РЕДАКЦИЯДАН:  Урматтуу окурман! Сиздердин назарыңыздарга «Чагылган» сайты белгилүү журналист жана жазуучу Баратбай Аракеевдин «Айсалкын» деген чакан поевестин үч бөлүм менен бөлүп-бөлүп жарыялайт.  «АЙСАЛКЫН» -повести  сезими таза секелек кыздын аянычтуу, армандуу арзуусу тууралуу адамды кайдыгер калтырбаган көркөм чыгармалардын бири. Бул чыгарманы азыр аксакал жазуучу, журналисттердин катарын толуктап турган Баратбай Аракеев мындан 36 жыл мурун Ташкент шаарында жазган экен. Эмесе, сүйүү баяны тууралуу чыгарманы бирге окуйлу.

Биринчи бөлүм

Керээли кечке мээ кайнаткан ысыгын аябай чачып, эми ачуусу тарагандай илебин басаңдатып, адамды суктандырган кыпкызыл түсүн кызгангансып күн батып баратат. Сыдырым соккон кечки жел береги өстөн бойлой жайкала өскөн кызыл-тазыл гүлдү сеңселте сапарын улантат. Балким кечки бейкуттукта тыным алдырбай нары-бери теңселткен желге береги гүлдөр ачууланып, кылар айласы жок бушайманданып жаткандыр… Болбосо антип тийишип шоктонгон желге ыраазы болуп, «дагы сеңселтчи, дагы катуураак» деп кумары канбай кусаланып жаткандыр… Ким билди?.. Өстөндөгү суу жай гана жылжып агып, гүлдөрдүн бийине тоскоол болбоюн дегендей дабышын чыгарбайт.

Дайыма ушул жерге келип алаканга салгандай көрүнгөн айылды тиктей каш карайганча олтурам. Буга көнүп да алдым. Бардык көчөлөрдү кыдырата карай чыгам да акыркы көчөнүн этек жагындагы ак чатыр чакан үйдү көпкө тиктейм. Ага карек талыткандан да, ал үйдө жашагандар жөнүндө ойлонгондон да тажабайм. Анда жашагандар дегеним менен көп деле опур-топурлуу эмес: болгону наристенин үнүн угуп, анын эне курмарына кандырган жытын искөө бешенесине жазылбаган кемпир менен кез-кези дүкөнгө келип чайчемек алган, анан ушул жерден күндө уюн тосуп алчу бойго жеткен кыз жашайт. Айылдагылардын айтымына караганда ал кыз кемпирдин сиңдисинин кызы экен. Кичинесинен оорукчал болуп өсүп, үч классты бүтүргөндөн кийин окубай да кальштыр. Эч ким менен сүйлөшпөйт, акыл-эси да толук эмес экен. Кемпирдин сиңдиси ушул кызын алып келип таштап, өзү качып кетиптир дайынсыз. Кемпир аны оорсунбай беш жашынан бери багып келатат дейт… Кыз жөнүндө уккан-билгеним ушул. Баса, кызды бул айылга келгенден жарым жыл өткөндө көрдүм. Бир күнү сабактан чыгып дүкөндөн нан алып чыгып баратсам_ушул кыз кирип келатыптыр, жол бошото берип туруп калдым. Ал мени бир карады да өтө берди. Жүзүн көз ирмем көрсөм да ошол биринчи эле көргөндө жатталып калган: бир нерседен чочугансып бакырая ачылган нурдуу көзү да, кан-сөлү жок чап жаагынан келген купкуу бети да, билинер билинбес ачылган эриндери да, белинен өтө берген эки өрүм чачы да көз алдыман кетпейт. Ошондо суктана карап делдее калгам, жүрөгүм дүкү-дүк согуп… Жигиттик шоктугумду карасаң! Үйгө барып сабак даярдап коюп, ошол кызды кечке ойлонуп жаткам. Түшүмдө элес-булас көрсөм да керек эле.

Адам турмушунун кызыгы көп тура. Өмүр жолунда сандаган адам кезиксе да ошолордун ичинен бирөөнө жыл- дызың түшөт. Керек болсо маралдай керилген не бир су- луулар сенин көз жаздымыңда калып жөнөкөй эле, а турсун өңү-түсү одурайган бирөө эле жүрөгүңдү ээлеп алат. Өңдү кой. Жакшысынын да теңи бар, жаманынын да теңи бар, кызык деги…

Эртеси сабактан кийин дагы бардым дүкөнгө. Нан алып, башка жумушум жок болсо деле кызды көрүп каламбы деген үмүт менен бир топко айланчыктап турдум. Ал күнү да, эртеси да көрбөдүм. Туура эки жумадан кийин дүкөндөн дагы кезигиштик: кыз соода кылып бүткөнчө карап турдум да артынан чыгып бир топко узата баскам. «Эмне деген кыз болду экен?» Ушул суроо баш болгон толгон-токойлору маземди кетирип жүрүп, бир күнү өзүм жашаган үйдүн ээсинен сурап калдым. Менден үч-төрт жаштай улуу болгону. менен ага теңтуш катары элем, анын ачыктыгыбы, же ичине кир сактабаганыбы, эмнеси болсо да аны жакшы көрүп сыр жашырчу эмесмин.

