Бизнес чөйрөсүнө таптакыр тиешеси жок аткаминерлер кайдан-жайдан олигархтардын катарын толуктап, байып чыга келишери элибизге анчейин жашыруун деле болбой калды. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүшүп эле ири бизнесмендерден кем эмес байгерчиликте жашаган чиновниктерди көп эле көрөбүз. Адегенде Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин доорунда: «Ушул айлык акысы күнүмдүк керек-жарагынан ашпаган чиновниктер кандайча байып атат, кайсыл каражатына хансарай салып, ресторандардан түштөнүп, кымбат баалуу автоунааларда чакалап жүрүшөт?» деген суроолорду эч ким кабыргасынан койгон эмес эле.  Себеби, андай суроону берсең деле эч кандай жооп болчу эмес. «Ал деген министр да, министр министрдей жашашы керек» деген логика калыптанып калган. Бирок «Элчи? Эл кандай жашашы керек?» деген суроо унутта калып калчы.  Акыркы 5-6 жылдан бери карай бардык маселе ачык-айкын талкууга алына баштады. Анын арты менен бир топ атка минерлердин көмүскөдө катылып келген кыңыр иштери ачыкка чыкты. Ошолордун катарын эми мурдагы УКМК башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев да толуктай турат.

Кеңешбек Асанбековичтин өмүр таржымалындагы “кара тактар” жана апрель революциясынын шарапаты менен кантип миллионерге айланганы, наркы миллиондогон сомду чапчыган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү акыркы кездери ЖМКда көп айтылып, жазылып келет.

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууну мыкты «өздөштүрүү» деген кандай болот? Дал ушул суроо менен Кеңешбек Дүйшөбаевге кайрыла турган болсок, ал абдан мыкты «сабак» өтсө керек. Албетте, ачык эмес, жөн гана көмүскөдөгү «шакирттерине» «жол» көрсөтүшү мүмкүн. Себеби, ал эгерде ушул жагынан мамлекеттик сыйлык ыйгарыла турган болсо, эбак эле “эмгек сиңирген коррупционер” болуп калмак экен. Сөзүбүз кургак болбосун, эл арасында айтылып жүргөн имиштерден мисал келтирели. Кеңешбек мырза Ысык-Көл шаардык жана райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп турганда (1990-1994-жылдары) кызматтык абалынан пайдаланып, КР жараны Г. Аппановду “камакка алам” деген коркутуу менен айына 10 миң доллардан каражат берип турууга мажбурлаганы жалганбы? 2002-2003-жылдары ИИМ министринин орун басарлык кызматын аркалап туруп, ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын алкагында милиция кызматкерлеринин укук бузуулары боюнча кылмыш ишин козгоону практика жүзүндө киргизген. Мындай иштерди тергөө көбүнесе ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын начальниги В. Неверовичке тапшырчу. Анткени ал К. Дүйшөбаевдин “кошелогу” аталып, кылмыш иши козголгон кызматкерлерден акча чогултуп ага берип турчу деген кеп бар.

К. Дүйшөбаев жана В. Неверовичтин жетекчилиги алдында “Иттипак” төрагасы Н. Базаков жана кытай дипломаты Ван Жун Пиндин өлүмү боюнча иш иликтөөгө алынган. Ошол эле убакта Кеңешбек мырза В. Неверович аркылуу “Мадина” базарынын ээси Т. Салимовдон ири суммадагы акча каражатын алган деген аңыздарга эмдигиче жооп айта албай келет. Булардан сырткары Кеңешбек Дүйшөбаев ар кимди кайсы бир кызматтарга коюу менен да чөнтөгүн кампайтып келген дешет. 2003-жылы ал А. Иманакуновду Бишкек шаардык автоинспекция ички иштер башкармалыгынын техникалык көзөмөл тобунун начальниги кызматына койгону үчүн андан “ыраазычылык белегин” алган деген кепти четке кагат болду бекен?

МАИ болуп иштейм десең Кеңешбекке 5 миң доллар бер?!

 Убагында ушундай лакап кеп да чыгып кеткени алигиче айтылып жүрөт. Себеби, Дүйшөбаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп турган 2004-жылы Бишкек шаарынын МАИ кызматкерлеринин жеке курамынын 30%ын өзү жумушка алган. Албетте, бекерге эмес, ар биринен 1000 доллардан 5000 долларга чейин (тааныш-билиштигине жараша) пара алуу аркылуу жүзөгө ашырганбы? Ошол эле жылы ал кызматтык абалынан пайдаланып, Бишкек МАИсинин имаратынын жанынан айып пул төлөп туруучу машине токтотуучу жайга (стоянка) ээлик кылганычы? Бул “бизнесинен” ал анча-мынча карапайым адамдын түшүнө кирбеген акчаны күнүнө таап турганынын жыйынтыгы кандай болгону кызык. Ошол жылы анын Бишкек шаарынан эки жерге “хансарай” курдурганынын  башкы себеби ушунда болуп жүрбөсүн, ыя?

