Интернет желеге атагынан чатагы арбын РАИММИЛЛИАРДдын Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, Евразия экономикалык комиссиясынын бажы боюнча кызматташуу министри Нурлан Акматов ж.б. бажычылар менен табият койнунда кучакташып түшкөн сүрөтү тарады. Сүрөт качан, кайсыл жерде тартылгандыгы боюнча азырынча маалымат жок. Маалым болгондой Торутаев РАИММИЛЛИАРДдын кадры экени эчактан бери айтылып келатат. Алтынбек мырза, Матраимов Ош бажысын жетектеп турганда анын орун басары болгон. Анан Оштогу кызматынан көтөрүлүп, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалганда, Торутаевди ордуна жетекчи кылып кеткен. Кыскасы, РАИММИЛЛИАРД ушул күнгө чейин Бажы кызматынын эки тизгин, бир чылбырын бекем мыкчып келатканы жалпыга маалым. Президент болсо ага «жашыл жолду» даӊгыратып ачып бергендей элес калтырууда… Иттики десе… Элдин жек көрүүсү опегейине жетип, ашып — ташып баратат…