Кыргызстан  сөз жок дүйнөдөгү тоолуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Биздин өлкөнүн аймагынын 90 пайыздан ашыгын топурак –таштын “бабалары” тоолор жана асман тиреген кыл чокулуу зоолор түзөт. Тоого жакын эл: биринчиден бийиктикке, экинчиден уюган  таза абага, үчүнчүдөн мөлтүр кашка таза сууга бай эл экени талашсыз. Тоо – бул оргуштап чыккан миллиондогон булактардын жана чексиз ак кар, көк муз, ошондой эле асман бети толо калкып учкан ак булаттардын мекени!  Ал эми булак болбосо, булут ар дайым “ачка”, демек, жаан жабасы белгилүү. Булак топтолуп олтуруп, агыны катуу сууга, чалкып жаткан майда жана чоң көлдөргө айланат. Мына ушул өңүттөн алып караганда, кыргыз эли Азиядагы жана Борбор Азиядагы сууга бай мамлекеттердин бири. КМШда биринчи орунда сууга бай жагынан Россия турса, экинчи орунда Тажикстан, үчүнчү орунда биздин Кыргызстан турары белгилүү.

Суу – бул өмүрдүн башаты, турмуштун өзөгү! Көзгө көрүнгөн бардык нерсенин түбү барып башат менен өзөккө такалат эмеспи. Биз сөз кылып жаткан он сегиз миң ааламды баккан асыл суудан — адамзат өмүрүндөгү эң зарыл, баасы жок байлык   бул – электр жарыгы жаралат! Электр жарыгын цивилизация доорунун негизги күрөө тамыры десек жаңылышпайбыз. Алгач окурмандар менен бирге электр жарыгын кыргыз элине таралышын тагыраак билүү үчүн тарых барагын ачып, артта калган 20чы кылымга учкай кайрылалы.

Кыргызстанга электр жарыгы же ошол замандын тили менен айтканда “Иличтин шамы” 1920-жылдардын  орто ченинде кирген. Алгач, чоң кыштакка, анан бара-бара шаарга айланган Пишпекте  кылымдарды карыткан, түндү аз өлчөмдө гана жарык кыла алган кара чыракты электр лампасы алмаштырган. 1930-жылдардан тарта “Иличтин шамы” акырындык менен кыргыз калкынын калың катмарына жайыла баштаган. Ошол оомат оогон отузунчу жылдардан бери кыргыз элинин электр жарыгына болгон муктаждыгы өсүү башталып, ал суроо-талап жыл өткөн сайын көбөйгөндөн көбөйүп келет. Анткени, электр энергиясынын пайдасы окумуштуулар тарабынан бир гана жарык кылууга эмес, көп тармактарга түздөн-түз тийип турган негизги фактор экени аныкталып, аны: жылытуу системасына, өнөр-жай, техника, илим-билим, маданият, айтор бадык-бардык тармактарда иш жүзүндө күн-түн дебей тынымсыз колдонуу маселеси кеңири колго алынган. Бирок адам турмушундагы негизги тармактарды өнүктүрүп, “өлбөс жан” киргизүү үчүн электр энергиясынын суудан өндүрүп алуу маселеси биринчи орунда турганын унутпашыбыз керек. Кыргызстандагы чакан жана чоң ГЭСтерди (гидро энергетикалык станция) куруу долбоору 1960- жылдардын башында башталаган. Эми төмөндө Нарын дайрасынын жээктей курулган  Кыргызстандагы ГЭСтер тууралуу,  так маалыматтарга көңүл буралы.

                       Кеп кезеги ГЭСтер жөнүндө:

   Үч-Коргон ГЭСи- Нарын дарыясынын төмөнкү агымында курулуп,1962-жылы ишке берилген, биздин өлкөдөгү алгачкы гидроэнергетикалык станциялардын бири болуп эсептелет. Плотинасынын бийиктиги 30 метр. Суу сактагычынын көлөмү 52,5 млн. кубду. түзөт. Төрт агрегаттан турат. Кубаттуулугу 180 мВт. Долбоор боюнча жыл ичинде иштеп чыгара турган электр энергиясы 0,9 млрд. кВт·саатка жетмекчи. Ишканада 60тан ашуун адам иштейт. 

