Криминалдык кагылыштан өлгөн маркумдар жана Эркин Мамбеталиев…

Азыр Кудайга шүгүр чаламандын так түшундө мен-мен деген криминалдык авторитеттерди, спортчуларды, депутаттарды атып кеткен кандуу мезгилдер артта калды. Бирок ошол пистолеттин, автоматтын үнү өкүм сүргөн кандуу разборкалар кимдердин гана башын жуткан жок. Кыргыз кримдүйнөсүнүн аталыгы Рысбек атылган октун курмандыгы болду. ИИМдин Чыныбек Алиев баштаган чыгаан полковниктери атылды. Азыр алардын көбүнүн көзү жок, таш жазданып кабырда ал маркумдар. Арийне ошол кагылыштардан аман калгандар, ошол кезде “баланча кылмышкер, киллер” деп бакыргандар азыр арабызда тирүү.

Бир кезде Рысбек менен жакшы мамиледе болуп, расмий тергөөлөрдүн жыйынтыгы менен “громкий” иштерде аты чыккан Эркин Мамбеталиев да арабызда… Андыктан ошол буюртма өлумдөргө бир сыйра көз сыдырып, кээ бир байланышы барларды бир түйүнгө байлап жандырмагын чечкенге умтулуп, кээ суроолорду “авторлоруна” үстү ачык бойдон калтыралы. Кааласа жооп беришсин, каалабаса жок. Абийирлери, аркы дүйнөгө ала кетчү сырлары да өздөрүндө калсын. Кыргыз кылмыш дүйнөсүнө көз чаптыра келгенде, бизде деле Россиядагыдай менчиктештирүүдөн улам топтолгон байлык, базарлар, “сфера влияние” үчүн кандуу кармаштар болуптур.Бирок андан дагы маанилүүсү кыргыз жеринде жашап туруп, кыргызга кордук көрсөткөн чечен, уйгур криминалдык топтору менен болгон согуш өтө кандуу болуптур. Дал ушул согушта көптөгөн кишилер мерт кетишип, кыргыз кримдүйнө тарыхында сырттан жалданма киллер чакыруу фактысы катталган. Ал киллерлер Москвадан Рысбек Акматбаевдин көзүн тазалоо үчүн бир нече жолу учуп келишкен. Негизи факты өжөр нерсе демекчи. Колубузда турган далилдердин тегерегинде сөз баштайлы.

Рустам Габбасов жана Азиз Батукаев

Союз тарагандан кийин Кыргызстанда чечен, уйгур кылмыш топтору катуу күчөгөн. Чечендердин башында Азиз Батукаев турса, уйгурларды Рустам Габбазов жана бир тууган Махмуджан жана Ахмет Рузиметовдор жетектеп турган. Мурдагы түрмө тилинде (по понятием) жашаган кылмыш дүйнөсүнө каршы жаңы, күчкө толгон, болгон ишти муштум менен бүтүргөн спортсмендер дүйнөсү чабытын кеңейткен. Рэкетирлердин көбүн да ушулар түзгөн. Өздөрүн топторун айрымдары “Ынтымак” деп да аташкан. Ворлук макамды биринчи чечен Азиз алган, аны Орто Азия боюнча кылмыш дүйнөсүн караган “вор в законе”, түбү каракалпакстандык болгон Дато Ташкентский шайлаган. Бирок Азизге каршы чыккан улуту кыргыз криминалдык авторитеттер бар болчу. Мисалы, 1993-жылы Азиз Батукаев өзүнүн Мулла, Эшим аттуу тарапташтары менен Бишкектеги стадиондо “сходняк” өткөргөндө Рашид Алканов талапташы Ханапи Чегиров экөө Азиздерге каршы чыгышкан. Топтолгондордун кээ биринде курал-жарак болгон. Милициянын кийлигишүүсү менен каршылашкан тараптар атышканга жетишпей калышкан. Оперативдик маалыматтарда чечен жана уйгур кылмыш топтору наркотрафикти карашкан. Андан сырткары уйгур бандиттери Кытайдан келген сооданы карашкан, ал жерде ири акча жүгүрүп турары белгилүү. Ал эми чоң акча илибой кишиңди көптүрөт эмеспи.

