Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров өкмөткө кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир берүүнү сунуштап чыкты. Ал бүгүн ЖК жыйынында бул тууралуу мындай деди:

— Машыктыруучуга бир бөлмөлүү болсо да батир берсеңер чоң колдоо. Токиодо өтө турган Олимпиадада Айсулуу жеңет деген үмүттүн акталышына кошкон салым болот

Президент Сооронбай Жээнбеков Тыныбекованын ата-энесин жана машыктыруучусун кабыл алып, спортчу кызга үч бөлмөлүү батир берген. Ал эми машыктыруучусу Нурбек Изабеков акчалай сыйлык алган.