Атбашы ГЭCи — 1964-жылы курулуп баштап, 1970-жылдары ишке киргизилген. Атбашы суусунун Нарын дайрасына куйган жерине чукул жайгашкан. Тосмосунун бийиктиги 79 метр, узундугу 50 метр, жазылыгы 15 метр. Кыргызстандагы бийик тоолуу эң арзан электр энергиясын берген станциянын бири.Кубаттуулугу 40 мВт. Суу сактагычынын узундугу 7 чакырым, көлөмү (долбоордогусу 9 миң м3) 7600 куб. Өндүрүш процесси автоматташтырылган. 4 генератору толук кубаты менен иштегенде 1 секкундасына 17,5 м3 суу чыгымдалат. 1996-жылга статистикага ылайык 140 014 000 кВт саат энергия иштеп чыккан. Аталган ГЭСте 50дөн ашуун адам иштейт.

   Күрп-Сай ГЭCи  — Нарын дайрасында, Токтогул ГЭCинин плотинасынан 40 чакырым төмөн жайгашып, 1982-жылы иштеп баштаган. Төрт агрегаты бар. Плотинасынын бийиктиги 113 метр. Cуу сактагычынын көлөмү 370 млн. куб. Кубаттуулугу 800 мВт. Долбоор боюнча  жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясын көлөмү 2,63 млрд. кВт/саат. 1999-жылдагы статистикага ылайык аталган ГЭС 3352,5 млн. кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. Ишканада 100дөн ашуун адам эмгектенет.

Токтогул ГЭСи — Кыргызстандагы бирден-бир ирригациялык эң ири ишкана. Кетмен- Төбө өрөөнүнүн чегинде, Нарын дайрасынын нугунун кууш жеринде орун алган. 1962-ж. курула баштап, 1975-жылы ишке берилген. Төрт агрегаты бар. ГЭСтин кубаттуулугу 1200 мВт.Долбоор боюнча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат. Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд. куб, плотинасынын бийиктиги 215 метр.Иштегенден бери 100 млрд. кВт.саатка жакын электр энергиясын өндүргөн.Бул сыймыктуу ГЭСте 170тен ашуун адам иштейт.   

Таш-Көмүр ГЭСи  -Нарын дайрасында, Күрп-Сай гидро түйүнүнөн 18,5 чакырым төмөн, Карасуунун (Нарындын оң куймасы) чатына чукул курулган. 3 агрегаты бар; ар бир агрегаттын кубаттуулугу 150 МВт. Долбоордун жалпы кубаттуулугу 450 МВт. Биринчи агрегаты 1995-жылы экинчиси, 1986-жылы, үчүнчүсү 1987-жылы ишке киргизилген. Тосмосунун бийиктиги 75 метр, ал эми суу сактагычынын жалпы көлөмү 140 млн. куб. Өндүрүлгөн электр энергиянын жылдык орточо өлчөмү 1555 млн. кВт саатты түзөт. Ишканада 70тен ашуун  адам кызмат кылат.

   Шамалды — Сай ГЭСи — Нарын дарыясында, Таш-Көмүр ГЭСинен 14 чакырым төмөнүрөөк жайгашып, 2000-жылы толук ишке берилген  өлкөдөгү “эң жаш” ГЭСтердин бири. Суу электр станциясы 3 агрегаттан турат. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 80 мВт. Долбоордо көрсөтүлгөн  кубаттуулугу 240 МВт. Биринчи агрегаты 1992-жылы,, экинчиси 1994-жылы, үчүнчүсү 1996-жылы ишке киргизилген. Суу сактагычынын жалпы көлөмү 40,87 млн. куб.

Жылына электр энергияны орточо өндүргөн көлөмү 900 млн. кВт/саатты түзөт. Пайдаланууга берилгенден баштап 3,75 млрд. саат электр энергиясын өндүргөн.