Рустам Габбазов “вор” болуп, өзүнө империя кургусу келет. Бул маселе боюнча Москвага барганында Кыргызстанда Рашид Алкановдун шансы абдан чоң экенин уккан дешет айрымдар.  1995-жылы өз үйүнүн дарбазасынын алдынан Рашид Алканов атылат. Денесинен автоматтык 7 огу табылган. Рашиддин досу Ханапи Чегиров да атылат. Андан башка дагы эки кримавторитет атылат. Рашиддердин өлүмү ошол учурда республикада чоң чуу жаратып, Габбазовдун бандасы кармалат. Сотто Рашид Алкановду Москвадан келген гастролер киллер Юрий Жданов атканы белгилүү болот. Ага Махмуджан Рузиметов жардам берген. Жалпысынан Габбазов кримтобуна 4 кишинин өлүмү илинет дагы, москвалык киллер Ждановго өлүм жазасы өкүм чыккан. Махмуджан көп жылга соттолот. Рустам сотко катышпай эле Москвага агасынын жанына качат. Ошол жерде жүрүп, 1996-жылы Украинанын Днепропетровск шаарында баягы эле Цихелашвили Датиконун (Дато Ташкентский) катышуусунда “вор” болуп шайланат. Датокинонун достору болгон 5-6 “вор” да макулдугун беришет дагы Рустамга “Рустик Днепропетровский” деген каймана ат ыйгарылат. Ошентип, Рустикти мекенинде издөө салынып, Россияга запрос жөнөтүлө баштаганда ал 1997-жылы пистолет менен “кармалып” ал жактын түрмөсүндө отуруп калат. 1-2 жылдан кийин бошонуп чыгат. Ал эми кылмыш дүйнөсүнө Боб деген каймана ат менен белгилүү болгон Махмуд Рузиметов кийин Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө күнөөлөнүп түрмөгө жабылган 4 кишинин бири. Апрель окуясынан кийин бул төртөө тең биринин артынан бири бир жуманын ичинде табышмактуу өлүм тапкан. Кээ бири асынып “өлсө”, кээ бири ич ара разборкада өлгөн. Мадмуджандын башта аты аталган иниси Ахмет Рузиметов 2002-жылы “Чыгыш-5” кичирайонунан үйүнө кирип баратканда кол салуу болуп, пистолеттен атылган 8 ок тийсе дагы Ахмет реанимацияга түшкөн. Ошол бойдон Ахметтен дайын жок. Баса, Рузиметовдордун Баратжан дегени да болгон. Ал азыр тирүүбү-өлүүбү белгисиз. Бирок ал убагында Чечнядан келген чечендер менен жакшы ымалада болгону маалым.

Аскар Акаевдин баласы Айдар чоноюп, көөп, байып баштаганда өзүнө команда чогулта баштайт. Бабанов сыяктуу бизнестеги досторунан башка кримдүйнөдө да таасирин күчөтөт. Рустик менен достошот. Жаштары да тең чамал.

2003-жылы, жайында Рустам Габбазов 7-8 жансакчысы, жана 2 киллери менен Москвадан Кыргызстанга учуп келет. Андан ары Көлгө эс алганы жөнөйт.   Казакстандык айрым кримавторитеттер Рустам менен жолугат. Алардын жолукканын билген Рысбектин балдары топтоло баштаганда жергиликтүү милиция кандуу кагылышка жеткирбей Рустиктерди кармашат. Бирок көп өтпөй жогору жактан буйрук келип, милициялар Рустиктерге100граммдан сунуп, куурдак кууруп берип “алдынан” өтүшөт. Айдар Акаев менен Журат Закиров экөө Чолпон-Атага келишип, Рустик менен чардашып, сүрөткө түшүшүп. Ал учурда Рысбек катуу изделип аткан. Субанбековдун министрлиги болгон кылмыштарды Рысбектин кылмыштуу тобуна жүктөп турган. Бирок ошол кездеги милициянын айрым чоңдору Айдар командадан берген кылмыштуу топторго тийген эмес. Айдарда дагы, ошол кездеги айрым милиция чоңдорунда мекенчилдик сезими жок болчу. Бирок бул кылгандардын баарына жооп берчү күндөр да келе жаткан..

