Кыргызстанда көмүр кенинин жалпы көлөмү 5 млрд. тоннадан ашык экени аныкталган. Анын ичинен Кабак кениндеги көмүр кени 2,2 млрд. тоннаны чапчыйт. Кабак — Кара-Кече менен Миң-Кушта Кабак кенинен тышкары коомчулукка: Таш-Көмүр, Сүлүктү ж.б. көмүр кендери белгилүү. Төмөндө биз өлкөнүн түндүк аймагын “кара алтын” менен толук камсыздап келген Кара-Кече тууралуу кеңири кеп кылмакчыбыз.

Кара-Кече көмүр кени Нарын облусунун, Жумгал районунда жайгашкан. Бишкектен 370 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен бери болгондо 3000 метр бийик. Чокусу асман тиреген төө өркөчтөрүндөй бири-бирине уланган аска-зоолуу тоо кыркаларынан турат. Ал сыр каткан тоолордо көмүрдүн  мол кени бар экендиги  кайсы заманда аныкталганы белгисиз. Жайыт катары бабаларыбыз жайлаганбы деген суроого бул жоопту айталы. Өз кезегинде кыргыз жергесинен калмактарды сүрүп чыгуу, казак-кыргыз, кыргыз- кокон чабыштарына активдүү катышып, далай эрдик көрсөткөн, андан тышкары Жумгал өрөөнүн узак жылдар башкарып эл оозунда, санжыра — тарыхта айтылып калган  айтылуу Качыке баатыр  жайкысын дал ушул  Кара-Кеченин жөө киши эмес, жылкы баласы араң жеткен эң бийик тоосуна (болжол менен деңиз деңгээлинен 7000-9000 метр бийиктикте) жайлачу экен. Мына ошол замандан ушул күнгө чейин Кара-Кече тоосунун эң бийик чокусу “Качыке баатырдын кара тоосу” деп аталып келет. Ошол калдайган тоо Жумгалга кирип барганда, алда кайдан асман тиреп көрүнүп турат. Бүгүнкү күндө ал айтылуу тоонун чокусуна адам буту эмес, мал да жетпейт. Кезегинде ата-бабабыз  жердеген, жерден алыс  ал тоо, азыр  кийиктердин, аркар-кулжалардын “тынч” мекенине айланды. Кара-Кечеден күн батыш тарабы  Миң-Куштун тоолорун чейин, күн чыгыш тарабы Ак-Талаанын тоолоруна (белгилүү болгондой Ак-Таалада Турук кени бар) созулуп, эчен кылымдарды карытып былкылдабай жаткан  “кара алтынды” биринчилерден болуп жогоруда сөз болгон Качыке баатырдын бир тууганы Кедейдин түз насили кадимки  Байзак баатыр (1827-1914-жылдары жашап өткөн) кышкысын жигиттерине каздырып келип, биринчилерден болуп ысык табына ырахат алгандыгы тарых маалыматтарында айтылат. Балким Байзак бабабызга чейин эле колдонула баштагандыр. Бирок ал тууралуу маалымат жок.

Мына ушул касиеттүү Кара-Кечедеги “кара алтындын” болжолду изилденген жалпы көлөмү 400 млн. тоннадан ашуун. Райондогу көмүргө эң жакын жайгашкан айылдар: Баш-Кууганды, Эпкин жана Байзак. Кара алтынга алып барчу таш жол Баш-Кууганды айылынан нары 45 чакырымга созулуп, кеминде 200-300-жыл жашаган карагайлуу капчыгайдын ичи менен кетет. Көмүрдү жер түбүнө сойлоп барып, казып алмай машакаты жок. Баардыгы ачык карьер. Иш учурунда кышкысын, өзгөчө жайкысын көмүрдүн чаңы асманга сапырылып турат. Чилденин учурундагы суук кычырап 50 — 60 градуска жетет. Мына ушундай шарты катаал жерде, өзгөчө кышкысын соода менен алектенген алып сатарлар тамак –аштын, арактын баасын “асманга чыгарышып” чоң пайдага туйтунушат. Себеби, көмүргө барып узун кезек күтүп, бир нече күн жүргөндөр сукка кайыкканда өздөрүн “жылытуу” максатында арактан күчүн чыгарышат.  Ушул тапта,  Жумгалда 13  карьер иштейт, анын бирөөсү мамлекеттики болсо, калганы жеке менчик. Көбү Миң-Кушта жайгашкан. Мына ушул 13 көмүр казган фирмалар  баары биригип  2010-2011-жылдарга чейин бир жылда бар болгону 250 миң тоннага чейин көмүр казып келишсе, акыркы 3 жылда ал көрсөткүч кескин көбөйгөн. Маселен, 2014-жылы биринчи жолу райондо 500 миң тоннадан ашык көмүр казылган. Ал эми союз кезинде Кара-Кече менен Миң-Кушта “Ак улак” деген бир эле чоң карьер иштеп, жыл сайын 600-700 тоннага чейин көмүр өндүрүп турган.  Өткөн жылы болсо, Кара-Кече, Миң-Куш жана  (Ак-Талаада) Турук кендеринен жалпысынан 772 миң тонна көмүр казылып алынган.

