Шаардын ызы-чуусу эч качан түгөнбөчүдөй. Тигил жакты карасаң да шашылган эл, бул жакты карасаӊ дагы. Күндөр аптага, айлар жылдарга алмашат. Шаарда кантип өмүрүң өткөнүн да билбей каласыӊ. Биз да жолдошум экөөбүз балдарды багалы, бутка туралы деп алгач кичинекей дүкөн ачканбыз. Соодабыз жакшы болуп аны чоӊойтуп олтуруп, килейген азык-түлүк дүкөнгө айланттык. Жашообуз жакшы, эч нерседен кем эмеспиз. Соода жакшы болгондуктан кантип кеч кирип таӊ атканын билбей да калабыз. Биздин кардарлар абдан көп. Айланабыздагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын дээрлик бардыгы канча жылдан бери бизден соода кылгандар. Бардыгы менен учурашып, ал-жай сурашып турабыз. Кыскасы биздин дүкөн кичирайондогу эң чоӊ соода түйүнү десем болот.

Кардарлардын ичинен бир жылдай болду жашы 40-45 чамасындагы жигит келип соода кылат. Алдында кымбат баалуу унаа, кийимдери таптаза, өзү да сулуу, бойлуу, келишимдүү. Күнүгө келип чоӊ көлөмдөгү акчага азык-түлүк алып кетет. Күнүгө, күнүгө ….. жадакалса дем алыш күндөрү да. Акыркы күндөрү эмнегедир ага көнүл буруп байкачу болдум. Эмнегедир ага кызыга баштадым. Өзүм дүкөнгө келбей калган күнү жолдошумдан жана балдарымдан сураймын: «Менин «иним» келдиби?!» — деп. Аны «иним» деп алгам. Кээде жолдошум тамашалап калат «иниӊ келди, салам айттым» — деп. «Кален, бул жигит күндө толтура азык-түлүк алат. Үй-бүлөсү ошондой эле чоӊбу?» — деймин таӊ калганымды жашыра албай «Оой, Күкүш, бир топ жыл дүкөндө олтуруп, ушакчы кемпир болуп калыпсыӊ, сүйлөшүп, сурап көрбөйсүңбү?  – деп жолдошум тамашалайт. «Чындап эле, сурабаганда эмне, сураймын эле» — деймин кыйын болуп, бирок, жигит эч кимге көӊүл бурбай, буюм, азык-түлүктөрүн эсептетип, акчасын төлөп коюп чыгып кетип калат. Оозумду ырастап баратып сүйлөй албай калып каламын. Сүрдүүлүгүн айтпа. Акыркы күндөрү: «Кандайсың, иним аманчылыкпы?» — деп саламдашчу болдум, кыргызда саламды алик албаса уят эмеспи?. «Иним» да күндөн-күнгө мени менен саламдашчу болду.

-Абдан чоӊ үй-бүлөнү багат окшойсуң ээ?» — дедим бир күнү азык-түлүктөрдү эсептеп жатып. «Иним» мостоё түштү. Ыӊгайсыз суроо берип койдумбу деп өзүм да буйдала түштүм.

— Ушунча азык-түлүк алып барчу үй-бүлөм болгондо бактылуу болмокмун -деп үшкүрүп койду.

Бул сөз андан бетер кызыгуумду арттырды. Бир четинен уялып да калдым. Чоӊ эле эже, абдан ушакчы окшойт деп ойлоп калдыбы деп. Үйгө келип жолдошума:

-Ай бай болгур, тиги “инимдин” тамырын тартып көрчү, бир сыры бар окшойт…-деп ачык эле айттым.

-Анын сырын билесем болбойт.Макул сүйлөшсө сүйлөшүп көрөйүнчү. Бир жылга  чукулдап калды, же бир келинчегин ээрчитип жүргөнүн көрбөдүк,– деп күӊкүлдөдү жолдошум күңкүлдөдү.

Ошентип күндөлүк түйшүк менен алек болуп жүрүп «инимди» унута түшүпмүн. Бир күнү жолдошум жумуштан келип, эшиктен кирип-кирбей жатып:

— Байбиче сүйүнчү! Иниңдин сыры чечилмей болду. Эжем менен чогуу болгонуңарда эртең кенен сүйлөшөлү деди иниң,-деп жылмайды.

