Кыргыз элинин, жазылма булакта алгач эскертилгенден берки 2200 жылдан ашуун тарыхында,  эгемендүү улуттук мамлекетинин өнүгүш таажырыйбасы өтө маанилүү жагдайы экендиги талашсыз. Кыргыз эли замандын ар кандай оор жагдайлардан өтүп, чачылып жок болуп кетпей, өзүнүн мамлеккеттик бүтүндүгү менен руханий баалуулуктарын сактап келиши, биздин ата-бабаларбыздын күжүрмөн эрдиктеринин жана акыйкаттуу эмгектеринин үзүрү экендигин шексиз. Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгү менен саясий биримдүүлүгү үчүн күрөшүп, элинин бакубат жашоосун ойлоп, анын келечегине жол ачкан инсандардын бири Барс бек каган болгон. Ал VII кылымдын акыркы чейрегинен — VIII кылымдын башталыш мезгилинде Борбордук Азиядагы саясий кыйчалыш доорунда мамлекетибиздин эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөн, өрнөктүү өмүр жол баскан, азырынча тарыхый булактарда алгачкы ирээт аты кездешкен кыргыз мамлекет башчысы болгон.

Ошол учурдагы тарыхый кырдаалга көз чаптырсак, VII кылымдын аягында Борбордук Азияда көктүктөрдүн (1-Түрк кагандыгынын — 552-630 жж.) кайрадан күчүнө келип, бийлигинин орнотулушу, башка элдер менен бирге эле кыргыздар үчүн да кооптуу болгон. 689-ж. көктүрктөрдүн Кутлуг Чор Элтериш (681-693 жж. башкарган) каганы өкүмдары Баз каган болгон токуз-огуздарды баш ийдирип, Тан  (Кытай) империясына сокку урган. Булар Борбордук Азияда Түрк мамлекетинин кайрадан күч кубатына келип, күчөшүнүн белгиси болгон. Алар менен бирге кыргыздар да бул аймакта саясий үстөмдүккө жетишиш үчүн активдүү күрөш жүргүзө баштаган эле. Белгилүү тарыхчылар Владимир Мокрынин менен Владимр Плоскихтин маалыматтары боюнча ошол эле 689-ж. кыргыз элинин башчысы Барс бек Борбордук Азиядагы күчтүү мамлекеттердин бири катары өзүн каган деп жариялоо менен Ынанчу Алп Билге деген салтанаттык ылакап аталышты кабыл алган[1]. Муну чечмелей турган болсок, Ынанчу (ynanç) — ишеничтүү, Алп (alp)[2] — эр жүрөк, баатыр, кайраттуу жана Билге (bilgä)[3] – билимдүү акылман, кеменгер адам болгонун көрөбүз.  Ал эми жаш түрколог Нурдин Усеевдин жаңы түшүндүрмөсү боюнча анын аталышы “Элиг Бөрт Опа Барс” – мааниси: элүү, орто жаштагы, өгүздөй күчтүү Барс[4]. Ушул маалыматтан биз, Барс бек өлгөн 711-жылы 50 жашта болсо, анда ал 661- жылы төрөлгөн деген жыйынтык чыгарсак туура болчудай.