-Аа, Алмадай байбиченин кызын айтып жаткан тур- байсыңбы,— деди Шайырбек,—оорукчан кыз байкуш, киши менен да сүйлөшпөйт. Аны эмнеге сурадың?

-Жөн эле.

-Сүйүп калып жүрбө?— Шайырбек тамашага чала күлүп калды. — Андай болсо чыныңды айт, азыр эле жетип барам, куда түшүп.-Кайдан…

Ошондон эки айдын жүзү өттү. Колум бошой калса ушул айылдын үстүнө келем да ал кыздын уй айдап кеткенин узата карап көпкө олтурам.

Бүгүн да көрдүм аны. Мен көргөндөн үстүнөн түшпөгөн көк тукаба чыптамасын, тизесинен ылдый түшкөн кызыл ала гүлдүү көйнөгүн, эки өрүм чачын, жай каалгый баскан кадамын да ыраактан тааныйм. Өзүнө окшоп шашпай чайпала баскан күрөң уюн алдына салат да, айланада эмне болуп жатакнын элес албай кете берет. Деле алаамат болуп кетсе да иши болчудай эмес. Ар дайым ушул. Аны көрүүгө күндөн күнгө кусалыгым артып, көрбөй калсам бир нерсеми унут калгандай жок издейм… Керээли кечке уй тосчу маалды дегдеп, анын ар бир кадамын узата карап турсам да, кыз көңүл токтотуп бир да жолу мени карап койбойт.

Күндө бул жерге келээрде бүгүн аны менен сүйлөшсөм деп өзүмө-өзүм катуу убада берип, эрдемсинем. Анан кызды көрөрүм менен эле жанагы баатырдыгым кайда-жайда житип бечара боло калам. Эртеси да ошентем, көп күндөн бери ошол… Ушул бойдон эле кыз менен бир ооз кеп алышпай жүрө беремби, жинди өңдөнүп… Жинди демекчи, кай бир шок балдар ал кызды «жинди кыз» дешет экен, кээде кулагым чалып калат. Ошондо менин этим ымыр-чымыр болуп, кыжырым кайнап кетет: аны айткан баланы какыс-кукус кылып койсомбу дейм, кайра мугалим да ушундай болобу дегенден айбыгам…

Айлана караңгылап айыл иттеринин үргөнү катуулап, уйлардын мөөрөгөнү, кой-козунун маараганы басылып, мал-жанды жөнгө салып бири-бирине үн салышкан айыл адамдарынын үнү да угулбай калды. Айлананы караңгылык каптап, бейпил тынчтык теребелге өкүмүн жүргүзө баштады. Ордуман туруп үйгө бастым.

Мен келгенде Шайырбек малын жайгаштырып короодо экен.

-Дагы уй тоскону бардыңбы?

-Ооба.

-Деги кызык жан экенсиң. Оорукчан немеге мынча убара тартып…

Мен унчукканым жок.

Убара тартканы барбы. Аны көрүүнү эңсеп жатсаң, көргөндө бир нерседен топук алгансып көңүлүң жайлана түшсө убарасы барбы. А балким бир түрдүү тажаткан турмушума демөөрдүр.

Эртеси каадамча уй тосчу жерге барып, көнгөн ордума көчүк бастым. Кыздын атын кантип сурарымды, кантип сүйлөшөрүмдү кайра-кайра ойлонуп, улам бирин жактырбай, жаңысын жаратып, оюм уйгу-туйгу…

Тигине каалгый басып кыз келатат. Кез-кези колундагы чыбыгы менен жолго сүрөт тарткансып бирдемелерди чие калат да кайра басат. Жүрөгүм катуулап согуп кызык болуп кеттим. Кыз уламдан улам жакындап келатат. Бериде ойноп жаткан балдарга жеткирбей тосоюн деп ишенимсиз кадамым менен аны утурлай бастым да түз эле кыздын маңдайына токтодум. Кыз не корккон түрдө, не таң калган түрдө мени карап туруп калды. Шашып калдым:

-Атың ким, карындаш?—Үнүм калтырап кетти.

Кыз үн катпай алиги тиктеген калыбында тура берди.

