Кытай дүйнөдө мамлекеттин чоңдугу боюнча 3-орунда турса, элдин саны боюнча 1-орунда, бүгүнкү күндө калкынын саны 1 млрд. 382 миллиондон ашканын аз күн мурун жар салышты. Дүйнөдөгү эң чоң, эң күчтүү үч державанын бири. Экономикасы кыйла өнүккөнү менен, Пекин, Гонконг, Гончжоу, Нанкин, Чанша, Чэнду, Сиань сыяктуу чоң шаарларынан алыс жайгашкан майда провицияларындагы элдин жашоосу оор. Биринчиден жер тартыш, үй салууга жер тилкеси дээрлик жок. Элдин саны ашыкча болгондуктан мамлекет буга чейин аялдарга эки баладан ашык төрөгөнгө тыюу салган. Азыр бул мыйзам жокко чыгарылып, бул өлкөдө каалашынча балалуу болууга “старт” берилди. Бирок сүйүү деген сүйүү, жашоо деген жашоо, бала деген бала да. Ушундан улам үчүнчү, төртүнчү болуп мыйзамсыз төрөлгөн бактысыз балдар бул өлкөдө абдан көп экени белгилүү. Андай балдарга Кытай бийлиги туулгандыгы тууралуу күбөлүк бербейт, басымдуу көпчүлүгү орто билим да ала алышпайт. Кол арага жарагандан баштап, кара жумушта иштешет. Мамлекеттин кара жумуштарында 25 жыл иштеген соң гана паспорт алууга мүмкүнчүлүк алышары айрым маалыматтарда айтылып келет. Аларга өз мамлекети ыйык эмес, алардын бир гана максаты бар. Дүйнөнүн кайсы мамлекетине башы батса, ошол жерде төбөлүккө жашап кала беришет. Ал эми кытайлар үчүн, айрыкча өз өлкөсүнө батпай калган кытайларга баш калкалап, биротоло жашап калууга эң ыңгайлуу өлкөнүнүн бири сөз жок биздин ачык-чачык, мыйзамдар көп жазылган, бирок иш жүзүндө толук кандуу иштебей кала берген, экономикасы алсыз, коррупциясы али да күчтүү, экономикасы эми гана жандана баштаган Кыргызстан экенин талашсыз. Кытайдын миңдеген, миллиондоп саналган жарандары жана жарандык ала алышпагандары мындан ондогон жылдар мурун Кытай менен чектеш жайгашкан Россия, Монголия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Индия, Мьянма, Лаос, Ветьнам мамлекеттерине эчак агылып, туруктуу орун ала башташкан. Ал гана эмес, эң күчтүү держава болгон Москванын чок ортосунда кытайлардын өзүнчө “Кытай городогу” бар.

Негизи андай “Кытай городоктору” бир гана Москвада эмес, АКШ баштаган дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө орун алып, күн өткөн сайын бүт дүйнөгө жөргөмүштүн желесиндей тарап баратат.
Ал эми биздин алсыз, кичинекей өлкөбүздөгү кытайлардын агымы 90-жылдары башталып, бүгүнкү күндө толугу менен өз күчүндө турат. Кытайлар 7 дубаныбызга тегиз жайылууга аракет кылып, анысы ийгиликтүү ишке ашып жатканы калппы? Албетте, негизинен кытайлар учурда Бишкекте, Чүйдө, айрыкча “Дордой” базарынын тегерегинде отурукташкан. Мындан 25 жыл мурун келген кытайлар кыргыз кыздарына үйлөнүшүп, Кыйтадагы “эки баладан ашык балалуу болбоо” саясатынан “өч алгандай”, айтор ага кыр көрсөткөндөй каалашынча көп балалуу болушуп, алды неберелүү болушту. Кыргызда: “Жээн эл болбойт, желке тон болбойт” деген сөз бар. Башкасы жээн болсо да, кыргыз кыздарынан төрөлүшкөн кытай жээндерибиз чынында эле бизге эл болбойт. Анткени, окумуштуулардын изилдөөсүндө: “Кытайдын каны күчтүү, алар кандай улуттан балалуу болсо да, балдары энесинин улутуна эч качан дилин бербейт”-деп айтылат. Кытай жээндерибиздин алды 25 жаштан ашып, бүгүнкү күндө алар да кыргыз кыздарын чекеден чертип алып жатканы кашкайган чындык. Ошентип, биздин жерде, биздин элде кытайлашуу катуу жүрүүдө. Мына ушул сөздү бышыктоо үчүн мен дагы бир мисалдарды келтирейин.

