Өткөн жумада СССР жоокерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 28 жылдыгы адаттагыдай эле белгиленди. Он жылга созулган ооган согушуна Кыргызстандан 7 миңден ашык жоокер катышып, 248 жоокер набыт болгон. 4 жоокер жайынсыз жоголгон. Ооган согушу тарыхта кара тамга менен жазылып калды. Аны эскерүү биздин элибизге да жеңил эмес. Биз Ооган согушуна катышып, өз мекенине аман-эсен кайтып келген Алмаз Момуновдун жеке тагдыры башкалардыкынан кыйла башкача. Бир карасаң аянычтуу болуп кетет…

Ал менен Каракол шаарындагы мусулмандар мүрзөсүн көздөй шашып бараттык. Анан мүрзөгө жеткенде, алардын арасынан өткөн кууш жол менен үстүн чөп баскан дөбөчөлөргө келдик. “Бул жерде менин чоң энем жатат. Бул эстелик- атамдын эстелиги. Жаш өтүп кетти. Бул жерге болсо мени көмдүк деп ойлошкон, мындайча айтканда, бул- менин мүрзөм”,-деди Афган согушунун ардагери Алмаз байке. Арбактардын жаткан жери жайлуу болушун тилеп, кайрадан “өлүктөр дүйнөсүнөн” сыртка чыктык. Бир кезде Афганистанда от кечип жүргөн жоокер менен узакка сүйлөшүп олтурдук.

-Каракол шаарынын тургуну Алмаз Момунов 6 жашынан эле спортко катышып, мектеп жашында күрөш  боюнча СССР спортунун чебери болгон. Ал кичинесинен эле эл аралык мелдештерге барып, ал кездеги көпчүлүк бара албаган чет жердин суусун татыган адам. Бирок, бир жолу
тренерлер аны Москвага, башка баланы Германияга жиберди. Алмаз байке болсо Эл аралык мелдешке барышы керек эле. Жүрөгүнөн от чачып турган жаш бала тренерлерге таарынып, Аскер комиссариаты Афганистанга атайы топтоо ишин жүргүзүп жатат дегенди угуп, 11-класстын экзаменин эртелеп бүтүрүп, аскерге кетет. Мектеп директору аскерге барбайсың дегенде боздоп жибердим деп эскерет. Ал 8-класста курама командага илинип, 9-класста эле спорт чебери болгон. 1980-жылы Караколдогу Нариманов атындагы орто мектепти бүтүрүү алдында өз каалоосу менен Афган согушуна аттанган Алмаз байке ысык-көлдүк 17 бала менен алгач Ашхабатка келет. Андан соң Самаркандга барып, ал жерден атайы тандалган команда болгондуктан, бир ай гана аскердик тартипке окутулуп, анан Кандагарга, ошол кездеги жоокерлердин арасында кыргыз улутунан жалгыз өзү барат. Канадагарда аскер бөлүгүнүн 70-бригадасында десанттык штурмалоо батальонунун атайы байланыш ротасында кызмат өтөйт.

“1981-жылдын ноябрь айында чоң рейд жүрүп, кан төгүүлөр көп болду. Ошол окуяда биздин байланыш бронетранспортубузду гранатамет менен атып күйгүзүштү. Анда үчөбүз бар элек. Алдыңкы бөлүгү жарылыптыр. Алексей, Юра эчак жан бериптир. Мага “тезинен машинадан чыгып, аны жардырып сал” деген буйрук түштү. Жашыруун байланышты ың-жыңсыз жоготуу керек эле. Өзүм да колго түшпөшүм керек. Буйрукту аткардым. Калган окуя эсимде жок. Арадан бир жума өткөндөн кийин Кабулдагы госпиталда көзүмдү ачтым. Ал жерден мени Самарканддагы госпиталга алып кетишти. Анда жарым ай жаттым. Декабрдын аягында кайрадан Кандагарга барып, катарга кошулдум. Баш-аягы 72 аскердик рейдге катыштым”,-дейт ал.

