Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёёв ушу тапта өз өнөрүн көрсөтүп, өтө катуу иштеп жатат  десек болот. Анын 9-февралда өткөн жыйынында айрым атка минерлерди  жаш балдан  да жаман кагып-силкип, катуу урушканы тууралуу коомчулукка чыкпай турган маалымат аудио түрүндө тарап кеткени маалым болду. Ал жыйында Мирзиёёв Өзбекстандын Ички иштер министрлигинде жакшы жылыштар болбой жатканын катуу сынга алып, ага мисал катары өткөн жылы 4500ден ашуу милиция кызматкери жакшы иштей албагандыгы үчүн кызматтан айдалганын айткан. “Мурунку министр Адхам Ахмедбаев эч нерсени түшүнбөйт. Кайсыл тилде түшүнөрүн да билбейм. Өзгөртүү тууралуу сунушун он жолу сурадым, эртеңден башка жооп айтпады. Уяты жок экен анын” – деген сындуу катуу сөздөрдү айтып, ИИМдин бир катар жооптуу кызматтагыларын кызматтан алып ыргытты. Өзбек президентти чындап эле мындай катуу темп менен иштей берсе, өзбек элинде кыйла өнүгүү болооруна ишенсек болот.

Бир, эки жылда өзбек милициясында кандай бурулуштар болорун көрө жатарбыз. Эми коңшу мамлектибиздиги көрүнүш бизде деле бар. Андыктан сын тагуунун кажети жок. Тескерисинче үлгү алсак болчудай…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here