Жайыл баатыр болгондо, хан атакка конгондо!

             Жайыл баатыр Коңурбай уулу жашаган  мезгил XVIII кылым экендиги белгилүү. Ошол учур тыштан келген душмандар менен күрөш — эр жүрөктүү, жоокердик руху бар Атажуртун жан дили менен сүйгөн, патриот, акылдуу жана легендарлуу инсандарды саясий аренага  даңазалап чыгарган. Элдин эсинде өзүн өлбөс кылгандардын ичинде солто уруусунун өкүлү Жайыл баатыр Коңурбай уулу өзгөчө орунду ээлейт. Жайыл болжол менен 1710-жылда ата конушунан алыс Сафедбуланда (азыркы Жалалабад областынын Алабука районунун аймагында) төрөлгөн. Бул жерге аны атасы Коңурбайдын үй-бүлөсү, Кыргызстандын түндүгү тарабына, Жунгар хандыгынын (калмактар) аскерлеринин артыкчылык кылган күчтөрүнүн кысымынан, берекелүү Чүй өрөөнүн таштап кетүүгө мажбур болгондуктан, көчүп келген. Жайылдын энеси саяк уруусунун Каба баатырдын уругунан[1]. Анын атасы  ал жаш кезинде эле курман болгон.

Коңурбай кыргыз уламыштарынын маалыматы боюнча өтө келбеттүү, келишимдүү адам болуптур. Бир жолу ал Агынтай баш болгон казак баатырлары менен бирге калмактарга жортуулга барып туткунга түшкөн экен. Өзүнүн келбеттүүлүгүнөн пайдаланып калмак кызына ынакташып колу, бутундагы кишендердин ачкычын алганга жетишип, жолдошторун туткундан куткарган. Кийин Коңурбай калмактар менен салгылашта али жаш курагында курман болгон.[2] Бала кезинен Жайыл атасынын улуу агасы акылман Кошой бийдин багуусунда жана тарбиясында болгон, ал ошол кезде түштүккө көчүп келген солто уруусунун башында турган. Кыргыздын башкаруучу аристократиясынын салты жана жоокерчилик мезгил жаш жана намыскөй уландын мүнөзүн бекемдейт. Көп өтпөй ал кыргыз баатырларынын тобунда Кыргызстандын түндүк бөлүгүн, башкача айтканда ата конушун басып алышкан калмактарга каршы боштондукка чыгаруучу жортуулдарга катышат. Бул боштондукка чыгаруучу күрөштө анын үзөнгүлөш жолдоштору Эр Солтоной Байсейит уулу, Атаке баатыр Тынай бий уулу, Бердике баатыр Сырдыбай уулу, Тубай бий, Табылды баатыр, Жаманак Рай уулу, Эр Садыр хан жана башкалар кыргыз элинин даңктуу уулдары болушкан. Өз Атамекенин жунгарлардан бошотуу үчүн салгылаштарда ал элдик баатыр деген наамга татыган.

1751-1755-жылдарда Чүй өрөөнүндөгү ата конушуна кайтып келгенден кийин акылдуу жана жигердүү башкаруучу катары Жайыл баатырдын даңкы дагы күчтүрөөк бекемделди. Анткени ушул 1755-жылдары солто уруусунун башчысы Кошой бий Кетмен-Төбөдө өлгөндөн кийин, бийлик Жайыл баатырга өткөн[3]. Эми мурда таштап кеткен жерди кайрадан өздөштүрүү алдыда турган. Бул баарыдан мурда коңшу казактар менен бекем чек араны орнотуу дегендик эле. Көчмөн чарбаны адилеттүү жана билгичтик менен жүргүзүүнү уюштуруу — кыргыз үй-бүлөлөрүнүн конуш которуусунун салт болуп калган циклин сактоо, сугат арыктарды салуу ж.б. Бүткүл ушундай уюштуруучулук жумуштар акылман жана ишмер башкаруучу катары Жайыл баатырга тез эле татыктуу атак-даңк алып келген, ошон учун аны кыргыздардын жана коңшу казак урууларынын өкүлдөрү да кадырлай башташкан. Маселен, казактардын мамлекеттик ишмери жана Жайыл баатырдын замандашы Казыбек бек Таусарулы кыргыздар өзүнүн жетекчисин урматтап өздөрүнүн ханы деп аташканын «Түп түбүмдөн өзүмө чейин» деген XVIII кылымдын аягында жазылган чыгармсында белгилеген экен[4].

