Түптөлүп чыккандан бери алгачкы арышы Кыргызстандын түндүк-түштүгүнө тегиз жетип, аты атпай журтка тез эле таанылып, учурда чоң аброй топтогон Нурмухамед Миңбаев жетектеген “Ас-Салам” Эл аралык кайрымдуулук фонду өткөн жума этегинде ушу тапта тү деп түкүрсөң түкүрүгүң жерге түшпөй ошол замат тоңуп жаткан Нарынга барып, 200 тоннага жакын көмүрдү Жаңы-Жол базасына төктүрүп, элге жардам көрсөтүп келди. 

Ошондой эле, ал өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов менен бирге эл менен жолугушуп, калктын ал-ахыбалынан жакындан кабар алды. Эми ал көмүр жергиликтүү бийликтин түзгөн тизмеси боюнча биринчи кезекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылмакчы. Мына сага, кайрымдуулук деп ушуну айт. Элге жардам көрсөтүүнүн эң жакшы ыкмасы ушундай эмеспи. Миңбаев мырза өзү жетектеген фонддун атынан ушул айдын башында Талас облусуна да “кара алтындан” арбын таратып келген болчу. Элдин камын көрүшкөн мындай  эр азаматтарга миң ыраазычылык айтсак да аздык кылаар. “Эл, элим” деп эле куру сөз менен кыйкыра бербей, эл үчүн кылган эмгегин минтип иш жүзүндө көрсөткөн азаматтар айрым сокур саясатчылардан миң эсе жогору турат.

Ылайым мамлекетибизде Миңбаевге окшогон эл багаар инсандар арбын болсун! Бул эле эмес, мындан тышкары, Нурмухамед Миңбаев жетектеген «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду Кыргызстандын табият шарты катаал, кар калың түшкөн бийик тоолуу айылдарындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 800 тонна көмүр жардам катары таратылды. Жайыл районундагы Суусамыр айылына, Аламүдүн районундагы Васильевка, Виноград жана Ат-башы районунун Кар-Булуң айылына Нарын шаарына  таратылды.

Эске сала кетсек, көмүр башында туруп көмүр жетпеген Нарын шаарында  нааразычылыктан улам жакында эле Нарында митинг болуп өткөн. Нарын облусу көмүргө өтө эле бай өрөөн. Учурда  Жумгал районунда 14, Ак-Таала районунда 2 карьер, жалпысынан 16 карьер “кара алтын казышат. Өткөн жылы алар баары биригип 800 миң тоннага чейин көмүр казышкан. Бул азырынча мурунку жылдарга

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here