-Чоң кыз, сиз мени жаман көрбөңүз, атыңызды эле билейин дегем.

Ал бир саамга турду да колундагы чыбыгын көтөрө берди:

— Кет!

Коркуп кеттим. Оорукчан неме согуп ийип уят кылбасын. Бирде-жарымы көрүп калса: «баланча деген мугалим оору немеге тийишип көргүлүктү көрүптүр, бечара!» дедирип айылдагы кемпир-кесекке эрмек таап бербеймби. Оюма ушул келип, кызга жол бошото бердим. Ал эч нерсе болбогондой каалгый кете берди.

Алгачкы аракетимен майнап чыкпай, ал турсун мени чочутуп да койду. Ошондон соң кыздын жанына көпкө жолой албай жүрдүм, бирок уй тосчу жерге дагы эле барам. Уй тоскон Бала-бакыра алгач менин бул жерде жүргөнүмө таңдана карашса, кийин элес албай да калышкан: дайыма ушинтип кечинде сейилге чыгып, боюн жазат дешти көрүнөт.

Күндөр көзгө илээшпей өтө берди. Окуу жылы баш- талганына көп болду. Жан-жаныбарларга токчулук тартуу- лаган күз да аяктап, күн суугуна тартып, «жайды-жайлата жакшы эле жылуулугумду, болгон күчүмдү аяган жокмун, эми бир аз эс алайын» дегендей эриге чачкан нуру көп деле жылытпайт; айыл ичиндеги бак-дарактар да саргайган жалбырактарын небак күбүп, бубак карга орун бошотуп кышын күтүп мемирейт; жаз жаңыдан кылтыйгандан тери кургабаган адамдардын бир аз эс ала түшкөндөй басыктары да токтоо, шашпайт. Бала-чакасын ээрчитип, жайлата кийинбеген сый кийимдерин кийип эки жакка чубагандар, бака-шака түшүп конок күтүп жаткандардан күн куру эмес. Бу кезде уйлар да кайтарылбай калды. Ага менин зээним кейип, «уй деле жылкы сымал жайы-кышы талаадан оттогонго көнбөгөнүн карасаң, сасык мурун десе…» деп уйларга нааразыланам. Уй бадага чыкпай калгандан бери мен да өстөн үстүнө барбай калдым.

Эми үмүтүм дүкөндө. Ошерге көп барам. Кызды күтөм. Кай бирде аны көрүп калам. Бир топко көрбөсөм кусалыгым артып буулуга түшөм. Деги кызыкмын да. Чогуу окуп, мени жактыргансып жүргөн кыздардын бирөөнү да көрүүнү самачу эмесмин. Эми карасаң, башка кыз табылбай калгансып… Жанагы сүйүү деген жаман-жакшыны ылгабайт дегени ушулбу? Ким билди анысын?!.

Бир күнү Шайырбек менен сүйлөшүп олтуруп, көптөн бери азаптанып жүргөнүмдү жашырбай айттым. Ал адегенде сөзүмө маани бербей күлдү да, анан иштин жайы башка экенин түшүнүп кеңешин берди:

-Анын энеси менен таанышышың керек.

-Кантип?

-Кантип болмок эле. Кемпир жалгыз жан адам, карып да калды, менин билишимде жетимиштен небак өткөн. Балдардан эки-үчөөнү алып кемпирдин отун-суусун алганга жардам бер, короо-жайына, мал-салына каралаш. Ал жаман киши эмес, жардам беребиз десеңер жок дебейт.

Мен Шайырбектин акылын макул көрдүм. Мурун эмне ойлонбодум экен…

Эртеси эки баланы ээрчитип кемпирдикине бардым. Биз барганда кемпир короосунда жүргөн экен, кызы көрүнбөйт. Шайырбек айткандай кемпир карып калыптыр: каректери чүңүрөйүп, бети кат-кат бырышып, жоолугунан чыккан чачы ак бубак болуп калган экен.

-Саламатсызбы чоң эне.

-Шүгүрчүлүк, айланайын…— Ал бизди көрө сала ишин токтотуп суроолуу карап калды.

-Эне сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле.

-Айта кой айланайын, жүргүлө, үйгө киргиле. Маа- лимсиңби?

-Ооба.

-Үйгө киргиле.

-Рахмат, ушул жерден эле кетели.

Мен келген себебимди түшүндүрдүм. Кемпир менден көзүн албай укту да анан ыраазы болгон түрү менен үн катты:

-Аныңарга рахмат, айланайын, жумуш деле жок. Эки баш кишинин канча оокаты бар дейсиң. Отун-сууну камдап алганбыз…

Аңгыча элеси мага небак жат болгон кыз чыкты үйдөн. Сүйүнүп кеттим. Ал босогодон эки-үч кадам бери түшүп келип, бизге таң кала карап туруп калды. Экөөбүз тиктеше түштүк. Менин караганымды көрүп кемпир:

-Кызым болот,— деди мага түшүндүрүп,— Айсалкын бара гой үйгө, оокатыңды жасай бер.