«Эр чекишпей, бекишпейт»

XVIII кылымдын  ортосунда Жунгар хандыгы кулап, калмактар Кыргызстандан куулган соң, кыргыз жайыттары казактын жерине жакын жайгашып, коомдук-саясий мамилелер күч алган. Бери дегенде жарым кылымга чейин чет элдик баскынчылардын кол алдында болуп келген Иле дарыясынын аймактары жана Чүй, Талас өрөөндөрүнүн тегерегине мурунку жер ээлери кыргыздардын кайра келиши менен алардын казак коңшулары ортосунда мурун так чек ара болбогондуктан, кез-кезде орто аралыктардагы жайыттарды талашуу, барымталап мал айдап кетүүлөр байкала баштаган. Кыргыз — казак мамилелеринин курчушуна ал кездеги аларын өлкөлөрүндө саясий бытырандылыктын үстөмдүүлүгүнүн негизинде соода-сатык иштери менен катташып турган адамдардын тонолуп, куугунтукка учурашы себепкер болгон эле. Ал эми кербен жолдор алардын жер аймактарын аралап өтүп турганы да жакшы белгилүү. Казактардын соодагерлери кыргыз жергесинен Чыгыш Түркестандын (Синьцзян) шаарлары – Аксуу, Үч Турфан, Кашкарга, андан ары Кытай, Индияга жол тартышса, Фергана өрөөнүндөгү шаарлар Ош, Анджиян, Маргалаң, Кокон, Ташкент аркылуу Бухара, Самаркан, Стамбулга жана Мекке, Мединага барышкан. Казактардын бир бөлүгү XVIII кылымдын биринчи жарымында эле Россия империясынын кол алдына өтүп, орус элин Орто Азия элдери, алардын ичинен кыргыздар менен соода иштерине ортомчу боло баштаган эле. Ушундай эки тараптуу кызыкчылык кыргыздарга да таандык болгон. Анткени кыргыздардан аз да болсо соодагерлер чыгып, Атаке баатыр, Эсенгул бий өздөрүнүн соода кербендерин казак талаалары аркылуу Россия империясынын чек арадагы соода шаарлары Семипалатинск, Петропавловск, Омск, Усткаменогорск жана башка жерлерге чейин жетип соода кылып турушкан.

Тарыхый булактардын маалыматтары боюнча алгачкы кыргыз-казак мамилелеринде өз ара кагылышуу 1759-жылы жай мезгилинде башталган. Орто жүз казагынын ханы Абылмамбеттин уулу Абылмечит жана Барактын уулу Ханбабалар баш болгон казактардын он беш миң колу кыргыздардын теит уруусунан Ноорус баатырдын айылына чабуул жасашкан[5]. Бул  иш эмне менен бүткөнү белгисиз. 1760-жылдагы кыргыздардын казактарга каршы колун саяк уруусундагы Садыр баатыр Арзымат уулу баштаган деп кыргыз уламыштарында айтылат[6]. Ошол эле жылы казак күчтөрү кыргыз аймактарына жортуул жасап, көп зыян келтиришкен[7].

1762-жылдын күз мезгилинде казак, кыргыз, өзбек айылдарында Цинь империясынын колдору келерки 1763-жылы жазында Туркестан чөлкөмүнө кол салат экен деген маалыматтар тез арада тарап кеткен эле. Ушуга байланыштуу Орто Азия элдери бөтөн диндегилердин коркунучу алдында бири-бири менен араздашуусун токтотушуп, өзүлөрүнүн биримдигин көрсөтө алышты. Ушунун негизинде, Кокондун башчысы Ирдана бий убактылуу басып алган кыргыз шаарлары — Ош менен Өзгөндү өз ээлерине кайрып берген эле. Орто Азия элдеринин мындай биримдиги Цинь империясынын жаңы жерлерге көз артуусун токтоткон.

