

Жумгал. Чаек. Салтка айланган ачык кубок-2017

Кышкы спорт оюндарынын  — падышасы бул хоккей оюну десек жаңылышпастырбыз. Кыргыз спортчулары кышкы оюндарынын башка түрлөрүнө анча “тиши өтпөгөнү”  менен, жакынкы жылдардан бери хоккей оюнунун сазайын бере баштады десек аша чапкандык болбос. Бирок азырынча эл аралык деңгээлде эмес, республика ичинде гана. Демек, бул да болсо дүйнөлүк чемпионатка  болгон ишенимдүү жана алгылыктуу даярдык.

Жумгалдагы республикалык кезектеги хоккей мелдеши 4-5-февраль күндөрү Чаекте өттү. Мелдешке жалпысынан 8 команда катышты. Финалдык турга алгач 4 команда чыгып алар «Жумгал-Шортон», «Байзак», Түп районунан келген «Долон» командасы жана Ат-Башы районунан «Ат-Башы» командасы чыкты. 5-февраль күнү финалдык беттешке ЖК депутаты Абтандил Кулбараков, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Асизов, композитор Муратбек Бегалиев жана район акими Адыл Сапаров катышты.

Жумгал районунда республикалык хоккей мелдеши жыйынтыкталып жеңүүчүлөр төмөндөгүдөй аныкталды. «Жумгал-Шортон» командасы 1-орунду алып, 20 миң сом, 2-орунду Туп районунан келген «Долон» камандасы 15 миң сом акча менен сыйланса, 3-орунду Байзак командасы 10 миң сом алды.

Ал эми 4-орунга быйыл бул мелдешке биринчи ирет катышып жаткан Ат-Башы командасы 5 миң сом менен сыйланды. Мындан тышкары мыкты оюнчуларга баалуу белектер, медал жана дипломдор ыйгарылды.

Баса белгилеп айта койчу маселе, республиканын башка райондорунан айырмаланып Жумгалда өтүп келаткан хоккей оюнуна  көп жылдардан бери демөөрчү болуп келаткан Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Автандил Кулбараков өткөн жылы демөөрчү болуп, 200 миң сом жардам көрсөткөн. Эске сала кетсек, Автандил мурунку жылы да хоккей оюнуна 400 миң жардам көрсөткөн.

Кыргыз хоккейи Нарын облусунун Жумгал районунда мындан туура 18 (1998-жылы) жыл мурун башталгандыгы белгилүү. Чынында Жумгал районунун ачык кубогуна дайым катышып жүргөн хоккейчилерибиз хоккей оюнунун чыныгы чеберлери болуп калышты.

    Хоккей оюнуна көңүл буруу зарыл…

  Бул оюнду райондо биринчилерден болуп Ооган согушунун катышуучулары 1998-жылы райондук деңгээлге алып чыгышкан десек болот. Алгач айыл аралык, андан соң  район аралык болуп олтуруп, тез аранын ичинде эле  облустук деңгээлге көтөрүлгөн. Бирок ал кезде бул оюндун деңгээли бүгүнкү күндөй эмес эле, себеп дегенде оюнчулардын тажрыйбасы аз, материалдык колдоо да жок болчу.  Жумгалдын борбору – Чаектин сырт жагында жайгашкан Шортондо хоккейдин табигый стадиону бар. Хоккей оюнунун алгачкы кадамдары мына ошол Шортон  аттуу көлдүн үстүндө шилтенген. Бул оюнга керектелчү шаймандар  (клюшка, шайба ж.б.) колго жасалып, баары “кыргызча ” башталган. Стандарт стадион жасоого акча жок болгондуктан улам, стадиондун борттун  кар  тоңдуруп жасаган учурлар да болгон.  Кийинчерээк  Жумгалдагы хоккей оюну кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири маркум Эркин Матыевдин жаркын элесине арналып, анын жакындары салтка айлантып өткөрүп келишти. Акыркы жылдары Э. Матыевдин элесине арналган кубок өтпөй калды, анткени ал кубокту өткөрүү иш-чарасы Хоккей федерациясына өткөрүлүп берилгени менен, федерация  каражаттын жоктугуна шылтап, ишти аксатып койгон.

Эми бүгүнкү күндөгү абалына токтололу. Нарын облусун 3 жылга жакын жетектеген мурунку губернатор Канат Муратбеков убагында хоккей оюнуна олуттуу көңүл буруп, бул оюнга кызыккан жаштарга шарттарды түзүп берип, хоккейдин өнүгүшүнө чоң  салым кошту.  Айтсак, 2011-жылы Жумгалдагы бир кезде атагы таш жарган Миң — Куш шаарчасына хоккей стадионун салып берди. Жаңы стадиондо республикалык деңгээлдеги оюндар  болгон.

Ал эми 2012-жылы Жумгал районун акими Адылгазы Исагулов мырза райондун эс алуу (паркын) жайынын ичине ачык спорт комплексин курууну демилгелеп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен: футбол, волейбол, чоң  жана кичине теннис аянтчаларын курууга жетишкен. Эң  башкысы бул аянтчалардын ичинде биз сөз кылып жаткан хоккей оюнунун стадиону да бар.  Бул стадионду курууга  700 миң миң  сомдон ашык акча сарпталыптыр. Башкы демөөрчүлөр: Автандил Кулбараков, Канат Муратбеков, Эрик Шайдинов, Канат Керезбеков, “Жумгал суу курулуш” ишканасы, ошондой эле  Кара-Кечеде “кара алтын” казышкан бир катар ишканалар ж.б. болушкан.

Жалпы эле республиканын аймактарында хоккей оюнун деңгээлин көтөрүүгө мезгил жетти. Негизи, бийлик хоккейге жетиштүү каражат бөлүп турса, бул оюндун деңгээли жогору көтөрүлөрүнө чоң ишеним бар.

Автор:  Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here