Банкка болгон карызы апрель окуясынан кийин жоюлганбы?

 Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай мындай, 2008-жылы Кеңешбек мырза Бишкек шаарындагы “АТФ Банк” ААКсынын №4 филиалынан 120 айга (5 жылга) жылдык үстөгү 18 пайыздык менен 90 000 доллар ипотекалык кредит алган. Ошол убакта 90 000 доллар 3123846 сомду түзүп турган. 2009-жылдын 27-июлунда ал карыздарды төлөө катары 39601 долларды банкка төлөгөн. Белгилей кетүүчү нерсе, Кеңешбек Дүйшөбаев апрель революциясына чейин алган кредитин толугу менен төлөөгө финансылык мүмкүнчүлүгү жетишкен эмес. Себеби кирешеси аз эле. Бирок, 2010-жылдын 19-апрелинде эле ал “АТФ Банктагы” калган 45374 долларын толугу менен төлөп кутулган. Эмнеге апрель революциясынан кийин дароо эле Дүйшөбаевдин колунда ири суммадагы каражат пайда болуп калган деген кадимки суроо жаралбай коебу?

Атайын кызматты акча жасоочу мекемеге айлантканбы?

2010-жылы Дүйшөбаев УКМКнын төрагасы болуп дайындалганын жакшы билебиз. Ал кызматка дайындалганына көп убакыт өтө электе эле УКМКнын балансында сакталып турган массалык башаламандыктарды жоюу үчүн колдонулууга тийиш болгон ири суммадагы акча каражатын өзүмдүк кылууга үлгүргөнбү? Ал каражаттын ичинде 2010-жылдагы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети аркылуу коомдук-саясый кырдаалды стабилдештирүү максатында УКМКга бөлүнгөн 150 миң АКШ доллары да бар болчу. Ошондо Кеңешбек мырза өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн сарпталууга тийиш болгон каражатты өзүнүн жеке кызыкчылыгына иштетип жиберген болобу?

Дагы бир маалымат бар, 2011-2012-жылдары Чек ара войскасы УКМКнын курамында турганда Дүйшөбаевдин көрсөтмөсү менен анын балансында турган Бишкек шаарындагы “Жумушчулар шаарчасындагы” 7 гектар жер тилкеси сатылып кеткенин жокко чыгарабы?

Дүйшөбаевге тиешелүү болгон кызматтык унаа катышкан жол кырсыгы кантип “дым-дым” болгон?

Ушундай окуя болгонун убагында маалымат каражаттары жазган эле. Ага көз чаптырсак, 2011-жылы 20-майда Е 94 37 D мамлекеттик номурлуу «Тойота-Лендкрузер» үлгүсүндөгү автоунаа Ысык-Ата районунун Покровка айылынан 1983-жылы төрөлгөн Бакытбек Сулайманов аттуу жаранды сүзүп кеткен. Ал жигит алган жараатынан улам ошол эле жерде каза тапкан. Ал эми кырсыкка учураган унаа Дүйшөбаевге тиешелүү кызматтык автоунаа болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголгон, бирок, негедир аягына чыккан эмес. Айрым версиялар боюнча, кырсык болгон учурда рулда Дүйшөбаевдин айдоочусу Т. Адыраңов болгон деп аныкталып, ал күнөөлүү деп табылган. Ал эми Адыраңовдун туугандарынын айтымында, кырсык болгон учурда рулда К. Дүйшөбаев өзү болгон. Башка маалыматтар боюнча ал автоунаада ошол учурда Дүйшөбаевдин “көпөлөгү” болгон деп да айтылып келет. Мунун чын-бышыгын Кеңешбек мырза өзү айтып койсо куп жарашат эле… Тилекке каршы, бул тууралуу да ооз ачкандан жаа бою качат.

Көз жоосун алган “хансарайлар”, элиталык батирлер, гектарлаган жерлер, “жолтандабастар”…

Окурмандардын көз алдында даана тартылыш үчүн Кеңешбек Дүйшөбаев апрель революциясынан кийин ээлик кылып калган мүлктөрдү таблица түрүндө жарыялоону туура таптык. Мүлктөрдүн көпчүлүгү өзүнө жана уулу Азат Дүйшөбаевге катталганын эскерте кетели. Аларды санап көрүп, анан өзүңүздөр тыянак чыгарасыздар деп ойлойбуз. Эгер Кеңешбек Асанбекович баюунун сырын үйрөтөм десе ал кишиге сайт бетинен орун берүүгө даярбыз.

