Кыргызстандын акыркы 15-20 жылдан берки илим-билим багытындагы абалы мышык ыйлар болуп турганы жалпыга жакшы маалым. Мунун себептерин айтпасак да, баарына ачык-айкын түшүнүктүү. Ошондой болсо, жалпы абалды эки эле бөлүп карайлычы. Биринчиси: тамырын кенен жайган коррупция. Экинчиси: жалпы жаштардын илим-билимге болгон кызыгуусунун болуп көрбөгөндөй төмөндөшү жана окутуучулардын билим деңгээлдеринин талапка жооп бербегени. Мына ушул эки көрүнүш биздин мамлекеттин илим-билим тармагынын жалпы абалынан толук кабар берип турат. Биздин өлкөдө: 52 ЖОЖ бар, анын ичинен 31 – мамлекеттик, 21 – жеке менчик болуп эсептелет. Ал эми жалпы студенттердин саны 1990-жылдардын башында 50 миңге жетсе, ушу тапта 200 миңден ашат. Эми илимпоздордун изине түшсөк: бизде 3400 илимдин кандидаты, 715 илимдин доктору, 630дай профессор бар. Буларды тармактарга бөлүштүрүп карасак, төмөнкүчө: техникалык аттестациялык бөлүм боюнча илимдин 675 кандидаты, 194 доктору жана 155 профессору бар. Гуманитардык багыт боюнча:  1711 илимдин кандидаты, 294 доктору жана 270 профессору бар. Ал эми дагы бир чоң тармак болуп эсептелген медициналык багыттагы илимпоздор деле гуманитардык окумуштуулардан кем калбай, куйрук улай келатыптыр. Айтсак,  медицина илиминин кандидаттарынын саны 1011, доктору 255, профессору 200дөн ашат.

Ошондой эле  60 жылдык  тарыхы бар улуттук илимдер академиябиз бар. Анын ичинде ондогон институттар, фонд, борборлор иштейт. Жалпысынан 2000ге чукул адам эмгектенип келген. Акыркы убактарда алардын санын оптимизация дешип, бир аз кыскарткандай болду. Бирок ушул 60 жылдын ичинде УИА араң дегенде 3 гана ачылыш ойлоп тапканы айтылды. Мунун өзү кыргыз окумуштууларынын деңгээлин анык көрсөтүп жатпайбы.

Дагы бир кызык маалымат. Кыргызстандын жылдык бюджети 120 млрд. сомдон ашса, анын 20-25 миллиарддан ашык каражаты жыл сайын дал ушул илим-билим багытын кармап турууга, өркүндөтүүгө сарпталат. Андан тышкары, бул тармакка чет өлкөлөрдөн, Эл аралык уюмдардан ар кандай долбоорлор менен миллиондогон доллар “агып” келет. Келген каражаттын көбү максатсыз пайдаланылып жатканы эч кимге жашыруун эмес. И, коррупция жыттанат бекен?! Эгер, такыр эле жыттанбаса, мурдуңуз жыт сезбей, жыртыгы “бүтөлүп” калган чыгар…

Калкынын саны 6 миллионго чукул, анын 2 миллиону сыртта мигрант болуп жүргөн кичинекей өлкө үчүн мынча ЖОЖ, мынча студент, мынча илимпоз, албетте көптүк кылат. Көп болгону дурус деңизчи. Бирок саны самандай чачылганы менен сапаты талапка жооп бербей жатса анын баарынын эмне кереги бар? Акылы ай чапчыган атка минерлердин ЖОЖдорду кыскартабыз, жоёбуз деп ооз чоюп келатканына көп болду. Деги илим –билим багытында качан кыскартуу, качан реформа болот? Чынында мамлекетибиз илим-билим багыты боюнча өтө алсыз болуп, биздин республика дүйнө жүзүндө акыркы орундардын бирин ээлейт. Айрыкча, акыркы 10-15-жылда илимдин даражаралы, кайсы бир ЖОЖдун дипломдору, ошол дипломго коюлчу баалар базардагы буюмдардай эле сатылып калбадыбы. Жасалмасы андан да көп. Акчага таянып алып, илим-билимди тебелеп жаткандар четтен табылат. Ал эми орто мектептердеги бүгүнкү абал – мышык ыйларлык кейпте. Республикадагы 3000ге чукул мектептердин дээрлик баарында тең ар бир кыймыл, ар бир иш жалаң гана акчага байланып калган. Директорлоруң, мугалимдериң окуучуларың менен алардын ата-энелерине кадимкидей салык салып, “рекет” болуп алышкан. Бул көрүнүш азыр кадыр эсе кадимкидей эле, эч кандай эрөөн-төрөөнү жок көрүнүштөрдүн бирине айланганы жокко чыгарылгыс чындык.

Билим берүү тармагындагы баш аламандыкты жөнгө сала турган жөндөмдүү адамдар узак жылдардан бери Билим берүү жана илим министрине дайындалбай келет. Анын кесепетинен бүгүнкү кейпке кептелдик. Туура, көп маселе ошол министрлердин ишмердүүлүгүнө тыгыз байланыштуу. Буга жеке эле министрлер эмес, өлкө башчылары да өзгөчө жооптуу, өзгөчө күнөөлүү.  Акаев менен Бакиевдин доорунда бул министрликти ондогон аттуу-баштуу адамдар жетектешти. Бирок алдардын ишинен анчалык натыйжа чыккан жок. Анча-мынча бир аз көңүл жылытып ишти алдыга жылдырууга аракет көргөндөр болгону менен, көбү жеке кызыкчылыгын көздөштү, жешти, ичти, улуу сөздө уят жок, анан чычып баса беришти. Эч кимиси жооп да берген жок.

Ал эми 2010-жылдан кийин бул министрликти Канат Садыков, Элвира Сариева дегендер “минип” олтурушту. Эмнени кыйратышты?! Акыркы жылдары да бул тармак алдыга жылып кеткен жок, баягыдай эле көп нерсе артка кетти. Өзгөчө акыркы 2 жыл ичинде Сариева деген Ак үйдүн “сүймөнчүгү” иштин көзүн билбестигин, бул тармак боюнча такыр эле түшүнүгү жоктугун көрсөтүп, коомчулук тарабынан көп сынга кабылды. Ансыз да баш-аягы жыйылбай “бардак” болуп турган министрликтин ашмалтайын чыгарды.  Тескери иштерине жооп бермек турсун, жолу ачылып, башка бир майлуу кызматты “басып” жыгылып, Ак –үйдөгү жоон топ атка минерлердин арасына барып кошулду.

Эми анын ордуна дайындалган Гүлмира Кудайбердиева деле ишти алып кете албай жүдөп турат, калк аны дагы катуу сындап жатат. Антсе да ал деле кыйратып жиберчүдөй түр көрсөткөнсүйт. Бир сөз менен айтканда, бизде 1990-жылдардан кийин билим тармагы бийиктикке эч бир жетпей койду. Демек, билимдин тайыз сууга чөгүп баратканы…

Ал эми илимде деле ушунча жылдан бери тарыхка ташка тамга баса тургандай из калган жок. Демек, бул илимдин ичтен ирип баратканы…

Автор: Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here