Ысык-Көлдө Ренат Исмаилов деген жигит он кичи автобусту чиркештирип 30 мертге чейин сүйрөп, көпчүлүктү таң калтырып, аты алыска угула баштаган эле.  Жашы он тогуздагы жапалдаш бойлуу баланы бир көргөн киши мындай өнөрү бар деп ойлобос.

-Ренат, буга чейин беш кичи автобус сүйрөдүң эле, мында эки эсеге көбөйтүпсүң. Улам акырындап көбөйтүп даярдандыңбы?

— Жок. Сиз айткандай, улам көбөйтүп даярданган жокмун. Он автобусту  дароо  эле сүйрдүм..

-Дароо эле сүйрөй албай калсам эмне болот деп корккон жоксуңду?

-Корксом бүгүн мынча эл жыйналган жерге келбейт элем да. Мен эң негизгиси ички дүйнөм менен рухумду даярдап жүрдүм. Оюмда ушул нерсе жашап келген. Мен анын үстүнөн көп жолу ойлонгом.

-Демек, сага бул нерсенин баары аян сыяктуу келет экен да? Өзүң жөнүндө айтып берчи.

-Ооба, мага мунун баары аян сыяктуу келет. Эми муну ийне-жибине чейин айтпай эле коеюнчу. Бул менин купуя сырым катары калышын каалайм. Кай бирлер сенин ичиңе жин кирип кеткен дешет. Бирок, Алла жин менен адам баласын өзүнө сыйынсын деп жараткан. Ал экөөнүн колунан эч нерсе келбейт. Мага күч берген -бир гана Жаратканым.

Ренат Исмаилов

Өзүм жөнүндө айтсам, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургунумун. Үч биртууганбыз. Ата-энем алгач менин бул өнөрүмө каршы болду. Бирок, кандайдыр  бир күч менин жанымды жай алдырган жок. 2012-жылы 27-март күнү ушу өнөрдү баштагам. Бир жолу 3 күн уйку көрбөгөн кызык күндөр өттү. Бардык денем таштай катуу болуп калды. Жада калса, теримди чойсом чоюлбайт. Уйку качып, 3- күнү кара тер кетти. Эртең менен турсам, жаздык суу, тамагым кургап калыптыр

Энеме айтсам, ооруканага алып баралы деп кабатыр болду, бирок мен өзүмдү жакшы эле сезип турам деп ага көнбөй койдум.Бир убакта өзүмдү кандайдыр бир күчтүү сездим. Үйдөгү сковородканы алып, тиземе коюп ийип салдым. Кайра түздөп, кайра ийдим. Дубалда кагылып турган мыкка полотенца ороп, тишим менен суурдум.

-Сен сүйрөгөн кичи автобустун баары биригип канча салмакта болот экен?

— Орточо бирөө 3 тоннадан болгондо, ону 30  тонна дешти. Болжол менен 30 метр сүйрөдүм.

-Өзүңдүн салмагың канча?

-65 кг.Боюм.1,71.см.

-Спорт менен машыкчу белең?

— Эрежесиз мушташ боюнча спор чеберине кандидатымын. Маданият министрлиги 2014-жылы “Мыкты балбан” деген төш белгиси менен сыйланган. Мага эрежесиз спортко чакыруулар болду, бирок, ага катышкым келген жок.

— “Ташчайнар” менен тааныш болсоң керек?

Ташчайнар. Н. Алишеров

-Аны менен өнөрүм башталгандан эки айдан кийин тааныштым. Талаада чөп жыйнап  жүрсөм эле бирөө телефон чалып калды. “Мен Ташчайнармын, сенин өнөрүңдү уктум. Спорт сарайына концерт коюп жатам, келип өнөрүңдү көргөз”,- деди. Бирок, мен ага жетишип бара албай калдым. Таш чайнарга 40 жигит топто деп аян берилген. Ал эл алдына акчасы жок, Кудай Таалам берген талант менен жылдыз болуп чыкты. Анан экөөбүздүн мамилебиз келишпей койду. Мен жасаган нерсени “Ташчайнар” жасай албайт, “Ташчайнар” жасаган нерсени мен жасай албайм. Ошентсе да, ага ыразычылык билдирем. Көптөгөн жерге алып барды. Мен аны менен 7 ай жүрдүм. Таласта, Нарында болдук. Циркте концерт койдук.

-Сен оор нерселерди тиштериң менен сүйрөп жатасың, тишиң оорубайбы?

-Эми албетте, ушундай иштерден кийин жаагым ооруйт. Бирок, оюмдагы нерсени аткарууга далалат кылам. Кудайга шүгүр, тиш менен чака, сковородканы айырам, бир килограмм жаңгакты 25 секундда чагам.

-Дагы кандай өнөрүң бар?

-Айнекке бетим менен жатып, башыма 120 килораммадык киши турса болот. Айрыны курсагыма коюп, ошол айры менен мени үч бала көтөрсө,  үстүнө жата алам. Пескоблокту сүзүп сындырам. Айнекке бензин куюп, айнек өрттөнүп жатканда, үстүнө жатып, үстүмө 20 киши көтөрө алам. Колумду самындап жууп, колумду бензинге салып өрттөгөн . Тикенек зымды денеме чытырата ороп, 5 метр зымды экиге бөлүп, жылаңач бутума ороп басып кете алам. Лампочканы бензинге өрттөп, күйүп жатканда жеп, кайра чыгарам. Мен өзүмдү балбан деп эсептебейм. Бирок, бул мага Кудайым тарабынан берилген тартуу. Мага балдар келет, ушул өнөрүңдү үйрөт деп, телефон чалышат. Үйрөткүдөй бул спорт эмес, бул Кудайдан келген кудурет деп түшүндүрөм аларга. Мен ар дайым чындык тарапта болууга аракет кылам. Тойлорго чакырышат, 300 долларга өнөрүмдү тартуулайм. Бирок, өнөрүмдү акча табуу үчүн гана колдонсом, Жараткан менден бул өнөрдү алып коюшу мүмкүн. Андыктан, аны кастарлайм. Ата — энем да күчүңдү туура пайдалан деп айтышат.

-Сүйлөшкөн кызың барбы?

-Бар. Ал учурда Россияда. Үйлөнөйүн деген оюм бар. Аты -Алина.

-Сен эми ушу өнөр менен жан багып кетем деп ойлойсуңбу, же дагы башка кесипке ээ болсом дейсиңби?

-Мен ушул өнөрүм менен эле жан баксам деп ойлойм. Жан багып эле калбастан, дал ушул өнөрүм менен Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, элимден Кожомул сыяктуу уулдар чыкканын далилдесекпи деген бийик кыялдарым бар.  Өзүм дене тарбия окуу жайына өтүп кеткем. Бирок, барган жокмун. Кай бирлер диплом алып алып, көчөдө эле жүрүшпөйбү.

Маектешкен:  Жумагүл БАРКТАБАСОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here