                            Чектен ашкан муктаждык жана азайбаган коррупция…

 Жогоруда  атына заты жарашкан, элге пайдасы зор Кыргызстандагы 6 ГЭС электр энергиянын 1 килловатын болгону 10-15 тыйындан өндүрөт. Бирок элге жеткизүү жана техникалык чыгымдар эске алынып, акыркы жылдардан бери 700 киловатка чейин, 77 тыйындан берилсе,  андан наркысы 2,16 тыйындан эсептелет. Бул билинбегени менен, өзгөчө күз, кыш мезгилдеринде карапайым калктын капчыгына чоң сокку урат.

Кыргызстан 1995-жылдарга чейин электр энергия боюнча эч көйгөйү жок жашап келгени белгилүү. Бирок ошол жылдардан тарта Акаевдин бийлиги электр тармагын өнүктүрүүнүн ордуна, тескерисинче аздап талкалай баштаган. Талкалоо — өлкөдөгү бүтүндөй электр түйүндөрүн бир колго учтап, катуу көзмөлгө алып турган “Кыргызэнергехолдинг” аттуу зор компанияны төрт — бешке бөлүп, чачыратуу иши менен башталган. Союз кезинде өлкө боюнча электр станцияларындагы, ГЭСтердеги маал-маалы менен болуп турган оңдоо иштери, эскирген жабдыктарды алмаштыруу иштери 1995-жылдан бери карай такыр колго алынбай калды. Ал иштин жоопкерчилиги менен милдетин алышкан өлкөнүн башкы электриги (министр) баштап, катардагы карапайым электриктерине чейин уурулуктун ар кандай ыкмаларын кеңири колдонушуп, энергетика тармагында коррупцияга кеңири жол ачышты. Алардан жакшылыкты үмүт кылган, ансыз да кымбатчылыктан кыйналып, өп-чап жашаган эл карап олтурмак беле, натыйжада калктын басымдуу бөлүгү: электр энергияны эсептеген счётчиктерди жасап, үйлөрүнө ууру зымдарды жашыруун киргизип, электриктер менен жең ичинен сүйлөшүп, болушунча уурдай башташты.

Ал эми 2005-жылдан 2010-жылга чейин өлкөнү башкарган “колхозбай” Курманбек Бакиевдин тушунда энергетика тармагындагы кризис өз опегейинен ашып, Токтогул ГЭСине толуп, топтолгон сууну Максим, Ширшовдор өзбектерге миллиондогон “жашылбайларга” сатып турушту. Анын кесепетинен өлкө боюнча электр жарыгын байма-бай өчүрүү орун алды. Ошентип, кара ниет, колу канга чыланган канкор Бакиевдик үй-бүлөлүк бийлик 2009-жылдан тарта элди тезек терип калуу коркунучуна кептеп, “Түндүк электро” баштаган энергетика түйүндөрүн дүңүнөн сатууга кам көрө баштаган…

Бирок элибиздин бактысы бар экен, 2010-жылы апрель айында революция ишке ашты. Ошентип, элибиз караңгы заманга кайрылып барып, илгеркидей тезек терген жок.  Чынында, 100дөн ашуу эр азаматтарыбыздын башын жуткан революциянын келип чыгышынын бир себеби, дал ушул электр тармагындагы өнөкөт коррупцияга, тарифти көтөрүү, жеке менчик колго берүү саясатына байланыштуу болгонун эстен чыгарбоо зарыл.

Эми салыштырмалуу далилдерге токтололу: 2009-жылга Кыргызстан жалпысынан 11 млрд. кВт саат  электр энергиясын өнүдүргөн болсо, бул көрсөткүч 2010-жылы 12 миллиардга жеткен. Бул чынында жакшы көрсөткүч болуп, 1 миллиард 47 миллион киловатт саат электр энергия Казакстанга экспорттолгон. Ал эми электр энергияны экспорттоо  2011-жылы 2,5 млрд. кВт саатка жеткен. Бирок экспорттоо маселеси мурунку жылдарга караганда кыйла өскөн менен бул тармактагы коррупция азайган жок. Маселен, 2011-жылы энергетика тармагындагы техникалык жоготуу жалпысынан 26 пайызга өсүп кеткен. Табигый техникалык жоготуу 7-10 пайыз болсо, калганы адам фактору аралашкан, коррупцияга багытталган атайы жоготуу болуп эсептелет.