-Болсун, болсун абышка — деп кубанып  утурладым.

Эртеси кечке жуук иним келди, керектүү бардык нерселерди алып:

-Эже, байкем экөөӊөрдүн убактыӊарды албаймынбы? – деди өзүн эмнегедир ыңгайсыз сезип жаткандай түр көрсөтүп.

-Жок, жок, өтө кеч болуп кетти соода да токтойт эми — дедим мен сүйлөшкөнгө мүмкүндүк бар экенин билдирип.

-Анда мен, колумдагыларды берчү жерге берип келейин — деп сыртка иним чыгып кетти.

Арадан бир саат өтүп-өтпөй кайра келди. Бул учурда элдер суюлуп калган эле. Жолдошум үчөөбүзгө жай даярдады, мен ысык чай даярдай койдум. Үчөөбүз жайланып олтурдук.

— Мага абдан кызыгып, таӊ калып жатыпсыӊар. Сиздер менен бүгүн маектешип таанышып алсак болчудай – деди иним жылмайып.

-Бул эжеӊ абдан сага сарсанаа болуп жүрөт, таанышса таанышып алалы – деди жолдошум адатынча тамашалап.

– Айланайын, тепкениӊ кымбат унаа, кийингениң болсо кычырайсың, элдин бир жума, бир айлык ала турган азык-түлүгүн аласыӊ. Бирок, үй-бүлөӊ бар экенине күмөнүм бар. Анткени, ээрчиткен келинчегиӊ, балдарыӊ жок -дедим мен канчадан бери айталбай жүргөн оюмду сыртка чыгарып. Ошондо иним оор үшкүрүнүп алып өзү тууралуу минтип маалымат бере баштады:

-Булардын бардыгы: унаа, акча, байлык колдун кири. Адам баласына, аялга да, эркекке да үй-бүлөлүк бакыт буйрубаса булардын баары бир тыйынга арзыбайт экен.  Мен убагында колго конгон бакытты баалабаган көр пендемин…… Өзүм колунда жок, кедей үй-бүлөдө чоӊойдум. Айылда жүргөндө балалыгымда шаарда окусам, иштесем, жашасам деп кыялданчумун. Биздин жаштык катаал 90-жылдарга туура келди. Ошентсе да тырышчаагымдан улам өзүм окуп, кыйынчылыкка карабастан бат эле бутума турдум. Балалыгымда кыялданган нерселерге жеттим. Баягы айылдан мотурайып келген бала жок, кычыраган жигит болдум. Ичимдик ичпеймин, тамеки чекпеймин, кыскасы төгөрөгүм төп келишкен адам болчумун. Мага бир гана нерсе «жар» жетишпей жаткан. Анткени, байлыктын артынан кууп жүрүп жашым 30 га таяп калган. Бардыгы: ата-энем, бир туугандарым, досторум «үйлөн» деп абдан кысташты. Көӊүлүмө жаккан кыз таба албагандан кийин, «убагы келсин» — деп гана кутулчу болдум. Алгач бул жөн эле тигилерден кутулуунун амалы болсо, акыркы күндөрү чындап эле үйлөнүү керектигине көзүм жетип, сарсанаа болчу болдум: «кимге үйлөнөмүн?» — деп. Тээ балалыгымда классташ кызымды жакшы көрүп, ошону аламын деп жүрчүмүн. Бирок, айылда кыздарды бат эле турмушка беришет эмеспи, ал классташым отуз жашында чо -оӊ байбиче болуп калган эле. Сезимдерим ошол классташыма гана козголгон болчу. Туура, кыздар көп эле, бирок, эч кимиси сезимимди козгой алган жок. Ошентип жүргөн күндөрдө болочоктогу жубайым менен таанышып калдым. Жумуштан кайтып келе жатсам, көчөдө гүл саткан жерде бир кыз гүл алып жатыптыр. Акчасы жетпей жаткан окшойт, улам капчыгын аңтарып жатты. Эмнегедир жүрөгүмө жакын адамдай, аны көргөндө кандайдыр бир сезим пайда болду. Көрсө, жүрөк эч качан алдабайт турбайбы?! Көчөдө көргөн бардык кыздардай эле кыз, бирок, эски жакын таанышымдай сезилип кетти.