Бөтөн диндегилердин көрсөткөн коркунучу басаңдашы менен кыргыз-казак кагылышуулары кайра жанданат. 1764-жылы күзүндө Иле дарыясынын жээктеринде көчүп-конуп жүрүшкөн Улуу жүз менен Орто жүз казактарына кыргыздардын жоокерлери үч жолу жортуулга барышып, көп туткун алып келишкен[8]. Болжолу, ушул жүрүштөр учурунда, даңазалуу баатыр кол башчы, кийин 1771–жылы жалпы казак ханы болуп шайланган Абылай султан өзүнүн 17 жоокери менен кыргыздардын туткунуна түшүп, үч ай өткөн соң, кыргыздын ошол кездеги ханы Жайыл баатырдын буйругу менен бошотулган[9]. Өз мезгилинде Шокан Уалиханов Аблайдын кыргыздардын туткунунда болгондугун ачык эле жазган[10]

1765-жылдын башында, кыш мезгилинде казактын Орто жүзүнүн султаны Абулфеистин Талас өрөөнүндөгү Каработо бий (кытай уруусунан) башчылык кылган кыргыздарга жортуулу, кебетеси, Аблай султандын туткунда камалышы менен байланышта болуп, алардан бир далайын туткундап алып кетишкен.[11] Казак уламыштарында  да ушул 1765 жылы Абулфеис султан кыргыздарга жооп катары жортуул жасап 100 туткун алган. Кыргыз бийи Ормонбет 80 кыргыз туткундарын бошотуп, казактар менен тынчтыкта жашаш үчүн келишимге барышып, өз кызы Тумар ханымды Абулфеиске нике кыйган экен[12]. Буга карабай, Абылай султан ошол эле жылы күзүндө, көп кол жыйнап келип, ушул аймактагы кыргыздарга кыргын салып, Каработо бийдин өз уулун баш кылып тогуз кишини үй-бүлөсү менен аманаттыкка алып кеткен[13]. Алар бир жыл өтпөй кайра өз жерлерине коё берилген. 1767-жылы Абылай султан Ташкенттин тегерегиндеги кыргыздарга кол салат да, андан ары Ферганага жакындайт. Бирок ал ушул жерден Кокон шаарынын кол башчысы Ирдана бийдин жетекчилигинде кыргыз-өзбек биримдик күчтөрүнөн жеңилип (султан капталына жана аркасына мылтыктын огу тийип оор жарат алган), кайра артка чегинүүгө мажбур болгон[14].

XVIII кылымдын 60-жылынын аягында Иле дарыясынын жээгинде көчүп-конуп жүрүшкөн казактарга кыргыздардын саяк уруусунан чыккан Жаманак баатыр баш болгон чалгындоочу кошуун жортуул жасап кайтышат. Буларга жооп катары казактардын Орто жүзүнүн найман уруусунун султаны Барак (кээде Көкжал да делет, тагырагы — Кёкжарлык) баштаган 4-5 миң колу Чүй өрөөнүнөн чабуулга өтүшүп, Кочкорго чейин жетишет[15]. Кыргыздар алгач бейкапар жаткандыктан чегинүүгө мажбур болушкан. Чечүүчү салгылашуу Кочкор өрөөнүндө Кызарт ашуусуна жакын жерде өткөн. Кыргыздардын күчтөрүн жетектеген сарыбагыш уруусунан Эсенгул Болот бий уулу болгон. Алар бир чети жер ыңгайын таасын пайдаланып, амалкөйлүк менен Кызарттын белинен соккон шамалдын ыргагынан чаң-тополоң жасоо ыкмасын колдонуп, Барактын жоокерлерин артка чегинүүгө мажбур кылышат. Бир нече жоокер башчылары: Айтак, Арзы, Жапек, Куржулар курман болушкан, ал эми  Барак өзү да Кескенташта колго түшүп, өлүмгө учураган[16].