2012-жылы электр энергиядагы экспорттоо кескин азайды. Мунун эки себеби бар: биринчиси баягы эле Бакиевдин убагынан бери ийгиликтүү иштеп келаткан Ширшовдун тамырын терең жайган коррупциялык схемасы. Экинчиси – бул: элдин электр энергияга болгон муктаждыгы белгиленген өлчөмдөн ашып кеткендигин бийлик тарабынан расмий түрдө баса белгиленип айтылып келет. Муктаждык демекчи, анын чоо-жайын мындан билиңиз. 2013-жылы Кыргызстан жалпысынан 14 миллиард кВт. саат электр энергиясын өндүрүп, (экспорто маселесин жыйыштырылып) анын баарын өз керектөөсүнө сарптаган.

Ал эми 2014-жылы ала жаздан кеч күзгө чейин дээрлик жаан жаабай, республика боюнча кургакчыл болду. Анын кесепетинен биз ишенген Токтогул ГЭСине суу толбой, толмок турсун 7-8 миллиард кубга  (эгер суунун көлөмү 5,5 миллиард кубга түшүп кетсе, анда 4 агергаттын бири иштебей калат) чейин азайып, электр энергиядагы тартыштык 3 миллиард кВт саатка чейин жетти. Өкмөт бул кырдаалдан чыгуу үчүн электр жарыгын өлкө боюнча байма-бай өчүрүүгө бел байлап турганда, президент Атамбаев: “Кандай болгон учурда да, электр жарыгын өчүрбөйбүз” деп элге убада берип, коңшу Казакстандан   1 млрд. 400 млн. кВт саат электр энергияны 1 килловатын 5 сомдон ашык баага сатып алууга келишим түзүлгөн.

Ошентип, Орто Азиядагы сууга эң бай деп эсептелген электр энергиянын миллиарддаган кВт саатын Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистанга жана алыскы Иран мамлекеттерине чейин экспорттоону көздөгөн Кыргызстан учурда ал максатына жетпей турат. Кыргызстандын электр энергиясы союз кезинен бери толук эгемендүү  болбой, Өзбекстанга көз караанды болуп келгенин баарыбыз жакшы билбебиз.

Суу бизде, ГЭС бизде, бирок аны башкара турган негизги аппарат  Өзбекстанда болчу. Бул жагдай өзбектердин кыргыздарга каршы кармаган эң негзги көзүрү болуп келди. Токтогул ГЭСинен өндүрлгөн электр энергиясы өз өлкөбүзгө түз жетпей, Өзбекстандын аймагын аралар келчү, ал үчүн кыргыз өкмөтү өзбектерге жыл сайын 9-10 млн доллардын тегерегинде төлөп келди. Кудайдын кулагы сүйүнсүн дейли, акыры мындай кордуктан кутулуп, көйгөй чечилди.Кыргыз бийлиги баягы эле берешен Кытайдан алынган 390 млн. доллар насыяга Кемин-Датка долбоорун ишкер ашырып, электр энергиянын эгемендүүлүгүнө жеттик. Эми бул аталган көмөк –чордондун айрым  эскирип бараткан жабдыктарын которуп, жакшылап карап иштетсе, 90 жыл иштөө кепилдиги берилген. Мунубузду Кудай кут кылсын дейли.

  Ийгиликтүү башталган ири долбоордун илешкен доосу…

 Жогоруда өлкөдөгү 6 ГЭСтин ал-ахыбалын сөз кылганбыз. Эми алардын катарын толуктап, саны көбөйтө турган ГЭСтер тууралуу сөз кылалы.