— Бир аз жетпей жатат — деди кыз гүл саткан орус кемпирге.

Анысы болсо бербеймин, мага да акча керек деп наалып кирди. Жакын басып барып:

-Канча жетпей жатат? — дедим күлүмсүрөп.

Тиги кыз жалт карады. Көздөрү ушунчалык сулуу экен, бир көргөндөн сүйүп калдым десем да болот.

-Жөн эле коюӊуз, бул жакта арзаны бар ошону аламын — деди ал  сылык жылмайып.

-Ушул гүлдү алгыӊыз келгенин байкап турамын. Келиӊиз, мен сизге гүлдү сатып берейин, сиз мага атыӊызды айтасыз -дедим эмнегедир толкунданып.

Мен да кызга жактым окшойт, менин айтканыма көндү. Ошентип экөөбүз тааныштык. Ысымы Гүлкайыр экен. Кандай сулуу ысым, ээсинин сулуулугун айтпай эле коёюн. Мен таанышканда аны жаш деп ойлогонмун, андай эмес, менден бир эле жаш кичүү экен. Тагыраак айтканда, 30 жашта экен. Иштеп жүрүп ал дагы турмушка чыкпаптыр. Экөөбүз бири-бирибизге жагып, сүйлөшө баштадык. Ал убакта уюлдук телефондор жаӊы чыга баштаган. Мен ага телефон белек кылдым. Ошентип экөөбүз күнү-түнү сүйлөшөбүз.Бул тууралуу  жакындарым билип, абдан сүйүнүштү. Качан той жейбиз дегендери канча. Ата-энем алып кел деп чакырып жатышты.

Бир күнү «үйлөнөлү» — деп сунуш киргиздим. Гүлкайыр дагы макул болду.

-Шаан-шөкөттүү той өткөрбөй эле коёлучу. Жашыбыз да өтүп калбадыбы? – деди Гүлкайыр бир аз тартынгансып.

-Макул, айылга барып эле той беребиз, бул жакта жөн эле белгилеп коёбуз,- дедим анын айтканын туура көрүп.

Гүлкайыр да, мен да июль айында тыныгуу дем алуусуна чыгып үйлөнмөй болдук. Экөөбүз жазында таанышканбыз, жайында үйлөндүк. Гүлкайыр шаарда байкесинин үйүндө турчу, ошол жерге барып эле сөйкө салып алып кеттим.

“Аялды башынан кармайт…”

Экөөбүз да чексиз бактылуу элек. Айрыкча Гүлкайыр, үйдөн чыгып келе жаткандагы анын бактылуу жылмайып турганы азыр дагы көз алдымда. «Ай кыз, кичине көз жаш чыгарыӊыз, ырымы ушундай» — деген жеӊесинин үнүн чала  -була угуп калдым. Бул сөзгө маани да берген жокмун, ал күн, бул жашоо экөөбүзгө гана тиешелүүдөй, чексиз бактылуу элек. Ошентип үйлөндүк, экөөбүздүн бактылуу жашообуз башталды. Бизди куттуктап келгендер көп болду. Алардын ичинен чындап биз үчүн сүйүнгөндөрү да, тымызын кызгангандары да бар эле. Анткени, экөөбүз төп келишкен, бири-бирибизди толуктаган жубайлар элек. Күлкү, бакыт кирген үйгө кайгы жана кызганыч да кошо кирет турбайбы?!

Гүлкайыр күлкү жана бакыт алып келген болсо, мен кайгы жана кызганычтын булагы болдум. Колума конгон бактыма өтө эреркеп, кутуруп кеттим окшойт, мага баары мүмкүн деген куру эркектик намыс пайда болду.