697-жыл Капаган (Мочжо Бег Чор – 692[5] же 693[6]-716 жж. башкарган) каган жана ханзада Билге (ал кезде 14 жашында тардуш элинин шады) чыгышта Сары дарыя, Шан – Тун өрөнүнө, Темир Капыга чейин жана Көгмен тоолорунун ары жагындагы кыргыз өлкөсүнө чейин 25 жолу жортуулга чыгышып 13 салгылаштын жыйынтыгында, сепаратисттик иштерге алектенип жаңылыштык кетирген түрктөргө тууган калктардын бири болгон түргөш каганы өлтүрүлгөн. “Ата бабабыздар ээлеген жерлер, дарыялар ээсиз калбасын деп, — айтылат Билге каганга (716-734 жж башкарган) арналып 735 – ж. тургузулган эпитафияда, аз калкын тартипке келтирип уюштуруп Барс бекке бердик. Хакан наамын ага биз бердик. Аял катары ага каныша карындашымды бердик”.[7] Мындан көрүнгөндөй кыргыздардын өкүмдары Барс бекке көктүрктөрдүн даңазалуу каганы Кутлуг-Чор Элтериш кагандын кызын аялдыкка беришип, дагы бир жолу, эми булар тарабынан «каган» титулу тартууланган. Демек ага чоң ишенич көрсөтүлүп “аянычтуу ахвалга дуушарланган түргөш жана аз калктарына” да жетекчилик кылуу тапшырылган[8]. Муну менен алар кыргыздарды жакын тууган катары эсептешип мамлететинин көк түрктүргө тең аталыгын таанып[9], өздөрүнө өнөктөштүккө келтирүү аракетин кылышкан.

Бирок Капаган кагандын ашкере тынымсыз талоончул чаап-алуучулук ийгиликсиз саясат жүргүзө баштаганын көрөбүз. Анын 700-ж. Тангут мамлекетине, 701-ж. батыштагы алты аймактуу Согдуга (Самаркандка чейин),  703 – ж. бир тууган басмыл Иди-Кут коомуна жана 705-ж.  Табгач (Кытайдагы Тан династиясына) мамлекетине жасалган жортуулдары ага аброй алып келбеди[10]. Себеби,  731-жылы көктүрктөрдүн колбашчысы Күлтегинге арналган эстеликте айтылгандай, “барган жерде сениң (Капагандын — Д.С.) жакшылыгың болбоду” делет. Натыйжада түрк эли өз каганына каршы көтөрүлүп чыккан эле[11].

Ушундай кырдаалда тышкы коншулаш мамлекеттер: Тан империясы, Түргөш жана Кыргыз кагандыктары да өз ара биримдике умтулушуп Капаганга каршы каолиция түзө башташышат. Бул үчилтикте негизги ролду кыргыз каганы Барс бек ойногон. Ал 707 ж. Капаган менен салгылашып жаткан Тан императоруна өзүнүн элчисин жиберген[12]

Алтын-Көл II (Е 29) жазма эстелигинде түрколог Сергей Кляшторныйдын пикиринде Барс бек кагандын иниси Инанчу Алп Саңун аттуу адам Алтун-Капардан аман-эсен кайтканын, бирок, Тибетке элчи болуп кетип, кайра мамлекетине кайтпаганы жазылган[13]. Ал эми  Уйбат I (Е 30 ) жазма эстелигинде Чаб Шатун Таркан аттуу адамды элчи катары түргөштөрдүн өкүмдары Кара Канга жиберилип, кайра элине кайтпаганы жазылган. Бул акыркы элчини Барс бек тарабынан жиберилгенин ошол эле окумуштуу С. Кляшторный  аныктаган[14].

Кытай булактары да бул маалыматты ырайстайт: «Хягас (кыргыз – Д.С.) күчтүү мамлекет болгон. Аймагы боюнча  Дулгас (Тукюе — көктүрктөр –Д.С.) ээликтерине барабар эле. Дулгас (Тукюе) ордосу өз кыздарын алардын башкаруучуларына (аялдыка -Д.С.) беришчү. Аймагы чыгышта – Гулигани (Байкал көлүнүн жаны — Д.С), түштүктө — Тибет (тагыраагы Чыгыш Түркстан – Д.С.), ал эми түштүк батышта Гелолуга (болжолдуу Жети-Суу – Д.С.) чейин жеткен»[15]. Белгилүү чыгыштаануучу Василий Бартольдун байкоосунда, кытай маалыматтары боюнча көктүрктөрдүн бийлигиндеги үй-бүлөө династиясы, өз кыздарын ар дайым, кыргыз башчыларына аялдыка беришкен[16]. Мындан биз кыргыздардын көктүрктөр менен теңтайлаша алган күчкө ээ болгондугун көрөбүз. Себеби чыгыш элдердин салтында кагандын үй-бүлөсүнөн тең ата элдердин өкүмдарларына гана кыз берилчү.