Мындан көпкөндөн Азиз Батукаев башында турган чечендер кылмыштуу тобу көпкөн.  Сырттан келген Арсанов, Эртинхаев, Бауди Мацаев сыяктуу боевиктер менен чечен тобу күч алып, кыргыздарга кордук көрсөтө башташкан. Кээ бир казино, ресторандарга кирип барып, автомат менен шыпка аткылашып, кутурушкан. Айдардын Рустик менен жакындыгын байкаган кээ бир кыргыз кримавторитеттер Рустамдын тобуна кошула баштаса, кээ бири Азиз Батукаевдин кылмыш тобуна кошула баштайт. Аларга каршы Рысбек Акматбаев баштаган кыргыз спортсмендери аягышкан катуу каршылык көрсөтүп, Кыргызстанда кыргыз гана кожоюн экенин далилдешти. Бирок ага чейин бир тарапта Рустам Габбазов жана анын союздашы Азиз Батукаев, бир тарапта Рысбек Акматбаев жана анын кашкөй жигиттери.. Бир тарапта бийлик жана акчага сатылган милиция чоңдору, бир тарапта аз да болсо кыргыз деген Улуттук коопсуздуктун чекисттери… Алдыда эки тарапты боо-боо болуп кырылган кандуу кармаштар күтүп турган…

Негизи кыргыз кылмыш дүйнөсүндө 1994-жылдан 2006-жылга чейин эң кандуу кармаштар болгону белгилүү. Чаламандын чак түшүндө атып кетмейлер дал ушул 11 жылдын ичинде орун алды. 2000-жылдан 2005-жылга чейин 25(!) буюртма киши өлтүрүү болгон. Буюртма өлүмдөрдүн экинчи агымы Бакиевдин доорунда болуп, анда дагы жалаң кыйындар баштаган 25ге чукул киши буюртма өлүмдөн оо дүйнө кетишкен.  Кыргыз кримдүйнө көзүрлөрү болгон Рысбек Акматбаев, Азиз Батукаев жана башында Рысбектер менен жүрүп кийин ага каршы чыгып, кол салууга чейин барган Камчы Көлбаев дагы эки сапар өлүмдөн аман калган. Камчы сыяктуу Рысбек да биз билгенден (билбеген канчалаган кол салуу болду дейсиз).

Рысбекти биринчи жолу, 1996-жылы Бишкектеги Тянь-Шань ресторанынан чыгып келе жатканда гранатмет менен атышкан. Бул кол салууну такталбаган маалыматтарда (!) кадимки Урмат Барыктабасов уюштурган деген кеп жүрүп келет. Экинчи сапаркысында, 2000-жылы Рысбек Чолпон-Атадан кайтып келе жатканда азыркы “вор” Камчы Көлбаев кол салып, криматалыктын эки жансакчысынын атып салган, бутуна ок тийген Рысбек камышка кирип жашынып аман калган. Дагы бир тактала элек маалыматта ошол кол салууда, Камчы Көлбаевдин досу Алтынбек Курманалиев да болгон дешет. Эгерде бул маалымат чын болгон болсо анда биринчи жолу жарыкка (!) чыгып атат. Бул атыштан кийин Камчы камалат, камалып тим болбой, Рысбектин Ысык-Ата районунда чечен боевиктерин кандай жайлаганы боюнча тергөөдө айтып да, жазып да берген деп жүрүшөт. Чын-бышыгын ким билсин. Негизи Камчы Рысбек менен жолу экиге айрылардан мурда анын тобунда жакын тууганы катары маанилүү орду бар эле. Мисалы, Камчы Бишкектеги обменкаларды карачу. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам өзүнчө кеткен. Камчы менен бөлүнгөндөрдүн көбү убагында аны менен чогуу жүргөндөр эле. Алтынбек Курманалиев Рысбектин каарынан коркуп көбүн эсе Москвада качып жүргөн. 2004-жылы Кыргызстанга кайтып келет. 31-март күнү, кечинде “Штайнборй” кафесинде достору менен эс алып атып отурганда белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. “Ысык-Көл” санаторийинин жетекчисинин уулу болгон Алтынбек Курманалиевдин өлүмү бийликтин башкы жетекчилигинде чоң чуу жаратат. Тунгуч президент Аскар Акаев Коопсуздук кенешинин кезектеги жыйынында Алтынбек Курманалиевди өлүмү боюнча маселе көтөрүп, аны аткандарды аткыла деген тапшырма койот. Акаевдин тапшырмасы дагы башка кишилердин башын жейт. Анын ичинде Чыныбек Алиевдин дагы ага чейин биртке артка кайталы.

