«Ата» деген сөз — Адам Атадан бери келе жатса керек. Байыркы кыргыздар “7” атасын ыйык тутушкан. Айбанаттын деле, адамдын деле сөөк мүчөлөрүн  жетиге бөлүп “7 мүчө” — баш сөөк, мойун, омуртка, төш, кабырга, куймулчак бир тутум болуп, буга алты жиликти — каржилик, күң жилик, далы, жамбаш, кашка жилик, жото жиликти кошуп, жалпысынан жети мүчө деп эсептешкен.

Ушул “7” деген сандын тегерегинде көптөгөн кыргыздын үрп адаттары жана салттары пайда болуп, жашоо турмушта колдонулган. Ата-тектин жетиге чейин аталышы туруктуу, өзгөчө мааниге ээ болгон. Алар: ата, чоң ата, баба, буба, куба, жото, жете. Ушундан улам макал лакаптар сөз айкаштары пайда болгон. Мисалы: “Ата-бабалардын журту”, “кубараңдын чокусу”, “жотоолуудан жол сура”, “жетсинен берки жер” ж.б.

Санжыра иликтөөчү Кабылбек Жумабаевдин ММКга жарыялаган “Кыргыздын оң канатындагы азык уруусунун түп атасы ким, ал качан жашаган” деген макаласына карата пикир жагууза туура келди. Анын жазганына таянсак, “Абдырахман (Азык) Домохандын баласы. Домохандын өзүнүн уруусу же башкарган эли “томо” (домо, дама) чыгар? Томо (Тама) уруусу өзбек ичинде, казак ичинде кездешет. 1412-жылы бул уруу 92 боолуу же бөлүк болуп кыпчакта турган 1455-1468-жылдарда бөлүнүү башталган. 1501-1510-жылдары чачырган. Абдрахмандын өйдө жагын санжырачылар кандай айтышат?”,- деп суроо таштайт.

Буга жоопту Султаев Амандын айтымы боюнча ырастасак: Аналхак – Шаршенби, Эрмек бий – Бууракан, Камбархан, Бышыхан – Арстанбек – Кылымхан – Төрөхан – Эшимхан –Дулдулхан – Чоңмамбет — Дамахан, Абдрахман (Азык)…

Анда эмесе, Абдрахман качан жашаган? Кочкордун Ак-Жарынан Норузбаев Чолпонкул (1900-1974) 1969 –жылы минтип айткан: Хан турсун (катаган уруусу) Эшимкан (Кыпчактын ханы). К.Жумабаевдин пикири боюнча, Азык уруусу кыпчактын арасында, ушул ойду Тоголок Молдо да тастыктайт (“Тоголок Молдо” 2-том, 315-333 беттерде). Эреше хан Тагай бийден кол сурайт, ошондо жардамчы колду Абдрахман баштап (Азык) Абдрахман уулу Кешкелеңден бери 16-20 тукум, жаңыча болжолдо 480-500 жылдарда өттү дегенде, 1515-жылдарда кыпчактардын арасында Азык Абрахман жашаган болот. Тагай бий менен Азык замандаш экени, Азык Тагайдын тондуу уулу эмес деген ойду тастыктайт.

Бычман уруусунун таркалышы боюнча укканыма жана окуганыма таянып окурмандарга сунуштамакчымын: Азык – Кашкелеңден, Бычмандан (Орозбай, Жедик, Караканай), Жедиктен (Бердиш, Бектемир), Караканайдан (Жанбала, Короолу, Жумаке, Конокбай), Короолудан (Карасай, Карагул), Бектемирден (Топон), Топондон (Белек, Дөбөйдөн -Жакшыбай, Жалгап, Асан, Кемпирек, Оболбек), Асандан — Жутагул, Жутагулдан (Орозай, Саткын, Насыкул), Насыкулдан (Сегизэк, Жантору, Жайчы, Ташыбек, Багыш) жана башкалар.