Ал аз келгенсип, арак иче баштадым. Мурда оозума да албаган жаным, үйлөнүп жаман жакка кеттим. Куттуктап келген досторум, тааныштарым шыкап жатып ичиришип, акырындап аракка көнүп бараттым. Гүлкайыр «ичпечи» — деп суранат. Анын жалдыраган көз карашына туруштук бере албай «макул» деймин да, көчөгө чыгып кайра эле ичип аламын. Стакандаш санаалаштарым көбөйдү. Мас болгондо алардын сүйлөгөн сөздөрү кулагыма кирет бейм, абдан өзгөрдүм. «Бул татынакай перини кайдан тапкансың?» — деген сөздөрдү угуп, бир эсе сыймыктансам, бир эсе кызганамын. Үйгө мас болуп келип, жаӊжал чыгарчу болдум. Менин шылтоом ар кандай эле: кызганыч, тамак, жумуш. Үйлөнгөнүбүзгө бир ай болбой, бир күнү мас болуп келип, Гүлкайырга колум да тийди. Байкушум эртеси абдан ыйлады. Кантип колум барды экен деп, өзүмдү-өзүм сөгүп, арак ичпешке сөз бердим. Бир ай араӊ чыдадым окшойт. Бир досумдун туулган күнүндө кайра ичип алдым. Менин ичкенимди баарынан жашырган Гүлкайыр акырындап жүдөй баштады. Мурдагыдай жароокер жарым жок, чүнчүп, өзүнөн-өзү корунуп, өзгөрүп кетти. Мен болсо сөз укпаган жинди болдум да калдым.

Досторумдун: «сулуунун суусу кургабайт, аялды башынан катуу кармоо керек» — деген сөздөрү менин урааныма айланды. Алган жарым ушунчалык акылдуу, ушунчалык тартиптүү эле. Бактымды чычтым, анын сөзүн укмак тургай, көчөдө кетип жатып, сол жакты же оӊду карап койсо да ызырынып, ашата сөкчү болдум. Байкушум: «күнөөм кайсы?» — деп зарылдайт. Ал ансайын күчөймүн. Ичиме шайтан кирип алгандай, өзүмдү башкара албай чакчаӊдаймын. Жумуштан чыгып, жумушуна барамын. Үйгө келип: «жумуштагыларыӊдын кимиси менен жүрөсүӊ? Ойношуӊ кайсыл?» — деп жаӊжал чыгарамын. Акырындап, мас эле эмес соо кезимде да кол көтөрчү болдум. «Иштебе десеӊ иштебеймин, макул, эмне десеӊ макулмун» — деп жалдырайт байкушум. Иштетпей коё албаймын. Анткени, кайынагаларым бардыгы чоӊ жумуштарда иштеген, зирек адамдар. Алардан айбыгам. «Боюна бүтсө ошондон ары иштетпей коемун» -деймин сокур оюмда. Бирок, Гүлкайырдын боюна бүтпөй жатты. Врачтарга барып, текшеринип да көрдүк. Баары жайында. Эмнегедир Жараткан Алла бизге наристе ыраа көрбөдү. Бул мага берилген жаза болсо керек. Гүлкайырдын боюна бүтпөгөнү дагы бир чоӊ шылтоо болду. Күндө көзүм ачылбай иче турган болдум. Бирок, бир калыпка салып койгон бизнесим жакшы жүрүп жатты. Унаа алдым, үй алдым. Көӊүлүм келгенде: «Жолдуу экенсиӊ! Сен менин бактымсыӊ!» — деп жарымды эркелетем. Бирок мас болгондо айтылган сөздөрүмдү эки эселеп чыгарып аламын.

Мындай ооруну кайсы ойношуңдан жуктурдуң?”

Ошентип, жылдар өтүп жатты. Жегенибиз алдыбызда, жебегенибиз артыбызда, сырттан караган адамга эӊ бактылуу адамдар элек. Кийинчерээк ойнош күтүп кеттим. Гүлкайыр ага да чыдады. Мага билдирбей ыйлап алчу. Көздөрү шишип, көөп калчу. Көрмөксөн, билмексен болуп койомун. Бир дагы жоругумду төркүнүнө айткан жок. Алар келсе жаркылдап тосуп, мен тарапты да бирдей көрүп, акылдуу жар эле. Аны карап туруп көӊүлүм жылып, боорум ооруп кетет, бирок, ичимдеги шайтан дароо оюмду бузуп, жаман иштерге жетелейт. «Эмнеге менин бардык кылыгыма чыдайсыӊ? Кетип калбайсыӊ?» — дедим бир күнү Гүлкайырга «Мен сенин аялыӊмын – деди ал – бул үйдөн өлүгүм гана чыгат!» Аттиӊ, алтыным ай! Ушул сөздү эмнеге айттым экен? Азыр ойлосом жүрөгүм өрттөнөт.