Кыз үйгө кирип кетти.

-«Айсалкын! Мен далайдан эңсеп биле албай жүргөн аты Айсалкын экен го. Айсалкын…» Кемпирдин сөзү оюмду бөлүп кетти:

-Атайы келген экенсиңер кышында кар күрөгөнгө кез-кези менен жардамдашып турсаңар болду. Башка деле оорчулук келтирчү жумуш жок, балам,—деп ушуга чейин карын өзү эле күрөп жүргөн кемпир биздин көңүлдү улап эле айтты окшоду.

-Жакшы калыңыз эне.

-Жакшы бар айланайын.

Дагы бир азга тургум келсе да кетүүгө туура келди. Кантет элем.

Эми кардын жаашын күтүп, Айсалкындын үйүндө кар күрөп, аны менен кар тоголоктошуп урушуп, куушуп ойноп жүргөнүмдү элестетем.

Ырасын антсам кыш мезгили мага көп деле жага бербейт, башка мезгилдерге кайдан жетсин дейм. Кантип эле ушул сөөктөн өтүп сыздаткан суук жаркыраган жаздан, толукшуган жайдан, токчулук күздөн артык болуп кетсин. Мен кыш мезгилин жакшы көрөм дегендерге таң, калам да…

Мага өчөшкөнсүп кар дагы кечиге баштады. Мурунку жылдары бул мезгилде айлананы аппак бубак каптап, чана тээп ызы-чуу түшкөн балдардын үнү каш карайганча басылбай турчу экен, эми карасаң: жалбырагынан айрылган бутактар жетимсиреп аппак бубагын күтөт; чаналар жайлата коюлган ордунан козголбойт… Мындан үч күн мурда жааган кылаңгыр кардын изи да жок.

Бир күнү эртең менен эрте туруп алда-нени баштоочудай кабагын түйгөн асманга көз жүгүртө ичимен кубанып да алдым: «Мына буюрса кар жаайт экен, Айсалкындын короосуна жаасын көбү…» Кечке самадым аппак карды.

Ырас эле күн кеч кирери менен кар бапалактатты. Кубанычымды айтпа. Ай Айсалкын ай, ушунун баары сен деп дегдегенден болду, сага жакындоонун жандалбасынан болду!

Көпкө чейин уктай албай улам-улам эшикке чыгып асманды карайм, эч нерсе көрүнбөйт: бапалактаган эле кар.

Эртең менен туруп шарт эле эшикке чыктым. Сырт караңгы экен. Короодогу тизеден келген карды малтап, бир топко кудуңдадым. «Мен келгиче Айсалкындар карын күрөп салып жүрбөсүн?!» Оюма ушул кетти. Сабак башталганга али көп убакыт бар. Айсалкындыкына шаштым. Көчөдө бирин-серин адамдардын изи болбосо али из түшө элек экен. Карды буртулдата кечип күйүгө жетип бардым. Короосуна кире берип эшик астын күрөп жаткан кемпирди көрдүм.

-Саламатсызбы, эне.

-Шүгүрчүлүк айланайын. — Кемпир күйүккөн кей- пимди көрдү да бир нерсе болуп кеттиби дегендей кооптоно тиктей калды.

-Эне, карды күрөбөй коё туруңуз сабактан кийин келип күрөп берем.

-Ыракмат, айланайын, бир аз жол ачып коёюн… Өзүбүз деле… Убара кылбай…

Шашып кеттим:

-Жок, убарасы жок. Түштөн кийин күрөп берем.

-Мейлиң. Кирип даам ооз тийчи.

Мен кемпирдин артынан үйгө кирдим. Көрсөм деп дегдечү үйдүн ичин да көрдүм: эшиктен кире бериште от алоолонгон печкада чөөгүн шарактап кайнап жатат, төр жакта кызыл тукаба менен жабылган диван, ага улай идиш-аяк салчу шкаф, тамдын төркү боорунда туш кийиз.

Ортодогу тегерек үстөлдүн үстүн кемпир бат эле жайната салды: эки чыныга салынган май, тарелкадагы шекер менен дандырга жабылган апапакай нан койду. Кемпир экөөбүз маңдай-тескей олтуруп чай ичтик. Аты-жөнүмдү, кай жердик экенимди сураган кемпирге жооп берип жатканым менен оюм Айсалкында. «Уктап атат го. Балким ойго жатып менин келгенимди туюп, сөз тыңшап жатабы, же бойго жетип калган неме туруп алып менден уялып чыкпай олтурабы? Эмнеси болсо да ал төркү үйдө…»

Чайдан кийин кетүүгө кам урдум:

-Чайыңызга ыракмат, эне, мен кетейин.

