Ас-Салам” Эл аралык кайрымдуулук фондунун жетекчиси, жөн гана эл арасындагы таза, мекенчил, замандаштарыбызга чоң үлгү көрсөтүп, эл десе ичкен ашын жерге коюп, мамлекетке чоң пайдасы тие турган чоң долбоорлорду оптимистик маанайда ишке ашырууга кара жанын карч уруп эмгектенип келаткан Нурмухамед Миңбаев мырза менен: кайрымдуулук, ыйман, илим-билим, ж. б. багыттарда кенен маектештик.

 Нурмухаммед мырза, алгач окурмандарга сиздердин фонд тууралуу кененирээк маалымат берсеңиз?

-Биздин фонд негизинде кайрымдуулук багытындагы фонд болуп эсептелет. Көбүнчө социалдык багыттар боюнча иштерди жүргүзөбүз. Негизинен мечит, медереселерди курабыз. Бирок аларды Кудайга шүгүр бизге чейин эле куруп коюшуптур. Учурда биз ар кандай комплекстерге, ооруканаларга, таза суу маселелерине жардам берип жатабыз. Биз суунун башында турганыбыз менен, сууга ушунчалык бай болгонубуз менен баардык айылдарга  таза суу жетиштүү эмес. Ошондуктан  таза суу  көйгөйүн чечели деп каражатыбызды жумшап жатабыз.

Сиздердин фонддун кожоюндары арабдар экенин билебиз. Фонд Кыргызстанга сиз аркылуу түзүлүп калдыбы, же чогуусуңарбы?

-Биз чогуубуз.  Башка фонддордон айырмабыз мындай да: бай мамлекеттерде түзүлгөн фонддордун башкы кеңсеси  жайгашат, ал эми кедей мамлекеттерде алардын филиалдарын ачып коюшат. Биздин фонддун башкы кеңсеси тескерисинче Кувейт мамлекетинде эмес, Кыргызстанда. Мен бул фондду араб досум менен кеңешип, Кыргызстанда ачтык. Бул фондубуз биздин мамлекетте 1,5 жыл иштеген соң, анын Кувейтте ачылды. Албетте, алгач фондду өз күчүбүз менен иштетүү абдан эле кыйын болду. Көп кыйынчылыкты башыбыздан өткөрдүк. Ошентсе да, аракеттерибиз текке кетпей, акырындык менен максатыбызга жакындап бараттык. Мына ошондой жигердүү аракеттерибизди көрүп, көзөмөлдөп турушкан Кувейттеги абройлуу фонддор бизге жардамдашып, акыры өз катарларынан орун берди десек болот.

Фонддун иштеп жатканына 4 жылдын жүзү болуп калыптыр, ушул убакыттын ичинде  канча суммага, кандай жардамдарды көрсөттүңүздөр? Албетте, мусулманчылыкта “Оң колуң бергенди сол колуң көрбөсүн” — деген жакшы кеп бар. Ошондой болсо да, бул маселе окурмандардын баарына эле кызыктуу…

-Чынын айтсам суммасын айтып мактангым келбейт. Чоңураак жардамдардын бирин эле мисал катары айтайын. Төрт чоң оор жүк ташуучу “Фура” үлгүсүндөгү машине менен медициналык жабдыктарды(гемодиализ, узи  баштаган ж.б аппараттар) алып келип, мамлекетке өткөрүп бердик. Ал жабдыктардын баасы 3 млн. доллардын тегереги болот. Жабдыктарды мамлекет өзү ооруканаларга бөлүштүрүп берет.

Фондго жардам сурап кайрылгандар абдан эле көп болсо керек, сиздер аларга кандай негизде жардамдарды көртөсүздөр? Кандайдыр бир шарттар, же талаптар коюлабы?

-Негизинен жардам сурап келгендердин көбү айласыздан жардамга муктаж болуп келгендери өзү эле ачык билинип калат. Биз да өзүнчө анализдеп чыгабыз. Кээде социалдык жумушчулар жана имамдар менен иштешип калабыз. Айрым учурларда көчөдөн атайлап эле: “Кимдерде кандай көйгөй бар, кимдер кыйналып жатат”-деген мааниде сурамжылоо жүргүзөбүз. Бул эми жардам берүүнүн стандарттуу түрүнө кирбейт. Ошондой болсо да, мындай ыкманын жардамы менен чындап эле кыйыналып жаткандарга жардам көрсөткөн учурларыбыз болот. Ал эми тизмелеп жазбагандарыбызды кошпогондо, биздин кеңсебизге айына 200дөй адамга чейин жардам сурап кайрылышат. Ошол 200дөй адам өзү менен кошо дагы башка адамдарга жардам сурап, кат, же ар кандай тизмелерди беришет. Эгер алардын баарын кошо турган болсок, абдан көп болуп кетет.

