Заха́рий (Заха́р, Заха́ри) Кня́зевич Калашо́в – аттуу “мыйзамдагы ууру”  бүт дүйнө жүзүнө кеңири таанымал инсан десем жаңылышпайм. Каймана аты “Шакро молодой”. 1953-жылы 20-мартта Грузиянын борбор шаары Тбилисиде жарык дүйнөгө келген. Улуту курд. Ал жаш кезинен эле кавказдык Уюшкан кылмыштуу топко аралашып, Россияда жасаган ар кандай кылмыштары үчүн үч ирет соттолгон. Орусия коомчулугуна ири ишкер катары да таанылган. Бирок анын бизнестери таза эместиги көпчүлүккө белгилүү болчу. Калашовго атагы алыска кеткен Авдо Мирзоев  аттуу криматалык 1971-жылы Тбилисиде “Мыйзамдагы ууру” таажысын кийгизгендиги айтылса, дагы бир маалыматта ал 1980-жылы “мыйзамдагы уруу” болгондугу айтылат. Шакро ошол жылдан тартып кылган кылмыштары үчүн 1985-жылга чейин түрмөдө жатып, ал жерде да атагы чыгып, экинин бири болуп турат.  Союз мезгилинде атагы алыска кеткен, кылмыш дүйнөсүн титиреткен Лакро Какачия деген криматалык болгон. Анын басып өткөн кара дүйнөдөгү өмүр жолу өзүнчө эле уламышка айланып калган. Анын каймана аты “Шакро Старший” болгон. Калошовдун жаш кезинде ишке ашырган ийгиликтүү кылмыштарын “Старший Шакронун” эрдиктери менен салыштырышып, ага “Шакро молодой” деген ат коюлган.  Шакро түрмөдөн чыккандан кийин, Грузиядан кетип, 1989-жылдан тартып Москвада туруктуу жашап баштайт. 1990-жылдардын башында Аслано Усоян (каймана аты Дед Хасан)  жана Вячеслав Иваньков (каймана аты Япончик) менен жакындан таанышып, алардын колдоосу менен крим дүйнөдө чоң авторитет күтөт. Ошол жылдары Шакронун байлыгы 200 млн. доллар экендигин эсептеп чыгышкан.

Шакро 2013-жылдын 16 –январында атып кетишкен  “мыйзамадагы уурулардын”, атасы, атагы  менен чатагы таш жарган “Дед Хасандын” (Аслан Усоян) эң таасирдүү, ишенимдүү жана эң кыйын адамы катары саналып келген.

зүнө  Өзүнө бир топ душман күтүп, алардын бир эмес, бир нече ирет кол салуудан жарадар болуп, аман калган. Ага кол салуунун саны ондон кемибеси жана уюштуруучу катары Измайловдун крим тобу уюштургандыгы айтылып келет. 1999-жылдагы кезектеги  кол салуудан   жарадар болуп, өмүрүнөн кооптонуп Испанияга жер оодарып кеткен.

Эми бул жигитти, чыныгы мыйзамдагы ууру кылган  “Дед Хасан” тууралуу бир ооз сөз. Хасан өзү 1960-жылдары “мыйзамдагы ууру” атагына жетишкен. Бирок ал СССР кезинде мыйзам жана тартип өтө катуу болгондуктан Аслан Усояндын аты көпчүлүккө белгисиз эле. Криминал чөйрөсүндөгү чыныгы атак ага союз тарагандан кийин, 1990-жылдардан баштап, өзгөчө 2000-жылдары келди.

Ошол жаңырган жаңы кылымдын башында “Дед Хасанды” “Дед Хасан” кылып, анын оорун колдон алып, жеңилин жерден алып, колуна кол, бутуна бут болуп турган эң ишенимдүү эки адамы болгон. Алардын бири атагы алыска кеткен Иваньков Вячеслав Кириллович, каймана аты  “Япончик”, экинчиси биз сөз кылып жаткан “Шакро молодой”. Белгилүү болгондой атагы алыска кеткен кримавторитет “Япончикти” 2009-жылы 69 жашында атып кетишкен.