Рысбекке жалгыз эле уйгур, чечен топтору каршы болгон эмес. Кримдүйнөдөгү таасир талашуу үчүн айрым спортсмендер топтору жана дагы бир күчтүү Талас аймагынан чыккан жигиттерден куралган кримтоп да тизгин талашкан.Бирок башында алар дагы чечен, уйгур топторун каршы чогуу күрөшкөн.  Ал топтун башчыларынан бири болгон.

2002-жылы, 22-май күнү Токмоктун сахзавод аймагынан Азиз Батукаевдин агасы, кримдүйнөдө Кейза деген ат менен таанымал Алаудин Батукаев бизнесмендерге разборкага келип, ок жеп өлгөн.  Агасынын жаназасына барган Азизге да кол салуу болуп, ал отурду деп эсептелген автоунаа автоматтын огуна кабылып, ичиндеги Азиздин Малыш деген жардамчысы жана бирөө каза тапкан.

Ушул эле жылы 20-июнда блатнойлор дүйнөсүнө Толик-Осетин деген ат менен таанымал Туган Рамонов атылат.

Ошол эле жылдын 9-июнунда 6-кичирайондон “Аяз” фирмасынын вице-президенти Владимир Цапаев атылса, эгемендүүлүк күнү Тунгучта белгилүү дзюдоист, “Карышкыр” деген ат менен таанымал Кабылбек Карымшаков атылган. Дал ушул Кабылбек менен олимпиадалык резервдер окуу жайын чогуу бүтүргөн спортсмендер тобу (1967-1968-жылы төрөлгөндөр) да убагында Рысбектен эки тизгин бир чылбырды талашып көрүшкөн.

2003-жылы ноябрда Кой-Таштагы алмабагынын ичинен Азиз Батукаевдин күйөөбаласы (Яха Батукаеванын күйөөсү) Хаваж Заурбековдун башына ок жеп өлгөн сөөгү табылат. Ушул эле Кой-Ташта Нуркул Асылбеков кримтобунун мүчөсү Нурлан Бердикеев Хаваж Заурбековдой өлтүрүлөт. Ал эми 2003-жылы 31-июль күнү 12-кичирайондогу квартиралардын биринен 36 жаштагы Нуркул Асылбековду, 24 жаштагы тууганы Сагындык уулу Улан экөөнү атып кетишкен.

Нуркул Асылбеков  негизи бакайаталык, ал убагында грек-рим күрөшү боюнча СССРдин курама командасында күрөшкөн. Грек-рим күрөшүнөн СССРдин спорт чебери. 12 жашында олимпиадалык резервдер окуу жайына келген. Кыргызтандын жана СССРдин бир нече жолку чемпиону. 1988-жылы өткөн Кыргызстан-Болгария мелдешинин жеңүүчүсү. Айрым эл аралык турнирлерди да жеңген.

Нуркул Асылбеков менен бир окуу жайда окуган Кабылбек Карымшаков дзюдо боюнча СССРдин спорт чебери болгон. Бала кезинен дзюдо жакшы көрсөткөн Кабылбек дагы СССРдин аймагында өткөн көптөгөн чемпионат, мелдештерде байге алган эле.

Ушул эле 2003-жылы “Ысык-Көл” гастрономунун жанынан бизнесмен Шамил Адаевди атып кетишкен. Кочкор районундагы Төлөк айылынын капчыгайынан атылып анан өрттөлгөн Марат Кутуев менен Эмил Чыныбаевдин сөөктөрү табылган. Мындан Марат Кутуев убагында республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайында машыктуурчучу болуп иштеген. Бир кездери ал Моссовет аймагындагы обменкаларды карап, “мобул жерде экинчи чех-пехтердин турбасын” деген кыйындардын бири болгон.

Түнкү саат экилер чамасы карабалта кылмыштобунун мүчөсү Дуйсен Смаилов Ибраимомв көчөсүндөгү № 28 үйдөн атылат. Дуйсендин денесинен 4 ок табылган.