Балким ошондо: «Мен сени сүйөмүн! Кайтып кел! Мурдагыдай бактылуу бололу!» — десе баары башкача болмок беле, ким билет? Бирок, Гүлкайыр ал сөздөрдү айтпады. Азыр ойлосом менден чындап көӊүлү калып, намыс үчүн эле заӊгыраган чоӊ үйдө жалгыз жашаган турбайбы? Улуу сөздө уят жок эмесби; көрүнгөн аялды ойнош кылып, өзүмө ооруу жугуздум. Албетте, бул Гүлкайырга да жукту. Бир күнү жолдоштук милдетимди аткарайын десем эле, «ооруп жатат» — деп зарылдап, ыйлады. «Кайсы ойношуӊдан жугузуп келдиӊ? Соо эмессиӊ сен!» — деп койдой сабадым. «Кудай алдында акмын!» — деп чырылдайт. Билип турам, бул ооруу менден жукту. Ошентсе да куру эркектик намысым моюнга алууга жол бербейт.

Мен сени ушунчалык сагындым…”

Ошондо Гүлкайырдын көӊүлү менден чындап калды. Мен болсо сыр бербей корстон боломун. Акыркы күндөрү ага жакындабай калдым. Үйгө видеокамераларды коюп, текшерем, өзүм болсо ойношум менен болуп калдым. Арадан жылдар өттү. Бир күнү жумушта олтурсам, карындашым Асель телефон чалды: «Кайда жүрөсүз? Жеӊем ооруканага түшүп калды» — деп. Жүрөгүм бир жамандык сезгендей учуп жеттим. Гүлкайыр палатада жатыптыр. Өӊү кубарып, араӊ эле жаны бар. «Эмне болду?» — дедим карындашыма «Сиз кандай адамсыз?! – деп кыйкырган карындашым ыйлап жиберди – врачка кириӊиз!» Гүлкайыр менен ушул карындашым айрыкча жакын болчу. Менин бүт-бүт кылыктарымды билчү. Мен карабай койгондо да Гүлкайырга ушул эле барып жүрүптүр. Врачка кирип чыккандан кийин, дүйнөм тарып, башым айланып, жер айлан-көчөк болгондой болуп турду. Врачтын айткан сөзүнө ишенбей турдум. «Жубайыӊыздын диагнозу: «рак мозга». Операция жасайбыз. Андан чыкса чыкты, чыкпаса, Кудайдын жазганы!» -бул сөздөр мен өмүрүмдө уккан эӊ жаман сөздөр эле. Палатага бардым, Гүлкайыр көзүн чылк жумуп жаткан экен. Жакын барып, чөгөлөп отурдум да, колдорун кармадым. «Берекем!» — тамагым буулуп, бул сөздөрдү араӊ айттым. Гүлкайыр көзүн ачты. Анын ошондогу көз карашы эч качан эсимден кетпейт. Бул көз карашта: сүйүү, сагынуу, таарынуу, кайгы баары бар эле. Алсыз аялдын кичинекей жүрөгү ушунчалык чоӊ жана көп сезимдерди батыра алышына таӊ калдым «Мен сени ушунчалык сагындым!» — деди Гүлкайыр. Ошондо жер жарылса мен кирип кетсем деп тиледим.