1. Байлык талаштан улам тагдыры менен кош айтышкандар

 Исмпанияда баш калкалаган Шакро ал жаткан да жөн жүрбөйт. Каалаган кылмыштуу ишин ишке ашыра берет. КМШдан жер оодарып барышкан кримавторитеттердин башын бириктирип, коомдук жайларда жакшы көңүл ачканды адатка айлантып алат. Бирок мындай күндөр өтө деле узакка созулуп кетпейт. 2003-жылы ага Испанияда мыйзамсыз жол менен акча уурдагандыгы («отмыванием денег») жана кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн  Эл аралык издөөгө алынган. 2005-жылы Испаниянын атайын кызматы  Шакрону колго түшүрүү үчүн  “Оса” аттуу операция уюштуруп, натыйжада анын ондогон адамдарын колго түшүрөт. Бирок Шакро колго түшпөй, качып кетет. Аны 2006-жылдын май айында Бириккен Араб Эмираттарында кармашып, Испанияга экстрадиция кылышкан. Шакрого бул өлкөдө кылган кылмышы үчүн соттор алгач 12 жыл абакка жана 32 млн. еврого айып салышкан.  Кийинчерээк  бул чечим өзгөрүп, 7, 5 жылдан 9 жылга чейин кесилип, 20 млн. евро айыпка жыгылган.

Ал эми Шакрону Грузия мамлекети Россиялык чоң бизнесмен, белгилүү «Кристалл» казиносунун мурунку ээси Алекс Крейнени уурдоо (бул боюнча 11 жыл) жана эл аралык деңгээлде наркобизнеске катышы бар делген кылмыштары үчүн сыртынан 18 жылга кесип, аны сурап Испанияга кайрылган. Испания бийлиги аны бул жактын сотунан алган өкүмүн түрмөдө толук аткарып бүткөндөн кийин Россияга эмес, Грузияга өткөрүп берүүгө эки ирет макулдук берген. Бирок Шакронун адвокаттары мындай чечимге нааразы болуп, өз дооматтарын келтиришип, бул ишти ишеничтүү кадамдар менен артка жылдырып келишти. Грузия бийлиги Шакронун Тбилисидеги мүлктөрүн мамлекетке өткөрүп, 62 бөлмөдөн турган хан сарайына полициянын бир бөлүгүн жайгаштырып койгон. Ошентип, Шакро  Испанияда түрмөдө “эс алып” жатканда, Роосиядагы казинолору, банктары, ар кандай фирмалары, нефтигаз комплекстери ж.б. чоң бизнестери мурдагыдай башкарылбай калгандыктан улам,  “мыйзамдагы  уурулар” арасында талашка түшкөн. Бул мүлк талашуу чатагынын аркасы менен далай белгилүү жана белгисиз  “каралардын”  башын жуткан. Шакро кийинки жылдары өз мүлктөрүн акырындык менен кайра калыбына келтире баштаган.

Анын миллиондогон доллар киреше алып келген бизнеси үчүн маркум “Дед Хасан” менен криминал чөйрөсүнүн дагы бир “лөгү” Тариэл Онианинин ортосунда  чоң “согуш” жүргөн. Мунун кесепетинен атактуу “Япончик” жарык дүйнө менен кош айтышкан.

2. Эсил кайран СССРдин жаңы криматалыгын тандоо

          Дед Хасан жерге берилгенден кийин, ( туура тогуз күндөн соң)  25 –январь күнү Мосвквада анын  сөөгү жашырылган “Хованско”  көрүстөнүнө жүздөгөн (болжол менен 300гө жакын деп айтылат) мыйзамдагы уурулар чогулуп, топурагы муздай элек маркум Хасанды мүрзө башында эскеришип, эскерүүнүн уландысы 1905-жыл атындагы көчөдө жайгашкан  “Наш двор” рестронанында Хасандын уулу Надордун катышуусунда өтөт. Ал “траурный сходняк”  деп аталып, күн тартибиндеги  Дед Хасандын ордуна кимди алып келүү маселесин карашкан.  Эске сала кетсек, Дед Хасан атылган күндөн баштап, анын ордун отуз жаштагы  Дмитрий Чантурия, (каймана аты “Мирон” ) убактылуу ээлеп келген. Бул адам Дед Хасандын жакын туугандарынын бири экенин айта кетели. Ал күнкү чогулушта Россиянын мыйзамдагы уурулары  Испаниянын түрмөсүнүнөн жакында чыга турган “Шакро молодойду” Хасандын ордуна ылайык деп табышып, ага “ставка” кылышкан. Дед Хасандын ордун элеп калууну көздөгөн “мыйзамдагы уурулар”:  Д. Чантурия (Мирон), Темур Мирзоев (Тимур Свердловский), Юрий Усоян (Юра Сочинский) жана Хасандын жакыны “Садко” да талапкер болуп келген.  Булардын баары Хасандын  өз “үй-бүлө” мүчөлөрү болуп эсептелет. Бирок жалпы криминал чөйрөсүнүн аттуу-баштуу мүчөлөрү бул талапкерлердин бирин да, Хасандын ордуна ылайык келбейт деп эсептешти. Буга себеп, алар Хасандын криминалдык чөйрөдөгү кадыр-баркынын жарымынан аз үлүшүнө да ээ эмес.