Ошол жылдын кеч күзүндө, 8-ноябрь күнү Жал кичирайонунда Рысбек Акматбаев кримтобунун мүчөсү Улан Исаев атылат, андан төрт күн өтпөй Экриндик бульварынан дагы бир кримавторитет Таалай Абасов автоматтын огунан каза тапкан. Оперативдик маалыматтарда Таалай Абасов Хаваж Заурбеков менен телефондон сүйлөшүп турган. Заурбеков да башта айтылгандай ноябрда атылган. Ушул эле айда Нурлан Бердикеев атылганын жана айтып кеттик.

Мындан Таалай Абасов убагында, тактап айтканда 2003-жылы жазында Рысбек Акматбаев кылмыштуу тобунун мүчөсү, кийин апрель окуясынын аягы тынчый электе “Достук” мейманканасы жактан атылып өлтүрүлгөн Максат Карасартов атканга аракет кылганын айрым оперлердин айтканы бар. Ал эми Улан Исаев баягы Рустам Габбазов Ысык-Көлгө келчүдө разборкага кылганы бар дейт. Бул маалыматты да ИИМдин полковниктери бир сапар шардана кылышкан. Улан Исаевди мурда Рысбек Акматбаевдин кримтобунда турган, бир кездери Рысбектин атынан Бишкекке “смотрящий” катары коюлган, бирок кийин “вор взаконе” Рустам Габбазов ОПГна ооп кеткен бокс боюнча спорттун чебери, кримдүйнөдө “Рэмбо” деген ат менен таанымал Марат Райымбеков атканын кезинде ГУУРдун экс-полковниги Мурат Жумагулов интервьюларында айтса керек эле. 2006-жылы 15-октябрдан 16-октябрга оогон түнү Бишкектеги “Х.О” клубунда, андагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин баласы Кубан кримдүйнөнүн көзүрлөрлөрунөн катуу токмок жеген. Ал мас абалында тигил зор кишиге сайылып, ал “мейли мас экен” деп теңелбей кетип бара жатса, кайра сөккөнбү, айтор ошол үчүн жанындагы адамдын сокку жеп нокаутка кетет… Аны нокаутка жөнөткөн адам Рэмбо, ал эми анын жанындагы кримавторитет Камчы болгон дешет айрымдар. Чапкан кишисинин оңой менен тургузбаган Рэмбо ошентип жүрүп, 2007-жылы “Манас” аэропорттуна “Мерс-600” унаасын токтотуп кеткен боюнча дайынсыз. Өлүү-тирүүсү алигиче белгисиз.

2003-жылы Асанбайда Рахимов аттуу жаран атылган. Рысбек Акматбаев тобунун мүчөсү Рамис Жакыпов дайынсыз жоголгон.

Ошентип буюртма өлүмдөргө жык толгон 2003-жылды узатып, босогого 2004-жыл баш багат. Чү деген жерден 14-февраль күнү Ахунбаев көчөсүнөн спортсмен 38 жаштагы Эркин Керималиевди атып кетишет. Ал күнү Эркин таанышы менен “Круиз” кафесинде отуруп, майрамдап анан машинасына отуруп кетеринде киллерлер жайлап кетишкен.

25-март күнү, кечки саат жетилерде Токтогул-Совет көчөсүнүн кесилишинде азык-түлүк алып бүтүп “Мерседес-420” автоунаасына отурарда Ильшат Габбазовду атып кетишет. Ильшат Габбазов кадимки Рустам Габбазовдун атасы. Бирок Рустик Днепропетровский атасынын жаназасына келген эмес.

Кримдүйнөдө үйбүлө мүчөлөрүнө кол салуу боло келген. Мисалы, Рысбектин биринчи аялын душмандары 9-кабаттан ыргытып өлтүрүшкөн. Рысбек издөөдө жүргөн жылдары атасы Абдумалик аксакал чарбачылык жайынан кайтып келе жатышканда спецназ а киши айдап келе жаткан Ниваны аткан. Бактыга жараша маңдайкы терезеден кирген ок аксакалга тийген эмес. 2005-жылы Тынычбек Акматбаев депутат болгондон кийин Рысбектин 11-класс окуган улуу баласын уурдап кетишип, түн ичинде өзү окуган мектептин турнигине асып кетишкен. Бул жакты койо туралы да 2004-жылга кайтып баралы.

