Бакиевдин тушунда, андан соӊ Атамбаевдин тушунда УКМКны башкарып турган Бусурманкул Табалдиев Батукаевдин иши боюнча күнөөлөнүп жатат. Ал болсо дайынсыз жок. Эми Табалдиев Интерпол аркылуу изделип жатат. Батукаев боюнча  шектелген  19 адам сурак берди, алардын көбү тергөө менен кызматташтыкка барган.