Көрсө, алардын машинасына жолдон бир жоокер буту ооруп түшкөн экен. Күйүп жаткан сөөктү көрүп, ошол жигитти ал деп ойлоп, Алмаз Момуновдун ата-энесине кара кагаз жиберишкен. Кийин сөөгүн алып барып, көрүстөнгө коюшкан. Ал болсо арткы бөлүгүндө эле. Андан чыгып, машинаны жардырганда аны топурак басып калыптыр. Ал жерден афгандык элдик опалчендер Алмазды таап алып кетишкен экен. “Ал учурда өздүк кулондор жок эле да, биздин өздүгүбүз баш кийимге, жакага жазылчу. Алар күйүп кеткен экен. Ошондуктан, мен деп ойлошкон. Биздин машина кулак дагы, көз дагы эле. Бардык байланыш биз аркылуу болот. Шифрды алып калса, маалымат ачыкталып калат. Ошондуктан, люктан чыгып, машинаны жардым. Тирүү калсам да мууздап кетмек. Өлсө өлөйүн дегем. Бирок, Кудайдын буйругу менен мен тирүү калгам. Дарыгерлер башыман 4 осколка чыгарган. Колумду кесип салабыз деп, бактыга жараша ал дагы сакталып калды”,-деп эскерет.

Ал дароо эле ата-энесине кат жаза алган эмес. Госпиталдан айыгып чыккандан кийин үйүңө кет дешсе, кызматымдын акырына чыгарышым керек деп, көшөрүп болбой коет. Бишкектеги тайакеси менен спутниктик байланыш аркылуу сүйлөшүп, тирүү экенин айтып, жарым жылда барам деп телефон чалат. Ал болсо, Алмаздын ата-энесине сюрприз кылгысы келип, аларга бул кабарды айтпай коюптур. “1-майда таң эрте келдик. Тайакем экөөбүз үйгө келсек, менин өлгөнүмдүн бир жылдыгын белгилеп жатышыптыр. Атам менин окко учканымды угуп, жүрөгү кармаган экен. Кийин мен кайра барганда экинчи жолу жүрөк оорусу кармады. Мени келе жатат деп сүйүнчүлөсө, чалкасынан кетиптир. Ошондон 2 жыл өтүп-өтпөй 1984-жылы 45 жашында каза болду”,- деп дымып калды. –Мен атамдын эң эле сүйүктүү уулу элем. Ал да спортко кызыгат, мен дагы. Ал намыскөй эле, менде да ошол сапат бар…

Алмаз Момунов кийин Семипалатиндеги техникумду аяктаган. Эки жылдан кийин товар жүгүртүүчү болгон. Облустук керек-жарак союзунун даярдоо базасында да эмгектенген. Кийин Семипалатинск облусуна чакырык менен барып, Буденовск соода базар-ишканасын жетектеген. Анан Караколдо мөмө-жемиш базарында склад башчы, облустук керек-жарак союзунун бөлүмүндө начальник, кийин керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдун ревизиялык комиссиясынын начальниги болгон.  1994-жылы облуста Афган жана башка согуш ардагерлеринин “Бейкут заман” коомдук бирикмесин түзүп, анда төрага, Афган согушунун ардагерлеринин Каракол шаардык кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Кийин минералдык суусундук чыгарам деп аракет жасап, электр энергиясына коммерциялык мекеме катары акы төлөп, энергия көп кеткендиктен, ишин токтотуп, ал үчүн сатып алган трансформаторду кыйып салган. “Мен энергетиктерден аны 85 миң сомго сатып алгам. Кайра аларга сатам десем, 65 миң сомго сурашты. Документи эле 25 миң сом болчу. Жиним келип, башкаларга сатып жибердим”,-дейт ал.

 

Автор: Жумагул Барктабасова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here