Негизи эле кыргыз эли, айрыкча мамлекеттин арабасын сүйрөмүш этип жүргөн атка минерлердин баары эле күз келсе, кыш мезгили келбечүдөй, кыш келсе, жаз келбечүдөй сезим менен жашашат жана ошого жараша иш жүргүзүшөт десек болчудай. Айталы дегенибиз, жаз келгенде, кыш келерин унутуп, ага болгон даярдыкка кайдыгер мамиле жасашат. Буга далил катары азыркы өкмөттүн жазга болгон даярдыгын мисалга тартсак болот.

Маалыматка ылайык Кыргызстанга жазгы талаа иштерине жалпысынан 42 миң тоннадан ашуун күйүүчү май керектелет. Бүгүнкү күндө өкмөт май маселесин толугу менен өз учурунда чечүүгө анчалык ашыкпай турат. Жаздын алгачкы айы эртең эле деми жылуу Чүй жергесине баш багат эмеспи. Белгилүү болгондой кыргыз элине жазгы талаа иштерине өкмөт май менен камсыздоо жагынан гана жардам бербесе, үрөн, техника сыяктуу эң негизги иштерин өздөрү ишке ашырат. Өкмөт буларга башы деле оорубайт, баарын эл өзү камдайт. Андыктан, карапайым калкты май менен тыңыраак камсыздап берсе экен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here