Барс бек каган Көктүрк каганаты үчүн эң негизги коркунуч туудурган башкаруучу болгон. 732-жылы өлгөн  Тонюкукке арналган эпитафияда бул жагдай ачык сүрөттөлөт: «…Табгач (Тан династиясы — Кытай императору – Д.С.) каган жообуз эле, он ок элинин (түргөштөрдүн) каганы жообуз эле. Артыкча кыргыз күчтүү каган жообуз болду»[17].

Кыргыз башчысына көктүрктөр өз каганынын кызын берүү менен аны тынчтык мамиледе болот деген үмүттөрү ордунан чыкпады. Барс бек Көктүрк кагандыгы менен атандашуу саясатын уланта берген. Ушул максатта Барс-бек түргөштөр жана Тан империясы менен коалиция түзүүгө маакулдашкан. Бул жөнүндө тарыхый булакта мындай маалымат бар: «ал үч каган сүйлөшүп, Алтын-Жышта кезигели дешкен…»[18]. Мындай жагдай көктүрк кагандарын абдан тынчсыздандырган. 709-ж. же 710-ж. Эзгене жетектеген кыргыз элчилери Мавераннахрдагы (Жети-Суу) түргөш каганынын кабыл алуусунда болушкан[19]. Түргөштөр бул мезгилде арабдар менен согушуп жатышкан, андыктан алардын көктүрктөргө каршы коалицияга кошулушу кыргыздар үчүн дипломатиялык чоң жетишкендик болгон. 707 -709 — 711-жылдарда болсо кыргыз элчиликтери Тан падыша сарайына барышкан[20]. Тан империясынын коалицияга реалдуу түрдө кошулушу ачыкталбагандыктан, Барс бек 710-ж. Тан династиясынын душманы болгон Тибет мамлекетне өзүнүн элчиси Эрен Улугту тымызын жиберүүгө аргасыз болгон. Бул кабар дароо Тан императоруна угулуп, аны бушайман кылган.[21]

Барс бектин мындай саясий аракетинен өзгөчө кооптонгон көктүрктөрдүн аскербашчысы Тонукук кыргыздарга  кышында күтүүсүздөн кол салууну чечет. Таш бетиндеги эстеликте ал мындайча сүрөттөлгөн: «жоолашалык — дедим. Көкменде жол бирөө эле, суук дегенди эшитип, …ал жерди билген киши издеттим…түздөгү аз элинен жерди билген бирөөнү таптым… «Аны (Тува жергесиндеги суунун аты — авт.) суусун бойлой барсаң бир аттык жол калат» — деди. Ал жол менен барсаңар ынанымдуу деди. Ойлондум, каганымдан өтүндүм, кол жөнөттүм… Аттангыла! — дедим. Актермелди кечип атка миндирип, карды жиреп, жогору аттарды жетелеп, жөө жыгач (таяк) тутуп алдыдагы кишилер карды жиреп, чердүү чокуну аштык, кыйналып жатып он түн дегенде тоо этегине бардык. Кыргыздарды уйкуда бастык… Каны колу (аскери) чогулду… Согуштук, жанчтык, Каганын өлтүрдүк. Каганга кыргыз эли баш ийди…»[22]. Ушул эле окуя Билге кагандын жана Күлтегиндин эстеликтеринде да баяндалат. Кыргыздарга жасалган жортуулдун дагы эки эстеликте кайталанып айтылышы көктүрктөр үчүн бул жеңиштин канчалык деңгээлде маанилүү болгондугун көрсөтөт.

