Казак элинин “Кыз Жибек” көркөм тасмасындагы Төлөгөн баатыр түспөлдөнгөн кыргызга таанымал актёр, КРнын эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиевди тааныбаган кыргыз сейрек гана кездешсе керек. “Чыныгы махабат — адамдын жүрөгүн ээлеп алат”,- деген актёр агабыз менен өз махабаты, деги эле сүйүү, анын адам жашоосундагы ролу тууралуу кенен баарлаштык..

  -Турусбек байке, сиз үчүн махабат деген эмне?

-Чыныгы махабат -адамдын жүрөгүн ээлеп алат. Чыныгы махабат- адамдын оюнун баарын ээлеп алат. Чыныгы махабат -адамды  жашартат. Чыныгы махабат -адамды карытат. Жүрөгүндө махабат, сүйүү болсо адам токтоо болот окшойт. Тамак ичпей ачка жүргөнүңдү да билбей  каласың. Эгер махабатыңдан ойдогудай жооп болсо, анда көңүлүң көтөрүлүп тар дүйнө ушунчалык кенен көрүнүп, айдын жарыгы да сага жакшы тийип тургансып, күндүн нурун дагы  баалай баштайсың. Ал эми махабатыңдан оңчулуктуу жооп жок болсо, анда сен өзүң жалгызсырагандыктан бактын арасындагы гүл дагы, агып жаткан суу дагы ошол махабатыңдай сезилгендиктен көчөдө кетип бара жатканда да элге көңүл бурбай жалаң гана махабатыңды ойлоп көңүлүң чөгүп турат.

Махабат адамды ушунчалык арбап алат. Аруу махабатыңа арзыган сүйүктүүңдүн көңүлүн калтырып албайын деп ойлоп ошонун бүтүндөй көз карашынын мейкиндигине, жан дүйнөсүнө киргиң келет. Анын бүтүндөй ааламына кирип каалоо-тилектериңди орундаткың келет. Махабаттын күчү-бул эң коркунучтуу күч болот. Бул адам баласын өзүнө аябай тартып турат. Бул жашоодо адам баласы жаныбардан махабаты менен айырмаланып турат да. Сүйүктүүңө кездешпей калсаң сен аны көбүрөөк ойлоп кайгыра баштайсың. Анан ошондо эгер мен аны чын эле сүйгөн болсом,анда өзүм биринчи байланышайын, ал да мага байланышсын, мен да керекмин ага дебей  аракет кылып өзүңдүн каалоо-тилегиңди орундата беришиң керек. Акыры ал дагы сенин сезимиңди акырындык менен түшүнөт деп ойлойм.

Махабаттын дагы бир күчтүүлүгү сен ал жөнүндө узак убакыт ойлонуп,күнү-түнү  уктабай, ичкен тамагың аш болбой,  жада калса жуунуп-тазаланып алайын десең дагы  ушунчалык көңүлүң жок болуп алсырап жаткан кезде махабатың бир байланышып койсо ушунчалык көңүлүң көтөрүлүп өзүңдү бактылуу сезгендиктен телегейиң тегиз болуп калат. Махабатыңдан жакшы сөз укмайынча ооруп калсаң да айыккың келбейт. Ошол эле мезгилде махабатымдан алысыраак болсом жакшы болот эле, кыйналып кеттим деп ойлобош керек. Махабаттан ажырагың келсе сен  кайра аны күчтүүрөк сүйүшүң керек. Ошондо гана андан жакшы жооп ала аласың. Бул мени карабайт, мен муну сүйбөй эле коёюн деп өзүңдү кыйнап алаксытып жүргөн туура эмес деп ойлойм. Күчтүү сүйгөнүңдү сезбей жатса андан да күчтүү сүйүп көрүшүң керек. Эгер аны да сезбей жатса  мен бул сүйүүмдүн акырына жетем, мейли ал мени карабасын, мейли мен ага татыксыз болоюн, бирок ошентсе дагы көңүлүм калгыча сүйө берем деп өзүңдүн жүрөгүңдү алдабашың керек. Сүйө бериш керек… Анан бир күнү сезесиң көңүлүң муздап баратканын. Ошондо жашоо сага жеңилирээк болот. Андыктан махабат менен күрөшө билиш керек. Демек , мунун жыйынтыгы жакшы болот…

-Жубайыңызды сүйүп алдыңыз беле?

