Кыргызстанда биринчи жолу илбирстин жашоосун изилдөө максатында ага электрондук чип жайгаштырылган каргы салынды. Бул дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу илбирске салынган каргы дейт Сары-Чат-Эркечтам мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Муктар Мусаев. Аталган мамлекеттик коргунун директорунан кызыктуу маалыматтарды алып, учкай сөзгө тарттык.

Дүйнө жүзүнгдөгү өтө табышмактуу жана ажарлуу жырткыч жаныбар илбирстин жашоосу али бүгүнкүгө чейин толук изилденип бүтө элек экен. Ал жер шарындагы 12 гана мамлекетте бар. Алар- Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Таджикстан, Россия,  Афганистан, Пакистан, Бутан, Индия, Кытай, Монголия, Непал өлкөлөрү.

2013-жылы Президентибиздин уюштуруусу менен бүткүл дүйнө жүзүндөгү илбирс бар мамлекеттер Бишкек шаарында илбирстерди коргоо боюнча саммид өткөргөн.  Ошондогу долбоорлордун негизинде Американын “Кара пантера” уюму менен илбирс бар 12 мамлекетте аны кармап, миграция жолун изилдөө боюнча иш башталган. Аракеттер алгач Тажикстанда жүргүзүлүп, жыйынтыгын берген эмес экен. Ал мамлекеттен бир дагы илбирс кармай алышпаган соң, долбоор алкагында иштегендер биздин мамлекетке келишкен. Кыргызстандан мышык сымалдуу бул жаныбарды изилдөөгө уруксат алышкан соң алар Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүнөн Пикыртыктан, Жаңарттан жана башка жерлерден дагы бул табышмактуу жандыкты кармай алышкан эмес.

Ушул эле долбоор аркылуу биздин өлкөнүн Япония менен бирге иштеген “Кайберен” уюмунун өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Сары-Чат-Эркечтам мамлекеттик жаратылыш коругунан илбирс кармоого уруксат алышып, америкалык ветеринар менен бирге келишкен. Алар жаныбардын эти оорубагыдай атайын капкандарды салышып, алар күнү-түнү кайтарылып, андагы датчиктер иштеп турган. Капкандар жыйналчу күнү эртең менен саат 7лер чамасында капкандардын бирине илбирс түшкөн. Анын салмагы 38 кг, беш жаштагы ургаачы илбирс экени аныкталды. Ага атайын чип жабыштырылган каргы салынды. Андагы чип 18 ай бою иштеп, анын кайда жүргөнүн спутник аркылуу көрсөтүлүп турат дейт адистер. Ал эми, 18 айдан кийин экинчи каргыдагы датчик иштеп, биринчи каргы түшүп калат экен.

Буга чейин япониялык окумуштуу, профессор Шиигуика Изуямиями 4 аркарга ушундай эле каргыларды салган.  Учурда ал аркылуу аркарлардын жүрөгүнүн согушунан  бери изилденип жатат.

Сары-Чат -Эркечтам мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Муктар Мусаевдин айтуусунда Сары-Чат Эркечтам мамлекеттик коругунда учурда 2883 баш аркар кулжа, 1900 эчки-теке бар экен и аныкталгын. Ушул эле корукта учурда ар кайсы 5 уюмдун 40 фотоловушкасы бар экен.

Ал эми, биздин “Болжолдуу илбирстин санын айта аласызбы?” деген сурообузга ал : “Биз аркар-кулжаларды санаганда топ-тобу менен санайбыз. Алар сиз айткандай, болжолдуу айтылып, 80 пайызга чейин так делип эсептелет. Ал эми, илбирстин санын болсо так айта алам. Себеби, биздин корукта алардын 250 заңын өзүнүн технологиясы боюнча чогултканбыз. Аны анализге кетиргенде, биздин корукта  18 илбирс бар экени аныкталган.  Мындай    изилдөө алардын санын эле эмес, генетикалык өзгөчөлүгүн, алардын эмне менен тамактанганын, жашын, эркек-ургаачы экенин да айтат. Бул россиялык лабораторияда аныкталган”,-деп жооп берди. Ал бир илбирстин териси дагы бирине окшопой турганын, ар бир илбирс өзүнчө кайталангыс темгилдерге ээ болорун айтат.

Ал эми, Кыргызстандын тоолу аймактарында учурда 286нын  тегерегинде ак илбирс бар деген маалымат бар. Бул жандык жок болуу коркунучунда болгондуктан, аларга мергенчилик кылууга тыюу салынган.   Кыргызстанда кез-кези менен аны коргоо боюнча акция өтүп турат. Акциянын максаты- илбирстин жоголуп баратышына коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет.

Автор: Жумагүл Барктабасова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here