Манас аэропортунун жанына кулап түшкөн учак кырсыктын жүз бергенине кырк күнгө жакындап барат. Сиздер да ал кырсыктын кесепетин жоюга, жабыркагандарга жардам көрсөтүп, өз салымыңыздарды кошуп, ал кайгылуу окуядан жакындан кабар алып, аралашып жүрдүңүз. Ошол кырсыктан кийин элибиз биримдүү экенин иш жүзүндө бийик деңгээлде көрсөттү. Бирок ошол эле учурда: талап-тоноо, элди бөлүп-жаруу сыяктуу жүрөк ооруткан көрүнүштөр да болуп кетти. Мына ушулар боюнча сиздин пикириңизди уксак…

-Сиз айткан нерсе абдан жагымсыз окуя болуп кетти. Элибизде: “Бүлүнгөндөн бүчү алба” деген кеп бар. Тилекке каршы, бизде ошол нерсе жок болуп бараткандай да. Ошол улуу сөз унутулуп, түпкү каада-салттарыбыз да анчалык бааланбай баратканы мени абдан кейитет да. Биздин маданиятыбыз, ыйманыбыз бийик, талапка ылайык болгондо мындай ыплас иштер болмок эмес. Бирөөнүн кайгысынан, бирөө пайда көрүү жакшы эмес. Бул наадандыктын бир түрү дейт элем. Эми биздин фонд ал кайгылуу кырсыктын кесептин жоюп, укмуш кыйратып салдык деп айтуудан алысымын. Баарын көрдүк, аралашып жүрдүк. Мени дагы бир абдан эле кейиткени – бул өлүккананын шарты болду. Биз ал жердеги көйгөйлөрдү жойбосок болбойт. Бул нерсени мен жеткирип айта албай турам да. Өзүнчө эле көкүрөктү көзөп кетти да… ошондой болсо да кыргыз элибиздин ушундай кыйынчылык күндөрү бир муштумдай биригип, тикесинен тик турганы сүйүндүрөт. Бул элибиздин жакшы касиеттеринин бири. Мындай касиеттерибизди жоготпой, улам аздектеп, улам күчөтүп алышыбыз керек деп эсептейм.

-Нурмухаммед мырза, ыйман, кайрымдуулук маселеси боюнча андан ары тереңдетип сүйлөшө берели. Бизде көбүнчө атка минерлер биздеги мектептер менен мечиттердин санын жана ахыбалын салыштырып айтып келишет. Көз караш бирдей эмес, буга кандай ынанымдуу кеп айтасыз?

-Мындай да, мектептерди мамлекет курат, мамлекет карайт. Мектептерибиздин шарттарын бийик деңгээлге жеткизип койгонго ким тосколдук кылды? Эч ким тоскоолдук кылган жери жок. Бул мамлекетибиздин экономикасына байланыштуу десек болот. Мечиттердин курулушуна мамлекет акча бөлбөйт. Мечит бир эле мамлекетке эмес, жалпы үмөттөргө тиешелүү. Кайсы бир айылдагы колунда бар адамдар, байлар мусулманчылыктын маанисин терең түшүнүп мечит салып жатышат. Ошондой эле мусулман улуттар, маселен, дунгандар, уйгурлар ж.б. өздөрү эле каражат чогултуп, мечиттерди салып алышкан. Андан тышкары, араб мамлекеттери да бул маселеге абдан терең көз караш менен узак жылдардан бери жакындан жардам берип келишет. Жыйынтыгында биздин өлкөдөгү мечит маселесинде көйгөй жок, жогорку деңгээлде чечилип калды. Бул абдан жакшы көрүнүш, чоң жетишкендик десек  болот. Бул маселе менен мектепти салыштырып, кайраштырыштын кажети жок. Айрым атка минерлер мына ушул маселеден да атайылап саясат издешкен учурлары болот. Келгиле, баарыбыз ынтымакта, чоң аракеттер менен биздеги мектеп көйгөйлөрүн чечели. Ошого бирдиктүү аракеттерди чарчабастан кыла берели. Бош чаканын үнүн катуу чыккандай эле, башы бош атка минерлердин үнү да ушундай маселелерде катуурак чыгат экен. Бул өтө эле жагымсыз көрүнүш да.

