Түндүк Корея азырынча  өзүнүн алмашкыс «алтын» доорун сүрүп, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип жаткан лидери Ким Чен Ындын агасы Ким Чон Нам 13-февралда Малазиянын борбор шаары Куала-Лампурдун аэропортунан киши колдуу болуп өлтүрүлгөндөн бери, ал тууралуу ар кандай маалыматтардын аягы тыйыла элек. Ал тургай Түндүк Корея менен Малазиянын дипломатиялык мамилеси кескин чалгындап,  Малазия Кореядагы элчилигин чакыртып алды.

Ким Чон 1971-жылы Түндүк Кореянын диктатор Президенти Ким Чен Ирдин актриса аялы Со Хе Римден туулган тунгуч баласы. Ал бала кезинде мектептен билим албай, үйдөн окуган. Кийин Швейцариядан билим алат. Жашыраак чагында кино тармагына кызыгып, бир нече киносценарийлерди жазган. 1998-жылы атасы аны Коомдук коопсуздук министрлигиндеги жооптуу кызматтардын  бирине дайындаган күндөн тартып, атасынын “мураскери” деп атап башташкан. Ким Чон Нам бул кызматы менен бирге өлкөдөгү –технологияны да башкарып келген. 2001-жылы Кытайга бараткан жеринен полиция тарабынан кармалат. Ал кармоого жасалма паспорту негиз болду деген версиялар айтылганы менен, Нам бул маалыматты четке кагып, атасынын каарына кабылганын билдирген. Анын себеби катары чет мамлекеттен билим алып келгенден кийин өлкөдө реформа жүргүзүү идеясын ачык айтканы атасына жакпай калгандгын белгилеген. Айтор, ал ушул окуялардан кийин “мураскер” болуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылат. Ошентип, атасына таарынган наам 2007-жылдан баштап чет мамлекеттерде Макао, Португалия, Малазия сяктуу мамлекеттерде жашап баштайт.

2009-жылдары атасы менен мамилеси жакшырганы жана кайрадан “мураскер” болуу тууралуу маалыматтар чыкканы менен ал иш жүзүндө аныкталган эмес.

Ким Нам 2011-жылы атасынын  каза болгонун угуп, аны өз көзү менен көрүү максатында Түндүк Кореяга учуп келип, бирок атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышпай, кайрадан шашылыш учуп кеткен. Көп өтпөй иниси Ким Ын Чен атасынын ордуна мускер болуп жарыяланат. 2012-жылдан тартып, Ким Нам инисин мамлекетти башкарууга жарамсыз, тажырыйбасы жок экенин айтып, катуу сындап келген. Ал тургай атасы жана өзү тууралуу автобиографиялык китеп жазган.

Ким Намдын башка мамлекеттерге көп акча коротуп, көңүл ачуучу жайларда эс алганы тууралуу журналисттер байма-бай жазып келишкен. Ага негизги каражат Түштүк Кореянын өзү иштеп кеткен Коомдук коопсуздук министрлигинен келип турары да айтылган. Анын Кытайда бир аялы, Макаодо экинчи аялы болгон.

Ким Намды Малазиянын аэропортунан өлтүрүүгө алты адам аракет кылганын, алар аны уулантуу жолу менен көзүн тазалоого 5-10 гана секунд убакыт короткондугу боюнча маалматтар айтылууда. Видео көзөмөлгө тартылып калган тасмада Ким Чондун бетине эки аял күчтүү ууга чыланган жолук сүртүп кетишкен учуру тартылып калгандыгы айтылууда. Ошол учурдан көп өтпөй ал ооруканга жетпей жан берген. Азырынча кылмышка шектүүлөрдүн төртөө кармалып, алардын жанынан  Вьетнам, Индонезия жана Малайзиянын паспорттору  табылган. Ал эми  Түштүк Кореянын  ММКлары бул маалымат өтө эле жага бербей калгандыктанбы, айтор Намды өлтүрүүгө Түндүк Кореянын атайын кызматтары буюрутма бериши ыктымал деген маалымат тартышты. Ушундай эле АКШ да ушундай эле көз караштуу карманууда. Ал эми Түндүк Корея бийлиги мындай маалыматтарды четке кагып, Ким Чон Ындын сөөгүн эртерээк өткөрүп берүүнү талап кылууда. Алдына-ала жыйынтык эртең чыгары белгилүү болду.

Бул версияга ишене урган болсок  атайы кызмат Ким Намды анын инисинин буйругу жок өлтүрбөсү бышык. Жаш диктатор Ким Ындан азырынча баарын күтүүгө болорун анын жүргүзүп жаткан каардуу саясатынан улам баамдап билсек болот. Эгер анын ордуна атасынын мураскери маркум агасы Ким Нам болгондо, Түндүк Корея авторитардык режимден кыйла алысыраак болушу мүмкүн эле. Себеби, ал Европадан билим алып, дүйнөгө болгон түшүнүгү, көз карашы башкачараак түптөлүп калган. Ушундан улам атасына тайманбай өлкөдө реформа жүргүзүү керектигин бекеринен айтпагандыр.

Автор: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here