Орто мектепти эми гана бүткөн Орусиядагы кыргыз кызын жергиликтүү жаран 17-февардын түнүндө күчкө салып зордуктап салганын Орусиянын ЖМКсы  таратты. Секелек кызга сексуалдык зомбулук көрсөткөн зөөкүр неме көп өтпөй кармалды. Бул жагымсыз окуя тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тиешелүү чараларды көрүп жатат. Эми аңгилиги ашынган зөөкүр канча жылга жаза алат, болду экен. Бул нерсеге тыкыр көз салып туруу зарыл, болбосо, ар кандай жолдор менен жең ичинен бошоп кетиши деле мүмкүн

Түн ичинде ээн баскан башка мамлекеттерден келген мигрант жаш кыздар жергиликтүү зөөкүрлөргө “жем” катары саналат. Көп учурда кыргыздын сыртта жүрүшкөн жаш кыздары “Сактыкка кордук жок” –деген таамай кепти такыр эле унутуп салышат. Бул маселени эске алуу зарыл.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here