Базар экономикасынын талабы аялзатын универсал болууга үйрөттү: акча тапкан, бала баккан, алтургай үй курган да өзү. Анда эркектин орду кайда? Ал «чоң баламдай эле» же «ал бар жерде уруш көп» дешет.  Канааттануу да жок, бир-эки балалуу болдук дагы эмне… дегендей. Мына ушул майда маселе «муздактыктын» айтылбас себептери экен. «Фригиддүү» же жөнөкөй тил менен айтканда «муздак» аял деген эмне? Бул – аял жыныстык катнашты каалабайт же бир нече себептерди карманып андан баш тартат дегендик. Сексологдордун белгилөөсүндө ар бир бешинчи аял «муздак». Статистикалык маалыматтарда айымдардын 25-28 пайызы оргазмды эч качан сезген эмес, дагы 15 пайызы мастурбация же башка ыкмалардын жардамы аркасында жыргалга батары айтылат. Канча бир пайыз көрсөткүчтө  махабат илеби кайтып кез-кезде куду бир туугандар бир төшөккө жаткандай учур болуп калганын айтышат. «Муздак» аял үчүн интимдик катнаштын көңүл калтыргандан башка пайдасы жок. Бактысыз!.. Эмне үчүн мындай көйгөйгө кабылды экен?

Себептерге сереп…

Аялзаты табиятынан назик жана аялуу келет эмеспи, анан калса абдан таарынчаак,  жан дүйнөсү жаралуу. Өнөкөт көңүл коштукка эри менен дайыма кер-мур айтыша бергенде, айрыкча жыныстык катнаштан кийин да сындоолор болгон учур да себеп болот. Күндүзгү тирилик түйшүгүнөн чарчаганда түндө тынчтыкты, жубайлык жашоодо канааттанууну самайсың. Жок, ыраазы кылганды мындай кой бүтпөгөн чыры менен бейкуттукту бузуп жатса, кайдагы сүйүү, кайдагы каалоо…Кулак укпасын деп чүмкөнө жашырынасың да, туурабы?!.

Көп учурда зордуктоого кабылган айымдарда «муздактык» байкалат. Бир далайга, айрымдары өмүрүнүн акырына чейин коркуу сезими менен жашап, жыныстык катнашты кыйноо катары кабыл алат.

Боюмда болуп калбасын деп сактанып жатып, өнөктөшүнүн каалоосун чектеп, сезимине суу сээп алган учур да бирден-бир себеп болот.

Көп учурда  окшош күн кечирген, бирдей жашоо ыргагын тандаган, алдыга максат коюп тобокелдикке баруудан чочулаган үй кожойкелеринин арасынан да «муздак» аял көп жолугат экен.  Чечкинсиздик, уялчаактык, түнттүгүнөн азап чеккен, курулай шектенип өзүнөн өзү корко берген айымдар  сүйүү оюнунда боюн жыйрып өзүн башкага арнай албайт.

Бир бөлмөдө балдары же башка чоң адамдар менен катарлаш жаткан жагдай да төшөктөн рахат албагандын орчундуу себептеринин бири.

Канааттануу жок болсо, анда катнаштын кереги эмне?..

«Муздактык» ар түрдүү оорулардын кесепетинен улам болушу мүмкүн. Маселен, жыныстык катнаштын үзгүлтүккө  учурашына көпчүлүгү гинекологиялык ооруларды себеп катары санашат. Мындан сырткары мээнин структурасына доо кеткенде, нерв системасынын оорусу, кант диабети сыяктуу дарт да жыныс органдардын сезимталдыгын азайтат. Айтпаса да түшүнүктүү, жыргалдын даамы сезилбейт. Канааттануу жок болсо, анда катнаштын кереги не…

Кээде жыныс органдарынын өсүүсүндө кемтик болгон учурда, жамбаш сөөгүнүн булчуңдары өз абалында болбосо, кан тамырларда кан айлануу бузулганда, сезгенткен оорулардын убагында жыныс катнаштын саны гана көбөйбөсө, өнөктөштөр “кайфты” сезбейт.

Ичимдик, никотин жана коргошунга ууланганда да жыныстык каалоолор алсыздайт. Организмде витамин таңсыктыгы байкалып, алсырап, кадам басса да бат чарчап турса, анан кантип түгөйүн ыраазы кылат.

 Эй, эркек  —айсберг аялды эрит

 Алар аялзатын бактылуу кылат,  же өкүнүчкө жол ачып армандуу кылат. Күйөөсүнүн текебердиги, оройлугу, теңинен албагандык, баарыдан мурда үй-бүлөлүк мамленин бекемдигине ишенбөөчүлүк «муздак» аял болууга түртөт. Жан дүйнөңө ишенимсиздиктин үрөнүн секен аракети эч качан унутулбайт жана кечиримсиз.

Эркектер аялдын айта албас өзгөчөлүктөрүн уккусу келбеген жагдайда анын төшөк маданиятындагы салттуу адаттардан улам көңүлү сууп «муздак» боло баштайт. Маселен,  аялдын денесинин кайсы бир жериндеги кумарлуу чекити жөнүндө эркектин түшүнүгү болушу керек. 45-60 пайыз учурда – клитор, 15-25 пайыз – жыныс эрди, 25-30 пайыз – жыныс кыны сезимтал болот деген маалымат кездешет.

Айтмакчы, каалоосу болсо, бардыгын дарылоого, калыбына келтирүүгө болот. Ансыз да өмүр кыска, убакыт токтоп турбас. Жаштыкты бекерге өткөрүп алган соң рахат тартуулай турган мүмкүнчүлүк көп эмес. Демек, мырзалар  көңүл  көксөөсүн таап, эркелетип, сексуалдык позицияларды түрлөнтө алганда айсберг аялдын да музун эритери бышык. «Уруш учурунда кыйкыр, жумушта иш менен алагды бол, төшөктө сүйүү оюну жөнүндө ойлон» деген жөнөкөй эреже турмуш жолуна аттанган айымдар үчүн жадыбалдай жат болсун деген тилекти айталы.

Даярдаган: Айсулуу Акылбекова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here