Атагы адамдык жагынан мурун акча жагынан чыккан айтылуу РАИММИЛЛИАРдын 18 жашка толгон Назик аттуу жээни туулган күнүн достору менен Бишкектин чок ортосундагы “Хаят” мейманканасынын ресторанында белгилеп, жалпы коомчулукка дүӊ болду. Ал “Хаяттын” биринчи кабатын толугу менен эле ижарага алгысы келгени, бирок андай кызматтан мейманканын жетекчилиги баш тартканы айтылууда. 18ге чыккан секелектин майрамына Мирбек Атабеков баштаган бир топ ырчы-чоорчулар барышкан.  Секелек кыздын мындай кадамы коомчулукта эӊ ириде мактаныч жана көпкөндүк катары бааланып, катуу сынга кабылды. Ал ушундан улам өзүнүн Интернеттеги баракчасына жайгаштырган майрамдагы тасмаларын өчүрүп салган. Бирок Назик кыз өчүргөнчө эле башкалар көчүрүп алууга жетишкен. Анын жеке майрамында тартылган кыска тасмалар Интернетти дагы эле “жарып”, даӊк жана дүӊк болуп жаткан учуру.

Булак:Багыт