Өзбекстанда акыркы айда 30дан ашуун аткаминер жумуштан бошотулганы маалым болду. Кызматынан айрылгандар арасында – Гүлистан менен Кокон шаарларынын башчысы, Багдад, Вобкент райондорунун жетекчилери бар. Кыскасы, Өзбекстандын жаңы Президенти Шавкат Мирзёев катуу иштеп жатат. Мындай темп менен иштей берсе, Өзбекстанды бир топ эле өргө сүйрөчүдөй түрү бар. 2017-жылдын башында жергиликтүү администрацияларда “коомдук кабылдамалар” түзүлгөн. Бирок Өзбекстанда аткаминерлер арыздануулардын дээрлик 70-80 пайызын карабайт. Эми мындай көрүнүштү кескин түрдө жоюга катуу аракеттер көрүлүүдө.

Бизде болсо кандай? Атка минерлер элдин муң-зарын угушабы?  Тескерисинче мамлекетти тоноп, жеп ичкендер кызматтан-кызматка көтөрүлүп жатышат. Мындай темп менен кет берсек, өлкөдө өнүгүү болбойт. Өнүгүү болуш үчүн темирдей тартип керек!