Акыркы учурда, эмне үчүн деген суроо көбөйүп кетти. Мени да ушул суроо түйшөлтчү болду. Эмне үчүн сөзгө жооп айтыш үчүн жалганды чындыктай туу кылып айта билген жооптордон же, капиталисттерден ушунча эле коркобузбу? Кызматчылар го кызматынан коркот, пенсионерлер эмнесинен коркот? Чындыкты айтса эле анын пенсиясын тартып алып , же желкеге атып , өзүн тозок отуна айдап ийбейт го! Анда эмне үчүн арам тамактардан коркобуз? Дежур чал аталып, куйрукту чатыбызга катабыз.  Келгиле, чындыкты, чындыктай айтып, ак сүйлөйлүчү. Калпты чындай айтып, калп менен жашап жатабыз. Бул сапат өзгөчө эл башкарып, эл багымыш этип жүргөн  атка минерлерге тиешелүү.

Калпты ашыра айта берсек, казаныбыз кайнабай, калкыбыз жыргабай калат го. Ансыз да анчалык жыргап кеткен жерибиз жок.

Кайдыгерлик жана караңгылык

    Эмне үчүн деп чындыкты издеген сөзүм биринчи маселе болду. Экинчи маселе бул багыттан такыр эле алыс. Тактап айтканда, кайдыгерлик  же караңгылык. Аныбыз төмөнкүчө:  Кыргыз эли Кудай берген бейиштин төрүндө жашап атабыз, бирок анын баркын билбейбиз.Мындай кайдыгерлигибиз тарых жана кийинки муундардын алдында эч качан кечирилгис күнөө! Негедир, аны сезбей жатабыз, сезсек да тоону томкоруп койгонсуп, тоготпой басып жүрөбүз. Өзүбүздүн касиети артык жерибизди баалай албагандан кийин, башканы баалай алмак белек. Эми караңгылык тууралуу кыска сөз.

Муратбек Рыскулов

Мактансак, баарын кыйратып салгансып, катуу мактанабыз. Баарын билебиз, баарын жасайбыз деп төш кагабыз. Өзгөчө көз карашы, дүйнө таанымы башка  жаштарыбыз да жөнөкөй эле суроого түзүк жооп кайтара албай, “Бээ” десең, “Төө ” деп турушчу болду. Маселен,  “Муратбек Ырыскулов деген ким болгон? ” деген суроого, эч ойлонбой туруп:  “ Ал эң алдыңкы пахтакор болгон” деп тантып, караңыгылыктын  акесин таанытып жатышпайбы. Мындай билим, мындай көз караш менен жаштардын келечеги кең болушу кыйын, ошон үчүн билимге, илимге олуттуу мамиле жасоо зарыл!

17 жоокери бар сокур саясатчылар

     100, 200 адамды чогултуп алып, аларга аз-маз тыйын берип, өзүн мактаткан сокур саясатчылар да барган сайын көбөйүп баратат. Бир чындыкта айтыйынчы. Андайлар элдин, мекендин келечегин көрмөк турсун, мурдун учун көрө албаган көөдөнү бош “халтурщиктер” да. Ошол тыйынга алданган 100 адам  менен элдин тагдырын чечип, калган элдин атынан сүйлөп, талап койгон саясатчы сөрөйлөргө  ким уруксат берди?  Бир аз ой токтотолучу,  биз кимди ээрчишибиз керек? Тыйын берип, өзүн мактаткандардыбы, же элдин түйшүгүн тартып, элге күйүп жүргөндөрдү ээрчийлиби?  “Бир ит көрүп үрсө, экинчиси көрбөй үрөт”  демократиянын жаман чапанына жамынып алып, көп иттер көрбөй эле үрүп, элди дүрбөтүп атат. Мындай иттерди эбак атып салып денесин чымын чиркейге жем кылып, көчөгө асып салсак сооп болмок эле. Бирок эртеси эле “О, кокуй Кыргызстан демократия жолунан тайды ” деп бүгүнкү күндүн үчүнчү ити аталган капиталисттер кыйкырып чыгышат да! Муну биздин президент билбейби? Билет!

Ачык мисал келтиреличи: Ташиев сыяктуу саясатчылар   жаман жармач акылы менен ак үйдүн тосмосунан ашып күлкүгө айланышты, ошол эле учурда кыргыз элин дагы бир ирет дүйнөгө шылдың кылышты да! “ Бийликти Чыңгыз хандын 17 баласы эле алып койгон” деп ак үйдүн тийиштүү тосмосунан шымынын артын эле эмес , көчүгүнүн артын кошо айыртып атпайбы! Соту да эмне менен бүткөнүнө баарыбыз күбөбүз.  Буларды коргогондор ким?

Жөн гана жол тосоор тууганчылдар жана билимсиз кемпирлер. Мүмкүн ал кемпирлер таң заардан дыйкан талаага эртелеп чыккан баатыр энелердир, бирок мамлекеттик деңгээлде , мамлекеттин тагдырын чечкен жогорку деңгээлдеги  билимдүүлөр эмес, жөн гана элге шылдың болгон   бечаралар да. Бирок ошолордун этегине жармашып, артына жашынган адам кантип эл башкарсын?!

