Көпчүлүк Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Таш-Кыя, Челпек, Бурма-Суу деген биринин артынан бири эле чиркелишкен айылдарда жана Бөрү-Баш айылында калмак улутунун өкүлдөрү жашайт деп келишет. Челпек айыл аймагынын башчысы Жыргалов Эрландын айтканына караганда, бул айыл аймакта 8000ге жакын калк жашайт. Бир жарым миң түтүн эли бар бул жерде 4,5 миңге жакын шайлоочу болсо, алардын  60 пайызынын улуту калмак деп көрсөтүлгөн.  Бирок, мына ушул айылдын тургундары “калмак” деген сөз аларды башка элден кандайдыр бир деңгээлде алыстатып турат дешүүдө. Бизге Муканбетов Рамис деген агабыз келип, дал ушул маселени  төкпөй чачпай айтып берди. Ал мындай дейт:

-Ар бир адам жаш өткөн сайын өз ата тегин, баба — чокусун билгиси келет. Кыргыз бул маселеге өзгөчө маани берет эмеспи. Негизи бир эркек адамдан 250-300 жылда 1200 киши тарап чыгат экен. Кыргыздын уруулук курамы оң канат, сол канат, ичкилик болуп бөлүнөт. Бизде 4 айылда 16 уруу бар. Алар кайдан келип чыкты? Бизде эң көп Солто деген, ошондой эле, Кыпчак деген уруу бар. Анан Жедигер, Моңолдор деген уруулар жашайт. Алардан 16 уруу келип чыгат. Мен Байымбакы уруусунанмын.

КЫРГЫЗДАРДЫН ЖУҢГАРЛАРГА КАРШЫ КҮРӨШҮ

Бул бай Бакы деген эле сөз экен. Бакы абдан соодагер, бай адам болгон экен. Бир күнү калмактар аны кармап алып, бир койдун башын берип, соодалап кел дейт. Ал койдун башын көтөрүп алып, аны мактап, мээси жакшы, аны жеген адамдын акылына акыл кошулат деп козуга алмаштырып, аны мактап койго, анан аны торпокко, торпокту уйга, уйду жылкыга алмаштырып келген деп айтышат. Эми сарт-калмак деген кайдан келип чыкты? Кыргыздын жерин негизи кытайлар анан калмактар баскан экен. 1650-жылдары биздин жерди кытайлар баса баштаганда, калмактар Чүй, Таласта нан айдаган мусулмандарды өздөрү менен кошо алып кетет экен. Ошондо 3000дөй мусулман Жунгарияда нан айдоочулукту өнүктүрүүгө кетет. Ал жерде кыргыз, уйгур, калмак бары коңшу жашап, дыйкандар кордук көрбөптүр. Калмактар басымдуулук кылган үчүн кыргыздар ал жерде калмак тилин үйрөнүшкөн экен. Бирок, алар өз жерине кайтып келүүнү самап, кийин келишкен.

Дүйнө жүзүндө бир улут башка бир улут болуп кеткен учур жок. Башка улуттун тилин үйрөнсө да, динин бербейт, ырым-жырымы, салты калат. Биз өзүбүз кыргыз болгонбуз, кыргыз боюнча калдык. Уйгурлар менен жашап, сооданы үйрөнүп, калмак, уйгурдун ортосунда болгон үчүн сарт-калмак деп атаса да керек. Мен тарыхчы Анварбек Кутуевдин изилдөөлөрүн окуганда да бул жөнүндө жазылган экен. Бизге бир жылдары Элистадан калмактар көп каттады. Тилибизди изилдешти. Кийин чачыбызды, каныбызды алып кетип салыштырганда, алардын улутуна дал келүүнү тапкан эмес экен. Биздин айылдын адамдарын сырткы кебетеси деле калмактар менен такыр окшошпойт, физиономиясы да башкача. Андыктан, биз жерибизди сагынып, Казакстан аркылуу 1866-жылы келген кыргызбыз. Мындай алганда, бул окуя кечээ эле болуп атпайбы. Биздин ата бабалар ошол маалда 20 пайыз гана кыргыз тилин билген экен. Алар калмакча сүйлөгөн үчүн калмак дешкен го сыягы. Албетте, биз эми “калмак” болуп деле жүрө берсек болот. Бирок, биздин урпактар ушул боюнча “калмак” аталып калса, туура болбойт го. Кээде тамаша-чындан бизге Манас бабабызды өлтүргөнсүңөр деп калышат. А чындап келсе, кытай басып келгенде, калмактар кетип калышкан. Анан советтик доордо кытай менен мамиле бузулат деп, Манас эпостогу “кытай” деген жерди “калмак” деп оңдоп койгон. Тарыхтын такталбаганынан калмак кыргыздын душманы деген так урпактарга калып жатат. Биз эч нерсе жок жерден эле калмак болуп калып жатабыз.