Ушундай себептен улам криминалдык чөйрөдө тапкан атак-даңкы мурунку СССР курамындагы өлкөлөргө гана эмес, Европа, Америка (АКШ бийлиги Шакрону “Бартский круг” тизмесине киргизип, анын Американын банктарындагы эсептерин тоңдуруп, мүлктөрүн камакка алган жана аны менен америкалыктардын мамиле түзүүсүнө тыюу салган)  мамлекеттерине чейин жайылган Шакронун талапкерлиги бир ооздон жактырышкан.  Айтмакчы, Шакро Дед Хасандын оң колу,  дагы бир мыйзамдагы ууру Лашей Шушанашвили (Лаша Руставский) менен ич ара чатагы бар. Анткени, Руставский Шакро  түрмөдө жатканда анын бизнестерине мыйзамсыз ээлик кылып келген. Шакро анын мындай бейбаштыгы үчүн “салам дуба” айттыргандыгы  убагында чоң сөз болгон.

Ошондой болсо да, Дед Хасан менен Япончик өлтүрүлгөн соң, мурунку СССР аймагындагы криматалык сөз жок Шакро болоорун кызуу талкууга алынган.

3.  Кандуу кылмыш менен кайрадан түрмө түбүнө…

2011-жылы Испания бийлиги Бириккен араб мамлекеттеринин макулдугун алгандан кийин, Шакрону Грузияга өткөрүп берүү камын көрө баштайт. Бирок бул ишке Орусия түздөн-түз кийлигишип, Шакро Грузиянын эмес, Орусиянын жараны экенин жүйө келтиришет. 2014-жылдын 27-октябрында Испания соту Шакрону Грузияга эмес, Орусияга өткөрүп берүү чечимин чыгарат. Бул чечим эмне менен байланыштуу болгону көпчүлүккө сыр бойдон калат. Айрымдар Оруссия тарап Испанияга Шакронун кылмыштарын ачыктаганга чоң жардам кылганы менен байланыштырып келет. Натыйжада 2015-жылдын 29-октябрында Шакро  Орусияга экстрадицияланат. Аны аэропорттон ИИМдин из кубарлары жана ага хан сарай менен ок өтпөс “Мерседес” даярдап коюшкан “братвалары” тосуп алышат. Ал жерден алгач аны милицияга алып келишет. Министрликтин аттуу-баштуу жетекчилери Шакро менен шашпай узак сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин коё беришет. Крим аталык менен чиновниктер эмне тууралуу сүйлөшкөнү ушу кезге чейин ачыкка чыккан жок.  Ал  эми кубанычына чек жок “братвалар” анын Орусияга келишинин урматына белгилүү бир маданий мекемеде концерт берип, Шакронун өзүнө арналган төмөнкүдөй ырларды ырдашкан.

Жакында бактылуу күн жүз берет,

Шакро алыс жактан кайтып келет.

Кең дастаркондо баарыбыз туруп,

Ал үчүн  калтырбай ичкибиз келет.

 

Өткөн кайгы-капаларды унутабыз,

Душмандын көзүнчө кутурабыз.

Шакро алыстагы үлүштөрүн айтып берет,

Алыста ага жеңил болбогонун баары билет.

Ошентип, ал кайрадан кримдүйнөдөгү ордун бекемдеп, мурункуга салыштырмалуу алда канча азайып кеткен бизнестерин көбөйтүүнүн үстүндө активдүү иштеп баштайт. Албетте анын бул аракеттери кайра эле кандуу кылмыштар жана түрмөгө түшүшү менен коштолот.

