Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга учуп кетти. Ал Ашхабад шаарында боло турган КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Кезектеги жыйында шериктештиктин алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланат. Анын ичинде стратегиялык экономикалык кызматташуу тууралуу декларациянын долбоору боюнча кеп болот.

Кыргызстандын делегациясынын курамы:

  • тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
  • президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков;
  • Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси, КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу өкүлү Эрмек Ибраимов.