Сталиндик заманды  реабилитациялоо зарыл

     Биздин сом азыр Американын  долларына кул болуп калды. Өзүбүз да билинбей кул болуп баратабыз. Бизде өнөр жай өнүккөн жок, тескерисинче өлдү, менчиктелди, жоголду, талкаланды. Бирок кулчулук токтобостон, абдан өнүктү. Америка кулчулуктун тамырын алсыз өлкөлөрдө терең жайганга үлгүрдү. Ошондой болсо да аны түшүнгөндөр андан эрте кутулуп жатышат. Мисалы: Египет , Ливия ж.б. өлкөлөр  баш көтөрүп, “братья мусулмандар”  алардын элчилерин:  “буларга бир пулья жалько ” деп көздөрүнөн жаш эмес кан агызып дарга асышты. Ушундай окуялар биз өлгөндөн кийин деле улана берет.

Кимде ким дүйнөнү биз башкарабыз десе, башкага эмес өзүнө өзү көр казчу мезгил да келерин унутпасын. Муну менен мен кул кылып алгысы келгендер, эң ириде өздөрү нукура кулга айланып калышы ажеп эмес.  Азыр капиталисттердин тилеги ишке ашып базар баасы асманга чыкты. Эсетейличи, эң арзан тамак, арзан ресторан дүйнө боюнча СССРде болчу.  Кыскасы, азыр Сталиндик заманды ким реабилитация кылса ошонун аты дүйнөгө дүңк этет. Анткени аны дүйнө эли жакшы билет. Орустар батышка алданып, биз орустарга алданып, этегибиз  көчүгүбүзгө жетпей турган чагы.

                  Коррупционерлердин колун кесиш керек

   Жалпы элди, эл ичинде эптеп карылыктын күндөрүн кечирип жаткан мени мамлекетибизди сүлүк курттай соруп жаткан коррупция маселеси абдан түйшөлтүп жаткан учуру. Негизи эле, коррупциянын тамырын таптакыр кыркып салууга болбос. Бирок азайтууга   болот да. Бирок кантип азайтуу абзел? Мунун бирден-бир жолу төмөнкүчө: мамлекетин акчасын уурдашкан  коррупционерлердиди өмүр бою  түрмөгө камаш керек. Таза иштебеген, мыйзамды сактабаган саткын сотторду да камасак, башкаларга чоң сабак болот эле. Андай арам тамактарды түрмөдө да эркелетип жатабыз өмүр бою ага тамак ташып. Аныбызга мейли дейличи,  бирок уруулардын колун кесиш керек.

Коңшу Кытайда ар бир коррупционерди өлтүрүп жатышат. Бул чоң үлгү! Дагы кайталайм, жок дегенде бизде эч нерсеге карабай колун кесип салыш керек!  Ошондо ак ниет, таза адамдар алар менен учурашып калса: “Кокуй ууруга кол берип атам” деп чоочуп турмак. Бул эл үчүн чоң сабак болмок. Бирок өлкө жетекчилеринин ушундай мыйзамды кабыл алууга эрки жетер бекен? Азыр, кыргыз баласы долларды көргөндө элин жерин, а түгүл ата энесин кошо сатууга барып жатат.

Бул абадан өкүнүчтүү көрүнүш. Кылмыштын, бузулгандыктын, ыймансыздыктын жеткен чеги. Мындайдан арылса болот.  Бирок биринчи кезекте пейилди оңдоп, жан дүйнөбүзгө ыйманды уялатышыбыз абзел.

Карыядан накыл кеп…

Жогоруда учкай мисал келтирген азыркы турмушубуздагы терс көрүнүштөрдү жеңип чыгуу маселеси өзүбүздөн көз караанды. Бир чети минтип так айтып салуу да туура келбей калат. Анткени, өлкө жетекчилеринин аракетинин натыйжасына да түздөн-түз байланыштуу. Сөзүмдү анча узартпай, соңунда бир сонун салыштыруу менен бүтүрөйүн. Ал төмөнкүчө:

“ Эки жигит турмуштун эки жолунда баратып, бири ыксыз ыйлап, экинчиси күлүп-жайнап келатат дейт. Алардын бет алдынан чыккан 80 жаштагы карыя:

Даанышман карыя

-Эмне үчүн бирин ыйлап, бирин күлүп жайнап келатасыңар?-деп суроо салса, бири:

-Бул турмуштан эч жакшылык көрбөдүм, башымдан такыр жамандык кетпей койду-десе, экинчиси:

-Бу турмуштан эч жамандык көрбөдүм, жамандыктан арылайын деп жакшы болдум, бирок жамандык башымдан такыр кетпей койду, ушунун сырын билейин деп жүрөм  — дейт. Ошондо карыянын айтып турганы:

-Тээ бет алдыңарда аска зоо турбайбы, ошерде жазылган бир жазууну окуп келгиле , анан силерге жообумду айтам дейт. Экөө ал аскага  барып, анын бетиндеги “бу күндөр да өтөөр” дегенден башка окубаганын карыяга айтып келишет. Ошондо карыя:

-Ошо жазуу абдан туура . Ошон үчүн кудай алдында ач-токко ыраазы болуп, жашай билүү керек. Элге ушуну айтаар элем — деген экен.

Автор: Көчкөн Сактанов, Кыргыз Эл жазуучусу,

Т. Сыдыкбеков атындагы жана “Руханият” сыйлыктарынын ээси.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here