1878-жылы Абакан дарыясынын оң жээгинде жайгашкан Алтын-Көл деген көлдүн жанынан табылган Барс бекке арналып тургузулган жазылмалуу таштын эстелигинин сүрөтү.

711-жылы капыстан болгон кол салуунун натыйжасында кыргыздар жеңилүүгө дуушар болгон. Бирок көктүрктөр кыргыз мамлекеттүүлүгүн жойгон эмес. Согушта каганын өлтүрүп, аз-кыргыз журту ээсиз кылбасак деп, элин курап, башчы дайындап келдик деп айтылат[23]. Айрым окумуштуулардын пикири боюнча мамлекеттин башына Барс-бекдин уулу дайындалган. Мындан тышкары айырым стратегиялык мааниси бар жерлерге көктүрк аскердик лагерлери жайгаштырылган. Бул аймактагы чептердеги археологиялык табылгалар муну растайт[24]. Өз каганатынын коопсуздугун көктүрктөр ушундайча камсыздандыра алган. Бирок кыргыз өкүмдарынын бийлиги эч чектелген эмес. Алсак, 713-755-жылдары кыргыз элчилиги Тан ордусуна төрт жолу барган.[25] Ал эми 731-ж. Күлтегиндин кара ашына кыргыз кагандан Чур Тагдуш Ынанчу деген адам келген.[26]

Борбордук Азиядагы мындан кийинки саясий окуяларга кыргыздардын катышпаганын, окумуштууулардын көбү кыргыздардын аскердик жактан алсырашы менен байланыштырышат. Бирок, тарыхый маалыматтардын анализи мунун себебин кыргыздар менен көктүрктөрдүн арасында өз ара жылуу мамиленин сакталышы экенин көрсөтөт. Маселен, Күлтегиндин ашына кыргыз каганы өз элчиси Чур Тагдуш ынанчуну жиберген[27], ал эми көк түрктөр кыргыздардын тышкы  (Тан империясы менен болгон) байланышына кийлигишкен эмес. Дагы бир жагдай бар — Түрк каганаты алсырап, уйгур, карлүк жана басмылдар 742-ж. көтөрүлгөндө кыргыздар бул союзга кошулган эмес. Ал эми 751-ж. менменсинип кеткен уйгур каганына каршы кыргыздар кызуу күрөш жүргүзгөн[28]. Мунун өзү кыргыздардын аскердик жактан түк да алсырабаганын көрсөтүп турат. Кандай болсо да 710-711-жылдардагы Сунга токоюнда кыргыздардын жеңилүүсү кыргыз мамлекеттүүлүгүнө кандайдыр бир саясий абройун түшүргөн эмес.

Көктүрк жазууларында Барс бекдин ишмердүүлүгү жаңылыштык катары «…өзү жаңылды», — деп бааланып, ал эми кыргыз каганы болсо көктүрктөрдүн негизги кршылашы катары көрсөтүлөт. Көктүрк идеологиясын ачык чагылдырган бул эстеликтерде асман-жердин ортосундагы бүткүл адам баласы көктүрк кагандары башкарышы керек эле.[29] Себеби түрктөр (ашина – карышкырдан тараган урук – авт.) өздөрүн артыкчылыктуу элбиз деп эсептешкен.[30] Бирок, ошол эле убакта, кыргыздар да саясий эгемендүүлүккө муктаж болгон жана аларда да өздөрүнүн «артыкчылыктуу» династиясы бар экендигин сезишкен. Кытай булактарында кыргыздардын «өкүмдары Ажо (Ажэ) деп аталат, ошондуктан анын уругу да Ажо деп аталгандыгы»[31] жазылган.