2004-жылы Ильшат Габбазов атылгандан төрт күн өтпөй, жогоруда айтылгандай Алтынбек Курманалиев атылат. Анын өлүмү Акаевге чейин жетип ал киши чуу көтөрөт. Полковник Чыныбек Алиев ушул буюртма өлүмдөрдүн бетин ачуу үчүн дайындалат. Апрелдин ортосунда Рысбектин Тынычты Алма-Ата шаарында жүргөн жеринен алып келип камайт, аны менен чогуу Акматбаевдердин аталаш иниси Нурлан Коноев камалат. Ошентип, 2004-жылы 5-май күнү Чыныбек Алиевдин өзү камалат бул кишинин өлүмү эмдигиче аныктала элек….

Чыныбек Алиевдин өлүмү 

Ошентип, 2004-жылы 16-апрель күнү Тынычбек Акматбаевди Чыныбек Алиев Алма-Атадан кармап алып келет. Себеби, Тынычбекти Алтынбек Курманалиевдин өлүмүнө күнөөлөп убактылуу СИЗОго жапкан.  Андан сырткары чыгаан опер Чыныбек Алиев биртууганы Аскерге 2003-жылы, 27-март күнү кечинде Кочкордон өтүп Сары-Булакка жете бербей бир автобуста атылып, анан өрттөлүп өлтүрүлгөн 21 коммерсанттын (анын 18 Кытай жараны, 3 кыргыз, 1 болгон) өлүмүнун жандырмагын тапканын айтыптыр. Алтынбек менен Чыныбек да жакын тааныштардан болгонун Алиевдин аялы соттук отурумдардын биринде айтканы бар. Кытай коммерсанттарынын өлүмү коомчулукта чоң резонанс жаратып, атыгүл россиялык ОРТ телеканалы атайын сюжет жасап көрсөткөн.

2004-жылы 5-майда Чыныбек Алиев кесиптештери менен Бах-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Опшерон” кафесинде эс алып отурган. Кечки саат 20:00га чукул, ал өзүнө таандык “40-80 ВА” номерлүү “Мерседес” автоунаасы менен чыгышты көздөй багыт алат. Саналуу мүнөттөр кийин полковникти ажалы күтүп турган. Чапай-Гагарин көчөлөрүндөгү кызыл күйгөн жол чыракка келип токтогондо, жанына күмүш түстөгү “БМВ” (айрым маалыматтарда ак түстөгү Мерседес) автоунаасынын арткы эшиги ачылып, автоматтык огу мөндүрдөй жаап кирген. Атылган 20дан ашуун октун 17и полковник Чыныбек Алиевдин денесине тийген. Мынча октон тирүү калыш мүмкүн эмес эле. Кайран полковник пистолетинин затворун тартып, бирок атканга жетишпей кете берген. Аткан киллердин профессионалдуулугун караңыз, артта отурган милициянын лейтенант айымына бир дагы ок тийген эмес. Алиевдин автоунаасын тешип өткөн октор бурчтагы үйдун дубалына жана ошол жерден өтүп бараткан “S 37-38B” номерлүү “Фольксваген Транспортер” автоунаасынын айдоочусу М. Савельевдин да далысына тийген. Бактыга жараша Савельев аман калган.

Чыныбек Алиевдин өлүмү республиканы дүңгүрөттү, массалык маалымат каражаттары Акаев бийлиги криминалдын астында тизе бүгүп бергенин мындай кырдаал Сицилияны эске салып атканын айтып чуу көтөрүштү. Бишкектин болгон жерине куралдуу спецназ менен блок-посттор коюлду.