Кудай буйруса, биз да ушул илим-билим багытта иш жүргүзүп жатабыз. Айтсак, ар бир облуста мектеп-комплекс –лицейлерди куруп жатабыз. Ошто курулушу жүрүп жатат, Чүйдө баштадык. Дагы башка дубандарда да курабыз. Эмне үчүн Кыргызстанда бир эле “Себат” болушу керек? Дагы сапаты бийик, андан да мыкты мектеп-комплекстер, лицейлер, керек болсо Оксфорддон кем калбаган окуу жайлар болушу зарыл. Биз лицейлерибиздин курулуштарын бүтүрсөк, таза Кыргызстандын билим берүү системасы менен күчтүү балдарды тарбиялап чыгарабыз деген жакшы тилегибиз бар. Ал мектептерде, деги эле мамлекетибиздеги мектептердин баарында ыйман сабагы өтүлүшү керек. Ыймандуу бала жеңил-желпи болбойт. Бардык нерсеге олутту көз караш менен мамиле кылат. Маселен, азыр элдин үрөйүн учуруп жаткан “Көк кит”, “Тынч үй2 деген жаман азгырыктарга алдырбайт. Тескерисинче, турмуштагы бардык тоскоолдуктарды ошол өзүнүн жүрөгүнө бекем орногон ыйманы менен жеңип чыгат.

Акыркы учурларда ыйман маселеси менен бирге төбө чачты тик тургузган ар түркүн кылмыштар да көбөйүп кеткенин баарыбыз эле көрүп жатабыз. Бул боюнча эмне айтасыз?

-Мен ыйман менен төбө чачты тик тургузган оор кылмыштар экөө тең тайлашып кетип барат деп айтуудан алысмын. Кудайга шүгүр, ыймандуулук күчөп баратат. Мен союз мезгилин көрүп калган адамдарданмын. Ал кезде, биз жаш элек. Айылдын тиги башынан бул башына барганча, же тигил айылдан бул айылга жеткенче ар бир көчөдөн башынан –аягына чейин муштаймайын өтчү эмесмин. Ал кезде Кудай деген жок деп окуткан. Атеисттик заман эле да. Ал учурга салыштымалуу азыр айылдарда андай эмес. Кудай бизди, баарыбызды бириктирип койду го. Мен ушуга сүйүнөм. Кыргызстан дүйнө жүзүндө эң коопсуз, эң меймандос мамлекеттердин бири. Бир үй-бүлөдө сөзсүз түрдө бир тентиги-жөнтөгү чыгат экен. Ошол сыңары эле, мамлекетти жаман көрөзгөн тентектер чыкпай койбойт турбайбы. Бул өзүнчө бир жазылбаган мыйзам сындуу экен да. Бекеринен элибиз: “Кой аксагы менен миң”- деп айтпайт эмеспи. Андыктан биздин өлкөдө кылмыштуулуктун деңгээли өз чегинен ашпайт, ыйман болсо мындан да күчөй берет деп айтат элем. Ыйман, адеп-ахлах  күчөсө, кылмыштуулук да азайып, сейрек болуп калат. Жараткан бизди ошондой ахыбалга, ошондой деңгээлге ылайым жеткизсин деп тилейт элем.

Ажылыкка баруу, Меккеге зиярат кылуу сапары жакында башталаганы турат. Мына ошол улуу сапардын алдында, сиздин пикирди билгим келип турат. Бир канча жыл мурун ажыга баруу маселеси абдан эле коррупциялашып кеткени баарына малым. Азыр бул маселеге кандай баа бересиз?

-Бул суроо түздөн-түз муфтиятка берилчү суроо экен. Антсе да, мени жаран катары өз учурунда абдан эле түйшөлткөн. Ошол кезде, жагымсыз көрүнүштөр оңолсо экен деп тилегенбиз. Азыр ажыга баруу маселеси мурункудай ызы-чуу, коррупция менен коштолбой, улам барган сайын тазарып барат. Чубак ажыны жакындан билем. Ал киши муфтий болуп турганда, бул көйгөйлүү маселени жакшыртып, бир жакшы системаны коюп кеткен. Азыр ошонун үзүрүн көрүп жатабыз. Учурдагы муфтий Максат ажы да ошол системаны улантып жатат. Кудай буйруса, мынданары өз ырааты менен кете берет деген ишеним чоң.

-Сиз эми арабдар менен инвестиция маселеси боюнча да кандайдыр бир деңгээлде иш алып барсаңыз керек. Сурайын дегеним, бизге көбүнчө Кытай мамлекетинин түрдүү инвестиция келет. Ал эми ушул маселе араб мамлекеттери менен кандай жолго коюлганын айтып бере аласызбы?