«Ажо» сөзүн белгилүү синолог С.Е. Яхонтов байыркы кытай тилинин фонетикалык эрежелерине таянып, байыркы түрктөрдө кеңири колдонулган “inäl” титулунун кытайча жазылышы экенин далилдеген[32]. XIII кылымда бул сөз монголдордо каан (хан), таджиктерде падыша маанисинде болгондугун, XVII кылымда жашаган Хиванын ханы жана тарыхчы Абуулгази Бахадур хан “Шаджара-и түрк  ва могул” деген өз эмгегинде ачыктаган[33]. Орхон-енисей жазууларынын эч биринде ажо сөзү кездешпейт экен. Кыргыздардын башкаруучу династиясы көктүрк башкаруучулар менен бирдей деңгээлде турган жана алар туугандык байланышта болгон деп айтууга жетиштүү далилдер жогоруда келтирилди.

1878-жылы Абакан дарыясынын оң жээгинде жайгашкан Алтын-Көл деген көлдүн жанынан табылган Алтын-Көл I (Е 28) жазма эстелиги Барс бекке арналып тургузулганы аныкталган. Анын маанисин түрколог Нурдин Усеев төмөндөгүчө такталган жаңы түшүндүрмөсүн берген: “Тексттеги маалыматтар Барс бектин өзүнүн жана жакын туугандарынын сөздөрүнөн турат. Барс бек жердеги барс уруусуна, баатырдыгына тойбогонун, бабасы, колдоочусу болгон Умай бекке (тексте ушундай берилген, мүмкүн мунун касиеттери кийинчерээк эле аял-энеге таандык болуп ооп кеткен сыяктанат – Н.У.) кайрылып аны, анын туугандарын, күлүк аттарын өлтүрбөй жашоо тартуулаганын, сакчы, күзөтчүлөрүнөн айрылганын, аркы дүйнөгө тандалып кеткенин, апасы аны он ай көтөрүп жүрүп, мамлекетине төрөп бергенин, эрдик үчүн эрезеге жетип, көптөгөн эрдик кылганын, кол салган калың жоого чегинбестен чабуул коюп, ошол согушта каза болгонун жазып, ал баатыр, ага-инилери кудуреттүү болгону үчүн түбөлүк ташын, жазма эстелигин тургузушканын баяндайт. Ал эми, анын бир туугандары Барс бектин аң-уулоодо көзгө атар мерген, согушуп, күрөшкөндө күчтүү алп экенин белгилешип, анын каза болушу менен алардын башына оор жүк, муң-кайгы түшкөнүн, алар төрт бир тууган болушканын, аларды жер асты кудайы Эрклиг айырганын белгилешип, сөздөрүн акыркы саптагы “Алтун-Соңа черинин кийиги арт, (токойго батпай) ташы, (анткени, сени) ата турган Опа (өгүз — Н.У.) Барсым айрылып кеттиң, аттиң ай!” деген алардын кайгысын көркөмдөп көргөзгөн лирикалык чегинүү сыяктуу сүйлөм менен аякташкан”[34].

Кыргыз каганы Барс-бектин көктүрк каганынын кызын аялдыкка алса да, эгемендүүлүк үчүн күрөшүүнү улантышы, анын элдин  мүдөөсүн өзүнүн жеке кызыкчылыгынан жогору койгондугун көрсөтүп турат. Анын согушта курман болушу, эли үчүн өз жанын да аябаганы бул ойду дагы да бекемдейт.  Инсандын эли үчүн курман болушу бардык элдерде азыркы убакка чейин сыймык катары бааланып келет. Өз мезгилиндеги оор жагдайларга карабастан душмандарына каршы коалиция түзүүгө жетишкендиги, албетте, анын талыкпас эмгегинин натыйжасы.

