Кыргызстанда мыйзам боюнча сойкулукка жол берилбегени менен, сойкулук маселеси башка өзгөчө борбор шаарыбыз Бишкек менен, ордолуу Ош шаарында эчак эле өнүгүү-өсүү жолуна түшүп кеткени баарыбызга эле маалым. Бул эки шаардагы сойкулар укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана айрым атка минерлер да “крыша” болуп келишет.  Бул көмүскө бизнестен оңобогондой чоң акча түшөрү белгилүү.

Сойкулуктун тамыры кеңейип, тоскоолдуктарды тоготпой келатканын бирден – бир себеби мына ушул. Мыйзамды сактоочулар өздөрү минтип “мини юбка” кийишкен “түнкү көпөлөктөргө” түрдү шарттарды түзүп жатышкан соң, сойкулукка сокку уруу маселеси көп учурда алсыз болуп, өз максатына жетпей келет. Буга мисал катары ИИМдин жооптуу кызматтагы өкүлү Пардабай Намазбаев деген сакалың өрттөнгүр офицердин кылык жоругун айтсак жетиштүү болот.

250 мейманкана менен 149 саунанын канчасы сойкулук менен алектенет?

Учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Ленин райондук администрациясы менен бирге Ош базардын тегерегиндеги, так айтканда Кулуев, Павлов, Рыскулов, Бейшеналиева, Москва көчөлөрүндөгү сойкуларга сокку ура баштады. Чынында бул көчөлөр сойкулардын көптөн берки туруктуу жерлери.

Соккунун биринчи жыйынтыгына көз чаптырсак анчалык деле чеке жылытып жибербейт. Жалпысынан бул тегеректеги 137 үй текшерилип, анын 27си гана бир күндүк мейманкана катары иштери аныкталган. Бул өтө аз көрсөткүч. Ошол үйлөрдөн он эле сойку кызды кылтакка илишиптир.  Ишенбесеңиз Ош базардан ошол көчөлөр менен батыш вокзалды көздөй басып көрсөңүз, же акчалуу кардар катары сураштырсаңыз ал жердеги ар бир экинчи (көп жерлеринде катары менен) үй бир күндүк мейманкана жана сойкулук кызмат көрсөтүү менен алектенерине көзүңүз жетет. Мындан тышкары, ошол үйлөрдүн сыртына уруксаты жок 50 ар кандай жарнактардын жарыяланганы аныкталган. Ал жарнактардын көбүнүн  маанисин айтпасак деле, сизге түшүнүктүү эле болду окшойт.

Бишкек шаарында бүгүнкү күндө 250 мейманкана, 149 сауна бар. Бирок булардын канчасы сойкулук менен алектенери тууралуу милицияда да, айтор эч бир жерде так маалымат жок. Себеби, буга кызыкдар болуп, тыкыр көзөмөл кылган деле орган жок. Болсо да, жогоруда айткандай көрүнүштөр менен көз жаздымда калып келет.

https://www.youtube.com/watch?v=M0rm5ao2CF0

Айталы дегенибиз, ошол 250 мейманканын эң начарлары, арзандары жогоруда аттары аталган көчөлөрдөн орун алган. Кычыраган кымбаттар шаардын чок ортосунда. Алардын басымдуу бөлүгү чоң бизнесмен жана саясатчыларга таандык. Көздүн жоосун алган андай мейманканалардын баарын сойкулук менен алектенбейт деп айтуу кыйын. Арасында ушундай арам жол менен акчага маарыгандары да бар.  Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча өткөн жылы борбор шаарда сойкулардын “мамалары” аталган  “сутинёршалардын” үстүнөн 18 кылмыш иши козголду . Алардын 17си аял, бирөө эркек. Сойкулук менен алектенген кыздар айып төлө менен эле кутулуп кетишет да, кайра эле “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” –деп сойкулугун кыла берет.  Ал эми “сутнёршаларга” биринчи жолу кармалган айып салынат, экинчи жолу жаза мөөнөтү берилгени менен, ал маселе деле көп учурда жең ичиндеги соодалашуу менен чечилип кетет.

Бишкекте каттоодо турган 3500 сойку бар…

Былтыр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 9 айдын ичинде ар бир кызды алып келип, аты-жөнүн тактап, өздүгүн аныктап, сүрөттөрү менен 3500 кызды каттоого алышканын шаар милициясынын ачендиги полковник Самат Курманкулов менен маектешкенимде айтып берди эле. Ал миңдеген сойку кыздардын көбү кыргыз кыздары болуп эсептелет.

Курманкулов ошол маекте:  “Жакында эле бизде сойкулар менен иш алып бара турган бөлүмчө ачтык, буйруса мындан ары да сойкуларды тазалоо ишин күчөтө беребиз. Негизи сойкулук маселеси тамаша эмес. Биз да түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Кыз деген ким? Кыз – деген эне да. Алардын бузулуп кеткени эч кандай жакшылыкка алып келбейт. Сойкулуктун айынан кыздар адамдарга ар кандай  жугуштуу ооруларды жугузуп жатышканы да жакшы эмес да. Бул маселе улуттук генефондго да абдан коркунучтуу да. Андыктан сойкулук маселеси менен бир эле милиция күрөшпөй, жалпы коомчулук күрөшсө деген тилекти айтат элем”- деп күйүп-бышып өз пикирин билдирген.

Ал маектешүүдөн бери, 3 айдан ашык убакыт өттү окшойт. Сойкуларды тазалоонун планын иштеп чыгышкандыр. Дагы кичине күтө туралы. Милициянын акимчилик менен бирге сойкуларга соккусуна тыкыр көз салып, жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай кабарлай беребиз. Курманкулов сөзүнө жараша күйүп-бышканындай иш алып барса, алдыда жакшы иштерди жасап, алыска бара турган экен.

Мэрия мындай милиция менен акимчиликтердин биргелешкен текшерүүсү үзгүлтүксүз болуп турарын жар салды. Жоктон көрө жогору, азырынча сойкуларга болгон сокку биз ойлогондой күчтүү болбосо да, кайдыгерлик кылбай өз аракеттерин кылып турсун. Келечекте күчтөнүп калаар…

https://www.youtube.com/watch?v=ix_RjpssRrM

Ылайым эле, милициябыз сойкулардын үзүрүн көрүүгө үзүлүп түшпөй, кыз намысын сактоого таза мамиле кылышса экен деп тилейли. Кыргызда эгерим денесин сатып жанын баккан кыз болгон эмес. Алар өздөрү бузулганы аз келгенисип, мамлекеттин чекесине чыккан чыйкан болуп, коомчулукка коркунучтуу инфекция болуп оорутуп турат. Андай ооруну эл түп-тамыры менен жулуп салуу керек. Бирок жулуп салууга атайылап тоскоолдук кылган кызы талактардан  арылмайынча, бул көйгөй эч качан чечилбейт.

 

Автор: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here