—Азыркы учурда бир да  китеп дүкөнүӊөр жокпу? Бул жагынан кандай аракеттерди көрүп жатасыз?

—Китеп дүкөнүн ачуу боюнча көп эле жерге кайрылдым. Бир да кыргыз жетекчилери имарат берген жок. Бирок бир кызык иш болду. Ч. Айтматов атындагы Орус драм театрынын директору  Евгений Кузнецовго кирип, китеп дүкөнгө чакан имарат сурадым да. Нонсенс! Бир да кыргыз жетекчилери бербеген кыргыз китеп үчүн чакан имаратты ошол орус  улутундагы мекендешибиз Кузнецов берди. Ал чакан имаратына эч кандай ижара  төлөбөйбүз. Бекер эле берди. Болгону жаккан жарыгыбыз, колдонгон электр энергия үчүн эле болоор – болбос  чыгымды өзүбүз жабабыз.  Кыязы, ал деле кыргыз китеби, кыргыз маданияты, адабияты өнүксүн деп башкаларга караганда көбүрөөк ойлонот окшойт деген ойдо калдым.

—Баракелде! Кубанта турган иш болуптур. Кыргыз китеп үчүн чакан  бөлмөнү Кыргыз драм театрын директору Асылбек Өзүбеков, Улуттук филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмоновдор эчак берип, сиздин ишти колдоого алса болмок да…

—Туура. Алар берсе сонун болмок да. Ал маданий имараттарга эл көп барат да. Көбүнчө кыргыз окурмандары дегендей. Бир бурчун берип коюшса, кыргызча китеп сатылып турса жаманбы? Жакшы да. Бирок андай бурч беришпейт да. Көп төлөй албасак да, чыгымын жаап бергенге аракет кылмакпыз да. Бүгүнкү күндө кыргыз китеп дүкөнүнө берилген бөлмөнү Кузнецовдон алдык. Китептерди тизип, башка уюштуруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Буйруса, ноябрдын башы – Маданият күнүнө карата ачылышын кылабыз. Бирок бир маселе. Жылдын аягында Орус драм театрында оӊдоо иштери болот экен.  Бизге берилген  кеӊсени да оӊдомой болду. Ошол учурда убактылуу жабылып калышыбыз мүмкүн. Бирок эмнеси болсо да бир кыргыз китеп  дүкөнүн ачып жатканыбызга биз да сүйүнүп жатабыз.

—Китеп окулбай калды, кызыкпай калды деген кептер ого эле көп айтылып келет. Сиз эми күнүгө китеп маселеси менен чуркап иштеп жүргөн адамсыз. Ушул маселе боюнча үмүт жандырган жана үмүт  өчүргөн учурлардан айтып берсеӊиз?

—Китеп окулбай калды деп айткандан алысмын. Окулуп жатат. Кызыгуу бар. Бирок ошол кызыгууну чоӊ деӊгээлге көтөрө албай жатабыз. Мисалы, менин досторум, туугандарым ушул ишканага жетекчи болуп келгенден бири бирөө мага кайрылып: “Талант мага баланчанын түкүнчө китеби керек эле, таап берчи”, – дешкен жок. Бекер болсо жогоруда айткандай кереги жок болсо да көтөрүп кетишет. Анан азыр бизде той-топурга китеп белек кылмай жок да. Мен бир досторумдун тоюна китеп көтөрүп барсам, образдуу айтканда ошол китеп менен башка урат да. Туурабы? Жогоруда  китеп сатуу түйшүгүн айтпадымбы, ошол учурда үмүт жандырган, үмүт өчүргөн да учурлар болду. Бир жолу  алыскы Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө  айыл өкмөтүнүн башчысы мага өзү эле келип,  50 миӊ сомго бир топ китеп сатып алып кетти. Ага биз деле кайрылган эмеспиз. Өзү эле угуп келиптир. Ал район, айыл өзү дотацияда олтурат. Ошол жигит биздин китеп сатуу боюнча үмүтүбүздү жандырып койгон.

Бир жолу Алай районунда “Бир адамдан бир китеп” деген долбоору кайсы бир айылында болуп, ошого бизден жардам сурашты. Мен мамлекеттин эсебинен чыккан, бекер бериле турган ж.б.  баасы 10 миӊ сом боло турган китептерди топтоп, Алайга кетчү вокзалга таксилерге барып, салып жибермек болдум. Менден ушинтип суранышкан да. Ал таксист менден китеп жеткизүү үчүн 2000 сом сурады. Мен: “Айыл өкмөтүӊ суранган. Бул китептерди бекер эле алып кет өз айылыӊа, сенин эле балаӊ окуйт, сага бере турган менин акчам да жок” – десем,  такыр көшөрүп болбой койду. Ошондо менде бир ирет үмүт өчтү. Кош-Дөбөнүн айыл өкмөтү үмүттү жандырса, Алайдын таксисти үмүтүмдү өчүрдү. Жиним келип, китепти жумушка алып келип, айыл өкмөтүнө  телефон чалып, болгон ишти айтып, айылдаштырыӊа түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйсүӊбү дедим. Ошондон кийин айыл өкмөт менин жумушума бир баланы жибериптир. Ал жигит китептерди алып кетти.

Ошондон кийин биз 40 райондон кийин ар бир айыл өкмөткө кат жаздык. Ошол кадамдардан кийин кичине жылыш боло баштады. Бул боюнча алганда Көл тарап, Нарын облусунунНарын району жакшы иштеди. Азыр менин байкашымча китепти жаштар анан карылар алат. Орто муундагылар көбүнчө көр тирлик менен, үй-бүлөмдү багайын деп жүрүп китеп деле окубай калышат экен.

Менин байкашымча, түндүк жакта китеп азыраак  окулуп жаткандай, кызыгуу азыраак. Ал эми Жалал-Абад тарапта китепке кызыгуу жогору экенин байкап жүрөм. Түштүк райондору биз кээ бир учурда китеп таратканда дароо келип алып кетишет. Ошол эле учурда жаныбыздагы Чүйдүн китепканачылары шашпайт, жылбайт.