Эки томдук китепти кол менен жазып чыккан өспүрүм

Кыргыз киносунун жылдызы, “Бөрү зындан” киносунан кийин Орто Азия гана эмес, бүткүл Советтерге жылдызы жанып чыга келген Талгат Нигматулин 1949-жылы 5-мартта Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Тегинде өзбек жана татар улутунун кандары бар Талгатты орусу да, өзбеги да биздин актёр деп талашкан. Анын балалык жылдары кыйынчылыкта өткөн. Талгаттын атасы шахтёр болгон. Ал уулу эки жашка толо электе кырсыктан көз жумат. Өспүрүм Талгат кант заводунда, өтүкчүнүн чеберканасында иштеп акча табууга мажбур болот. Анын апасы мектептеп директору экенине карабастан, алардын үй-бүлөсү өтө жупуну жашаган. Эки уулун багуудан кыйналган апасы Талгатты балдар үйүнө берүүгө мажбур болот. Тартынчаак, түнт мүнөздүү бала орусча жакшы билчү эмес. Ден соолугу да анча бекем болбогон Талгат балалыгында итий оорусу менен ооруган. Бир жолу пионер лагеринде жүрүшкөндө бий кечеси болуп, анда Талгат бийге тарткан кыз андан боюн ала качат. Буга ызаланган бала көз жашын көрсөтпөш үчүн токойдун түпкүрүнө качып кетет. Дал ошондо ал өзүнө мынабул арык, алсыз денесин күчтүү жана сымбаттуу кылууга сөз берет. Эми ал бий, жеңил атлетика, кийинчерээк каратэ менен машыга баштайт.

Мындан тышкары, ал китепти көп окуган. Анын орусча так, таза сүйлөгөнү, орус адабий тилинде көркөм жаза билгени баарын таң калтырган. Көрсө, ал орусчаны жакшы билүү үчүн эки томдук “Согуш жана тынчтык” китебин кол менен жазып чыккан экен. Бой тарта баштаган өспүрүм баланын эң чоң кыялы – кинорежиссёр болуу эле. Мектепте бүтүргөн соң ал Москвага ВГИКке тапшыруу үчүн жөнөп кетет. Институтка адегенде өтпөй калган Талгат цирк жана эстрада искусствосу окуу жайына кирип окуй баштайт. Ошондо эле ал колориттүү сырт келбети жана шексиз таланты менен башкалардан айырмаланып турган. Муну байкаган “Мосфильм” киностудиясы 1987-жылы аны “Комиссар тууралуу баллада” киносуна тартылууга чакырат. Бул кинодогу терс каармандын ролун катыра аткарып, бүткүл Союздун кыз-келиндеринин көксөөсүнө айланат. Кайрадан ВГИКке тапшырып өткөн Талгат бул атактуу окуу жайында келечек кино жылдыздары: Николай Ерёменко, Вадим Спиридоно жаа Наталья Аринбасарова менен чогуу окуйт.

Күттүргөн махабат, эски “Москвичке” толгон гүлдөр…

ВГИКте окуп жүргөндө сымбаттуу жигит андагы студент кыз, азыркы Украинанын эмгек сиңирген артисткасы Ирина Шевчук менен таанышат. Бул жаштык махабат эки жылга гана созулат. ВГИКти аяктап, Ташкентке кайтып келген Талгат бир кездери “Ялла” музыкалык тобунда ырдап жүргөн ырчы Лариса Кандаловага үйлөнөт. Бул убакта ал “Жетинчи ок” тасмасына тартылып жүргөн. Көп өтпөй Урсула аттуу кыздуу болушат. Бирок, бул никеси бир жылдан ашыкка созулган эмес.

18 жаштагы күндөшү бар экенин Лариса боюнда барда эле билген. Талгаттын көзүнүн кареги менен тең айланып, ал үчүн баарын берүүгө даяр курулушта иштеген карапайым Халима Хасанова деле анын жүрөгүн биротоло туткундай алган эмес. Алардын граждандык никеси 7 жылга созулат. 1980-жылы Саид аттуу уулдуу болушат. Кыргыз режиссёру Мелис Убукеевдин “Кырчын өмүр – кыйылган сүйүү” тасмасында башкы ролду аткарган Талгаттын тартылуу аянтчасындагы өнөктөшү Венера Ибрагимова болгон. Венера анын жашоосундагы акыркы жана чыныгы махабаты болуп калды. Ал кезектеги тасмасына тартылып жатканда Талгат эски “Москвич” машинесин гүлгө толтуруп келип, Венераны ЗАГСка алып жөнөйт. Ошондо Венера 19, Талгат 33 жашта эле. Жубайлар жөнөкөй бирок, бактылуу өмүр сүрүшкөн.