Бирок, адамдын жаны иттикинен да бышык болот дегени чын окшойт, кылган кылыктарымды билмексен болуп жер жүзүндө басып жүрдүм. Гүлкайырды чет өлкөгө алып барып, дарылатамын деп да оолуктум. Бирок, ал көнбөй койду. Баарыбыз ошол жерде болдук. Байкелери, ата-энеси, менин туугандарым, ата-энем. Гүлкайырдын жакындары мага жасаган мамилеге татыксызмын деген ой мээмди жеп жатты. «Мен Гүлкайырды барктай албадым. Аны күн алыс сабаганымды, ак жеринен күнөөлөгөнүмдү, оозго алгыс сөздөр менен сөккөнүмдү билер бекенсиӊер?! Алаканыма салып багамын деп үйлөнүп алып, бутум менен тепсегенимди билер бекенсиӊер?! Мен бул периштеге татыксыз экенимди, силердин сыйыӊарга, аяган сезимдериӊерге татыксыз экенимди билер бекенсиӊер?!» — деп кыйкыргым келди. Байкелери мени ортого алып, иттей кылып сабоолорун, мени өлтүрүүлөрүн кааладым. Бирок, өзүмдү кармадым. Ортобузда болгон ызы-чуунун бирин да Гүлкайыр туугандарына айтпаганын билемин. Атүгүл менин ата-энем, туугандарым да билбейт болчу. Бир гана карындашым баарын билет эле. Чыккан киргенде мени жекирип, какшыктап жаткан карындашыма, унчукпай жер менен жер болуп турган мага таӊ калып карап жатышты баары «Койчу, Асель – деди Гүлкайырдын жеӊеси карындашыма – күйөө балада эмне айып?! Бул Жараткандын буйругу. Кызыке атанын үйүнөн күлүп кеткен, ошондуктан ушунча ый болууда».

Тээ беш жыл мурда үйдөн кызыл гүлдүү татынакай көйнөк кийип, күлүмсүрөп чыгып келе жаткан Гүлкайырдын элеси көз алдыма тартылды. Ошондогу экөөбүздүн бактылуу көз ирмемдерибиз, жароокер жарымдын эркелегени, шыӊгыр күлкүсү, акылдуу, орундуу сөздөрү көз алдымдан чууруп өтө баштады. Ушунча жыл жубайымды сүйүп, бирок моюнга албай көрүнгөн менен көӊүл ачып жүргөнүм үчүн өзүмдү сөгүп жаттым. Ооба, адамзат колго конгон бакытты көп учурда билбей, барктабай калат турбайбызбы?! Гүлкайыр менин ошол бул өмүрдө бир гана жолу берилген бактым экенин ушул дары жыттанган, суук, кунарсыз ооруканада билдим….

Операцияга Гүлкайырды даярдай баштаганда дарыгерден суранып жанына кирдим. Эмне деп айтуумду, өзүмдү кандай алып жүрүүмдү билбедим, билемин күнөөм чоӊ, бирок, жарымдын жанында болууну чечтим. «Мени кечир, жаным! Мен сага татыксызмын!» — дедим. «Мени сага жолуктурган тагдырыма рахмат! – деди Гүлкайыр жүзүмдөгү жашымды колдору менен аарчып –өзүӊдү күнөөлөбө, мен сага ыраазымын. Бардыгына мен күнөөлүүмүн, сени туура жолго сала албадым!» «Оо, Жараткан! Ушундай да асыл адам, акылдуу жар болобу?!» — менин акыркы ойлогонум ушул болду. Бардыгы түштөгүдөй өтүп жатты. Акылыма бир келсем, бир келбей айланада болуп жаткан окуяларды жинди болгондой карап отура бердим. Сарсанаа болуп жаткан адамдар, операциядан чыккан дарыгер, ыйлап жаткан аялдар…..

«Эсиӊе кел, акмак!» — жулкулдатып жаткан атамдын үнүнөн өзүмө келдим. Көрсө карындашым Асель атам менен энеме бардыгын айткан экен. Энем Аселге ишенбей ыйлап жатты, атам болсо мени эч нерсемди калтырбай сөгүп жатат. «Эми өкүнгөнүӊүз бир тыйын!» — Асель заарын чачып мени карап туруптур. Гүлкайырды менин айылыма алып барып жерге бердик.

    “Балалуу болбойм – бул мага берилген жаза!”