Дунгандар көлгө бизден 10 жыл кийин эле келген. Алар тилин жоготпой эле жүрүшөт. Алар кыргыз эмес, ошон үчүн кыргыз боло албайт. Алар 1000 жылда да кыргыз болбойт. Сырткы келбети да такыр окшобойт. Айтайын дегеним, биздин элдин тарыхы толук изилденбей калган. Бирок, логикага, кийинки калмактар изилдеген ДНКга ишениш керек. Бир улут эч убакта башка улут болуп кетпейт. Биздин каныбыз калмактыкы эмес, динибиз мусулман. Калмактын аты да башкача, үч-төрт сөздөн турат. Биздин ата-текте андай ат кезикпейт. Рамис ага бизге дал ушундай сөздөрдү айтты.

Мен да ушул маселе боюнча кызыгып, аталган айылдарда болуп, карыялар менен кезиккен элем. Айылдарда тарыхты, салт-санааны жакшы билген аксакалдардан деле калган эмес экен. Элден сураштырып, Таш-Кыя айылындагы жашы 80ге  келип калган Жолдошев Токтобек деген адамга  жолукканбыз. Ал: «Бизди сарт-калмак деп коет. Эл бул жерге 1880-1882-жылдары келген экен. «Сарт» деген сөз «соодагер» деген эле сөз турбайбы. Мурда биз өзбектерди сарт дейт элек. Мен бала кезде өзбек дегенди уккан эмесмин. Бир миң жети жүз бир канчанчы жылдары Ошур,Бакы деген эки “сарт” Намангандан Кытайга соода кылып барып, кытай кыргыны башталганда чек аралар жабылып, экөө ошол жерде жашап калат. Булар намазын окуп, Кудайга жалынып, кадимкидей жүрүшөт. Ал жердеги кытайлар, калмактар будда дининде эле да. Ошол кезде Солто, Сарбагыш өңдүү кыргыздын 5-6 уруусунан да барып калышат. Бири качып, бири соода кылып барган дейт. Алар баары мусулман болгондон кийин бир жерге топтолушкан экен.

Кийин ошол жердеги 30 адамга баш болгон Бакы деген киши калмакка үйлөнөт. Беркилер каапырга үйлөндүң деп жакшы көргөн эмес го сыягы. Тиги киши:«Биз бул жактан жакында кетпейбиз, мен тукумсуз кала албайм»,- деп түшүндүрөт. Ал 2-3 балалуу болгондон кийин башкалар аны туура түшүнүп, алар да  калмактан аял алат. Баары бала-чакалуу болот. Кыздар чоңоюп калмактарга турмушка чыгат, балдар чоңоюп калмакка үйлөнө баштайт. Анан ал жердегилер «биздин динибиз каапыр болуп кала турган болду. Эптеп кетиш керек» деп кеңешет. Көлдү “нур”дейт калмакча. Көлгө, Караколго барыш керек деп, Чыныбай бийге келишет. Анда Каракол уезди филиал экен,андан жер алганга уруксат алып,түпкү ордосу Верный шаарына ат менен барып, уруксат кагазды бекиттирип келишет”,-деген ойду ортого салды карыя.

Биз баарыбыз эле кыргызбыз. Калмактан аял алган кыргызбыз. Биздин салттын баары кыргызча. Калмак деп айтууга эч кандай себеп да жок. Бакы менен Ошур тууралу мен сага бала кезде укканымды айттым. Атам санжырачы адам эле, 94 жашында дүйнөдөн өттү,-деген карыя бул жердеги калк Текеске мечит салып, ак боз ат союп, анын канына кол салып, “эч убакта бөлүнбөйлү” деп антташып келгенин да айтып берген.

Айылда каада-салтты, тарыхты билген байбичелер барбы деп, Токтобек атанын айтканы боюнча, Каракол суусун бойлоп, айылдагы өңгүл-дөңгүл жол менен Бурма-Суу айлындагы жылкычы Жумабай деген адамдын аялы Балык апага баргам. 87 жаштагы Балык апа небереси Тынчтык, небере-келини Гүлзат менен турат экен. Гүлзат сүттүү чай куюп, жаңы эле тандырдан чыккан калмак токочтон туурап, үстүнө май салып, салт болуп калган калмак чайды сунган. -Кызым, калмактын тамак-ашын, салт-санаасын айт дейсиң, биз деле кыргыздай бешбармак жасайбыз, тамактарынын баары окшош. Сарт-калмак сүттөн быштак, эжигей, курут жасайт”,- деп сапсары эжигейди тезек калап, аздан кайнатып олтуруп, бир күн кечке даярдаарын айтып берди. Угуп олтурсам, ал деле кадимки кыргыздын тамагы.

