Сексуалдуу дегенде эле фотомодель, же болбосо порножылдыздарды көз алдыбызга элестетибиз. Ал эми саясаттагы айымдарды көбү «стерва» деп ойлошот. Өлкө башкарган, депутат айымдардын да сексуалдуулары өтө эле көп. Биз алардын айрымдарына гана көз чаптырып көрөлү.

Италиянын эң сексуалдуу депутаты

Модель Мара Карфагна Италиянын эң сексуалдуу депутаты болду. Модель дегенде эле эркектер периштени элестетип алат эмеспи. Маранын фигурасын көргөн депутаттар, ошол жерден эле «иштерин бүтүрүп» салгысы келет, бирок кызмат абалы ага жол бербей көпчүлүк депутаттарды бушайманга салып, турмушун куушуруп келет.

Анан дагы кандай кийим кийинбесин дене мүчөсүн сындуу көрсөтүп коёт. Ар бир жыйынга чогулган саясий ишмерлер, депутаттар астыңкы эринин тиштеген боюнча айласы жок арманда кетишет.

«Плейбой» менен саясатты аралаштырган Светлана Хоркина

Россиянын депутаты, спортчу айым Светлана Хоркина «Maxim» деген журналга ич кийимчен сүрөткө түшүп берген. Андан көп өтпөй эле Плейбой журналынан сунуштар түшүп, ал журналдын биринчи бетине да болгон уят жерин көргөзүп, уялбастан сүрөткө түшкөн.

Муну көргөн депутаттардын шилекейлери чууруп, баары Светлананын денесине ашык болуп калат. Эки журналга чыккан депутат учурда саясаттагы сексуалдуу айымдардын эң алдыңкыларынын бири болуп калды.

 

Намыстуу жерин гана жашырган Алина Кабаева

«Манастан Чубак кем бекен?» — дегенсип, Светлананы көргөн орустардын дагы бир депутат болгон айымы Алина Кабаева да намыстуу жерлерин леопарддын териси менен жаап сүрөткө түшкөн. Андан көп өтпөй эле Алинага ар жактан сунуштар түшүп, «Аю» деген эркектердин журналын тандап алып, ал журналдын биринчи бетине бакыйып сексуалдуу болуп түшүп берген.

https://www.youtube.com/watch?v=ahqJuWRoPSg

 

Эркектердин эсин оодарган Мария 

  Мария Галоян 20 жашында Эстониянын Тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалган. Эркектердин көз жоосун алган чырай жүздүү депутат кыз Мария да жылаңач журналдарга тартылып, калың журттун арасында бир нече убакыт талаш-тартыштарды, нааразычылыктарды туудуруп турган. Ошого карабастан, учурда Мария Эстониянын эң сексуалдуу жана эң ийгиликтүү саясатчы айымдарынын катарында. Анын бир көз карашы эле анча-мынча эркектин эсин оодарып, башын айлантып коёт.

Порно киного тартылган депутат Чиччолина

Илона Шталлер (венгрияча фамилиясы) «Чиччолина» деген тергеме ат менен саясий чөйрөдө өтө популярдуу айым. Чиччолина Италиянын экс-депутаты сексуалдуу көрүнүш үчүн кезегинде эмчегине пластикалык операция жасатып, Италиянын гана эмес ага жакын өлкөлөрдүн саясатчыларынын бүйүрүн кызыткан. Көрсө, Чиччолина төшүн жөн эле чоңойтпоптур. Чоң төшү менен ондогон порно кинолорго тартылган. Ал стриптиз бийлегенде эркектер эле эмес, аялдар да көзүн албай карап калчу.

Ошентип саясатты да, порно жаатты да таарынтпай, чоогу алып жүргөн саясатчы бүгүнкү күндө «Саясаттагы сексуалдуу айымдардын»  арасынан 4-орунду эч кимге бербей келет.

Автор: Самара Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here