Жалпыга маалым болгондой Билим берүү жана илим министрлиги 15 жылдык тажрыйбасы бар мугалимдерге “Билим берүүнүн отличниги” деп аталган төш белги ыйгарып келатат. Бирок министр болгон адамдар 15 жылдык тажрыйба деген эрежени эстен чыгарып коюп, мугалим болуп 2-3 жыл иштегендерге бул төш белгини төшүнө чаптап, кадыр-баркын  түшүрүп, коомчулуктун сынына кабылып келатат. Буга чейин министрликти бир топ талкалап кеткен Гүлмира Кудайбердиева андай төш белгини 2 жылдык тажрыйбасы бар делген ЖК депутаты Тазабек Икрамовго берсе,  мактап жатып, реформа кылат деп дайындашкан жаӊы министр Каныбек Исаков Ош шаарындагы Нышанов атындагы № 50-орто мектептин география мугалими   23 жаштагы Бактыгүл Жапар кызына бергени белгилүү болду. Ал Ошто мугалимдер сынагында жеӊүүчү болгондугу, сыйлык ошон үчүн берилгени айтылат. Чынында 30-40 жылдан бери мугалим болуп иштеп келаткан көптөгөн мугалимдерибиз министрликтин мындай төш белгисине, Ардак грамотасына жетпей жүрүшөт. Исаков эмитен минтип өз билгенин кылып жатса, көпкө узабайт го…