Союз кезинде курулушу 40 пайызга бүткөн Токтогул районундагы Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты 2010-жылы 31-августта ишке берилген. Жакынкы жылдары экинчи жана үчүнчү агрегаттары ишке берилет дегени менен, ал маселе муз      болуп тоңуп турат.  Бул ГЭСтин келечеги жана толук кандуу иштөө процесси (Камбар-Ата-1ден 14 чакырым жогору жакта жайгашкан)  Камбар-Ата-1 ГЭСине толук көз каранды. Ал эми Камабар -Ата–1 ГЭСинин кубаттулугу  долбоор боюнча 1900 мВт.ка жетет. Токтогул ГЭСинен алда канча кубаттуу боло турган бул ГЭСти куруу үчүн  кыргыз бийлиги Орусия мамлекети менен келишим түзгөн. Оруссиянын “Русгидро” компаниясы Нарында жогорку Нарын дайрасынын жээгине жакынкы жылдары  чакан жана орто  көлөмдөгү 14 ГЭС куруу ниетин билдирип, миллиарддаган доллар инвестиция салууну жар салганы  менен, ал маселе кагаз бетинде эле калды.

Жалпы чыгымдала турган каражаттын көлөмү 2,5 – 3 миллиард долларды чапчымак. Ал келишимде: биздин мамлекеттин стратегиялык өнөктөшү болгон Оруссия курулуш чыгымын толук өз мойнуна алып, бирок ГЭСтин 50 пайыз үлүшүнө ээ болору көрсөтүлгөн. Ошондо түшкөн пайда теңме-тең бөлүнмөкчү. Курулуш 2-3 жылга жай темпте созулуп, көп сынга айтылды.

Акыры кризтен чыга албаган Орусия Камбар-Атаны кура албасын ачыктагандан кийин, ал курулушка орус тарап жалпысынан 37 миллон доллар сарптаганын айтышып, ортодо ишенбөөчүлүк жаралды. Жалпыга маалым болгондо ЖКдепутаттары комиссия түзүп, жасалган иштерди эсептеп чыгып, курулушка сарпталган каражат 4-5 эсеге атайылап көбйтүлгөнү, 37 млн. доллардан кыйла аз каражат кеткени, айтор абройлуу делген “РусГидро” калп айтканын жар салышты. Анткен менен кыргыз бийлигинин дооматына Орусия тарап он мүнөт болсо да ойлонгон деле жок, курулушка салган акчабызды  түгүн да калтырбай түгөл санап бергиле, болбосо Эл аралык сотко кайрылабыз деп коркутуп турат.

Адистердин эсеби боюнча, бул эки ГЭС толугу менен курулуп бүтүп, ишке берилсе, экөө биригип жыл сайын 6 миллиард 700 миллион килловатт саат электр энергиясын өндүрүп чыгууга кудурети жетет. Натыйжада, Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү 40 процентке жогорулап, өлкөнүн  электр энергияга болгон муктаждыгы толук камсыздалып, башка региондорго экспорттун көлөмү өсмөкчү.

Бирок Бакиевдин учурунда калыптанып, ушу кезеге чейин гүлдөп, тамыры кыйылбай жаткан “Ширшовдун схемасы” кескин түрдө катуу чара көрүлбөсө, анда жогоруда сөз кылган ири долбоорлор деле өз максатына жетпей, аты затына жарашпай калат. Окурмандардын эсине сала кетсек, аталган схема: электр энергиясын экспорттоо, коммерциялык жоготуулар, мамлекеттик сатып алуулар, дебитордук карыздар аркылуу ачык жана жашыруун жолдор менен ишке ашып келет. Бийликтин бийик секисиндегилерге бул ататктуу схема эч кандай “секрет” эмес. Ал эми Баш прокуратура, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, ИИМдин 5-башкармалыгы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматтары аталган схемага каршы күрөш жүргүзүмүш болгону менен, оозго аларлык жыйынтык жок.  Жыйынтык качан болоору азырынча белгисиз бойдон калып келет…
 

Автор: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here