Учурда кант оорусу дүйнөдө эң көп таркаган оору жана аны менен миллиондогон адамдар оорушат. Мына ушул жанды кыйнаган ооруга кадимки алоэ гүлү шыпаа болот. Анын кандагы канттын өлчөмүн төмөндөтө ала турган касиети бар. Алоэ – баарыбызга бала күнүбүздөн тааныш өсүмдүк. Ал ден соолукту чыңдоодо жакшы жардам берип, сулуулук үчүн да колдонулат. Дээрлик көпчүлүгүбүздүн үйүбүздө кездешкен бул бөлмө өсүмдүгүн өстүрүү жана карап-багуу көп түйшүктү талап кылбайт. Алоэ гүлүн кант оорусунда колдонуунун тамыры бир кылымга гана созулбайт.

Бүгүнкү күндө адистер алоэ чындап эле бул ооруга миңдин бири экенин далилдеген изилдөөлөрдү жүргүзүшүүдө. Белгилүү болгондой, кант оорусу эки түргө бөлүнөт жана ар бири ар башка дарылоону талап кылат. Бул жерде белгилеп кетүүчү нерсе, алоэ гүлү кант оорусунун 2-түрү менен жабыркагандар үчүн пайдалуу. Бул оорулууну инсулин ийнесин сайынуу зарылдыгынан куткарууга жардам берет.

Аида Мусаева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here