КСДПнын абройлуу депутаттарынын бири Осмонбек Артыкбаев өзүнүн социалдык баракчасына жаз, жер, чарба багытында төмөнкүдөй олутту сунушун жазды. Бул сунушту социалдык баракчаладын активдүү колдонуучуларды кош колдоп жазып, өз пикирлерин байма-бай жазып жатышат.  Депутаттын жазганын оңдобой өз “почерки” менен берели:
Жазда келип калды!
Жер майда үлүштөргө бөлүнгөнгө байланыштуу, үлүштөрдүн ээлери ар ким өз алдынча эгин эгип аракет кылат, бирок көп чыгым кеткенге байланыштуу ал жерди өздөштүрүүгө пайда аз түшөт же жокко эсе!
Жерден жыйынтыктуу пайда табыш үчүн жердин аянты 100га. дан кем болбошу керек экен. Ошондо салмактуу инвестиция тартып, ийгиликке жете болот.
Ошондуктан биздин дыйкандар жерлерин бириктирип чогуу иштетсе , чыгым азыраак болуп, пайда көбүрөөк түшмөк!
Ири кооператив түзүү иш жүзүндө чоң пайда алып келе тургандыгын тастыктады, көп өнүгүп жаткан өлкөлөрдө ошол Жол менен айылдын чарбаны өнүктүрүп жатышат.
Негизинен биздин өлкөдө мыйзамдык негиз түзүлгөн , бирок иш жүзүндө болбой жатат.
-Бир жагынан өкмөттү качан уюштурат деп күтпөй эле активдүү дыйкандар өздөрү аракет кылса да болот эле! Негизинен Айыл чарба министрлиги жергиликтүү бийлик менен бирге бул багытта иш жүргүзүшү керек!
Мен бул маселени өкмөт алдына бир нече жолу койдум, “ИШТЕП жатабыз” дейт, бирок азырынча багыттуу иш көрүнбөй жатат!”
Осмонбек мырзанын олутту сунушу мына ушундай. Туура сунуш. Бул иликтенген, союз кезинде иш жүзүндө колдонулуп, эл үзүрүн абдан эле көрүп келгенин билебиз. Бирок азыркы өкмөттүн жер үлүштөрүн бириктирип, эл макулдугун алып, чоң уюштуруучулук менен кооператив түзүү иши колунан келеби? Бул жагы чоң суроону жаратып турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here