Айыз- бул аялдын организминин циклдүү өзгөрүшү менен ай сайын жатындан келген кан. Аны борбордук нерв системасы (баш мээ кыртышы, гипоталамус, гипофиз) тейлейт.

 Гипоталамус — ички органдын ишин багыттоочу жана жөнгө салуучу баш мээнин негизги бөлүгү. Ал гипофиздин аракетин тездетүүчү өзгөчө зат — нейрогормондорду бөлүп чыгарат.  Гипофиз өзү да ички секреция бездеринин, анын ичинде жыныс (энелик) бездеринин функциясын активдештирүүчү гормон иштеп чыгарат.

Энелик безде гипофиз бөлүп чыгарган гормондордун таасири менен энелик клеткалуу фолликул өсүп, жетилет. Фолликул өсүү мезгилинде жатынга түздөн-түз таасир берүүчү өзгөчө жыныс гормондорун (эстрогендерди) бөлүп чыгарат. Фолликул жетилип жарылат да, андан энелик клетка чыгат (овуляция). Жарылган фолликулдун ордуна прогестерон гормонун бөлүп чыгаруучу сары денече пайда болот. Эстрогендердин жана прогестерондун таасиринен жатындын былжыр катмары калыңданат, анын кан тамырлары кеңейип, канга толот. Эгер уруктануу жүрбөсө, энелик клетка өлүп, сары дененин функциясы азайып, акыры токтойт. Жатындын былжырлуу катмарынын канга толгон кан тамырлары жарылып, андагы кан былжыр кабыкка куюлат. Канга толгон жана борпоң былжыр кабык ажырап, кан агуу (менструация) башталат.

Андан кийин былжырлуу кабык кайра калыбына келе баштайт. Энелик клетканын жетилүү процесси мезгилдүү кайталанып турат. Адатта этек кир дайыма бир мезгилде кайталанып (3-4 жумада бир), 3- 7 күнгө (аялдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша) созулат. Кыздарда биринчи этек кир жыныстык экинчи белгилер пайда болгондо башталат (Жыныстык жетилүү). Анын кечигиши кыздардын ден соолугуна, социалдык жана турмуш шартына, ички секреция бездеринин функциясынын бузулушуна байланыштуу болот. Ошондуктан 14- 16 жашка чейин кыздарда айызы келбесе кеңеш алуу үчүн адис дарыгерге кайрылуусу керек. Биринчи этек кир күтүлбөстөн келген учурда кыздар коркуп, кайгырышы мүмкүн. Ошондуктан кыздарды буга мурдатан абдан этияттык менен даярдоо зарыл. Көпчүлүк аялдардын айызы белгилүү убакытта кайталанып, келүү мөөнөтү да туруктуу болот, жалпы абалы анча өзгөрбөйт. Айрым аялдарда табарсыктын тушу, бел ооруйт, этек кирдин келүү мөөнөтү бузулат. Кээде аз-аздан, анда-санда же катуу ооруп кан көп кеткен учуру да болот. Этек кир циклинин бузулушу көп учурда гинекологиялык оорунун белгиси болгондуктан врачка кайрылуу зарыл. Кээде этек кир келерде баш ооруп, алы кетип, эмчек катууланат, баш айланат, уйку качат, жүрөк тез кагат. Мында да врач менен кеңешүү керек. Аялдын ден соолугу, анын организминин иш-аракети тиричилик шартына, бала чактан туура багуу, тарбиялоого байланыштуу болот. Айрыкча өздүк гигиенаны сактоо, организмди чыңдоо, туура тамактануу чоң мааниге ээ.

                                          Гинекологиялык ооруларды алдын алуу өтө маанилүү

Гинекологиялык оорулардын алдын алууда айыз учурунда белгилүү гигиеналык эрежелерди сактоо маанилүү. Айыз каны микробдун көбөйүшү үчүн жагымдуу чөйрө болгондуктан алар жыныс кынына,  жатынга кирип, аларда сезгенүүчү процесстерди пайда кылат (андексит, метроэндометрит). Этек кир мезгилинде күнүгө 2 жолу кайнатылган жылуу суу менен самындап жуунуп, душ алуу керек. Ваннага, сууга түшүүгө болбойт. Менструация бүткөнчө өткүр татымал, алкоголь ичимдиктерин ичүүгө уруксат берилбейт, ал кан агууну күчөтөт. Үшүп калууга, өтө чарчоого, оорулуу менен жолугушууга болбойт, анткени бул учурда аялдардын организми начарлап, ар кандай ооруга тез чалдыгуусу мүмкүн.

