Эл сыймыктанган мекендешибиз, баарыбызга белгилүү балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова Швециянын Клиппан шаарында 17-19-февраль күндөрү өткөн Klippan Lady Open аталышындагы эл аралык турниринде күмүш медалдын ээси болуп, дагы бир жолу  элибизди “аттиң арман” дедиртип жаткан чагы. Себеби, балбан кызыбыз бул жолу да алтын медалга  бир кадам калганда, жүйөлүү себептер менен финалдык беттештен баш тартты.  Ал жарым финалда Япониянын күчтүү балбаны менен алышып, бутунан жаракат алып калган. Ошого карабастан беттешти улантып, жеңишке жетишкен.

Бирок, ал жаракаттын айынан Айсулуу кыз алтын медаль үчүн атаандашы Орусиянын балбаны Валерия Коболова менен беттешпей калды. Эске сала кетсек, Коболова менен биздин балбан былтыр Бразилияда өткөн Олимпиадада жарым финалда беттешкен. Жыйынтыгында Коболова күмүш медалга ээ болгон. Эгер эки атаандаш бул жолу алышканда жеңиш ким тарапта болот эле, аны бир Кудай билмек. Эгер биздин балбан Кобалованы жеңип, алтынга ээ болгондо мындан да катуу сүйүнмөкпүз. Буга да шүгүр дейли да, мындан аркы беттештерине албан-албан ийгиликтерди каалап коёлу.

Спорттук оюндарда деле күчтөн мурун, буйрук деген улук нерсе өзүнүкүн бербейт. Бул жолу да ушундай болду. Негизи Айсулуу бул ирет өз формасында болчу. Буга мисал катары өткөн айдын этегинде Орусияда атактуу күрөш балбаны, Олимпиадалык оюндардын ээси, 1997-жылы авто кырсыктан каза тапкан Иван Ярыгиндин жарык элесине арналган Эл аралык мелдеште 4 атаандашын тең чоң айырмадагы упайлар менен утуп, алтын тагынганын айтсак болот.

Айтмакчы, Швецияга  Айсулуу менен кошо барышкан кыргыз балбан кыздарынын бири да ийгилик жарата алышкан жок.  75 кг. салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы  бешинчи, 63 кг. салмактагы Мээрим Жуманазарова жетинчи 56 кг. салмактагы  Нураида Анаркулова  тогузунчу орунга илинишсе, Айсалкын Кожомкул кызы менен Назира Марсбек кызы он төрт жана он алтынчы орунду камсыздашты. Бул жаш балбан кыздарыбыздын азырынча баралдарына келе эле,  тажрыйбалары аз экени көрүнүп калды. Демек, аларга күн-түн талыкпаган эмгектенүүсү керек. Биз аларга ийгилик жана ийгилик кааламакчыбыз.

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here