-Жакшы да ичпей койдуң. Бара гой эми, анан келгенде шашпай ичээрсиң.

Кемпир мени дарбазага чейин узатып кайра кирип кетти.

Жолду карата көңүлүм көтөрүлүп бараттым…

Ошол күнкү убакыттын өтпөгөнүн айтсаң! Кээде жаңы теманы толугу менен бүтө албай чыр дей түшкөн коңгуроону ичимен жек көрүп, кыжырданчу элем. Эми көрсөң дудук болуп калгансып анысы да үн чыгарбайт. Ошол күнкү беш саат беш жылдай көрүндү го!

Акыркы сабактын коңгуроосу үн салары менен журнал- ды шаша-буша ордуна коюп, Айсалкындыкын көздөй жөнөдүм.

Келсем короодо эч ким жок экен. Чакан короонун ичи таптаза күрөлүп, дал ортосуна карды үйүп коюптур, чокчойгон кар көзүмө жаман көрүнүп, демим сууй түштү.

-Чоң эне…

Аздан соң эшик ачылып кемпир чыкты:

-А, келип калдыңбы. Кир үйгө, тамак ич.

-Рахмат, карды чыгара берейин, күрөк-замбилдериңер кайда,—деген болдум, сыпайгерчилик кылып.

Кемпир көнбөй, үйгө киргизди. Кирсем Айсалкын олтурат, тамак ичип. Салам бергенди да эстен чыгарып коюптурмун. Бирок анымды эч кимиси элес алган жок. Айсалкынга катар отурдум да дасторкон үстүнөн даам сыздым. Айсалкынды сөзгө тартууну самасам да антүүгө дитим барбады. Алмадай чоң энеден тартындым, анын -үстүнө бул жерде Айсалкын менен жанаша олтуруп, аны менен бир дасторкондон даам татышым деле жетерлик болду.

Тамак ичилип бүтүп, эшикке чыктык. Алмадай чоң эне жедеп эскилиги жеткен жыгач күрөк менен ага жашташ замбилди алып келди. Мен замбилге кардан чокчойто салып:

-Айсалкын экөөбүз көтөрөлү,— дедим.

-Оорукчан неме көтөрө албайт балам, мен эле көтөрүшөйүн.

-Сиздин белиңиз ооруйт го, кол чана болсо…

-Чана деле бар.— Кемпир сарайдан чана алып чыкты да, анын үстүнө нараакта жөлөнүп турган чоң илегенди койду:

-Мына ушуга салып чыгар.

Көңүлүм жайдары карды чыгара баштадым. Колумдагы күрөк менен сүйрөгөн чанамдын деле салмагы билинбейт. Эки көзүм үйдө: «Айсалкын чыгып, жардам бербесе да бир аз карап турса боло…» Ал чыкпады. Канчалык бүтпөсө экен деп тилегеним менен кар да бат эле чыгарылып бүттү.

-Дагы эмне жумушуңуз бар?

-Болду,— деди кемпир ыраазы,— өркүнүң өссүн, көп жаша балам.

Ал күнү Айсалкынды кайра көрө алганым жок.

Эртең жаңы жыл! Адам турмушунда жылда кайталанчу, улам алдыга чоң үмүт менен карап, өткөн жылкы кетирилген турмуштагы оош-кыйыштар, жаңылып-жазуулар кайталанбасын тилек кылып, бири-бирибизге жакшылык каалап, тамак-ашты жайната конок күтүп, шатыра шатман көңүл жай болуп, оюн-күлкү толукшуп турчу күн.

Бүгүн мектепте жаңы жыл кечеси болду. Балдар кышкы каникулга тарашты. Жаңы жылды Алмадай эненикинен тосмой болдум. Биринчи баргандан кийин алардыкына беш-алты жолу каттагам. Алмадай эне да мага боор тарткансып калды. Айсалкын болсо мурункудай «а, дагы келдиңби» дегендей карап коёт. «Сүйлөбөсөң мейли, ушинтип карап коюп жүрсөң болду» дейм кээде ошонусуна ыраазы болуп. Неси болсо да анын мага көнө түшкөнү, мурункудай чоочуркап терс бурулуп кеткени калгансыды…

Мектептеги салтанат аяктаары менен үйгө келип эки күн мурун алып койгон кичинекей балатыны, ага илчү оюнчуктарды көтөрүп, Айсалкындыкына келдим.