«Жайыл кыргынынын» сырлары

            1773-жылдарда чек арадагы жаңжалдан улам кыргыз-казак мамилелери кайрадан курчуган. Кыргыз жана казак уламыштарынын маалыматтары боюнча Улуу жүз казактарынын өкүлү катары жаш баатыр Жоогач Көкчө-Тоо (Сарыарка) тарапта жүргөн казак ханы Абылайга (1711-1781-жылдары жашаган)  барып кыргыздар менен чатактарды жөнгө салып берүүсүн суранат. Абылай хан бир боордошторубуз менен тил табышып жашайлы деп кыргыздардын башчыларына казак ханынын тилегин жеткирмекке Жоогочтын өзүн элчиликке жиберет. Бирок бул жолку  Жоогач менен солто уруусунун өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаган. Андыктан, 1774 жылы жазында Абылай хан баатырлары Абулфеис, Каманбай, Дөөлөтбай, Байгазы, Оразмамбет, Бердикожо ж.б. жетектеген кубаттуу күчтөрү менен Алатоо тарапка жортуулга чыккан.

Синьцяндык казактардын арасында сакталган «Атаке баатырдын жана анын уулу Садырды Каманбайдын жайлашы» деген Каманбай баатырдын эрдиктери жөнүндөгү дастанда окуялар жана адам ысымдары  бир аз чаташканы менен, андагы маалыматтар  ушул жортуул учурундагы окуялар экенин баамдайбыз. Анда мындай саптар бар: «… Кас баатыр Каманбайдын бир инисин, Кыргыз чаап баатырдын шагы сынды. … «Кабакең кайгыланды» дегенди угуп, Келиптир өзү баатыр кан Абылай. … «Кабакең кайгыланды» дегенден соң, Баатыр өзү кырдуу баары келди. … «Намысын Кабакеңдин аперем» деп, Келиптир канжыгалуу Эр Бөкөнбай.»[17]. Мындан биз казак колунун Ала-Тоо тарапка аттанышына дагы бир шылтоо — бул Барак баатырдын кунун алыш экендигин баамдайбыз.

Санжырачы Бала Айылчынын чогулткан кыргыз уламыштарында, кыргыздарга элчиликке келген Жоогач Жайыл баатыр, Момокон жана Жамансартка «Абылайдын тапшырмасын айтат. Ал талап мындай эле: «Бүт кыргыз мага баш ийсин, болбосо чабамын». – деген. Кыргыздар «карабайбыз, баш ийбейбиз» деп жооп беришет. Абылай келип салгылаш баштады. Алар көп эле. Кыргыз бир топ кыйынчылыкта калат»[18].

Чүй өрөөнүнө өтүүчү Сарыбел ашуусунда 1774 – жылы жаз мезгилиндеги болгон алгачкы кыргыз-казак кагыллышуусунда, казактардын жоокерлери чегинүүгө мажбурланышкан. Мындай учурда кыргыздардын күчтөрүн алаксытып, бытырандылыкка учуратыш үчүн Абылай өз жоокерлерин Талас менен Ташкент тарапка багыттаган. Жагдай казак ханы  ойлогондой болуп Атаке баатыр баштаган жоокерлер шашылыш Талас тарапка Садыр бий жетектеген кыргыздарга жардамга аттанышканы менен кечигишкендиктен орто жолдо калышкан сыяктуу. Абылай Ташкенттин тегерегин өзүнө каратып, Таластагы кыргыз күчтөрүн курчоого алып катуу сокку уруп, ал тараптагы жоокерлеринин көбүн кайра ошол эле 1774-жылыдын жай мезгилинде Меркенин жанынан Чүйгө (Кара-Балта жакка) багыттаган[19].

Кыргыз ханы Жайыл баатыр алгачкы жеңишке ээ болгондуктанбы, же кыргыз уруу башчыларынын ортосундагы ынтымактын бузулушунанбы айтор, бул чабуул Чүйлүк кыргыздарга күтүүсүз болгон. Жайыл хандын жанында өзүнө таандык солто, багыш жана саяк урууларынын бир аз жоокерлери гана калган. Салгылашуу Чүй дарыясынын оң куймалары Аксуу, Кызтууган өзөндөрүнүн ортосунда (азыркы Беловодское айылынын тушунда)  болгон. Кыргыз жоокерлери жан айабай салгылашышса да бул жолу Абылайдын көп сандаган колуна туруштук берише албады. Ушул кыргында кыргыз кыз-келиндери да колдоруна курал алышып, өз мекенин коргошкон. Жайыл хандын аялы Темиржан байбиче аркага чегинген кыргыз жоокерлерин көрүп, чечкиндүлүктө ак жоолугун аркан менен керип байлап, белгиленген чектен алардын андан өтпөөлөрүн талап кылып, ата-бабаларынын алдындагы ар-намыскөйлүккө чакырган. Ошондой эле жанындагы баардык аялдарды чогултуп, аларды эркекче кийиндирип, курал-жарактандыруу менен биргеликте өзү да кандуу салгылашка кирген. Мына ошентип кыргыздардын башчысынын чыныгы өмүрлүк жарынын аты тарых беттеринде түбөлүк сакталып калган[20].