                                  Кытай экспансиясы эсти оодарат
Бүгүнкү күндө расмий маалыматтарда Кыргызстандагы кытайлардын саны 20 миңдин тегереги экени айтылууда. Албетте, бул так маалымат эмес. Биздин өлкөдө “өлүмүш” болуп жана өзүн кыйын сезип жүргөн жалпы кытайлардын саны бери болгондо 200 миңди чапчышы толук мүмкүн. Бул маалыматты өкмөт четке кагышы мүмкүн. Бирок өкмөтүбүз деле адам өз башында канча тал чач бар экенин билбегендей эле, кытайлардын так санын билбейт.

Аты бар, заты жок болуп жүрүп акыры жоюлуп кеткен Жаштар, эмгек жана миграция министрилиги (бүгүнкү күндө миграция өзүнчө кызмат катары Тышкы иштер министрлигине карап калды) буга чейин 12 миң чет элдик жаранга Кыргызстанга кирүүсүнө уруксат берип келген. Анын 9 миңден ашыгы биз сөз кылып жаткан кытайлар түзөт. Бул расмий түрдөгүсү, ал жең ичинен Кыргызстандын жарандыгын алган кытайлардын саны мындан бери болгондо эки, үч эсе көп. Бул маселе боюнча жоюлуп кеткен министрлик коомчулук жана журналисттер тарабынан көп ирет катуу сындарга кабылып келгени ырас. Дагы бир төбө чачты тик тургузган далилди ортого салалы.
Белгилүү болгондой ондогон жылдардан бери Кытайдын чубалжыган узун оор жүк ташуучу автоунаалары Кыргызстанга, айрыкча “Дордойго” күнүмдүк оокатка керектелчү буюмдарды ташып келишет. Кайсы жылы экени так эсимде жок, бирок ал окуянын жүз бергенине ашып кетсе 4-5 жылдын жүзү болду.

Торугарттан чыгып, Ат-Башынын кайсы бир жерине жеткенде кытай машинеси кырсыкка учурап, капталдап кулап калат. Жергиликтүү эл жакшы ой менен айдоосуна жардам берели деп жете келишип, чүмкөмө автоунанын арткы эшиги ачылып кетип, чачылган коробкалардын арасынан 7-8 кытай жарандарынын чыгып келатышканына күбө болушкан. Ал жерге укук коргоо органдары да келип, сурактын негизинде ал кытайлардын биринде да эч кандай документ болбогону маалым болгон. Бишкек –Торугарт жолунан күн сайын бери болгондо 20-40 машине Кытай машинеси каттайт. Ал машинелердин канчоосунда, канча кытай биздин мекенге “импорттолуп” келишкенин бир Кудай гана так билбесе, биз менен сиз так биле албайбыз. Мына сага, урматтуу мекендешим!
Кыжылдаган кытайлар биздин өлкөгө ушундай акылга анчалык сыя бербеген жолдор менен да кирип келип, өз тамырларын улам тереңдетип жатышканы чындык. Азыр Миграция кызматы Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөндөрдү мыйзам чегинде такалай албай жатат. “Өздөн чыккан жат жаман” дегендей, бир сөз менен айтканда алардын колу кыска, сөзү кыска. Аталган кызматта да кытайларга “ак кызмат” көрсөтүп, алкымын агыткан кызматкерлер, аларга тилектеш болгон жогорку бийликте ар кандай кызматтардын эки тизгин, бир чылбырын мыкчып олтурушкан бизнес жасаган атка минерлер да бар. Аларды Кытай экспансиясын биздин элге жайылтып жаткандар, же катуу айтканда кыргыз элинин кызыкчылыгына кол шилтешкен пайдакечтер десек болот

                            Көз караандылыгыбыз көбөйүп баратабы?

Акыркы, бир, эки жылда кыргыз бийлиги Кытай жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүү маселесин көтөрүп, элдин кыжырына тийген. Бул маселе боюнча коомчулук элге катуу сын айткан болчу. Эмнеси болсо да, кандай кырдаалга туш болсок да, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда визасыз режимди киргизбөө керек. Мына ушул маселени биздин бийлик өтө терең ойлонушу зарыл.