-Чоң эне,— дедим,— бүгүн силер менен чогуу олтуруп жаңы жыл тосоюн деп келдим.

-Ушул жашка келип жаңы жыл тосуп көргөн эмесмин,— деди чоң эне ыңгайсыздана,— тоскону кандай?

Саат он экиге чейин олтуруп эски жылды узатабыз, андан сон, жаңы жыл башталат. Уктабай олтурат, бири бирине жакшы сѳздѳр айтат. Жаңы жыл тоскон ошол,— дедим түшүндүрүүгѳ аракет кылып.— Муну ёлка жасайбыз. — Алып келген балатыны кѳрсѳттүм.

-Мейлиң, айланайын.

Айсалкын каадасынча үн катпай кѳздѳрүн бакырайта мени карап олтура берди.

-Айсалкын тосчу эмес беле, жаңы жылды?

-Жок айланайын…— Эне жүзүн бырыштыра ордунан турду.

Орунсуз суроо берип алганыма кыстала түштүм.

Сыртка чыгып балатыны орнотчу жыгач жасап, аны дивандын катарына бурчка жакын орнотуп кагаз кутудагы оюнчуктарды алып чыктым. Алмадай чон эне малы менен алек болуп сыртта жүрөт. Айсалкын жанатан бери олтурган ордунда козголбой эки кѳзү менде.

-Кел оюнчуктарды илели,— дедим.

Ал макул, же жок дебей олтура берди калыбынан жазбай.

-Айсалкын мага жардамдашчы.

Бу саам башын чайкап ордунан турду да сыртка чы­гып кетти. Демим сууй түштү. Оюнчуктарды иле баштадым. «Баары бир сени сүйлѳтѳм, Айсалкын. Сени жакшы кѳргѳнүмдү, сен деп кээ түндѳрү уйкусуз ѳткѳрүп түйшөлгѳнүмдү түшүндүрѳм… Сага болгон сезимим ашып-ташып жүрѳктү эзген боорукерликпи, же жанды жай алдырбай кусалантып дегдеткен алоо махабатпы? Биле албайм…»

-Кар себелеп кирди, жаасын жарыктык…— Алмадай чоң эне сырттан кире менин оюмду бѳлүп жиберди. Аны менен ээрчише кирген Айсалкын түркүн түстѳгү оюнчуктар илинип, кѳз жоосун алган балатыны тан кала карап, бир саамга туруп калды да ага жакын барып олтура кетти.

Мен үйгѳ барып комузумду алып келгени кеттим, даярдап койгон бир бѳтѳлкѳ шампан менен бир аз этти алып келмей болдум. Мындайда жай жүрүш кайда желе-жорто бат эле кайра келдим.

-Бу этти салалы, чоң эне,— дедим кагазга оролгон этти портфелден чыгара,— а муну жаңы жыл кирип келгенде ичебиз.— Шампанды алып чыктым.

-Үйдѳ деле эт бар эмес беле балам, тим койбойт да… — Чоң эне нааразылана этти алды. — Me Айсалкын, казан асып салып кой

Оту алоолонгон мештеги казанда эт кайнап, үчѳөбүз үстѳлдү тегеректей олтуруп чай ичип, наркы-беркиден кеп козгоп сүйлѳшүп жаттык. Сүйлѳшкөн Алмадай чоң энем экѳѳбүз. Айсалкын болсо бирде мени карап, бирде энесин карап жалдыраган калыбынан жазбайт. Бир маалда ал ордунан туруп, нараакта жѳлөнүп турган комузду колуна алды да кылын бир дың дедирте тартып, чыккан үндөн чочугандай кайра ордуна коё салды.

-Кой, кылын үзөсүң,— деди Алмадай чоң эне.

-Эчтеке болбойт.— Мен Айсалкындын бул кылыгына сүйүнүп кеттим.— Чоң эне, комуз чертип берейинби.

-Черте кой, айланайын.

-Комузду берсен,— дедим ордунда турган Айсалкынга колумду сунуп.

Биринчи жолу ал менин эркимди аткарды! Кыз комуз­ду коомай кармап мага сунду да энесине катарлаш олтура кетти. Эми таң агарганча болсо да чертем, эртең кечке черт десе да макулмун. Айсалкын гана угуп турса болгону!

Эмнеден баштасам? Сөзсүз «Көкөй кестини» чертем да. Комузду колго алган сайын «Көкөй кести» менен баштайм. Эмне деген күү, эмне деген керемет эле? Нечен кылым бою элимдин көргөн кайгы-капасы, муң-зары ушул күүгө сиңирилген белем. Бу күүнү черткен сайын жырткыч душмандын аты быркырата тепселип кеткен бешикти, көз жашын кѳлдөтүп ай-ааламды жаңырта чаңырып, чачы жайылган энени, бир колу менен жарадар болгон тѳшүн басып акыркы күчүн жыйнап ордунан турууга ара- кет кылган жоокерди, айланадагы алаамат’менен эми иши жок канга боёлгон жигиттин кыймылсыз денесин кучактап көздөн жашын агызган сулууну эстейм… Ар дайым ошентем.