Айрым учурда айыз цикли  өз маалында келбей, убактысы туруксуз болот. Бул өз маалында келбеген айыз цикли айымдар арасында кеңири тараган гинекологиялык көйгөйлөрдүн бири.айыз  циклинин келүүсүнүн тартиби бузулганда өз маалында келбейт же узакка созулат. Айрым учурда эч себепсиз эле 2-3 ай келбей калат. Андыктан айыз циклинин келүү тартибинин бузулушуна себеп болгон кээ бир белгилерге өзгөчө  көңүл буруу талапка ылайык.

Айыз циклинин келүүсүн тарбизи бузулгандагы белгилери:  21 күнгө чейин же узарып 33 күндөн кийин айыз келсе, демек, тынчсызданууга негиз бар. Сөзсүз түрдө гинеколог адисине кайрылыңыз. Бирок, кээ бир учурда мындай көрүнүш тукум куучулукка да кирет.

Айыз циклинин туруктуулугун ар бир айым так биле жүрүүсү маанилүү. Андыктан ар дайым календарга белгилеп туруңуз.

Узак убакытка жана өтө көп өлчөмдө келген айыз дагы кооптонууну жаратат. Бул айымдарга өтө чоң ыңгайсыздыкты жаратат. Андыктан дарыгерге кайрылыңыз.

Себептери: Эгерде айыздын келүү туруктуулугунун бузулуусна бир нече себептер бар жана суроолоруңузга бир гана гинеколог адиси жооп берет. Өз алдынча кандайдыр бир аракет көрүүдөн алыс болуңуз.

Диета жана физикалык чоң күч жумшоодо дагы айыздын келүүсү туруктуулугун жоготот. Буга байланыштуу күнүмдүк колдонгон тамак- ашыңызга кескин өзгөртүүлөрдү киргизсеңиз же тез арада арыктаган болсоңуз, анда, сөзсүз түрдө айызга таасирин тийгизет. Айрыкча белоктуу диетада отурган жана бодибилдинг менен алектеген айымдар көп кабылышат. Организмге туура келбеген күчкө жооп кылып, дароо эле айыз цикли туруктуулугун жоготот. Мындан сырткары, салмактын калыптагыдай болбогону жана оор диеталар бойго бүтүүгө жолтоо болот.

Гормоналдык өзгөрүү. Калкан без жана дагы башка гормоналдык көйгөйлөргө кабылууда дагы айыздын келүү туруктуулугу жоголот. Ал үчүн гормонго кан тапшырып, себебин так билип алуу керек. Ошондой эле гормоналдык дары- дармектерди ичүүнү токтотуудан кийин дагы туруксуздук келип чыгат. Мындай туруксуздук жарым жылга чейин уланат. Эгерде бул убактан өтүп кетсе, анда, дароо дарыгерге барып текшерилиңиз.

 Инфекция. Жыныстык инфекцияга чалдыгуу дагы айыздын туруктуулугун жоготот. Бирок ,кабатырланбаңыз дарыгердин көрсөтмөсүнө ылайык туура дарылансаңыз, баары өз ордуна келет.

 Стресс. Депрессия жана стресс нерв системасына таасирин тийгизгендиктен айыздын келүү туруктуулугунун бузулушуна алып келет. Демек, мындай терс сапаттардан арылуу талап кылынат. Эс алып, өзүңүзгө жаккан иш менен алектенип, көңүлүңүздү ачыңыз.

 Кош бойлуулук. Айыздын мындай учурда келбей калуусуна бул ирет кубанууга болот. Анткени кош бойлуулукта айыз келбейт.

Даярдаган:  Жоомартова Айчүрөк

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here