Мындан 2 жыл мурун, так айтканда 2015-жылдын 11-январында Чүй жергесинде төбө чачты тик тургузган окуяны азыр да коомчулук унута элек.  46 жаштагы Жаныбек Түлебеков менен Айзада Түлөбекова аталаш бир тууганынын баласы, атасы даватка кеткен 2 жаштагы Ибрагимди акылга сыйбас иштер менен кордошкон. Жаналгычтан анчалык айырмасы жок Жаныбек ал наристени уруп-согуп, зордуктоого барган. Ал аз келгенсип анын энелик мээримден кур жалак эжеси Айзада сабап, баланын денесине катуу зыян келтирген.

Ибрагим оор абалда оорканага түшүп, узак дарылоодон өткөн. Эки жылдан бери наристени кордогон мыкаачы Түлөбековдордун соттук иши жай темпте уланып келет. Аз күн мурун Аламүдүн райондук сотунда мамлекеттик айыптоочу аларды 15 жыл жаза берүүнү сураса, адам сымал эки айбандын жактоочусу “кылмыштын белгилери жок болгондуктан” — деген суу кечпеген кепти айтып, көпчүлүктүн кыжырын кайнатты. Негизи мында мындай төбө чачты тик тургузган  мыкаачы адамдарга 15 жыл эмес, өмүр бою камалса да аздык кылаар. Биздин мыйзамдарыбыз жол бергенде. Аларды ит аткандай эле тырайтып атып салуу эң адилеттүү жаза болмок.

Ибрагимдин өз атасы да ата камкордугун толук аткарбагандыгы үчүн эки жыл шарттуу түрдө кесилген болчу. Ал Ибрагимдин энеси менен ажырашып кетип, баласын агасынын үйүнө убактылуу калтырганын билдирген

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here