Элдин сүймөнчүк актёру

“Мосфильм”, “Өзбекфильм”, “Свердловфильмде” иштеп, союздук бир далай кинолорго тартылганы менен Талгат Нигматулиндин актёрлук жылдызын жандырган өзүбүздүн кинорежиссёрлор болушкан. Болот Шамшиевдин “Бөрү зындан”, Мелис Убукеевдин “Кырчын өмүр – кыйылган сүйүү” тасмасынан кийин атагы алыска угулат. Кыргыз киносуна таланттуу актёр келгени анык болуп калган эле… Бирок… бул сымбатына таланты жарашкан, кыска убакытта эл сүймөнчүлүгүнө арзый алган адам өз тагдырын шектүү адамдардын колуна тапшырганы анын кинодогу гана эмес, жашоодогу бактысына да балта болуп чабылды.

Аны сабап жатышканда коргонгон да эмес

1980-жылдардын башында Талгат башында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын тургуну, калп окумуштуу Абай Бөрүбаев жана Каракалпакстандын борборунан келген “элдик табып”, экстрасенс Мырза Кымбатбаевдер турган сектага мүчө болуп кирет. Бул сектада журналисттер, жазуучулар, сүрөтчүлөр бар эле. 1981-жылы Талгат “Жаңырык” деген он мүнөттүк тасма тартып, анын башкы каармандары Мырза менен Абай болгон. Бирок, бул тасманы көрүүчүлөр салкын кабыл алышкан. Дегеле жан дүйнөсү бай, көөдөнү билимге, көрөңгөсү талантка толгон Талгат эмнеликтен мындай кылмышкерлердин тобуна кошулуп калганы табышмак. Ал табышмактын сыры алиге дейре чечиле элек…

1985-жылдын февралында Мырза менен Абайдын “мектебинин” Вильнюстагы бир нече окуучусу сектадан кол үзүүнү чечишет. Аларды жазалоо жана акчага сындыруу үчүн Абай Талгатты жумшамакчы болот. Бирок, Талгат андан баш тартат. Мунусу үчүн өмүрүнөн ажырайт.

Кылмышкердин көрсөтмөсү: Айыпталуучу Григорий Б.: “Алгач коридордон угуп баштадык. Андан соң ашканадан, акыр аягында конок бөлмөсүнөн. Ал “жетишет” деп кыйкырып жатты. Биз болгон күчүбүз менен ура бердик. Талгат креслодо отурганда Мырза 5-6 жолу муштум менен катуу сокку жасады”.

Абай: “1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктагам. Талгатты бизден бөлүнүп өзүнчө качып кеткендиги үчүн жазаладык. Биз биополе менен адамдарды дарылачубуз. 1980-жылы Мырзабай менен таанышкам”.

Мырзабай: “Мен мурда дербиш болсом, азыр дербиш эмесмин. Адамдар мага жардам сурап кайрылышчу. Абай менен менен Султан-Бабада таанышкам. Адамдар Абайга же мага акча беришет. Мен табыпмын. Мага аялдар көрүнгөнү келишсе, алар менин аялым болушчу. Гипноз колдонгонсоң массаж жасап, андан кийин алар менен жыныстык байланышта болчумун. Талгатты акча өндүрүп келбегени үчүн сабадык. Ортодо улам эс алып чай ичип, тынбай сабадык. Ал эч каршылык көрсөткөн жок. Акырында гана “Апа!” деп катуу кыйкырды…”.

1985-жылдын 11-февралында Вильнюстун борборундагы Ленин көчөсүнүн №49 үйүндө беш “көзү ачыкка” каршылык көрсөтпөгөн Талгаттын ырайымсыздык менен жанчылган денесин табышат. Денесинде 119 жаракаты болгон. Таланттуу актёр, өз мезгилинин супержылдызынын сөөгү Ташкенттеги “Чилонзор Ота” көрүстөнүнө коюлат. Сот Абай Бөрүбаевди 14 жылга, Мырза Кымбатбаевди 10 жылга түрмөгө кесет. Ошентип, кыргыз киносунун дагы бир чебери кырчындай курагында жарыкчылык менен кош айтышат. Арадан канча жылдар өтсө да ал биздин эсибизде өзүнүн жылдыздуу келбети, толук ачылбай калган армандуу таланты менен түбөлүккө өлбөс болуп жашап калды.

  Автор:Назгүл Осмонова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here