Кыргыздардын 711-жылы Сунга токоюндагы салгылашта жеңилиши эстеликтерде айтылгандай көктүрктөрдүн капыстан кол салышына байланыштуу болгон. Ачыгыраак, айтканда кыргыздар бейкапар жаткандыгы үчүн жеңилүүгө дуушар болгон. Ал эми белгилүү россиялык тарыхчы Юлий Худяков бул доордо кыргыздардын аскердик түзүлүшү көктүрктөрдүкүнөн тактикалык жактан начарыраак болгон деп эсептейт[35]. Буга далил катары чек арада кароолдун болбогонун, чалгындоо иштери жүргүзүлбөгөндүгүн, ошондой эле курал-жарактардын салыштырмалуу жөнөкөй түзүлүштө болушун көрсөтөт. Мындан тышкары кыргыздар түндүктөгү бома уруу бирикмеси менен да дайыма согушуп турган жана бул да белгилүү бир деңгээлде кыргыздардын аскердик-экономикалык кудуретин алсыраткан[36].

Тарыхтын мындай катаал шартына карбастан кыргыздар өз этносун, мамлекеттүүлүгүн, маданиятын, коңшу элдердин арасындагы ордун, мекенин (жер аймагын) сактап кала алышкан. Тынбай жүргүзүлгөн согуштар чоң чыгымдарды алып келген, бирок муну менен кошо кыргыздардын этникалык жактан биригишин да шарттаган. Аталган мезгилде кыргыздарга баш ийип, салык төлөп турган бөтөн (кыштым — айыл сымал — авт) уруулары да «кыргыз» аты астында чогулушкан. Кытай булактары көрсөткөндөй, кыргыздарда аскерий «кошуун куралганда бүткүл эл жана бардык вассал уруулар аттанган»[37]. Ошол учурдагы кыргыздардын аң сезиминде «мамлекеттин бүтүндүгү», «мамлекеттүүлүк» түшүнүктөрүнүн калыптанышы, өлкөнүн кудуретинин жана аскердик күч-кубатынын өсүшү менен  чарбалык потенциалын көбөйтүп, ички биримдигин да чыңдаган.

Жыйынтыктап айтыканда VII-VIII кк. эгемендүүлүк үчүн болгон күрөштөрдө кыргыздар мамлекеттүүлүгүн гана сактап тим болбостон, кийинки мезгилдеги окуяларга өздөрүн даярдап, такшалышкан баамдайбыз. Бул жараянга  Барс-бек кагандын кошкон салымы чоң экени шексиз. Анын келечектүү иши, урпактары тарабынан 840-ж. Борбодук Азияда Улуу Кыргыз мамлекетинин үсөмдүгүн орнотушу менен уланганын тарыхтан даана билебиз.

 

Дөөлөтбек Бекиш уулу САПАРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору.

 

[1] Мокрынин В., Плоских В. Каган Барс бег и государственность енисейских кыргызов в VI-XIII вв//У истоков кыргызской национальной государственности/Ред.: Койчуев Т., Плоских В., Усубалиев Т. Бишкек, 1996. С.57.

[2] Древнетюркский словарь. Л., 1969. С.36

[3] Древнетюркский словарь. Л., 1969. С.219

[4]Усеев Н. Барс бек кагандын толук ысымы Элиг Бөрт Опа Барс адам атындагы Бөрт сөзүнүн окулушу жана түшүндүрмөсү//Кыргыз жана Карахандар каганаттары: Көнөрбөз издер III эл аралык илимий-тажирийбалык жыйындагы баяндамалардын жыйнагы.Бишкек, 2014. 346-348-бб.

[5] Ahmet Taşagıl, Göktürkler. Sayi 3. Ankara, 2004. S. 19.

[6] Бичурин Н.Я. Собрания сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Ч. I Санктпетербург, 1854. С 323-324.

[7] Малов С.Е. Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии. М.-Л., 1959. С. 30, 38;

Талат Текин. Орхон жазытлары. 4- басылышы. Анкара, 2010. 55-57-бб.

[8]Талат Текин Орхон жазытлары. 4- басылышы. Анкара, 2010. 55-57-бб; Ahmet Taşagıl Göktürkler. Sayi 3. Ankara, 2004. S. 33.

[9] Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000.  С. 68.