Жедеп кылмыш кылып көнүп калган желмогуздар жер үстүндө жөн жүрмөк беле. 2015-жылдын 14-декабрында Шакронун ишенимдүү жигиттери теги италиялык Андрей Кочуйков, Эдуард Романовдор катышкан Рочдельский көчөсүндөгү 2 адамдын башын жуткан чоң атышуу окуясы жүз берет.  Анын чоо-жайы төмөнкүчө: Эдуард Буданцев деген кыйла белгилүү адам Шакронун айрым иштерине тоскоолдук жаратат. Мындай ишке батынган Эдуард тууралуу эки ооз кеп айтып кетпесек болбос. Бул адам 1980-жылдары СССРдин Тышкы иштери министри болуп иштеген Эдуард Шеварднадзенин жеке жан сакчысы болгон. 1998-жылы РФнин ИИМ министри Владимир Рушайло менен, 1990-жылдардын башынан баштап иштеше баштайт.  Рушайло ИИМдин криминалдар менен аёосуз күрөшө турган  ИИМдин алдыдагы РУБОПту жетектеп турганда, Эдуард анын ишенимдүү кызматкерлеринин бири болуп,  чоң тажырыйба топтойт. Ошол жылдары криминалдарга катуу сокку урган РУБОПтун атагы таш жарып турган. Бирок Рушайло кызматынан көтөрүлүп, Ак үйгө иштеп кеткенде Буденцев  да өз алдынча кетип, адвокаттык кесипти аркалып, чоң криминалдар менен байланышта болуп, чоң суммадагы карыз акчаларды өндүрүү иши менен алек боло баштайт. Бул адамга РФда бизнес талашкан, карызын өндүрө албай жүргөн далай белгилүү адамдар кайрылып, анын аты алыска угула баштайт.

Жанна Ким

2015-жылдын 14-декабрында КГБ менен ИИМдин ардагерлери дизайнер Фатима  Мискова менен “Елементс” ресторанынын кожоюну Жанна Кимдин талаш — талаштарын чечип берүү үчүн, Шакронун кишилери менен жолугушат. Эки айымдын чатагы акчадан улам келип чыккан чатак болот.  Ошол эле учурда Фатима да Шакрого Жаннадан акчаны өндүрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Жыйынтыгында эки тарап сөзгө келише албай, Шакро тарап үстөмдүк кылып жатканда, ардагерлер тарабынан ок атылып, крим чөйрөнүн эки адамы каза ( кийин окту  Эдуард Буденцев чыгарды деп, ал жыйынтыгында үй камагына алынган) таап, бир нече адам жаракат алат. Тергөө жүрүшүндө Шакронун кишилери Елементс ресторанынын  кожоюнунан 8 млн. рубль талап кылышкандыгы  белгилүү болот.

Фатима

Фатима Мариинск театрынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп, көп адамдар менен мамиле түзүүгө жетишет. Андан тышкары, мейманкана ачып, эт сатуу бизнеси менен кыйла бутуна турат. Фатима Мисикова ал окуяга чейин эле өзүнүн анча-мынча мыйзамсыз иштери менен белгилүү болуп калган экен.  Ага бир чоң иш боюнча 34 млн. рубль алдап алды деген айып тагылат. Бул окуядан кийин Шакронун эки шериктеши көп өтпөй кармалат.

Шакро менен Фатимага эл аралык издөө жарыяланат. Фатима болсо ошол окуядан кийин өзүн киши колдуу болуп өлдү кылып, спектакль уюштурат да, өзү Францияга качып кетет.

Шакронун Орусиянын Тергөө комитетинин ана башчыларына 500 миң евро пара берип качып кеткендиги тергөөдө тактала баштайт. Жарым жылдан кийин Андрей менен Эдуарддын оор кылмыштары, таң калычтуу жагдайлар менен жеңил жазга алмаштырылып, иш жүзүндө бошой турган болуп калганда, экөөнө кайрадан “акча талап кылуу” айыбы коюлуп, иш Башкы тергөө комитетине өткөрүлүп берилет. 2016-жылдын 12-июлунда Шакро кармалып, сурак бере баштайт.