Жумгалдын “кара алтыны” негизинен Кыргызстандын түндүгү: Нарын, Талас, Көл, Чүй жана Бишкекке ташылат. Көмүрдүн 1 тоннасы карьердин өзүндө 1300 сом, ал баа Бишкекке жеткенде бардык чыгымдарды жана көрө турган пайдасын кошкондо 4000 сомго чейин өсүп кетет.

Ошондой болсо да суу башында туруп сууга, көмүр түбүндө туруп көмүргө жетпегенибиз жакшы көрүнүш эмес. Ушу тапта өзгөчө кышы катаал, 6-7 айга чейин созулчу Нарын өрөөнүнүн элине көмүр жетпей жатканы өтө уят иш. Бул жергиликтүү бийлик менен өкмөттүн өзгөчө шалакылыгы. Атка минерлер талапка ылайык көмүр казбаган карьерлердин лицензиясын тартып алып, лицензия ала албай, акчасын ошол тармакка сарптоону көздөп  жүрүшкөн ишкерлерге берип, талапты катуу коюу керек болчу. Тилекке каршы, бул иш жасалган жок. Анан эл бийликке нааразы болот да. Нарын эли дагы бул жагынан чыдамдуу  келет, эгер мындай кырдаал түштүктө орун алса, он күнгө жетпей түп көтөрүлүп, атка минерлердин азабын бермек.

Япониянын темир жол салуу сунушу суу кечпей калган

Борбор шаарыбыздагы мындан 40 жыл мурун курулган Бишкек жылуулук борбору (ТЭЦ) жылына 1 млн. 57 миң  тоннадан ашык көмүр керектейт. Анын жарымына жакыны, Таш-Көмүр, Турук (Ак-Талаа районунда) Миң-Куш жана эң көбү Кара-Кечеден ташылып келсе, калган жарымынан ашыгы Казакстандан ташылып келчү. Акыркы жылдары бул көрсөткүч кыйла азайды.

Биринчиден Кара-Кече менен Бишкектин ортосунда, эч болбосо Жумгал менен Балыкчынын ортосунда темир жолу жок. Эгер союз учурунда темир жол салынып калганда, анда Бишкектен 400 чакырымга жакын алыстыкта жайгашкан Кара-Кечеден темир жол менен вагондоп көмүр ташып келүү бир топ ыңгайлуу жана алда канча арзан болуп, чыгым да аз болмок. Белгилүү болгондой, Кыргызстанды 24 жыл башкарган Турдакун Усубалиев 1995-2000-жылдары марафон өткөрүп, элден акча чогултуп, Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруу демилгесин көтөрүп, ал эбегейсиз чыгымды талап кылган ал иш бир аз башталып, бирок аягына чыкпай ташталып калган. Темир жолдун темири кара Кочкордун Семиз-Белине чейин жетип,  ошону менен чагылгандын огу тийгендей “чарт” үзүлгөн. Андан бери ал ишти улаган киши жок. Уламак тургай, башталган барандуу иштин чоо-жайын сураган киши жок. Бийлик азыр темир жол салмак тургай, ал маселеден алда канча жеңил башка көйгөйлөрдөн арыла албай айласы кетип турат.

Айтмакчы, Япония мамлекетинин бийлиги Аскар Акаевге 1995-жылдары Балыкчы-Кара-Кече темир жолун Кочкор-Ак-Таала-Жумгал тоолорунун ортосун тешип, (туннель кылып) салып берүүнү сунушташкан. Туннелдин ичи менен кете турган темир жолго кеткен чыгымды толугу менен өздөрү көтөрөрүн, Кыргызстандан бир да тыйын албай турганын, бирок кеткен чыгымдын ордуна болгону тоонун ортосунан чыккан миллиондогон тонна таш-кумдун баарын Японияга ташып кетишерин билдиришкен. Бул сунушка Акаев макул болбой койгондугун көпчүлүк биле бербейт.Себеби, акылман япондуктар биздин тоолордун ортосунда казылбай жаткан баасы жок, далай кен байлыктарыбызды эчак эле изилдешип, аларды темир жол салуу менен “алдап”, алып кетүүнү ойлошсо керек. Эгер Балыкчы-Кочкор-Жумгал тоолорун өзүбүз каза турган болсок, анын ичинен чыккан кен байлыктарга бир эмес, он темир жол саларыбыз турган иш. Анткен менен ал ишке чоң акча жана чоң каражат керек эмеспи. Кудай буйруп койсо, келечекте ал күн да келээр…

Автор: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here