Кош бойлуу кезде туура тамактанып,  туура жүрүү керек. Болочок энелерге кош бойлуу мезгилдеги кээ бир учурларга кеп-кеңештерди бермекчибиз.

Кош бойлуу кездеги чач түшүүнүн себептери:

  Кош бойлуу кезде ар бир болочок эненин чачы түшөт. Ал эми наристе төрөлүп,  талпына баштаганда чач андан да көп түшө баштайт. Кош бойлуу кездеги чач түшүүнүн дагы бир себеби, курсактагы баланын күндөн-күнгө өсүүсү себеп болот. Чач түшүүнүн эң негизги себептеринин бири болуп, организмдеги тестостерондун азайып кетиши. Мындай учур көбүнчө кош бойлуу кезде жана климакс учурунда көп кездешет. Бул учурда трихологго кайрылсаңыз, гормондук жана тамырларды айыктыра турган дарыларды жазып берет.

Кош бойлуу кезде болочок энелердин көбү стресске учурашат.  Стресс өз кезегинде чачтын көп деңгээлде түшүүсүнө алып келет. Мындай учурда өзүңүздү-өзүңүз жооткотуп, чачыңыздын түшүүсүнө каршы чара көрүшүңүз керек.

Төрөгөндөн 3-4 айдан кийин аялдын организми калыбына келип калат. Ушундай маалда чачка атайын маскаларды коюп, майлар менен майлап турса, чач кайра калыбына келип, мурунку түшкөн чачтардын ордуна жаңы клеткалар пайда болуп балапан чачтар чыга баштайт. Төрөгөндөн 3-4 айдан кийин да  чач түшө баштайт. Мындай учурда эч коркпоңуз. Анткени, баштагы клеткалар кайра мурунку абалына келет. Ал эми чачтын түшүүсү эмизгенди токтоткондо гана басылат. Эгерде бир жылдан кийин деле чачтын түшкөнү басылбаса, анда кабатырланса болот. Мындай учурда эндокринологго кайрылуу зарыл.

Кофе тукумсуздукка алып келет

 Дүйнөлүк окумуштуулар бала жытына зар болуп жүргөн аялдар күнүнө 4 чыныдан ашык кофе ичүү менен кош бойлуу боло албагандарын айтышты. Андан сырткары, ашыкча салмак, жумасына 3-4 жолу алкоголдук ичимдиктерди ичүү, чылым чегүү дагы балалуу болгонго бир топ кедергисин тийгизет.

 

Төрөгөндөн кийинки айыз

Төрөгөндөн кийин айыз аялдарда ар кандай убакта нормага келет. Орточосу айыз цикли 8-12 айдын аралыгында толук нормалдуу болот.

Энелердин көбү канга окшогон бөлүнүп чыккан затты айыз катары кабылдаганы менен, ал айыз эмес. Канга окшогон бөлүнүп чыккан нерсе төрөгөндөн 2-3 айга чейин келе берет.  Биз жогоруда белгилеп кеткендей, айыз ар кимде ар кандай убакта келет. Төрөгөн келиндин организминде проклатин гормону иштелип чыгып, аялдын организминдеги сүттү стимулдаштырып турат.

Шалфей тукумсуздукту жоюга жардам берет

Мисалы, антибиотиктер боорго негативдүү таасир берет дагы, биринчи жолу эле жыныстык катнашта болгондо кош бойлуу болууга бир топ тоскоолдуктарын тийгизет. Ал эми элдик медицинаны доктурдун берген кеңешинен кийин гана колдонуу зарыл. Шалфей тукумсуздукту жоюуда жакшы жардам бергени менен, биринчи жолку төшөк катнашында бойго болтура албайт.

 Алоенин касиети

Эгерде чүрпөлүү болууну эңсеп, бирок боюңузга бүтүрө албай жүрсөңүз, ата-бабалардан бери колдонулуп келе жаткан элдик медицинанын кызматынан пайдалансаңыз  болот. Беш жылдан ашуун убакыт өскөн алое гүлүн пайдалансаңыз болот. Алгач гүлдү даярдап алыш керек. Бир жума суу куйбагандан соң, анын жалбырагын кесип, таза жууп алып, 10 күн күн тийбеген жерге коюу зарыл.

