Учурда элибиздин жашоосу оңолуп калды деген менен жалпыбызды коркунучка алып келген, мамлекетибиздин бүтүндүгүнүн, тынчтыгынын бузулушуна өз кедергисин тийгизчү жагдайлар аз эмес. Бүгүн дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясый оюндар, таасир талашуу “илдети”, анын аркасында жүзмиңдеген адамдардын курмандыкка чалынып кетиши бизди таптакыр эле кайып өтпөйт деп айта албайбыз.

Парламенттик өлкө болобуз, ошондо жыргайбыз деген менен, саясатчыларыбыздын партияларга бөлүнүп-жарылуусу кемчилигин моюнга алуу, бир-биринин позициясына маданияттуу түрдө каршы чыгуу менен коштолбой, бири экинчисин күнөөлөп, каралоо, элдин башын айланткан калп сөздөр менен өзүн аппак кылып көрсөтүү жолуна түшүп алды. Кичинекей элибиз кимди ээрчийрин билбей, бири кеткен бийликтин сөзүн сүйлөсө, бири азыркы бийликтан таламын талашып, дагы бир далайы элибизге кымындай пайда келтирбей, тилинен чаң чыккан саясатчылардын аркасынан ээрчип алды. Ошентип, элден суурулуп чыккан “кыйындарыбыз” кыйратып иш кылбай, элди бөлүп –жаргандан башка “пайда” алып келе элек.

Учурда көп партияларга бөлүнгөнүбүз аз келгенсип, диний көз карашыбыз дагы көп тармакка бөлүнүп кетти. Азыр дин эркиндиги деп ар ким Жаратканга өзү каалагандай “табынып” жаткан кези.  Муфтият ажылык, намаз менен гана алектенип келет. Ал эми, Кыргызстанда 2500гө жакын диний уюмдар бар экен. Анын ичинде 378и христиан багытында.  Ар кандай соттук инстанциялар тарабынан 8 диний уюмга тыюу салынган. Ошого карабай диний сабатсыздуулуктун кесепетинен бир катар жаштар радикалдуу агымдарга кирип кеткенин кантип жашырабыз?

Кечөө жакында эле Тоңдон Сирияга кеткен үй бүлө – 18 киши кырылып калды деген такталбаган маалымат тарады. Бул маалыматта бир үй бүлө бир жерде чогу турушуп, анан үстүнө бомба түшкөн деген таризде болчу. Арийне, ага ишенүүгө болбос. Алар баары бир жерде жүрсө жакшы, бирок, андай болбойт да. Эркектери согушта, аялдар ар кандай кыйын күнгө түшүп, согуш аларды туш тарапка таркатып кетсе керек эбак. Бздин өлкөдө христиан дининин ар кандай агымдары да көп. Бир жолу Караколдогу драмтеатрда көп кишилер турганын көрүп, иш-чара болуп жатканбы деп барып калып,  ошол жерде кыргыз жаштары толуп алып Кудайга сүйүүсүн арнап, чокунмай ырларды ырдап жатканын көрүп нес болгонум бар. Баары татынакай кыргыз жаштары эле. Андан бери канча суу акты, алар канча эсеге көбөйдү, ким билет.

Ал эми, жакында Ысык-Көлдүн Ак-Суусунда христианчылыктын баптист агымын тутунган аялды коерго  жер табылбай турганычы. Мусулмандар арасына коюуга уруксат берилбеген аялдын сөөгү   акыр аягы өзү өскөн айылдагы эски мүрзөлөрдөн орун алды. Мындай окуя Жалал-Абадда мындан дагы курч мүнөздө болуп, сөөк үч жолу казылып, үч жолу кайра коюлган. Ал тургай акыры ал кайсы жерге көмүлгөнү белгисиз болуп калган дешет. Көлдө деле жарымы исламды катуу тутунуп, жарымы христиан болуп, сөөк коюу маселели кыйындыкты жаратып келген айылдарыбыз бар, атын атабай эле коеюн.

Негизинен Кыргызстанда түрдүү динди тутунгандардын сөөгү бир жерге башынан эле коюлбайт. Бул боюнча муфтият мурда эле фатва чыгарган. Демек, эл арасында келишпестиктердин алдын алуу үчүн тийиштүү органдар атайын жер бөлүп бериши керек эле дешет дин өкүлдөрү. Айтор, кыргыз христиандарын жерге берүүдөгү көйгөйлөр көп жылдан бери эле уланып келет. Анын негизги себеби—кыргыз баптисттер өздөрү жашаган аймакка көмүлгүсү келгенинде. Алардын туугандары да сөөктү алыс алып барып көмүүнү каалабайт.

Ал эми, даватчылар жөнүндө көп сөз айтса болор. “Табиги жамаат” деген уюмга Орусияда, Казакстанда тыюу салынган менен, бизде ал уюм жашап кележатат. Жакында эле “Яхан инхар” деген уюм жалпы республикада пайда болуп, алардын өкүлдөрү балдарды мектептен окутууга жана медициналык кароодон өтүүгө каршы чыгып жаткан кези.

Быйыл мектептке барбаган балдардын саны жылдагыдан өсүп, 1800гө жеткени сентябрь айында айтылды. Анан ойлойсуң, мунун канчасы акыл-сезими, психологиясы өзгөргөндөн, канчасы үй шартына байланыштуу, канчасы диний себептер менен барбай калды экен деп. Себеби, дал ушул диний себептен мектепке барбаган учурларды көрүп, билип жүрбөйбүзбү. Ал эми, бейөкмөт уюмдар мектепке барбагандардын саны 60 миң деп жатат. Диний көз караш менен мектепке барбаган баланын ата-энеси класс жетекчиси эмес, укук коргоо органдарын да тоготпой турат. Окууга барбаган кыздардын атасы “кыздар үйдөн чыкпашы керек, мен аларды эмне кылсам, өзүм билем” деген ойдон кайтпайт экен. Балдар фундаменталдык билим алыш керек экенин түшүнгүсү да жок. Кай бирлер үйүнүн ичиндеги акиташты кырып салып, капкара бөлмөнү намазкана ачып алган. Анан дагы кыргыз деген табиятка табынган, биз күн элибиз деген теңирчилерибиз да бар.

Анан ушунун барын карап туруп, Мекенибиздеги баш-аламан жашоонун кайда баратканына таң бересиң. Кыргызстан террорлук коркунучтан алыс, себеби, бул жерде динге карата кысым жок делип келген менен, диний уюмдар көбөйүп, салттуу ислам тутунгандардан жанагыдай агымдарга киргенде арбып кетсе кандай болор экен. Бул маселени биз унутта калтырганыбыз жарабас. Ар кыл диндин максаты бир эле- Кудайга жалынып, табынуу, анын каарына калбоо. Бирок, ошол ар кайсы диндегилер акыретке, Кудайга ар башка жол менен бара жатпайбы.

Автор: Жумагүл Барктабасова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here