Денис…

Бир жума өткөндөн кийин ФСБ Москванын Тергөө комитетинин начальниги, генерал Денис Никандровго, ички коопсуздук башкармалыгынын башчысы Михаил Максименкого жана анын орун басары Александр Ламановго “пара алышкан” деген айып тагат. Бир жума өткөндөн кийин ФСБ Москва шаарынын Тергөө комитетинин начальнигинин биринчи орун басары, 37 жаштагы генерал Денис Никандровго, ички коопсуздук башкармалыгынын башчысы Михаил Максименкого жана анын орун басары Александр Ламановго “пара алышкан” деген айып тагат. Жаш генералга РФнын Башкы Тергөө башкармалыгынын башчысы Александр Бастрькин өзү Президент  Пудиндин урксаты менен кылмыш козгогондугу маалыматтарда айтылат.

4. Шакро менен Батукаеевдин байланышы тууралуу

Рочдельскийдеги бир эмес, бир нече кылмыш иштери толугу менен далилденсе,  анын уюштуруучусу катары Шакро жана анын шериктери өмүр бою эркинен ажыратылары айтылат. Бул күндөргө чейин Шакронун соту ар кандай жүйөлөр менен улам созулуп келди. Эми анын СИЗОдо ушул жылдын 15-мартына чейин отурары белгилүү болду. Андан кийин, сот өкүмү чыкса, өзү жедеп көнүп калган түрмөсүндө жата берип деле, крим дүйнөнү башкара берет.

https://www.youtube.com/watch?v=m9-RL_HcZ-0

Белгилүү болгондой жакында эле биздин Башкы прокуратура “ жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап” деген накыл кепти нагыз из жүзүндө аныктап, Орусиядан Азиз Батукаевди өткөрүп алуу талабы менен кайрылган. Эми мындан эч кандай деле майнап чыкпасы белгилүү деңизчи. Батукаев Кыргызстандын абагынан атка минерлердин узатуусу менен Чеченяга кеткенден кийин, Турсунбек Акун айткандай эки-үч күн өткөндөн кийин өлүп калган жок. тескерисинче, терисине батпай көнүп калган тескери иштерин баштаган. Алгач ал 18 жаштагы кызга үйлөнүп, мусулманча чоң той бергендиги белгилүү. Баса, Батукаевдин Кыргызстанда Ирина аттуу жарандык негиздеги аялы болгон. Ал да Азистин артынан Чеченяга кеткени айтылат.

Андан кийин, крим дүйнөдө таасирин арттыруу үчүн, ар кандай кадамдарга барып, Орусиянын крим-лөктөрү менен таанышууга аракеттерди көрүп баштаган. Эң башкы максаты Шакрого жакындоо болчу.  Анын бул аракеттери натыйжасыз болду деп айтканга негиз жок. Бирок Батукаевдин басып өткөн өмүр жолу Шакронун көңүлүн ынандырып жибере албасы белгилүү. Бир сөз менен айтканда Шакронун деңгээли такыр башка, Азистики такыр башка. Экөөнү салыштырып болбойт. Деңгээли, салмагы чоң “мыйзамдагы уурулар”, кичинекей “мыйзамдагы урууларды” дайыма эле теңине ал беришпейт. Ал үчүн ортодо кандайдыр жакындата турган иштер болушу шарт. Бул каралардын жазылбаган мыйзамы. Карама-каршылык мына ушул жерде. Бирок Батукаевдин Кыргызстандан кызык жагдайлар менен чыгып кетиши, биздин өлкөдө гана эмес, бир топ өлкөлөрдө кызуу кеп болгон. Ал эми мурунку СССР  аймагындагы крим дүйнөсүнө, анын  Шакро сыяктуу атагы алыска кеткен крим аталыктарга чейин угулгандыгы ырас. Шакро Батукаевди мына ушундан улам билет, уккан дегендей. Анын үстүнө Батукаев учурда Орусия аймагында кылмыш кылгандыгы үчүн, СИЗОдо олтурат. Шакронун да СИЗОдо экенин эске алсак, бул жагынан  Батукаев бир кадам жакындашы мүмкүн. Бул суроолор, божомолдор жана буга чейин айтылган апыртмалардын баарына убакыт өз баасын берет. Ага чейин көп сөздү көбүртүп-жабыртып айтпай туралы.

Автор: Айбек Шамшыкеев.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here