-Мен билген арабдар бизге инвестиция салууга абдан эле кызыкдар. Бирок ушул мезгилде дүйнөнүн көп өлкөлөрү кыйналып, кризиске туш болуп турат. Кризис маселеси – инвестицияга терс таасирин тийгизерин баарыбыз эле билебиз. Ошондой болсо да, биз арабдар менен бирге инвестиция тартуу маселесин кандайдыр бир деңгээлде жолго коё алдык десем болот. Кудай буйруса, жакынкы убакта чоң-чоң долбоорлорду көрүп каласыздар. Мына ошол долбоорлор ушул сиз айткан маселенин үзүрү болуп калат. Инвестиция тартууга мамлекет тарабынан эң сонун шарттар түзүлгөн, бул боюнча эч кандай дооматтар деле жок. айтып коюшум керек, мен билген кайрымдуулуктан тышкары мамлекеттик деңгээлдеги чоң долбоорлор, соода-сатык ж.б. Кудай буйруса, мамлекетибизде стабилдүүлүк, акырындык менен өнүгүү болуп турса, мен айткан долбоорлор да Иншаалла ишке ашат деп тилек кылса болот. Биздин мундан, жаштардан элим, жерим деген жалындуу жаштар чыгып жатат. Мен ошолорду көрүп абдан сүйүнөм да. Биздин “Дүйнөлүк кыргыздар ассоциациясы  деген уюмда дүйнө жүзүндө ийгиликтүү иштеп жатышкан балдар бар. Маселен, “Гугул” компаниясында эмгектенгендер,  Дүйнөлүк банктын үчүнчү, төртүнчү даражадагы кызматтарында иштегендери да бар. Бир мисалды кошуп кетейинчи. Акаев илимде докторлукту 36 жашында жактаган болсо, Сабыр Жумабеков 33 жашында жактаптыр. Ал эми 31 жаштагы Канат деген жигит техникалык илимдин доктурлугун жактап, рекорду койду. Ошондой таланттуу жигиттер менен биз башыбызга ак калпак деген алтындан да нарктуу, барктуу тажыбызды кийип, кыргыз мамлекетибизди, элибизди өркүндөтүп-өстүрүүгө өз салымдарыбызды талыкпай кошо беребиз деген оптимисттик маанайда иштеп, жашап келебиз. Кудай буйруса, биз максатыбызга жетебиз. Элибиз жөн жерден: “Жакшы тилек, жарым ырыс”-деп айтпайт да.

Сирияга азгырылып кетип жаткандар тууралуу да кеп кылалы. Алар боюнча кандай кеп айтасыз?

-Сирияга кетип жаткандарды мен “зомби” болуп калган дейт элем. Илими тайкы адамдар ошондой азгырыкка алдырып коюп жатышат.  Исламда: мусулман  менен мусулман мушташканы, бирин-бири өлтүргөнү– бул арам. Алар тозокко кетет. Бир мусулманды, экинчиси өлтүрүп койсо, экөө тең тозокко кетет. Себеби, экөөндө тең бирин-бири өлтүрүү максат болгон да. Мен эми Сирияга азгырылып кетип жаткандарга бир гана Аллах өзү ыйман берсин, түз жолду берсин дейт элем. Бул көрүнүш жакшы эмес. Ал жакка барып кайра аман-эсен келген мекендештерибиздин көз карашы албетте өзгөрүлөт. Аларга мамлекет, мамлекеттин атасы кандай жазса берсе, эл ошого макул болушу керек деп ойлом. Бизде Чубак ажы, Абдышүкүр ажы Максат ажы  деген аалымдарыбыздын пикири да ушундай, мен да алардын пикирлерине кошулам.

Бул эми саясый деле суроо эмес. Сиздей илимдүү-билимдүү, көз карашы терең адамдын пикири баарыбызга элек кызыктуу болот. Ушул жылдын ноябрь айында Президенттик шайлоо болору белгилүү болду. Сиздин көз карашта, мамлекеттин атасы боло турган адам кандай сыпаттарга ээ болушу керек деп эсептейсиз?

-Биринчиден Кудайдан корккон, экинчиден өзүнүн жанынан элин, жерин күчтүрөөк сүйгөн болсо, үчүнчүдөн элге аралашкан, элдин мүдөө-максатын тереңден билген адам болсо…Ошондой эле чет мамлекеттерде кадыр-баркы бар, баары менен тең ата сүйлөшө ала турган, мамлекетибизди, элибизди алдыга сүйрөп кете турган кыраакы, алысты көрө билген, пессимист эмес, оптимист адам болсо… Мен мамлекет башына ушундай сыпаттарга ээ адам келсе экен деп тилейм. Биз кылымдарды карыткан байыркы элбиз. Уюткулуу журтубуз. Андыктан жогоруда мен каалаган инсандар арабызда бар. Элибиз ошондой татыктуу адамдарды жаңылбай тандап алышы зарыл. Эгер эл ичинде андай татыктуу адамдар жок болсо анда биз мамлекет болуудан калабыз.  Чынында бизде көптөгөн татыктуу, көрөгөч инсандар арбын.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here