14-май күнү Алиевди аткандар кармалыптыр деген жаңылыктар чыга баштады. ИИМ министрлиги полковникти аткандагы “БМВ” автоунаасы андагы ишкер Алмаз Атамбаевдин ишканасы “Кыргызавтомаштан” кармалганын жар салды. Тагдырдын дал келүүсүн караңыз ошол кармалган “БМВнын” номери да Чыныбек Алиевдикине окшош экен, “B 40-80 F” деген. Ошентип Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиев биринчи сапар камалды. Анын менен кошо Алмаз Шаршенычтын Шопуру да. Түрмөдө Эркин көзүн тазалоо аракеттери болуп, ал жаткан бөлмөгө 9 кылмышкер кирип, Мамбеталиевдин бетине бир нерсе чачып жиберип, натыйжада ал убактылуу көрбөй калган. Тигил тогуз бандит жанчып киргенде колунда кишен салынганына, көзү көрбөгөнүнө карабай Эркин аларды сабап салганы айтылат. Эркинге мындан башка дагы 7 эпизод боюнча кылмыш иши козголгон. Анын жөнү мындай. Эркин менен 2003-жылы ГУУРда начальник болуп турган Мурат Жумагулов (аны да кийин, 2006-жылы Түштүк 2 кичирайонунан үйүнүн жанынан киллерлер атып кетишти) экөө убагында ОМОНдо бирге иштешкен. 1995-жылы Каирде жансакчылык окууну жана “антитеррор” боюнча окуп келишкен. Үйбүлөлүк катыштагы достордон болушкан. Ошол кездеги тергөө органдары Хабаж Заурбеков, Нурлан Бердикеевди Мурат Жумагулов айрым кылмыштар боюнча тергөөгө чакырган соң, алар чыгып бара жатканда Эркин Мамбеталиевге чалып турган деп бүтүм чыгарып келишкен. Чын-бышыгын бир Аллах билет…

2005-жылдагы революциядан кийин Эркин Мамбеталиев эркиндикке чыгат. Рысбек Акматбаев дагы күч органдарына келип өзүнө тагылган айыптар боюнча өз пикирин айта баштайт. Рысбек Акматбаевдин 9 кишиден турган тобуна каршы узакка созулган соттук отурумдар башталат. Ал 9 кишинин жетиси эсимде Эркин Мамбеталиев, полковник Мурат Жумагулов, Чынарбек Кожалиев, ага ини Мирлан-Нурлан Коноевдер, Дамир Сейтбеков, Рысбек Акматбаев.

2006-жылы 24-январь болгон сот Чыныбек Алиевдин өлүмүнө келип кетет. Негизи ага чейин деле ал эпизоддун деталдары каралып келген. Бирок ушул күнү бир тараптуу бүтүм чыккан. Прокурор Чыныбек Алиевдин өлүмү болгон күнү саат бештерде Эркин Мамбеталиев “Опшерон” кафеси жакта болгондугун уюлдук оператор станция чыгарып берген базалык маалыматта катталган белгилеген. Арийне кылмыш катталган убакта Эркиндин телефону ал райондо катталган эмес. Дагы бир азыр канча жыл өтсө эске алынчу жагдай, Чыныбек Алиев менен чогуу отурган милиция кызматкерлеринин телефон распечаткалары чыгарылбаганын айткан. Прокурор өзү окуя болгон  айрым күбөлөр Чыныбек Алиевди күмүш түстөгү “БМВ” эмес, ак түстөгү “Мерседес” атышканын белгиледи. Ошондой эле прокурор “БМВ” арткы шыбында автоматтык огунан чачыраган деген күкүрт тактарын, ошол шыптагы материалды кесип экспертизага бергенде ал жөн гана боек болуп чыкканын айткан. Эгерде прокурор чын айткан болсо анда ошол убактагы министр Бакирдин Субакнбековдун кызматкерлери кимдир-бирөөнүн буйругу менен карасанатай ишке барышкан экен. Жок, эгерде прокурор алдаган болсо, анда кылмыш болгону чындык, андагы күнөөлөнгөн күнөөкөрлөр да чындык. Анын чын-бышыгын азыр да биле албайбыз. Хотя билгенде жакшы болмок. Ии баса, ошол күмүш тустөгү “БМВны” Эркин Рысбектен алган. Эркиндин аялы менен Тынычбек Акматбаевдин аялдары группалаш, чогуу окушкан. Үйбүлөлүк катышта болушкан. Ал учур ошондой, талабы, кырдаалы да башка эле. Бирок Эркин Мамбеталиев Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгону анык. Бир нерсе деш кыйын, бир нерсеге күнөөлөш кыйын, себеби булар убагында таасир талаштан башка кыргыз деп күрөшүшкөн. Жансакчы айрымдарга оң жана сол кол менен таамай атканды үйрөтүп, айрым таланттуулары учуп бара жаткан чымчыкты жаземдебей башка атып калышкан. Бул да болсо ок атууда эң жогорку чеберчилик…

2006-жылы Рысбектин көзүнун тирүүсүндө балдары атыла баштады. “Дордой Плазанын” анын эң ишенимдүү кишиси, оң колу жумгалдык Адис Кулманбетов атылды. Дагы башкалары четинен кете баштады. Акыры кыргыздын чыгаан уулдарынын бири болгон Рысбекти да атып кетишти.