Мен андан калмактын кыйма кесмеси кантип жасаларын сурадым. “Бул бат жасалган тамак. Койдун же уйдун эти жарашат. Өтө майлуу кылбай, этин көп кылып,эт, пиязды мантыга туурагандай туурап жыгач табакка салып, кичине балка менен чабат, өтө майда кылбай, этке аз-аз туз аралаштырып, шакылдап кайнап турган сууга этти салып, тегиз аралаштырып, табы менен кайнатып, эт бышканда кесме чач. Кесменин камырын көпкө ийле”,- деп түшүндүрдү. Караколдуктарга катуу белгилүү болгон калмак токоч көк сүт менен жуурса, жумшак да, даамдуу да болорун айткан. Калмакча ырдап бериңиз десем, жаш кезде анча-мынча ырдап калчу элем, азыр кайдагы ыр деп ырдоодон баш тарткан. Айылда калмак ырын ырдаган, калмак бийин бийлегендер да жок экен.

Эчкинин жүнүн майда тытып, туздан көп кошуп, ак топурактан ийлеп жасалган тандыр бул жерде дээрлик ар бир үйдө бар. Бир тандырга орточо 40 токоч батат. Айыл аймагынын башчысы Жыргалов Эрлан айылда тандыр нан менен чакан ишкерлик жүргүзгөн  7-8 адам иштээрин, патент алып, салык төлөй турганын айтат. Алардын ар бири бир нече адамды жумуш менен камсыз кылат экен. Эртең менен саат 5те жумуш башталып, саат 8де Караколго ысык калмак токочтор келип калат.

Ошентип, биз “калмак” деп атаган туугандарга да барып келгем. Чындыгында учурда мында тарыхты так билген ак сакалдар деле калбаганын бул жердегилер айтышты. Бул элдин салт-санаасында дагы өзгөчөлүк жок. Кыргыздан келин алып, тойду да кадимки кыргыздай өткөрөт.

Тарыхчы  Тынчтыкбек Чоротегин: “Көлдөгү сарт-калмактардын келиши дүйнөлүк этнографтар үчүн да дагы эле кызыктуу бойдон кала берүүдө. Мажарстандан келип ушул сарт-калмактардын этнографиялык өзгөчөлүктөрүн иликтеп жүргөн окумуштуулар да бар.  Жалаң гана 1881-жылдан кийин бизге Чыгыш Түркстандагы көтөрүлүштүн кесепетинен ооп келген сарт-калмактарды  карабастан, ошол эле учурда Кулжада, Текесте, башка аймактарда калып калган, буларга тектеш деп эсептелген элдерди да иликтеш керек”,- деген оюн айткан.

Челпек айыл аймагында азыр калмак тилин билгендер жокко эсе. Анча-мынча тил билген ошол аз киши дагы бул жердегилердин тили байыркы калмак тили экенин айтат. Ал азыркы элисталыктар менен монголдордун тилинен көп айырмаланат экен. 1970-жылы Элистадан бул жерге атайын эки мугалим кыз келип, кайрадан калмак тилин жалпы айылда жайылтабыз деген аракеттер болгон экен. Бирок, ал кыздар көпкө чыдабай эле кетишет, бул жердеги өздөрүн кыргыз деп эсептегендердин көпчүлүгү калмак тилин үйрөнүүдө өтө кыйынчылыкка дуушар болду, үйрөнгүсү келбегендер да көп болду, бул ишке ашпай калды дейт айыл тургундары.

Ал эми илим деген башка. Челпектиктер жөнүндө эки тараптуу көз караш бар. Бири бул жердегилер кыргыздын өзүнүн эле урууларынан десе, экинчиси чыныгы сарт-калмактардын арасында этностук теги, тили жагынан батыш моңголдор, тактап айтканда, ойроттордун уруусуна кирген бир катар “кошоо”, “тыргоо” жана башка урууларынын урпактары бар деп жазып келет. “Бизде негизинен солтолор, жедигерлер, кыпчак аталыштагы уруулар бар, тынымсейит деген кыргыздын эле урууларына барып кошулабыз. Көпчүлүгү мына бүгүнкү күндө солто элинен өздөрүнүн урук-туугандарын таап, алар менен кадимкидей катташып жатат дейт” ак сакалдар. Айтор, бул темага тарыхчылар кайрылышса дурус болор эле. Өздөрүн кыргыз деп эсептеп, кыргыздан эч бир айырмасы жок элди кыргыз дебей койгонубуз да туура эмес го. Тарыхчылар сарт-калмактардын түпкү теги кыргыз экенин далилдеп берген болсо, бардык тараптан алганда да, пайдалуу жана жакшы болор эле.

 

Автор: Жумагүл Барктабасова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here