[10] Талат Текин Орхон жазытлары. 4- басылышы. Анкара,2010. 59 б; Ahmet Taşagıl Göktürkler. Sayi 3. Ankara, 2004. S. 33.

[11] Малов С.Е. Памятники древнетюркской письменности. М.-Л., 1951. С.30-31;Сыдыков С., Конокбаев К. Байыркы түрк жазуусу (VII-Xкк.). Бишкек, 2001. 69-б.

[12] Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000.  С. 68.

[13] Караңыз: Усеев Н. Енисей жазма эстеликтери 1: лексикасы жана текстер, Бишкек, 2011.463-б.

[14] Кляшторный, С. Г. Древнетюркские рунические памятники как исторический источник// II Эл аралык түрк цивилизациясы конгрессинин докладдары, Бишкек: КТМУ, 2005. 59-64-бет

[15] Бичурин Н.Я. Собрания сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Ч. I Санктпетербург, 1854. С 448; Ушул эле эмгек. т.I. Алматы, 1998. С.362.

[16] Бартольд В.В. Киргизы// Соч. т.II, ч. I, М., 1963. С. 486.

[17] Малов С.Е. Памятники древнетюркской письменности. М.-Л., 1951. С.62, 66;

[18] Сыдыков С., Конокбаев К. Байыркы түрк жазуусу (VII-Xкк.). Бишкек, 2001. 91-б.

[19] Мокрынин В., Плоских В. Каган Барс-бег и государственность енисейских кыргызов//Брас-бег, каган кыргызов. Бишкек, 2003. С.34.

[20]Мокрынин В., Плоских В. Каган Барс-бег и государственность енисейских кыргызов … С.34-35.

[21] Кляшторный С.Г. Стелы Золотого Озера//Turcologica. Л., 1976. С. 262.

[22]Малов С.Е. Памятники древнетюркской письменности Монголии и Кигизии. М.-Л., 1959. С.20-21; Сыдыков С., Конокбаев К. Байыркы түрк жазуусу (VII-Xкк.). Бишкек: КТМУ, 2001. 91-92-б.

[23] Малов С.Е. Памятники древнотюркской письменности. М.-Л., 1951. С. 39.

[24] Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000.  С. 69

[25] Бичурин Н.Я. Собрания сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. т.I. Алматы, 1998. С. 363.; Супруненко Г. П. Некоторые источники по древней истории кыргызов.// История и Культура Китая. М., 1974. С. 240-241.

[26] Малов С.Е. Памятники древнотюркской письменности. М.-Л., 1951. С. 43

[27] караѕыз: Сыдыков С., Конокбаев К. Байыркы т¸рк жазуусу (VII-Xкк.). Бишкек: КТМУ, 74- 2001. б.

[28] Бартольд В.В. Киргизы// Соч. т. II ч. I М., 1963, С.486.

[29] Малов С.Е. Памятники древнотюркской письменности. М.-Л., 1951. С. 36; Gomeç Ş. Kök Türk Tarini. Ankara, 1996.s.136.

[30] Гумилев Л.Н. Байыркы түрктөр. Б., 1999. 348-б.

[31] Eberhard W. Çin’in Şimal Komşuları. Ankara, 1996, s.68.

[32] Яхонтов С.Е. Древнейшие упоминания названия «киргиз»// Советская этнография. №2. М., 1970. С. 119-120.

[33] Кыргызы: Источники, история, этнография/ Составители: О. Караев , К. Жусупов. Бишкек, 1996. С.54.

[34] Усеев Н. Енисей жазма эстеликтери 1: лексикасы жана текстер, Бишкек, 2011. 461-463-бб.

[35] Худяков Ю.С. Вооружение енисейских кыргызов. Новосибирск, 1980. С. 126

[36] Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000. С.73.

[37] Бичурин Н.Я, Собрания сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. т. I. Алматы, 1998. С.360.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here