Колума комузду алып, толгоосун келтирип, күүнү баштадым. Мукам күү бөлмөгө толуп кетти… Алмадай чоң эне да, Айсалкын да комуздан көздөрүн албай бериле тиктейт. Ансайын комузум узун тарыхын, муңдана айтып боздогондон боздой берди… Мынчалык неге жүрөктү эзесиң «Көкөй кести», мынчалык неге муңканасың?! Кайдагы өткөн алаамат күндү эске салып адамдардын жүрөгүн мыкчыбачы, «Көкөй кести!» Ыйыңды токтотуп, каткыра күлчү! Сен неге мынчалык муңдуусуң?!.

Күүнү чертип болуп башымды жерден көтөрө албай олтуруп калдым. Тигилер да менин кейпимди кие мелтирешти, бир топко. Анан Алмадай эне көзүнөн чыккан тамчы жашын жоолугунун учу менен сүртө берип тескери бурулду да, ордунан туруп казандагы этти оодарымыш болду. «Далайды батырган карт көкүрөгүнө эмне келди болду экен, өткөн өмүрүнүн кайсы учуру жашытты аны? Балким өмүрүн өксүткөн уул-кызынын жоктугун эстедиби, же качандыр көз жуумп кемпирин таштай качкан туяксыз абышкасынбы? Болбосо Айсалкындын тагдырыбы?.. Ка-ап, башкасын чертсем болмок экен, жаңы жылда капалантпай…»

-Балам, колун талыбаса ушуну дагы бир жолу чертчи.

-Эмнеге талысын, канча ирет десеңиз черте берем.

Бөлмөнү комуздун конур үнү кайрадан бийледи: бирде

муңканып, бирде оор үшкүргөндөй пастай калат да, кайра эле муңканат, «Көкөй кести» ай!

Бу саам эне:

-Өркүнүң өссүн балам, тилегиңе жет!—деди да телмире калды.

Акырын Айсалкынга көз жүгүрттүм, олтурат калыбынан жазбай. Бу не деген жан эле?! Жок дегенде калп да болсо, кабагын бир аз бүркөбөйбү, же мага ыраазылыгын билдирип бир аз жалооруй карап, жылмайып койбойбу. Ай, Айсалкын ай!

-Айсалкын тур, камыр жайып жибер. Чөбүн жешти го, малды ичкери киргизейин.— Алмадай эне ордунан туруп сыртка жөнөдү.

Айсалкын сырткы үйдөн табакка ун салып келип, супараны жазды да камыр жууруй баштады. Тикирейип ар бир кыймылын көз жаздымда калтырбай карап олтурган мени деле элес алып койбойт; өзүнөн башка да бөлмөдө тирүү жан бар экенин сезбейт. Ушундай да жан болот экен э!

-Айсалкын камырды мен жаяйынбы? Окуп жүргөндө далай жолу жайдым эле.— Айсалкынды кепке тартардын амалы ушул сөзүм болду.

Ал мени карады да башын чайкады. Жок дегенде «өзүм эле жаям, убара болбоңуз, рахмат» деп коюуга жарабайт. Мейли сүйлөбөсөң. Мен кантээримди билбей колумдагы комузду черте бердим. «Көкөй кести»… Кечке эле ушуну черте беремби? Мейли, баштап алган сон аягына чыгайын, Колум комузда болгону менен эки көзүм дале Айсалкында. Ал камырды жууруп болуп, эми тактай коюп жайганга киришти. Бир киши эмес мин кишинин демин токтотуп, оор үшкүртүп, алда-нени ойлонтуп, көп нерсени эске салып. жер чукуткан бу күү ага тиешеси жоктой…

Күүнү аяктарым менен Алмадай чоң эне кирди.

-Чертип олтур, балам.

-Кайсыны чертейин, чоң эне?

-Жанагыны.

-Башкасын укпайсызбы?..

-Ушул күүнү жакшы көрөм, балам. Кээде ырадыйодон угуп калам, бат эле түгөнүп кумарым канбай калат.

-Мейли анда.

Ушуну менен төртүнчү жолу чертилди «Көкөй кести», төртүнчү жолу кайталанды.

-Балам, тамагыңды чыгар,— деди чоң эне күү чертилип бүткөн соң кесмесин даяр кылган Айсалкынга.

