Окурмандар менен бирге Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү жазуучу, маркум Аман Саспаевди эскерүүнү эп көрдүк. Айтылуу инсандын арабыздан кеткенине бир жарым жылдан ашты. “Аңгеменин атасы” аталган жазуучу жөнүндө ким билбесин, ар бир кыргыз билер, бирок, анын байбичеси Саспаева Тамара эже жөнүндө баары биле бербес. Кыргыздын залкар адамына өз өмүрүн арнап, өмүрү көрбөгөн кыргыз элине келип, анын салт-санаасын, наркын өз денесине сиңирип, кыргыз болгон кытай кызы менен болгон маек бир баарыбызга эле кызык болоор.

 -Тамара эже, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Менин атам кытай, энем украин эле. Өзүм 4-класска чейин орус тилинде окуп, 11-классты кытайча бүттүм. Биз Үрүмчүдө турганда, Аман агайың типографиянын редактору болчу. Атам ошол мекемеде ашпозчу, энем санитарка болуп иштечү. Мен жумуштан эрте келгенде энеме жардам берип калчумун. Агайың ошол жерден мени байкап калган экен. Жумуштагы жазуучулардан сураса, бул бизде эмгектенген ашпозчунун кызы эмеспи дешиптир. Касыкбай деген жазуучу бар эле, ошонун аялы менен теңтуш элем. Ал бир жолу мага “сени бир киши жактырып калыптыр” деп айткан. Бир күнү ал экөөбүз бий аянтчасына бардык. Анда мен 19 жашта элем. Ал жерде аялдар менен аялдар бийлей берчү. Курбум экөөбүз бийлеп жатсак, музыка бүтүп, экинчи музыка башталганда, бир жакшынакай жигит келип, мени бийге чакырып калды. Өзүн кытаймын деп тааныштырып, улам эле мени бийге чакырып, башкалар менен бийлегенге мүмкүндүк бербеди. Ошондон кийин экөөбүз жакшы таанышып калдык. Атам алардын мекемесинде ашпозчу болуп жүргөндүктөн, биз жөнүндө билип калыптыр. Энеме “Кызыбыз советтик киши менен жакшы мамиледе болуп жүрөт, ал аны алып кетип калат” деп айтыптыр. Мен Аман агайыңдан бул жөнүндө сураганымда, “мени эч жакка кетпейм” деп мени тынчытып койду. Экөөбүз көбүнчө уйгур тилинде сүйлөшчү элек. Менин 5 бир тууганым бар эле. Иним менен агамды чоң энем багып алган экен. Биз үчөөбүз атам каза болуп калганда, өгөй атамдын колунда чоңойдук. Бизди өгөй атам өз атабыздай камкордукка алып бакты. Атам да, өгөй атам да экөө тең кытай улутунда эле.

Ошентип, экөөбүз иштеген жерге үйлөнүү үлпөтүн уюштуруп, той өткөрдүк. Ошондо Аман агайың 30дан ашкан куракта болчу, бул 1959-жыл эле. Жаман жашаган жокпуз, жакшы жашадык. Бирок, агайың куугунтукка кабылганда, өз кесиби менен иштебей башка жумуштарга жиберилди. Аны көрүп борум ооручу. Шахтыда ишеген күнүда болду. Кара жумушта эмес, кабинетте олтурган жумуш болгон менен катаал жерде эле. “Оңчул”, элге туура эмес саясат жүргүзүп жатат,-деп акырындаАртушка айдап, бир жылдан кийин гана кайра Үрүмчүгө барды. “Акыры бизди жөн койбойт го, Текеске кетели” деди бир күнү мага. Ээрчишип Текеске кеттик. Аман агайың ал жерде Советтер Союзуна кантип кетүүнүн амалын ойлоп эле жүрдү. Антпеске да болбойт эле, анын теңтуштарынын бир тобу түрмөдө өлүп калды. Ошол чек арада Сиязхан деген  7 айлык кызыбыз чарчап калып, көз жаш төгүп, көкүрөгү толо муң болуп сыздадык. Анан паспорт жасатып, ошол жасалма документ менен бир канча үй-бүлө келдик.

Кимдин үйүнө келдиңиздер?

-Атын айтчу эмес элем, кайнагам болот, ошентсе да айтайын эми.  Алгач Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүнө келгенбиз. Кийин апама кабарлаштым. Сен эмнеге кеттиң?  Сен жалгыз болуп калдың ал жерде” деди. Мен болсо “Мен жалгыз эмесмин, апа. Аманым бар, балам Артушум бар деп айттым. Чын эле ал жалгыз болгон жокмун.

Кийин да Мурат, Турган, Арзы, Аруун, Кундуз деген уул-кыздуу болдук. Алгач Тоңдун Улахолуна, андан кийин Түпкө келдик. Акырындык менен кыргыз тилин үйрөндүм. Аман чыгармачылыгына тынч койбосом, балдар менен эмнени жазат, балдар тоскоол болбосун дедим. Арабча үйрөнсөм, бир топ жардам бермек экем. Ошентсе да, колдон келген жардамымды бердим. Ал чыгармачылык менен гана алектенди. Кийин чоң эмгек жасады, кытай-кыргыз сөздүгүн түздү. Ортодо Москвада эки жыл окуду. Кайын агам (Түгөлбай Сыдыкбеков) келип: “Аман окуп алса жакшы болот эле, балдарың кичине, кыйналбайсыңбы?”,-деп сурады. Мен :“Мейли окусун. Эки бутум, эки колум соо, балдарды бага алам” — дедим. Анан агайың адабият институтунда эки жыл окуду. Балдардын кичинеси бир жашта болчу, үч жаш болгондо келди. Кадимки кыргыз аялдарындай чөп чаптым, малды бактым. Бир жолу кырманда иштеп жатсам, каникулга келиптир…

…Азыр экөөбүздүн сүйлөшкөн сөзүбүз, баскан жерлер эске түшөт. Анан ал бир жолу: “Тамара, сен мени туура түшүн. Экөөбүз дайыма бирге жашабагандан кийин мага оор болуп калат экен. Сага сиңди алып берейин. Мага чай кайнатып берип, мага жардам берген киши керек,-деп калды. Алгач бул сөзгө каршы чыккан менен ойлонуп, ага макул болдум. Мен чын эле бала басты болуп калдым. Аманды карай албай калдым. Мен болбосом да, башка бирөө карап турсун дедим. Абышкам келип кетип турчу. Кээде мен ага барып калам. Ошентип, балдарды биринен сала бирин үйлөнттүк. Таргын, Артур деген уулдарыбыз каза болуп калды,-дейт.

-“Сарала ит” тууралуу айтып берсеңиз?

— “Сарала иттин” азабын көп тартышат. “Оңчул” деп Амандын артына түшүп алгандар конок тосуп жатканда да жөн койбой акырын келип карап, тыңшаган күндөр болду. Кийинки чыгармалары басууга чыкпай кыйналган экен. Бирөө дайыма үйүнө келип, чай ичип, анан Аманды ээрчитип кетип жүрөт. Көрсө, ал  суракка алып жүрүптүр. Ошондо мен: “Эмне эле абышкамды алып кетесиңер. Силер Москвадагылардан кыйын болуп калдыңарбы, келип башты оорутасыңар. Же силер кыйын иштеп, Москва иштебей жатабы? Элим деп келсе, силер ушинтесиңер,- деп катуу-катуу айттым. Кудай жалгап, ошондон кийин жамандык издеген ошол киши келбей калды.

 

Маектешкен: Жумагүл БАРКТАБАСОВА

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here