  -Ошол күндөн баштап менин жашоом өзгөрдү. Ичпей калдым. Бирок, менин эсиме келишиме Гүлкайырдын өлүмү керек болгонун эстегенимде жашагым келбей кетет. Башы ооруса да эч кимге айтпай жүрө берген турбайбы, байкушум! Же жанынан ушунчалык тойду бекен? Жакын адамымды өзүм өлтүрүп алганымды эстегенимде жинди болуп кала жаздаймын. Жашоо мага бир тыйындай азыр. Үйлөнбөймүн деп чечтим. Анткени, Гүлкайырдай жар эми табылбайт. Байлык деген колдун кири, а бакыт деген бир гана жолу берилет бейм адамга. Бирок, азыр үй-бүлөлүүмүн, Гүлкайырдай инсанды таппаймын го деп ойлогом. Апам, жеӊемдер болуп жатып бир келин менен тааныштырышкан. Ал байкуштун да күйөөсү көз жумуптур. Балалуу болушкан эмес экен. Үйлөнгөнүбүзгө көп жыл болду. Бирок, балалуу боло элекбиз. Мен эми тагдырыма моюн сунгам, бала да күтпөймүн. Антени, бул мага берилген жаза. Азыр дин жолуна түшүп, колунда жокторго күнүнө азык-түлүк таркатамын. Тапканымдын баарын балдар үйүнө которомун. Гүлкайырдын туугандарына, өзүмдүн туугандарыма эч нерсени аябай жардам беремин. Атам мага таарынган. Мени менен мамиле кылбайт. Акыркы жолу айткан сөзү: «Мен апаӊа бир да жолу кол көтөргөн эмесмин! Кимди тарттыӊ акмак!» Мен бакытка татыксызмын. Менден башка баары бактылуу болсо деп тилеймин. Түшүмө Гүлкайыр көп кирет. Ошого ыраазымын. Кийинки жашоодо аркы дүйнөдө экөөбүз кайрадан жолугабыз. Мен ишенем ал бейиште!»

Инимдин аӊгемесин угуп, жоолугумдун учу көз жаштан суу болуп, мурдумдан аккан сууну шуу тартып коюп олтурдум

-Дааа – деди жолдошум.

-Ар кимге ар кандай сыноо жөнөтөт турбайбы Жараткан! Арты кайырлуу болсун жубайыӊдын.

-Бир жолу сүйлөшүп жатып менин аялым бир гана жолу атасынын үйүнөн алып кеткенимде ыйлаган, андан бери бир дагы жашын агызганым жок дегениӊизди угуп, абдан жаман болдум –деди иним жолдошума кайрылып

-Биринчи жолу сиздердин дүкөнгө келгенде ынтымактуу жубайлар экениӊиздерди көрүп, сиздерден гана соода кылайын деп чечкенмин. Колуӊуздарда береке, жүрөгүӊүздөрдө мээрим бар экен. Эӊ негизгиси сыйлашкан бактылуу жубайлар экенсиздер. Менин Гүлкайырым тирүү болгондо биз да сиздердей жубайлар болсок керек эле, балким.

«Арты кайырлуу болсун, Гүлкайырдын!» -дедим мен эми араӊ өзүмө келип. Иним жөн гана баш ийкеп койду.

Ошол күнү үйгө абдан кеч келдик. «Ай ий, эмне мынча кеч келдиӊиздер?» -деп үч уулубуздан кийинки жалгыз кызыбыз жолубуздан чыкты «Алтыным, бактылуу болсоӊ экен!» — деп мен кучактап туруп, саамайынан өөп койдум. «Ой деги эмне болду?» — кызым таӊ калып «Эртеӊ айтып беремин, кызым» — деди жолдошум да кызын эркелетип. Ушул күндөн баштап жолдошум экөөбүз бири-бирибизди андан бетер сыйлап, андан бетер бири-бирибизге байланып калдык. Анткени, экөөбүз ак никелүү, түбөлүктүү

жубайларбыз да. Бул кыска жашоодо ден-соолук, акыл, мээрим, ынтымак, сүйүү гана керек! Калганын адам өзү жасап алат турбайбы?! Бир күндүк бул арзыбаган турмушта көңүл калтырбайлычы.

Айгүл Акылбекова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here