Эркин Мамбеталиев кайра камалды. Бул сапар депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмүнө күнөөлонүп, Эркиндин досу, устаз Абдышүкүр Нарматов, “Эркин ал күнү Учкун кичирайонундагы мечитте жума намазда болгон” деп чырылдаганына тергөө органдары караган жок. Сурабалдиевдин өлүмүнө дагы 7 эпизод кошулуп, Эркин узак мөөнөткө кесилди. Ал 7 эпизод: Хабаж Заурбеков, кримавторитет Таалай Абасов, полковник  Чыныбек Алиев, Нуркул Асылбеков кримтобунун мүчөсү Нурлан Бердикеев, Алтынбек Курманалиев жана Рохат пансионатынын директору Бахрул Бурхановдун өлүмдөрү. Мамбеталиев мына ушунун баарына күнөөлүү деп табылган. Албетте Рысбек жана анын тобундагылардын кээ бири бул кылмыштарда айып тагылган.

Бакиевдин доорунда СИЗО №1де кезектеги соттук отурумга барарда Эркин Мамбеталиевге кол салуу даярдалып 10дон ашуун киши курчоого алганда, Эркин колундагы темир кишенди үзүп, чабуулдун мизин кайтарганга даярданган. Бирок чогулгандардын духу жеткен эмес.

Апрель төңкөрүшүнөн кийин эзели түрмөдөн чыкпачудай болгон Эркин Мамбеталиев жаны ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан соттук проецесске кирип, Таалай Абасов жана Чыныбек Алиевдин өлүмүнөн башка эпизоддордо күнөөсү далилденбеди деген тыянак менен, ал айып тагуулар алынды. Ал эми, Таалай Абасов жана Чыныбек Алиевдин өлүмү боюнча ГКНБнын СИЗОсунда жаткан күндөру эсептелип сот залынан эркиндикке чыкты.

Кечээ эле күкүрт жыттанган, адамдын каны жыттанган дүйнөдө жүргөн Эркин бир эсе түрмө чоң сабак болсо, бир эсе дайыма досунан кабар алып, колунан келишинче Ислам жолуна үндөгөн Абдышүкүр Нарматовдун эмгеги текке кеткен жок. Эркинди көпчүлүк Рысбектин кунун кууйт деп күткөнү менен ал башка жол менен кетти. Тынчтык жана бизнес жолу менен. Болбосо, мындан 10 жыл мурда Камчы менен Эркиндин чогуу журүп, чогуу сүрөткө түшүп чогуу бизнес кылганы түшкө киргис нерсе болчу.

Эркин Мамбеталиевдин тагдырынан мамлекеттик машина эң кубаттуу механизм болорун, ал керек болсо темир кишенди үзгөн эң күчтүү адамдардын тагдырын талкалар койоруна күбө болдук. Анан калса жашоо деген бумеранг. Кимге кордук көрсөтсөн, өзүн ошол орго түшүп калышың мүмкүн.

Бандиттердин жашоосу малина эмес, атыгүл арам дагы. Мамлекет өз элин коргой албай калган чакта бандиттер баш көтөрөт. Бирок акыретте эң банкрот абалда (сооптору аздыгы, жакшы амалдары аздыгы жагынан алганда) келген кишилердин бири – бандиттер болушу толук мүмкүн. Себеби алар акча үчүн, байлык үчүн адамдын канын себепсиз төгүп, себепсиз бирөөлөрду кордоп, себепсиз эле, ачкөздүктүн айынан бирөөлөрдүн маңдай тери менен тапкан ак эмгек-бизнесин тартып алышат. Мындай бандиттер мага демектен Меккеге ажылыкка жылда барып, мечит салышса да акыретте абалдары кыйын. Аллах баарыбыздын балдарыбызга эки дүйнөнүн бакытын берип, ошол бактылуулуктун жолунан чыгарбасын, тайдырбасын.

Автор: Семетей Талас уулу

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here