Тамак астыга келип мен эркек каадасын кылып усту- кандадым. Өзүмө тийешелүү устуканды бир аз кесип жеп, эт туураганга кириштим.

Шашпай олтуруп, туураган эттен жедик. Эт жээрдин алдындагыдай эле колго сууну Айсалкын куйду. Суусу суу эмес бекен, кечке эле жуунуп олтургуң келет, чиркин!..

Астыга чай келип үчөөбүз тең нымшып чайдан ууртап коюп, көңүлүбүз куунак олтура бердик. Чоң энем экөөбүз аз-аздан сүйлөшкөн болобуз, өткөн-кеткенди чубактап.

Сааты карасам он экиге беш мүнөт калган экен, туруп шампанды алып келдим:

-Азыр тост көтөрөбүз чоң эне.

-Тосуң эмне?

Саат туура он эки болгондо бардыгыбыз ордубуздан туруп, келген жаңы жыл ырыс-кешиктин жылы болсун, бөөдө кырсык, кайгы-капа болбосун деп муну ичебиз, —дедим шампанды көрсөтүп.— Айсалкын стакан алып келчи.

-Ыстакан жок эле, балам,— деди Алмадай чоң эне жооп берип,— чыныга куюп ич.

-Силерчи?

-Бизди жөн кой, балам. Ушул жашка келгени оозума ичкилик алып көргөн жан эмесмин.

-Бул арак эмес, чоң эне, шампан деп коёт. Жаңы жылда баары ичет.

-Ошентсе деле кереги жок, балам. Бизден уялбай иче бер айланайын.

-Жалгыз болбойт го…— Ачайын деп колума алган шампанды жерге койдум.

Алмадай чоң эне бир азга ойлонуп турду да:

-Көңүлүң калбасын балам, баары иччү неме болсо, мейли анда ооз тийеин.

Атайын тарс эттире ачып жибердим.

-Апий ботом бу эмнеси!— Эне чочуп артка чалкалай берди. Айсалкын да чочуп кетти, бирок бир селт эткени менен ордунан козголгон жок.

Көбүгү ашып-ташып шуулдаган шампанды үч чыныга куюп алдыларыбызга койдум.

-Айсалкынга жөн эле кой, балам,— деди Алмадай эне кабагын сала,— оорукчан немеге зыяны болбосун.

-Зыяны жок. Жакшылык үчүн ичип койсун.

Бул сөзүмдү жактырбай турса да менин көңүлүмдү албайын дедиби Алмадай чоң эне үн каткан жок.

Ордуман турдум:

-Мен тост айтып коёюн, чоң эне.

-Айта кой, айланайын.

-Эне’ Айсалкын, ушул жыл экөөңөр үчүн бакыттын жылы болсун, көзүңөрдөн кайгынын бир дагы тамчы жашы чыкпасын. Оору-сыркоо эмне экенин билбей, дайыма чың ден соолукта болгула. Сиз, — дедим энеге карап сөзүмдү улантып,— дагы-дагы көп жашап, Айсалкын кызыңыздын баласын эркелетип неберелүү болуңуз. — Бул сөздү айтарын айтып алып кайра чочуп кеттим: «Э кокуй чеченсинген жаным, күйөөгө бара элек оорукчан кызын балалуу болсун дегеним кандай… Шылдыңдагандай сезилип калбасын…» Астыртан энеге көз жүгүрттүм: таарынган деле түрү жок, алда-нени ойлоно калтыраган колундагы чынысын телмире тиктеп турду. —Эмесе ичип жиберели. — Колумдагы чыныны ичип, тигилерди күтүп калдым.

Алмадай чоң эне ачууркана бир-эки ууртап кайра коюп койду, Айсалкын колундагы чыныны карап, не кыларын билбей мелтиреди, ичпеди. Ордума олтурдум. Бир топко сөзүбүз дымып калды. Мен бушайман болдум: «Өз алдынча бейпил жашап, оокатын өткөрүп жүргөн кемпирдин мазесин алдым го, кап! Менден көңүлү суубаса болгону…»

Айсалкын колундагы чыныны дагы эле мелтирей тиктеп олтурду да анан акырын гана столго коюп, тизесин кучактай ойго батты. Аны ич деп айтканым жок.

Жаны жылды үчөөбүз үч башка маанайда күттүк: мен маңдайым жарыла сүйүнүп, дилимди магдыраткан жыргал бийлеп турду; Алмадай чоң эне алда-нени ойлонуп, качанкы бир окуялар жүрөгүн эзип көздөн жаш чыгара муңкана тосту: Айсалкындын жүзүнөн эч нерсени баамдоого болбойт эле: баягы эле таң кала караган көздөрү, баягы эле унчукпаган мүнөзү…

(Уландысы бар…)

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here