-Мен Москва шаарында Луначарский атындагы театралдык  жогорку окуу жайда окуп жүргөн учурда өзүмдүн  бир курсташыма ушундай махабатым пайда болгон. Анан кийин  ушунчалык менин тилегим орундалып, 5-курстан биздин мугалимдер “Ромео менен Джулетта деген спектаклдеги башкы каармандын ролдорун беришкен. Ошентип, экөөбүздүн сүйүүбүз сахнада дагы ушунчалык калп болгон жок. Экөөбүз берилген ролдорду турмуштагыдай аткардык. Ал кыз дагы мени жакшы көрөөрүн айтчу эмес. Спектакль бүткөндөн кийин гана билинди. Ошондо мен  өзүмдү аябай бактылуу сезгендиктен ага  дароо эле ЗАГСга барып  мен сага үйлөнөм дедим. Ал болсо унчуккан жок. Анан, өзүм ЗАГСка жалгыз барып арыз жазып таштап келдим.

Ошентип, бирөөлөр ала качып кетпесин деп кычыраган кышта ага үйлөнүп алдым. Алгач өзүмө ишене албай жүрдүм. Качан гана баш кошконубузга бир жума болгондон кийин “ии чын эле үйлөндүм” деп бир аз ишенич пайда болду. Ошол махабаттын сереси менен жашап жүрүп экөөбүздүн ортобуздан балдар пайда болду.

-Сүйүп алган жубайыңызга камкор күйөө  боло алдыңызбы?

-Негизи эле турмушта Кудайдын алдында эч кимдин ден соолугу ченелүү эмес да. Ар бир адам ооруп калышы мүмкүн. Ошондо мен ага сөз бергем. Эгер сен ооруп калсаң эч качан таштабайм, мен сени сүйөм деп. Келинчегим кийинчерээк Кыргызстандан катуу ооруп калды. Ошондо биздин эң бактылуу учурубуздагы сүйүүнү издеп келинчегимдин оорусу менен 12 жыл күрөшүп оорусунан айыктырып алдым. Көңүлүн көтөрүп жылуу сөзүмдү эч аябадым. Орозо кармаганда таңга маал ооз бекиткенде да,  кечинде ооз ачканда да, намазга барып калсам да Кудайга сыйындым.  Кандай дары керек болсо дагы Москвадан, Алматыдан алдырдым. Көңүлүн көтөрүп жылуу сөзүмдү эч аябадым. Катуу ооруп жатканда өзүм ваннага көтөрүп кирип эч кимге көрсөтпөй жуунганга да жардам бердим. Кудайга үнүм жетти окшойт. Учурда неберелерин эркелетип, бактылуу үй-бүлөнүн мүчөсү  катары конокко барып өзүн ушунчалык бактылуу чоң эне сезгендиктен жакшынакай жашап жатабыз.

Эгер мен учурунда ага жардам берип колдобогондо, ошол биздин күчтүү тоодой бийик  кебелбеген аруу махабатыбызды сыйлабаганда балким мен дагы ооруп калмакмын. Мени да бирөө таштап кетмек. Келинчегимдин ордуна өзүмдү коюп, эгер  жалдыратып таштап кетсе кандай абалда калаарымды жүрөгүмдөн өткөрүп туруп: “Жок, Турусбек сен андай эмессиң. Дегеле биздин урууда аялзатын кемсинткен учур болгон эмес-деп өзүмө дем-күч берип, буга чейинки экөөбүздүн эң сонун көз ирмемдерибизди эстеп, ошону сактап калыш үчүн өзүмдү Кудайдын алдында сынап көрдүм. Бүгүнкү күндө досторум: “Канчалаган эркектер оорубаган аялын балдары менен таштап кетип жатышат. Турусбек сен кыйын адам экенсиң-деп ыраазы болуп айтып калышат. Өзүмдүн уулум Дима үйлөнө турган учурда келиним Аида экөөнө: “Эгер силер 30-40 жылдан кийин дагы  бүгүнкү күндөгүдөй бири-бириңерди сүйүп турсаңар, анда баш кошсоңор болот. Ошон үчүн мага сөз бергиле-десем экөө бири-бирин карап туруп “ооба, биз дагы аракет кылабыз”-деп жооп беришкен эле. Ошол сөздөн кийин экөө бири-бири менен кайым айтышпай ынтымактуу жашап келатышат. Андыктан балдарды ушундай тарбиялаш керек.