Пофессор Сабыр Сабыр Аттокуров бул салгылашууну элдик уламыштардын негизинде мындайча сүрөттөйт: «Жайыл пайгамбар жашына барып калганына карабастан чапанынын оң колун чечип, жеңин кемер куруна кыстарып коюп, туулгасыз жылаң баш согушкан. Анын беттегени тирүү калбаган. Уулдары Асан атасынын оң тарабында, Үсөн сол тарабында 20дан жигиттери менен кыргынды уланткан. Итике атасынын артында жигит менен анын экинчи атын, жоо-жарагын алып жүргөн. Көзгө атар мерген болгондуктан атасын курчоого алууга жасаган аракеттерди жокко чыгарып, жоонун бир бөлүгүн окко учуруп турган. Уламышка караганда Абылай Жайылды колго түшүрүү үчүн бир нече жолу аны курчап алган. Бирок Жайыл урушта эч качан колдонулбаган ыкманы колдонуп кыйраткан. Жайыл устун найзасын бекем кармап атына чимирүүгө (оңдон солго, солдон оңго) белги берген. Ошол учурда устун найза курчагандарды сулаткан, кулаткан. Анын үч уулу жарадар болгондоруна карабастан атасына мылтык сунгандарды атып, тегерек коргонууга өтүшкөн. Он чакты жоокерди ойрон кылып Жайыл курчоодон чыгып кеткен. … Жайыл үч уулу жана 40 жигиттери менен колдун алдында болгон. Ал Абылайды бир нече жолу жекеме жекеге чакырган. Бирок Абылай «Султанга ултан тең эмес» дап чыкпай койгон. Төртүнчү жолу Жайыл Абылайдын чатырынын жанына чейин келип өзүнүн талабын кайталаган. Абылай дүрбү салып Жайылдын жарадар болгонун көрөт, ошондо гана Чалкуйрукту минип жекемеге чыгат. Бул айкаш Жайыл баатырдын саяк уругунун өкүлү — Айкан деген аялынан төрөлгөн кызы, Атаке баатырдын аялы, Бегимжандын кошогунда мындайча берилген:

«Абылайдын найзасы,

Коло да болсо кайышты.

Атакемдин найзасы,

Карагайлыктан майышты»[1].

Каманбай баатырдын эрдиктери жөнүндөгү дастанда мындай маалыматтар бар: «Ачуулу жүргөн Каманбай, Балага мойнун бурганы. Акыректен найза жеп, Бала жерге кулады. Кашындагы Абылай: «Кесейин – деди — башыңды, Курутайын – деди — жашыңды». Каманбай айтты: «Абылай өлтүрбөчү баланы, Ырбатпачы жараны. Бул да биздей эр экен Он алтыда ойронуң, оргуп чыгып жүр экен.». Көнбөдү буга Абылай: — Өрүштү бузуп жылкы алган, Саябан (араба) бузуп кызды алган, Кызылдай кырып элиңди. Бул жунгар (тагыраагы – кыргыз – Д.С.) нени кылбаган?! Бала айтты: «Ордуман туруп кетермин, Ордоңду талкан этермин. Тез өлтүр мени, тез өлтүр, өлтүрбөсөң сен азыр, Кийин калган элиңдин, Нак түбүнө жетермин!». Кынынан кан Абылай бычак алды, Атынан ошол замат түшө калды. Сөзүнө Кабакеңдин карабастан, Баланы как жүрөккө малып алды. Өлтүрдү он алтыда кайран жашты. Баатырлар канын ичип моокун басты.»[22]. Балким бул жаш каарман Жайылдын балдарынын биридир? Дастанда жаш баатырдын ысымы Садыр делет бирок, ал он алты жашында  жана Каманбай катышкан салгылашта өлгөн эмес экендиги бизге жакшы белгилүү. Кантсе да айкаш өтө курч мүнөздө өткөндүгүнөн кабар берет. Уалихановтун маалыматтары боюнча чоңбагыш уруусунан эки айыл эл, ал эми солто уруусунун чоңталкан уругунан кырк адам гана аман калган[23]. Мына ушундан улам бул салгылашуу «Жайылдын кыргыны» деп эки элдин эсинде сакталган.

