Жогорку Кеӊештин депутаты Руслан Казакбаев уулун үйлөнтүп, “Консул” ресторанында чоӊ той берди. Бул тойго мурда –кийин бет карашпай, бирин-бири сындап жүргөн чоӊ саясатчылардан да барып, бири-бири менен кучакташып, эски достордой элес калтырып сүрөткө түшүшкөнү интернет желесинде абдан талкууга алынууда. Маселен, Өмүрбек Текебаев менен качкын Өмүрбек Бабанов жубайларын ортого алып сүрөткө түшкөн. Ошондой эле эки саясатчы Өмүрбек абакта жаткан Атамбаевдин кичүү уулу Кадырды ортого алып, сүрөткө түшкөнү көпчүлүккө кызык болду. Кадыр ал тойго апасы Раиса айым менен барганы айтылууда.

Кыскасы, кыргыз саясатчыларынын көбү тойдо бириге калып, ынтымактуу болуп кетишет. Мындайда эл көзүнчө бирин-бирин шыбап, сын айтканга шумдук уста. Бабанов бул тойдо дос тууралуу ырдап, өзүнчө ачылганга аракет кылган. Кыязы, өзүнө байланыштуу 12 кылмыш ишти азга болсо да унутуу аракети болсо керек.

Баса, саясаттагы кадамы салмактуу Казакбаев баласына досу Өмүрбек Бабановду өкүл ата койгону айтылды. Болсун дейли, бирок Руслан мырзанын баласы өкүл атасынан шылуундук, куулук-шумдук, качкындык жагын үйрөнбөй,  өз атасынын татыктуу уулу болсун деген тилектебиз. Ылайым, көшөгөсү көгөрүп, бактылуу болсун!