Азык уруусу башка уруулар сыяктуу өз алдынча болунуу эңсеп, болуштукту бөлдүрүп, бир болуш эл болууга жетишкен. Осмоналы Сыдыковдун жазганы боюнча Азык төрт тамгалуу делинип: 1. Бай кучук 2. Бычман. 3. Козугуна. 4. Бөрү аталып, азык уругу ар жерде тараганы, намыстуу уулдары Мамырбай, Деңиз ар жердеги азык урууларын жыйнап бир болуш эл кылып кеткени, Азык, Жанкорооз, Келдике, Барын, Саяк, Чертике, уруктарынын баяны сөз болот. «Андаш башын сайса, биз чыгымын көтөрөбүз» деп азыктын байлары козугуна Үрүстөм (1836-1933), Бычман азык Дыйкан (каймана аты Дыйкан Азык, Бүтөштүн Дыйканы) ж.б. демилге көтөрүшкөн. 18-кылымдын аягындагы жана 19-кылымдагы Бычман уруусунун эл башкарган чыгаан саясатчы уулдары болгон. Насыкул атанын неберелери Теңиз Бий, (Чон Таман) Кыдырбаев Болушка катчы ж.б. Ал эми байлары Насыкулдун эң кичүү (он үчүнчү) уулу Абайылда кайманаты (Аба). Насыкулдун Мундуз уруусунан алган аялынан төрөлгөн Байтору баласынын небереси Дыйкан. Насыкулдун Багыш уулунан Тынышпай ж.б. Тынышпайдын Карала, Сарала деген эки уулу болгон экен. Сарала 24 жашында өлгөн. Анын аты унунтулбасын деп Кайнар чөлкөмүнөн, Анжияндан уста жалдап келип, эчкинин майына кирпич бышыртып чоң күмбөз курдурган (болжолу 1875-85-жылдар), азыр да бузулбай, сынынан кетпей турат. Ал эми Дыйкан Аты айтып тургандай дыйканчылыка жакын жаратылышты сүйгөн адам экен. Кочкор чөлкөмүндөгү Чекилдек менен Ак-Жардын ортосун, батышынан Тармал Саздан чыгышка карай Көк-Жардын тушундагы Арал айлына чейинки аралыкты ээликтеп, токой тилкесин өстүргөн. Чүйдөн, Жумгалдан, Көлдөн кыргоол алып келип токойго коё берген. Ак-Жардын тушуна жардын башына кароол мунара салдырып токойдун өсүшүнө, андагы канаттуу куштардын жана жаныбарлардын көбөйүшүнө катуу көңүл бурган экен. Токой дүркүрөп өсүп, жаныбарлар, куштар көбөйгөндөн көбөйүптүр. Келечекке аяр мамиле жасап, алдын-ала кам көрүп, балдарын, туугандарырынын билимдүү кылганга аракет жасаптыр. Мугалим (молдо) жалдап балдарын окуткан. Балдары Ыйманалы, Молдаалы, Абиир,  Жумабай инисинин баласы Осмон, Бостек тууганынын баласы Касым анын баласы Нурдин арабча окуп жаызып билимдүү болушкан. Дыйкандын көзү өткөндө байлыгы Ыйманаалыга оогон. Совет бийлиги орноп байлар кулакка тартылганда Ыйманаалы минип турган атынан башкасын ортого берип кутулган.

Бычман уруусунун эли Кайнар чолкомундо биринчи Айыл чарба Артелин уюштуруп, ага биринчи Касымов Нурдин башкарма болгон. Ыйманаалы байлыкка умтулбай, динге ыктап, жаратылышка жакын болуп бак-дарак тигүү менен алектенген. Ыйманаалынын тиккен бактары азырда бар, «Ыйманаалынын багы» деп аталат. Ыйманаалы балдарды арабча окутуп, молдочулука ык койгон.

Насыкул (1776-1847-ж.ж.) касиеттүү болгону айтылат, 3 аялынан 13 уулду болуп, балдарын өз сынынан өткөргөн экен. 13 уулун чакырып, таруу салдырып (эстен тандырып) сынаган экен: «Бийлик Багыш уулума кетти Жантору Бериктин тукуму аз болду. Ынтымак Мундуз-Казак катындын балдарында болду, Байлыктын көпчүлүгү Мундуз катындын балдарында болду», — деген экен дейт. Насыкулду сөөгү Чүйдөгү Маданият менен Он бир жылганын ортосунда делет. Насыкул жерге коюлгандан бир күн өткөндөн кийин, нааразы болгон жылкычысы мүрзөнү укурук менен чаап: “Эми өлдүңбү!”, — деген экен. Дегени менен ал жылкычы мүрзөдөн көп узабай аттан жыгылып мүрт кетиптир. Ошондон кийин мүрзө эл сыйынган эски жемиш багы бар, астынан булак аккан ыйык жайга айланыптыр…

Кыргыз баласы ата-тегин так билиши керек. Бул мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемдигине таасирин берет. Келгиле жалпылап ата-тектерибизди тактаганга аракет кылалы. (Окурмандардан сунуш-пикирлерди күтөм.) Мисалы мен минтип, өз тегимди Сарбагыш уруусуна салыштыруу менен 12 атага чейин төмөнкүчө тактадым:

 

Азык Сарыбагыш
1.    Топон 1615 Маматкул 1669-1762
2.    Добой 1658 Темир-Болот 1671-1771
3.    Асан 1694 Эсенгул 1731-1804
4.    Жутагул 1733 Ныязбек 1760-1842
5.    Насыкул 1794-1854 Ормон 1791-1854
6.    Сегизэк 1792-1852 Үмөтаалы 1811-1879
7.    Ыштыбай 1828-1880 Көкөташ 1833-1904
8.    Байзак 1861-1907 Жапай 1858-1918
9.    Кожаалы 1904-1944 Абазкан 1893-1940
10.   Салбар 1944 Мукаш 1931-2013
11.  Улан 1970 Канат 1953
12.   Нурлан 1997 Жумабек 1991

 

Салбар КОЖАЛИЕВ, Санжыра иликтөөчү

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here