Чынында биздей жери да анча чоң эмес, эли да аз, көп улутту мамлекетке Кытай сыяктуу ири державанын жанында коңшу болуп калганыбыздын пайдасынан мурун, зыяндары арбын. Бир сөз менен айтканда алар бизге эмес, биз аларга оңой олжобуз. 1990-жылдардан бери бийлик төбөлдөрү Кытай мамлекетинен бекер алгансып, карыз ала беришти. Меймандос элбиз, ашыкча айкөлдүгүбүз бар. Айрым учурларда түбү жакшылык кылбай турган адамдарга ашкере ишенип, алар кол сунса, биз жүрөгүбүздү сууруп бере салганга шашылабыз. Мындай көрүнүштүн өзү көздү чукуп, көргүлүктү көрсөтүп коёрун аңдабайбыз.
Чынында тышкы карыздардын жарымынан көбү максатсыз пайдаланылып кетти. Далай атка минерлер бешбармак жегендей беш колдорун салып жеп алышты. Расмий маалыматка таянсак, учурда мамлекеттин тышкы карызы 3,5 млрд. доллардан ашуун каражатты чапчыйт. Бүгүнкү күндө АКШ, Орусия, Дүйнөлүк банкты эске албаганда да, Кытайдан алган карыздын суммасы асман чапчыйт. Анын жарымынан көбүн Кытайдан алганбыз. Алганга жакшыбыз, бирок бергенге келгенде бетти тултуйуп жүрө беребиз. Бир эле шылтоо бар. Бюджет тартыш. Болду. Ошону менен тышкы карыздар кийинки муундардын моюнуна автоматтык түрдө илинип калууда.

Кытайга болгон карыздарыбыздан качан кутуларыбыз али эч кимге белгисиз. Жакынды эмес, алысты карап саясат жүргүзгөн кытайлар эски карыздарыбыздан кутулганча, күлүп-жайнап жаңы карыз берип жатат. Бекер берип жаткансып, биздикилер жанталашыпэле алып жатат жана да алып жатат. Карыздан кутулууну ойлогондор аз. Кыскасы, кийинки муунга баа жетксиз “мурас” катары калтырып жаткан өңдүү. Мындан тышкары, грант түрүндө келген каражаттын суммасы да аз эмес. Ошондой эле ар кандай багытта аз эмес жардамдарды, кыбыр эткен күнүмдүк буюмдардан баштап Кытайдан алабыз. Эксперттердин эсептөөсүнө караганда Кытайдан карыз алуу, экономикалык жактан түзмө- түз байлануу жагынан Тажикстан алдыда экен. Алардан кем калбай биздин өлкө “биринчиликти” ачыктан –ачык талашып келатканы келаткан.
Дагы айтарыбыз, Кыргызстандагы кытай ишкерлери мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла көбөйдү. Кыскасы, Кытай Кыргызстанга өз таасирин абдан эле орнотуп, тамырын улам барган сайын тереңдетип матырып жатат.

                             Темир жолдун тескери жактары көп…

Ансыз деле кыргыз бийлиги Кытайды, Кыргызстанды, Өзбекстанды (Пакистанды да кошуу маселеси козголгон) бириктирчү, деңизге чыга турган, алгачкы долбоор боюнча узундугу 276 чакырымга созулган, чыгымы 2 миллиард долларды чапчыган темир жол салууга ашыгып келатканына бир нече жылдын жүзү болду. Бул боюнча сүйлөшүүлөр, эсептөөлөр эчак эле башталган. Серепчилер ал темир жол ишке кирсе, жыл сайын транзит үчүн 200 миллион АКШ доллары бюджетибизге түшөрүн айтып чыгышкан.

Ал эми Транспорт министрлиги: «темир жолдун курулушунда 20 миң жумушчу орун түзүлүп, темир жолдун курулушу башталганда, кыргыз тарапка 2700 жумушчу орун сунушталат» деп жар салган. Ал темир жолдон болжолдуу жыл сайын 15 миллион тонна жүк ташылып, 250 миңге чейинки жүргүнчүлөр өтүп турат экен. Темир жол маселеси Кыргызстандын экономикасына пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок улуттук коопсуздукка зыяндуу болот деп так кессе айтсак жаңылбайбыз.. Неге дегенде, дал ошол темир жолдун аркасы менен Кыргызстандагы кытайлашуу саясаты азыркыдан он эсе күчөйт. Буга бөркүбүздөй эле ишеним арта берсек болот. Кыскасы, темир жол долбоорунун тескери жактарын эч качан унутпашыбыз керек. Андай улут коопсуздугуна зыян боло турган жагдайларды терең иликтеп, анын жыйынтыктарын элдин элегине салуу керек. Айтор, бул маселеге акыркы чекитти эл коюшу керек. Бийлик элдин талабын эске алуусу зарыл.
Кандай да болгон күндө да кайсы бир өлкөгө экономикалык жактан көз каранды болгон эң жаман эмеспи. Ал эми кыжылдап эли батпай, жери тарып, дүйнөлүк деңгээлдеги супер державага айланган Кытай сыяктуу мамлекетке экономикалык жактан көз каранды болуу он эсе оор, кырк эсе кыйын. Кытай саясаты кебездей жумшак эмес, кебездей жумшак болгон күндө деле ошол кебез менен муунтуп коёт, муздап коёт. Бул маселеге кол шилтебей, ойгон кыргыз, ойлон кыргыз!
Автор: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here