Шамбетов Талантбек учурда 37 жаштын тамагын ичип жаткан замандаштарыбыздын бири. Ал акыркы жылдары ден-соолугунан жабыркап,  чоң акчага муктаж болуп минтип коомчулуктан жардам сурап жүрөт. Анын туугандары, коомчулукка тамада катары таанылып келаткан Жылдызбек Султанкулов баштаган классташтары Талант мырзага жардам көрсөтүү макстаында кыргыз эстрадасынын таланттуу ырчылары менен макулдашып, ушул айдын 28-февралда “Сейтек” борборунда чоң программадагы кайрымдуулук концертин өткөргөнү турушат. Калган кепти өздөрүнөн уксак

-Аты-жөнүм Шамбетов Талантбек. 1980-жылы Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында туулгам. Орто билимдүүмүн. Үй-бүлөлүүмүн, 5 балам бар. Улуусу 16 жашка, кичүүсү 5 жашка толду. Атам жок, апам бар. Айылда жумуш жок болгондугуна байланыштуу эл катары эле, дыйкан-чарбалык менен алектенип келебиз. Акыркы эки жылдан бери ден-соолугум кескин начарлап кетип, эми айла жоктон эки балдак менен басып калдым. Эки жыл ооруканаларга жатып, доктурларга көрүнүп жүрдүм. Республикалык ооруканадан мени “нервтен” деп “Неврология” бөлүмүнө жаткырып коюшкан. Акырында ал туура эмес болуп чыкты. Бир топко чейин кандай дарт экени билинбей жатып, былтыр июнь айында ортопед-доктурлар текшерип көрүшүп кашка жиликке сөөгүнө кальций жетишпей, ал сөөктөр барган сайын кемирилип жатканын айтышып, мени №4 ооруканага жиберишти. Ал жактагы доктурлар бул оору операциясыз айыкпайт дешти.

Операциянын акчасы жалпысынан канча болот экен?

— Эки кашка жиликти операция кылуу үчүн, анын “запчастарына” эле 5000 доллар кете турганын Зарылбек деген доктур айтты. Калган чыгымдарын,акысын айткан жок. Ага да өзүнчө акча кетет го. Операциядан кийин канчалык деңгээлде кепилдик болоорун деле сурай алган жокмун. Акча болсо эле өздөрү эле №4 ооруканада жасашат экен. Ошондон бери эле  5 миң доллар таба албай кыйналып жатабыз. Туугандарыбыз деле карапайым жашоодо жашашат. Алар деле болгон жардамын берип жатышат. Өзүбүз дагы колубуздагы анча-мынча малды саттык. Ал малдын акчасы жетпей калып, тез аранын ичинде насыя алганбыз. Ал акчанын баары эле дарыланганга, дартты аныктаганга сарпталды. Кальций дарыларын ичтим, ага эле 75 миң  сом кетти. 2 ай, күнүгө 9 мал ичип жаттым, андан деле жылыш болгон жок. №4 оорукананын ичинде Кайрымдуулук фонду бар экен, ага да жазылганбыз.  Бирок жазылгандар көп экен, биз кезекте 200дөн нары карай жазылганбыз. Сиздердин гезит аркылуу коомчулукка кайрылып, жардам сурап жатабыз. Кайрымдуулукка кайдыгер карабаган, берешен замандаштарыбыз аздыр-көптүр жардам беришет го деген аруу үмүтүм бар. Мен буга чейин жардам бергенге жана ушул кайрылуумду окуп жардам көрсөтөм дегендердин баарына алдына-ала рахматымды айтып, замандаштарыбыздын баарына чың-ден-соолук, узун – өмүр каалайм. Эч ким оорубасын, деги эле дарты жаман, аты жаман ооруга адамзаты кор болбосун демекчимин.

Жылдызбек Султанкулов, классташы, тамада:

“Көп түкүрсө көл болот, ооруган жанга дем болот ”

-Мен Талантбек менен бала кезден чогуу өстүм. Талантбек жан-дүйнөсү таза, эч кимге залакасы тийбеген адам экенин жакшы билем. Бирок акыркы эки жылда эле тагдыры татаалдашып, ден-соолугунан жабыркап калды. Өзү айткандай операцияга 5 миң доллар табуу колдо жок болгондон кийин кыйын экен. Ошон үчүн бизден да аздыр-көптүр жардам болсун деген ниетте кайрымдуулук концертин уюштуруп жатабыз. Концерт “Сейтек”  балдар борборунда кечки саат 6да болот. Билет баасы болгону 250 сом. Көп түкүрсө көл болот дегендей, кайрымдуулукка кара санабаган замандаштарыбыздын баарын концертке чакырабыз. Концертке кыргыз элине таанымал, аттуу-баштуу ырчылардын көбү келип өз таланттарын тартуулоого макулдугун беришти. Айтсак, Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова, андан кийин Үч теректин үч кызы Анапия, Дилбар, Лира Райымбековалар, Бактияр Токторов, Кенже Дүйшеева, Борончу Кудайбергенов, Азиза, Айбек Саралаев, Нурзат Садыкова,  Анжелика, Ширин Сарыгулова, Тата Улан, Добр, анан төкмө акындардан Асылбек Маратов катышат. Мындан тышкары, жаш ырчыларыбыз бар. Азыр концертке келип ырдап беребиз деген дагы башка чоң ырчылар да чыгып жатышат. Кудай буйруса, 28-февралга чейин бул ырчылардын тизмеси көбөйөт деп турабыз. Концертти тилинен чаң чыккан алып баруучу элге белгилүү эжекебиз Жанара Атабекова жана анын шериги мен болмокчумун.

Эмне үчүн “Сейтекти” тандап алдыңар, эл азыраак батат эмеспи, андан чоң маданий мекемелерге кайрылган жоксуңарбы?

-Андан чоң маданий мекемелердин ижарасы ошончо чоң экен.  Ал эми “Сейтектин” ижарасы эң арзан. Ичине 650дөй киши батат. Саатына 6 миң сом экен. Эгер 3 саатка ижарага алсак 18 миң сом болот. Эгер Таланттын чындап эле жардамга муктаж болуп жаткандыгы тууралуу тиешелүү кагаздарыбызды алып барып, арыз менен кайрылсак, анда ижара акысы 50 пайызга чейин арзандатуу болушу мүмкүн.

Бул жагын байкап көрөбүз.  Эгер Спорт сарайын тандап алсак, анын ижарасы 50 миң сом болсо, концерттен 100 миң сом түшсө, анын жарымы ижарага кетсе анда биздин Талантка көрсөтөлү деген жардамыбыздын көлөмү аз болуп калат. Акырында айтарым: “Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот, ушул концертти келип көрсөңөр, Ооруган жанга дем болот”-демекчимин. Мен дагы жардам көрсөтүүгө кол сунган баардык жарандарыбызга чоң ыраазычылык билдирем.

Байланыш телефону: 0777766188

Автор: Урмат Баястанов.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here