Россиялык теле алып баруучу Андрей Малахов чуу жараткан теле берүү боюнча кыргызстандыктарга кайрылып, кыргыз тилинде кечирим сурады.

Ал Россия телеканалындагы берүүдө кыргызстандыктардан кыргыз тилинде «Мени кечирип коюнуздар»,— деп кечирим сураган.

Буга чейин теле алып баруучу Андрей Малахов «Россия 1» телеканалындагы «Прямой эфир» берүүсүндө кыргызстандык таксист менен россиялык миллиардер Александр Маруговдун уулунун мотоцикли кагышкан жол кырсыгын талкуулаган. Кырсыктын кесепетинен Маруговдун баласы каза болуп калган.