Жыйынтыкта 65 жаштагы Жайыл баатырдын өзү жана анын уулдары  Усен, Теке, Итике, бир тууганынын баласы Момокондор туткунга түшүштү. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Жайылдын кичүү уулу 13 жаштагы Итике менен казак баатыры Жоогачтын досу — Момоконго азаттык берилип, калганы курмандыкка чалдырылган[24]. Өлүм алдында Жайыл баатырдын кең пейилдүүлүк жана кеменгерлик иш кылганын белгилесек болот. Анткени казактар тарабынан маселе Момокондон башка дагы бир кыргыз адамынына азаттык берип өмүрүн сактап калуу жөнүндө чечим чыккан экен. Уулдары Жайыл баатырдын өмүрүн сакталсын дешсе, ал «мен тагдырыма жазганды жашадым, коомдук аброй күттүм, өз тукумумду улаганга жетиштим, ал эми кичи уулум — Итикеден туяк калбай калчудай, ошондуктан ордума анын өмүрүн сактоо ылайыктуу» деп айтып, өзүнүн перзентине өмүрүн улантууга шарт түзүп кеткен экен. Итике кийин чыны менен эле атасынын жолун улаган татыктуу элдик уулдардан болгон.

Жайылдын кызы  Бегимжан Каманбай баатырга ак тайлак (дагы бир вариантта атан төө) тартуулап аны ортого салуу менен казак кол башчыларынан туткунда курман болгон Жайыл баатыр жана анын  жоокерлеринин сөөктөрүн сурап алып, хан атасынын тагдырын кошок менен ыйлап, элдик жөрөлгөгө ылайыктап көмдүргөн экен[25].

Ошол атан төө укмуштудай кереметүү болгондуктан казак кол башчыларынын ортосунда ага ээ болуш үчүн чоң нааразычылык пайда болуп, алар ар тарапка тарап кетишкен. Жортуул ушуну менен уланбай токтогон[26]. Мындан тышкары Көкчө-Тоо (Сарыарка) тарапка Емельян Пугачевдун (1773 -1774 жж.) кыймылынын катышуучуларынын чегиниши  башталганыктан Оренбург губернатору казак ханын козголоңчуларга каршы чара көрүүсүн талап кылган 9-апрель 1774 — жылы жазган катынын уулу Вали султан аркылуу келгендиги[27] дагы бир себеп болгон.  Демек, эми «Жайылдын кыргыны» 1774 — жылы жай мезгилдеринде болгондугу такталды десек жаңылбайбыз. Ушуга байланыштуу, кыргыз эл арасында сакталган уламышка таянсак, Жайыл баатыр 65 жашында (өлгөндө бир жыл кошуп эсептөө жөрөлгөсүнө ылайык) курман болгон делет, ал эми кыргын 1774-жылы болгонго ынансак Жайылдын туулган жылы 1710-жыл экендиги такталат.

Абылай хан Чүйлүк кыргыздардын бир талайын туткундап жана ак үйлүүлүккө бийлердин балдарынын бир нечесин Жамансарттын уулу Түлөөбердини баш кылып Көкче-Тоого алып кетишкен. Алар кийин бир жылдан соң элине кайра койо берилген экен[28]. Качыке, Садыр (саяк), Надырбек, Эсенгул (сарыбагыш), Туума (саруу) баатырлар казактарга ак үйлүүлүктөр берилгендиктен, кеткен жоонун артынан сая түшүшкө үлгүрүшкөн эмес[29] окшойт. Жайыл баатыр курман болсо да, Абылай ханга, эркиндикти сүйгөн кыргыз элин, баш ийдирүүгө мүмкүн болбоду, бул туурасында — алардын кийинки өз-ара мамилелери жөнүндөгү тарых барактары күбөлөндүрүп турат.

Автор:  Дөөлөтбек Бекиш уулу САПАРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here