Армада» фитнес клубу. Кеңешбек Дүйшөбаев29.11.2012, Бишкек шаары, 8-кичи район, №46/1

Жашоочу үй. Азат Дүйшөбаев30.05.2012, Бишкек шаары, Худайбергенов көчөсү №51

Жашоочу үй. Кеңешбек Дүйшөбаев 25.08.2013, Бишкек шаары, Табалдиев көчөсү №66

Турак эмес жайАзат Дүйшөбаев16.12.2010, Аламүдүн району, Лебединовка айылы, МТФ-2 көчөсү, уч. №3

Турак эмес жайАзат Дүйшөбаев16.12.2010, Аламүдүн району, МТФ-2 көчөсү, уч. №4

Жер тилкесиК. Дүйшөбаев09.10.2012, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Тамчы айылы, Проектируемая көчөсү 2

Жер тилкесиАзат Дүйшөбаев15.07.2012, Ысык-көл району, Чолпон-Ата шаары, Ак –булуң көчөсү үй №13

«Тойота Лендкрузер» автоунаасы – 2012-жылкы К. Дүйшөбаев 2013-жылы катталган

«Тойота Хайлендер» автоунаасы – 2015-жылы чыккан К. Дүйшөбаев 2016-жылы катталган

«Лексус GX 470» автоунаасы – 2006-жылы чыкканТоксобаева Бүбүкан (К. Дүйшөбаевдин жубайы)

Борбордогу Панфилов көчөсүнүн №190 үйүнүн №2 батири К. Дүйшөбаевдин уулу Азат Дүйшөбаевге таандык. Базар баасы 3 млн. сомду чамалайт.Эми мына ушул жогоруда саналган кыймылсыз мүлктөр менен кошо Кеңешбек Дүйшөбаевге таандык дагы башка мүлктөрдүн баалары канча миллиондорду чапчый турганына токтололу.

  1. Бишкектеги Тажик көчөсүнөн №23 үй дароо көзгө чалдыгат. Билермандардын айтымында, ал эң кеминде 100 миң доллардын башын жутат. Ээси – кадимки генерал Кеңешбек Дүйшөбаев.
  2. Табалдиев көчөсүндөгү №64 даректе жайгашкан дагы бир хан сарай көргөндүн шилекейин агызат. Анын ээси дагы Кеңешбек Асанбекович. 200 миң долларга бааланган “хансарай” кайсы каражатка келгени бир Кудайга, анан генералдын өзүнө гана белгилүү болсо керек…
  3. Бишкек шаарында К. Дүйшөбаевге таандык дагы бир баасы 120 миң долларды чапчыган «особняк» бар.
  4. Борбор калаанын 8-кичи районундагы №46/1 дарегинде жайгашкан элиталык батирин да айтпай кетсек болбос. 5-6 млн. сомду “ап” этчү батирге каражат кайдан табылганы коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган чагы.
  5. Жогоруда саналган 8-кичи районундагы үйдүн биринчи кабатында “Армада” фитнес борбору убагында 100 миң долларга сатылып алынган экен. Оңбогондой киреше алып келчү клуб Кеңешбек Дүйшөбаевдин наамына катталган.
  6. Чүй облусундагы “Байтик” айылында жайгашкан “Давос” вип-шаарчасында курулушу али толук аяктай элек үй бар. Ал Азат Дүйшөбаевге катталган. Баасы аз дегенде 7 миллион сомду чапчыйт.
  7. Ошол эле «Давос» вип-шаарчасында Азат Дүйшөбаевдин дагы 13 сотых жер тилкеси бар. Анын баасы деле 3 миллиондон кем эмес.
  8. Лебединовка айылындагы МТФ-2 көчөсүндөгү №4 даректе жайгашкан 5 гектар жерди эч кайда ката албайбыз. Аны да Азат Дүйшөбаев 20 миң долларга сатып алыптыр.
  9. Ошол эле 5 гектар жерди ээлеген участоктун жанында 23 миң 100 чарчы-метр аянттагы жер тилкеси да Кеңешбек мырзанын уулу Азаттын жеке менчигине айланган. Базардагы баасы 5 млн. сомдон кемди көрсөтпөйт. ушул сындуу дагы ачыкка чыкпай тжаткан байлыктары да бар. Кыскасы, Кеңешбаевдин «керемет» байлыктарын санап олтурсаң, башың адашып, жаңылып да калат экенсиң…

Ырыскелди Урматов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here