Андан кийин тикенектерин кесип таштап, майда туурап алып, керектелүүчү азыктарды кошосуз. Мисалы бал, чочконун же каздын майын анан кайнатылган май кошу абзел. Аталган азыктарды алоенин көлөмүнөн 6 эсе көп кошуу керек. Анын баарын аралаштырып, күнүнө бир чай кашыктан жеп турсаңыз, боюңузга тез бүтүрүп, күткөн наристенин жытын жыттай аласыз.

Көз жаруу кээ бир оорулардын алдын алат

АКШнын окумуштуулары төрөгөн аялдар, башкаларга караганда кээ бир оорулар менен оорубай тургандыгын айтышкан. Төрөгөн аялдарга караганда, төрөбөгөн аялдар артрит оорусу менен көп оорушат. Эгерде акыркы беш жылдын аралыгында төрөгөн болсо, артрит оорусу менен оорубайт. Ал эми акыркы 15 жылдын аралыгында төрөгөн аялдар мындай ооруга тез чалдыгышы мүмкүн. Мунун баары  эмбриондук клеткалардын жардамы менен болот. Эненин организминдеги эмбриондук клеткалар артриттин өрчүүсүнө тоскоолдуктарды жаратат.

Чоюлган ичти калыбына келтирүү

Баардык эле аялдарда төрөгөндөн кийин ичи чыгып, жолдошума жакпай калам, ичимди кантип киргизем? – деген ойлор келет. Анткени, кош бойлуу учурунда энелер чүрпөсүнө залалы тийбесин деп, күнүгө тартып жүргөн ичин бош кармайт. Ал эми төрөгөндөн бир айдан соң, баягы ичиңизди тартып жүргөн калыбыңызга кайра келип, ичиңизди тарта баштасаңыз, ич кичинеден өзүнүн калыбына келе баштайт.

Эгерде сиз төрөгөндөн кийин толуп кетсеңиз, арыктоого шашпаңыз. Анткени, тез арыктасаңыз, тери шалбырап калат. Ошондуктан, өз кезеги менен акырындан арыктоо, өзүңүздүн мурунку калыбыңызга алып келет. Алгач эртең мененки дене тарбия көнүгүүлөрүнөн баштаганыңыз дурус болот. Мисалы, эртең мененкисин чуркап, эки бутуңузду өйдө көтөрүп 10 секунд кармап кайра түшүрүп он-он беш жолу жасасаңыз ичтеги булчуңдарга күч келген сайын ичиңиз артка тартыла баштайт.

Кош бойлуулар кайсы тамактардан баш тартыш керек?

 Болочок энеге кандай учур болбосун ал тамактан баш тартууга мажбур болот. Анткени, кээ бир тамактары курсактагы балага зыянын тийгизет:

— Калайдагы эт жана балык;

— Ышталып туздалган (копченое);

— Өтө туздалган тамактар;

— Колбаса, жана сосискалар;

— Даяр пельмен, манты;

Кош бойлуу мезгилде кант, жогорку сорттогу ун, кондитердик азыктарды, таттууларды аз өлчөмдө жеген жакшы. Антпесе, бул азык-заттар болочок эненин организминде аллергияны пайда кылып, айлануу процессин начарлатып, курсактагы баланын салмагын чоңойтот. Боюнда 4-5 ай болуп калганда да бөйрөктүн иштөөсүн начарлата турган тамактарды аз жегенге өтүү керек. Мисалы, приправа, ачуу тамактарды ичпеш керек.

Баланы кандын тобу менен аныктоо

Болочок ата-эненин канынын тобуна карап төрөлө турган баланын кыз же эркек экенин аныктоого болот.

Кандын тобу Атасыныкы
Энесиники I II III IV
I Кыз Бала Кыз Бала
II Бала Кыз Бала Кыз
III Кыз Бала Бала Бала
IV Бала Кыз Бала Бала

 

Даярдаган: Самара Саламатова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here