Жактоочулук кесипти аркалган Айжан Орозакуновага  окурмандарды кызыктырган айрым суроолорду узатып, жооп алдык .  

Айжан айым, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз…

-Учурда  жактоочу катары иштеген адамдардын биримин. Жактоочу катары, юридикалык жардам берүү тармагында 2011 -жылдан бери иштейм. 2009-2015 -жылдары кошумча саясый партиялар менен шайлоо масеелси боюнча да  эмгектендим.  Андан тышкары, ар кандай долбоорло боюнча чет мамлекеттерде  иштеп келдим.

Сизге адвокаттык кесип эмнеси менен жакын?

-Негизинен жактоочунун иши ыйык деп эсептейм. Анткени, адамдар жактоочуга эң биринчиден алар жактоочудан туура мыйзамдуу кеңеш жана туура мыйзамдуу чечимге жетиш үчүн кайрылышат. Адилеттүүлүк үчүн иш аракет кылган жактоочунун иши чынында эле абдан маанилүү жана мага кызыктуу.

Кыргызстанда адвокаттык тармактын жана адвокаттардын деңгээли кандай?

-Негизинен ар бир кесипте ар кандай адамдар жолугат. Албетте биздин мамлекетте көптөгөн өзүзнүн ишин жакшы билген жактоочулар көп. Өзүнчө кимдир бирөөгө сын тагышты туура эмес деп эсептейм. Негизинен ар бир кесиптин ээси эң биринчиден өз жазаган ишине жооп бериши керек. Менимче,  күчтүү адвокатка терең билим, мол тажрыйба жана жогоруда айткандай адамгерчиликтүү сапат болушу керек. Өз ишин сүйүү, бул эң негизги көрсөткүч деп ойлом. Эгер кимдир бирөөлөр ийгиликке жетишсе албетте кубанычта болом. Ар бир адамдын жакшы жагы жана кемчиликтери болот. Чынында менин аларга сын такканга укугум жок.

Сизди кесибиңизде кызыктуу өзүңүзгө жаккан кайсы бир иш тууралуу айтып бере аласызбы?

— Ар бир иш мен үчүн кызыктуу. Адвокаттардын ишин көзөмөлдөгөн мыйзам бар да. Андыктан,  мага кайрылган адмадар уруксаты жок мен айтып бере албайм.

Түшүнүктүү.  Мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеген өкмөттүк эмес уюмдардын адвокаттар боюнча эмне айтасыз?

— Негизинен мамлекеттин кызыкчылыгын тебелеген, кайсыл гана кесиптин ээси болбосун, ал адамдарга менин көз карашым, албетте жакшы эмес. Мамлекетке карата туура эмес иштер жүргүзүлсө, деги эле кайсыл гана кесип ээси болбосун, алар башка карапайым адамдардай  эле жоопко тартылышы керек. Мен үчүн эң биринчи орунда мамлекетибиздин  жарандарынын укугун колдоо турат.  Жарандардын укугун бузгандарды мамлекетке зыян келтирген адамды катары эсептейм.

Биздеги сот системасын кандай баалайсыз… Акча чоң ролду ойнорун жакшы билесиз да…

-Сот системасы — бул биздин Баш мыйзамыбызда  белгиленгендей бийликтин эң негизги бутактарынын бири болуп эсептелинет. Азыркы учурда баардык сотторду карапайым калк шайлаган эмес да, алар мамлекет аркылуу, мамлекеттик кызматта олтурушкан тиешелүү адамдар тарабынан тандалып келишкен. Ошондуктан эң биринчиден соттук системанын ишин мамлекет талапка ылайык көзөмөлдөш керек жана соттук системанын иши үчүн мамлекеттин тиешелүү органдары жооптуу десек туура болот го. Туура, азыр сот системасында кыйла жагымсыз иштерге жол берилип кетип жатат, бирок “Көч бара-бара түзөлөт”- дегендей, келечекте биздин сот системабыз да кыйла жакшырып, элдин үмүтүн толугу менен актайт деп ишенгим келет.

Иш боюнча сизге кайрылышкан кардарларыңыздын үмүтүн актабай калган учурларыңыз болдубу?

— Бул суроого кыскача эле жооп айтайынчы. Жактоочунун жардамына муктаж болгон бардык жарандар биринчи кезекте жактоочуга чоң үмүт артпай, өзүнүн (же жакындарынын) кылган ишине туура баа бериши керек. Бул биринчи кадам. Дагы басым жасап айтайын, жактоочуга кайрылгандар, биринчи кезекте жактоочуга эмес, өзүнө ишенүүсү зарыл. Кыскасы, ортодо келишим болгон чоң, жактоочу да баш-оту менен жооп берет. Өзүндө да чоң жоопкерчилик болушу керек. Себеби, иштин деңгээли, күнгөй-тескеий көп нерсени чечет. Жактоочу десе эле, сиз күнөөлүү болуп турсаңыз, сизди “кылдан камыр суургандай сууруй алышпайт” да. Бирок ошондой болсо да кадам, албетте жактоочудан да көп нерсе көз каранды десек болот.

Кайсы бир иш боюнча адвокатка муктаж болгон замандаштарыбызга кандай кеңеш бересиз?

— Кандай иш боюнча суроо туулса , ошол багыттагы ишти жүргүзүп жүргөн тажрыйбасы мол, мурун кимдир бирөөгө жардамын берип, жакшы көргөзгүчкө болгон жактоочуга кайрылуусу зарыл. Бул жагынан биринчи кезекте ишеним маселеси болушу кажет.

Маектешкен, Азамат Кангелдиев

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here