Турмушунда үй-бүлөсүнүн баркына жетпеген кээ бир мугалимдер жаштарды тарбиялап жатышып: “Силер бактылуу болгула. Келинчегиңердин баркына жеткиле”,-деп айтышат.  Бир үй-бүлөнү кармай албай туруп 4-5 аял алгандар кантип жаштарга тарбия берет деп кээде жүрөгүм ооруйт. А менин жашоом негизи чындыкка айланган жомок. Мен 5-класстан баштап артист болом деп кыялданчу элем. Дегеле алдыма кандай максаттарды койсом, ошону баары ишке ашып келе жатат.

-Жубайыңыздын сизге кылган мамилесининин үлгүлүү жактарын учкай айтып берсеңиз??

-Келинчегим экөөбүздүн кесибибиз бир болгондуктан мага түшүнүү менен мамиле кылчу. Анын үч сапаты мага аябай жагат. Апам: “Турусбек эгер сени кайда жүрдүң деп кайра-кайра сураган келинчек болсо, анда ынтымагыңардын ыркы кетип кетип калат. Эгер сенин чөнтөгүңдү аңтарып акча издесе акылы жок келинчек болот. Ошол жагын да кара,-деп айтчу. Анан мен көп байкап калдым. Бир жолу шымымдын арткы чөнтөгүндө бүктөлгөн 100 доллар бар болчу. Кечинде шымымды чечкенде аны унутуп коюптурмун. Шымымдын багалеги булганынан жууп салчы десем шымымды жууп койгон экен. Кийин шымымды кийип чөнтөгүмө кол салсам эле 100 доллар жүрөт. Анан келинчегим: Апей муну алып койбойт белең десем, “сен өзүң билесиң да, мен сенин чөнтөктөрүңдү аңтарып жүрчү белем” деди. Ушундай келинчекке жолукканым үчүн Кудайга миң мертебе ыраазымын. Эгер мен мен махабаттын күчү менен жашабасам, балким  анда көзүмдүн жалынын жоготуп мындан да бир топ карып, чачымдын баары агарып кетмек деп ойлоймун.

-Эми кеп соңунда чыгармачылыгыңыз, талантыңыз тууралуу сүйлөшсөк…

-Махабаттын күчү менен Турусбек Жумалиев дагы иштей алат деп “Арт өнөр” деген студия ачкам. Ал жерде мен студенттериме сабак берип жаткан учурда Москвадан алган билимим менен бирге   турмуштагы  моралдык тажрыйбам да жардам берет. Мен окуучуларымдын баарына: “Эки адамдын ортосундагы сүйүүнү өмүр бою өчүрбөгүлө. Эгер бири-бириңерди сыйласаңар силердө бактылуу үй-бүлө болот,-деп тажрыйбамдан улам баардыгын туура тарбиялаганга аракет кылам.

Анткени чыгармачыл адамды турмушта адам катары  биринчи тарбиялай албасаң анда талантын чыгара албайсың. А мен өзүм Москвадан залкар педагогдордун колунан билим алгам. Ошон үчүн окуучуларыма Москванын методикасын колдонуп билим, тарбия берем. Анан бул методиканын башкалардын айырмачылыгы-ар бир адамдын талантына жараша багыт берүү. Андыктан адамдын жашоого болгон көз карашын түздөп туруп талантын чыгарыш оңой деп баса белгилеп кетмекчимин. Ошондо гана адам көппөйт…

  Баарлашкан:  Нурислам Кабакбеков

 

 

 

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here